Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-08-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-августу № 514 "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2001-ж., № 6, 193-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-берене
Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга төмөндөгүдөй түзөтүү коэффициенттери белгиленет: 1975-жыл жана андан мурда 3748,3; 1976-жыл - 3707,7; 1977-жыл - 3626,2; 1978-жыл - 3561,8; 1979-жыл - 3504,3; 1980-жыл - 3387,0; 1981-жыл - 3332,0; 1982-жыл - 3269,9; 1983-жыл - 3212,5; 1984-жыл - 3155,0; 1985-жыл - 3095,2; 1986-жыл - 3037,9; 1987-жыл - 2920,6; 1988-жыл - 2746,1; 1989-жыл - 2511,7; 1990-жыл - 2346,6; 1991-жыл - 1518,9; 1992-жыл - 217,6; 1993-жыл - 31,0; 1994-жыл - 9,6; 1995-жыл - 7,2.".
2. 4-беренеде "23" деген сан "50" деген сан менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам, 2011-жылдын 1-майынан баштап күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктун кошпогондо, 2011-жылдын 1-октябрынан баштап күчүнө кирет. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонулуп жаткан редакция | Сунушталып жаткан редакция |
|---|---|
| Статья 1. | |
| Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга төмөндөгүдөй түзөтүү коэффициенттери белгиленет: 1975-жыл жана мурда - 2342,7; 1976-жыл - 2317,3; 1977-жыл - 2266,4; 1978-жыл - 2226,1; 1979-жыл - 2190,2; 1980-жыл - 2116,9; 1931-жыл - 2082,5; 1982-жыл - 2043,7; 1983-жыл - 2007,8; 1984-жыл - 1971,9; 1985-жыл - 1934,5; 1986-жыл - 1898,7; 1987-жыл - 1825,4; 1988-жыл - 1716,3; 1989-жыл - 1569,8; 1990-жыл - 1466,6; 1991-жыл - 949,3; 1992-жыл - 136,0; 1993-жыл - 19,4; 1994-жыл - 6,0; 1995-жыл - 4,5. | Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акыга төмөндөгүдөй түзөтүү коэффициенттери белгиленет: 1975-жыл жана мурда - 3748,3; 1976-жыл - 3707,7; 1977-жыл - 3626,2; 1978-жыл - 3561,8; 1979-жыл - 3504,3; 1980-жыл - 3387,0; 1931-жыл - 3332,0; 1982-жыл - 3269,9; 1983-жыл - 3212,5; 1984-жыл - 3155,0; 1985-жыл - 3095,2; 1986-жыл - 3037,9; 1987-жыл - 2920,6; 1988-жыл - 2746,1; 1989-жыл - 2511,7; 1990-жыл - 2346,6; 1991-жыл - 1518,9; 1992-жыл - 217,6; 1993-жыл - 31,0; 1994-жыл - 9,6; 1995-жыл - 7,2". |
| Статья 4. | |
| Пенсияны эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акы (киреше) эсептик көрсөткүчтүн 23 эсе өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө эсепке алынат. | Пенсияны эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акы (киреше) эсептик көрсөткүчтүн 50 эсе өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө эсепке алынат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 982-V "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 09.09.2011 · № 982-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 983-V "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 09.09.2011 · № 983-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы № 984-V "Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 09.09.2011 · № 984-V
Шилтеме берет (3)
- Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндөЗакон · 26.06.2001 · № 58
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон