# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №514 "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №514 "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 514
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92820>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14882/edition/1157618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92820.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №514 "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92820

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-августу № 514 "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2001-ж., № 6, 193-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1-берене

Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга төмөндөгүдөй түзөтүү коэффициенттери белгиленет: 1975-жыл жана андан мурда 3748,3; 1976-жыл - 3707,7; 1977-жыл - 3626,2; 1978-жыл - 3561,8; 1979-жыл - 3504,3; 1980-жыл - 3387,0; 1981-жыл - 3332,0; 1982-жыл - 3269,9; 1983-жыл - 3212,5; 1984-жыл - 3155,0; 1985-жыл - 3095,2; 1986-жыл - 3037,9; 1987-жыл - 2920,6; 1988-жыл - 2746,1; 1989-жыл - 2511,7; 1990-жыл - 2346,6; 1991-жыл - 1518,9; 1992-жыл - 217,6; 1993-жыл - 31,0; 1994-жыл - 9,6; 1995-жыл - 7,2.".

2. 4-беренеде "23" деген сан "50" деген сан менен алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам, 2011-жылдын 1-майынан баштап күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктун кошпогондо, 2011-жылдын 1-октябрынан баштап күчүнө кирет. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| Колдонулуп жаткан редакция | Сунушталып жаткан редакция |
| --- | --- |
| Статья 1. |  |
| Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга төмөндөгүдөй түзөтүү коэффициенттери белгиленет: 1975-жыл жана мурда - 2342,7; 1976-жыл - 2317,3; 1977-жыл - 2266,4; 1978-жыл - 2226,1; 1979-жыл - 2190,2; 1980-жыл - 2116,9; 1931-жыл - 2082,5; 1982-жыл - 2043,7; 1983-жыл - 2007,8; 1984-жыл - 1971,9; 1985-жыл - 1934,5; 1986-жыл - 1898,7; 1987-жыл - 1825,4; 1988-жыл - 1716,3; 1989-жыл - 1569,8; 1990-жыл - 1466,6; 1991-жыл - 949,3; 1992-жыл - 136,0; 1993-жыл - 19,4; 1994-жыл - 6,0; 1995-жыл - 4,5. | Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга төмөндөгүдөй түзөтүү коэффициенттери белгиленет: 1975-жыл жана мурда - 3748,3; 1976-жыл - 3707,7; 1977-жыл - 3626,2; 1978-жыл - 3561,8; 1979-жыл - 3504,3; 1980-жыл - 3387,0; 1931-жыл - 3332,0; 1982-жыл - 3269,9; 1983-жыл - 3212,5; 1984-жыл - 3155,0; 1985-жыл - 3095,2; 1986-жыл - 3037,9; 1987-жыл - 2920,6; 1988-жыл - 2746,1; 1989-жыл - 2511,7; 1990-жыл - 2346,6; 1991-жыл - 1518,9; 1992-жыл - 217,6; 1993-жыл - 31,0; 1994-жыл - 9,6; 1995-жыл - 7,2". |
| Статья 4. |  |
| Пенсияны эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акы (киреше) эсептик көрсөткүчтүн 23 эсе өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө эсепке алынат. | Пенсияны эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акы (киреше) эсептик көрсөткүчтүн 50 эсе өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө эсепке алынат. |
