Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-08-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-августу № 512 Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостту, 1998-жыл, № 10, 374-6.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 9-берененин 3-бөлүгү " экономикалык прогнозунун" деген сөздөр ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "экономикалык өнүктүрүү прогнозунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-беренеде:
1-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын; 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 15-берененин 4-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алып салынсын:
- 1-бөлүм төмөнкү мазмундагы 19-1-берене менен толукталсын:
"19-1-берене. Продукцияны сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн (атайын каражаттар) бюджеттик мекемелердин кирешелери.
Атайын каражаттар - бул Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык берилген уруксаттар болгондо продукцияларды сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн жана/же иштин башка түрлөрүн ишке ашыруудан алынган бюджеттик мекеменин каражаты. Атайын каражаттар мамлекеттик бюджетте чагылдырылат, мында ченемдик укуктук актыларда бул каражаттар бюджеттик мекеменин атайын эсебине түшүүлөрдү жөнгө салуучу атайын каражаттар катары так көрсөтүлүүгө тийиш. Тийиштүү ченемдик укуктук актылар жок болгон учурда каражаттар мекеменин атайын эсебине чегерилүүгө тийиш эмес жана мамлекеттик бюджеттин кирешесине келип түшөт. Атайын каражаттардын курамына төмөнкү кирешелер кошулууга мүмкүн эмес:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген милдеттүү төлөмдөр;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ченемдерди базуу үчүн айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;
- укук бузууларда келтирилген зыяндардын ордун толтуруу түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле конфискацияланган товарларды сатуудан мыйзам бузуулардын натыйжасында алынган курал-жарактарды жана башка продукцияларды сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттар;
- 26-беренеде:
2-бөлүктөгү "же гранттар" деген сөздөр алып салынсын; төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Бюджеттин тартыштыгын жабууга мамлекеттик менчикте турган обьекттерди менчиктештирүүдөн жана мурда берилген бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин негизги суммасын кайтарып берүүдөн түшкөн кирешелер жумшалат.";
- 27-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын;
"9-1) эл аралык донорлордон расмий трансферттердин түшүүсү;"
- 32-берененин 18-пунктундагы "жана менчиктештирүүдөн" деген сөздөр алып салынсын;
- 42-берене төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Республикалык бюджет жөнүндө бекитилген Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү бир жылда эки иреттен ашык жүргүзүлбөйт."
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Киргизилүүчү өзгөртүүлөр/толуктоолор | Сунушталган редакция |
|---|---|---|
| 9-статья 3-бөлүк [Бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун иштеп чыгуу өнүктүрүүнүн экономикалык болжолунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде ишке ашырылат(*).] | 9-статья 3-бөлүгү "өнүктүрүүнүн экономикалык болжолу" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген" деген сөздөр менен толукталсын. | 9-статья 3-бөлүгү БЮДЖЕТТИН ОРТОЧО МӨӨНӨТТҮҮ БОЛЖОЛУН ИШТЕП ЧЫГУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛГЕН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЭКОНОМИКАЛЫК БОЛЖОЛУНУН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНҮН НЕГИЗИНДЕ ИШКЕ АШЫРЫЛАТ(*). |
| 11-статья. Бюджеттик жыл 1-январдан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгын кошкондо Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик жыл болуп саналат. [Эсеп-чот мезгили финансылык жылды жана отчеттук жыл үчүн бюджетти аткаруу аякагында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча аткарым аяктаган аралыкта бир айдан ашпаган мезгилди түзгөн аны аяктагандан кийинки мезгилди камтыйт. Бюджет боюнча аткарымды аяктоонун конкреттүү мөөнөтү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан аныкталат.] | 11-статьяда: - 1-бөлүктөгү экинчи сүйлөм алынып салынсын; 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын; | 11-статья. Бюджеттик жыл 1-январдан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгын кошкондо Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик жыл болуп саналат. |
| 15-статья 4-бөлүк Республикалык бюджеттен ишканаларга, уюмдарга жана башка айыл чарба субъекттерине берилүүчү ссудалар жана кредиттер мурда берилген кредиттерди тындырууда пайыздарды жана суммаларды төлөө боюнча милдеттенмелер алар тарабынан аткарылганда шартта берилет. [Финансы министрлиги бюджеттик ссудаларды кайтарып берүү боюнча мөөнөтү өткөн карызы бар акциялардын мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканаларда жана акционердик коомдордо тышкы башкарууну киргизүү укугуна ээ.] | 15-статьянын 4-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алынып салынсын; | 15-статья, 4-бөлүк Республикалык бюджеттен ишканаларга, уюмдарга жана башка айыл чарба субъекттерине берилүүчү ссудалар жана кредиттер мурда берилген кредиттерди тындырууда пайыздарды жана суммаларды төлөө боюнча милдеттенмелер алар тарабынан аткарылганда шартта берилет. |
