# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 448
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92833>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14889/edition/389513/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92833.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №448 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (04.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92833

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-августу №448 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы №342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы жашоо-турмуш маселелерин өркүндөтүү жана инфраструктураны күтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы №739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 8.5-пункт менен толукталсын:

"8.5. Эгер өткөрүү пункту мамлекеттик контролдоо органынын балансында турса, анда өткөрүү пунктунун администрациясы болуп ошол мамлекеттик контролдоо органы эсептелет. Бул учурда өткөрүү пунктунун администрациясынын функциясы өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контролдоо органынын жетекчисине жана ошондой эле ал мамлекеттик контролдоо органынын башка ыйгарым укуктуу кызмат адамына же түзүмдүк бөлүгүнө жүктөлүүсү мүмкүн".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А. Атамбаев
