# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №516 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 «Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктыларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №516 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 «Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктыларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 516
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14884/edition/1157620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №516 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 «Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктыларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (26.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92822

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-августу № 516 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 «Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктыларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Айрым товарлардын түрлөрүн реэкспорттоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 «Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктыларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1-пункттагы «2710193100 - 2710194900 ТЭИТН» аббревиатура жана цифралардан кийин «, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөндөрдү кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетинин Секретариатына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган соода иштерин жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө маалымдасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев
