# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №513 ""2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №513 ""2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 513
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92819>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14881/edition/1255798/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92819.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №513 ""2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92819

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-августу № 513 "2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө

1-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялар үчүн базалык бөлүгүнүн өлчөмү 1500 сом суммасында белгиленсин.

2-берене.

Бул Мыйзам 2011-жылдын 1-октябрынан баштап күчүнө кирет. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Президенти