| 19-1-статья 1-бөлүк менен толукталсын: "19-1-статья. Продукцияны сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн (атайын каражаттар) бюджеттик мекемелердин кирешелери. Атайын каражаттар - бул Мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат Реестрине ылайык продукцияны сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн алынган бюджеттик мекеменин каражаты. Атайын каражаттар мамлекеттик бюджетте чагылдырылат, мында атайын каражат катары аныкталуучу каражаттар мекеменин атайын эсеп-чотуна түшүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларда атайын каражаттар катары так эскертилүүгө тийиш. Бул ченемдер жок болгон шартта каражаттар мамлекеттик бюджеттин кирешесине келип түшөт жана мекеменин атайын эсеп-чотуна чегерилүүгө тийиш эмес. Атайын каражаттардын курамына төмөнкү кирешелер кошулууга мүмкүн эмес: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген милдеттүү төлөмдөр; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартип бузуу ченемдери үчүн айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар; - Укук бузууларда келтирилген зыяндардын ордун толтуруу түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле конфискацияланган товарларды сатуудан мыйзам бузуулардын натыйжасында жабдыктарды жана башка продукцияларды сатып өткөрүүдөн каражаттар; | "19-1-статья. Продук- цияны сатып өткөрү- үдөн, жумуш- тарды аткару- удан жана кызмат- тарды көрсөтү- үдөн (атайын каражат- тар) бюджет- тик мекеме- лердин киреше- лери. Атайын каражаттар - бул Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларына ылайык берилген уруксааттар болгондо продукцияларды сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн жана/же иштин башка түрлөрүн ишке ашыруудан алынган бюджеттик мекеменин каражаты. Атайын каражаттар мамлекеттик бюджетте чагылдырылат, мында ченемдик-укуктук актыларда бул каражаттар бюджеттик мекеменин атайын эсеп-чотуна түшүүлөрдү жөнгө салуучу атайын каражаттар катары так көрсөтүлүүгө тийиш. Тийиштүү ченемдик-укуктук актылар жок болгон учурда каражаттар мекеменин атайын эсеп-чотуна чегерилүүгө тийиш эмес жана мамлекеттик бюджеттин кирешесине келип түшөт. Атайын каражаттардын курамына төмөнкү кирешелер кошулууга мүмкүн эмес: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген милдеттүү төлөмдөр; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартип бузуу ченемдери үчүн айыптар туумдар жана башка финансылык санкциялар; - Укук бузууларда келтирилген зыяндардын ордун толтуруу түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле конфискацияланган товарларды сатуудан мыйзам бузуулардын натыйжасында жабдыктарды жана башка продукцияларды сатып өткөрүүдөн каражаттар; | |
| 26-статья. Бюджеттин тартышты- гын жабуу булактары Тийиштүү пайызды төлөө менен кайтарып берүү мүнөзүн алып жүргөн ыктыярдуу зайымдардын негизинде мамлекеттик карызды түзүү бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн каражаттарды тартуунун негизги формасы болуп саналат. Бюджеттин тартыштыгын жабууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чет өлкөлүк инвесторлор, эл аралык уюмдар* тарабынан берилүүчү кредиттер же гранттар түрүндө тышкы каржылоо булактары тартылышы мүмкүн. Бюджеттин тартыштыгынын жабуунун ички жана тышкы булактары анын балансындагы "Бюджеттин тартыштыгын жабуу булактары" бөлүгүндө чагылдырылат. | 26-статьяда: - 2-бөлүктөгү "кредиттер түрүндө" деген сөздөн кийин "же гранттар" сөздөр алынып салынсын; - 2-1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмунда толукталсын: | 26-статья. Бюджеттин тартышты- гын жабуу булактары Тийиштүү пайызды төлөө менен кайтарып берүү мүнөзүн алып жүргөн ыктыярдуу зайымдардын негизинде мамлекеттик карызды түзүү бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн каражаттарды тартуунун негизги формасы болуп саналат. Бюджеттин тартыштыгын жабууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чет өлкөлүк инвесторлор, эл аралык уюмдар тарабынан берилүүчү кредиттер түрүндө тышкы каржылоо булактары тартылышы мүмкүн. БЮДЖЕТТИН ТАРТЫШТЫГЫН ЖАБУУГА МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИКТЕ ТУРГАН ОБЪЕКТТЕРДИ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮДӨН ЖАНА МУРДА БЕРИЛГЕН БЮДЖЕТТИК ССУДАЛАРДЫН ЖАНА КРЕДИТТЕРДИН НЕГИЗГИ СУММАСЫН КАЙТАРЫП БЕРҮҮДӨГҮ КИРЕШЕЛЕР БАГЫТТАЛАТ. Бюджеттин тартыштыгынын жабуунун ички жана тышкы булактары анын балансындагы "Бюджеттин тартыштыгын жабуу булактары" бөлүгүндө чагылдырылат. |
| 27-статья. Республи- калык жана жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну текшерүү Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнү жана аткарууну текшерүү Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасы тарабынан ишке ашырышат. Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар Эсептөө палатасынын талабы боюнча бюджетти түзүүнү жана аткарууну текшерүү үчүн зарыл документтердин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Эсептөө палатасы текшерүүнү натыйжасы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет. [Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жана анын регионалдык бөлүмдөрүнүн иши үчүн контролдук Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ички аудит башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан ишке ашырылат.] | Кыргыз Республикасынын Финансы 27-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын; | 27-статья. Республика- лык жана жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну текшерүү Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнү жана аткарууну текшерүү Кыргыз Республикасынын Эсептөө Палатасы тарабынан ишке ашырылат. Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар Эсептөө палатасынын талабы боюнча бюджетти түзүүнү жана аткарууну текшерүү үчүн зарыл документтердин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Эсептөө палатасы текшерүүнү натыйжасы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет. |
| 31-статья. Жалпы Мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер 1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана башка кирешелерге төмөнкүлөр кирет: 1) киреше салыгы; 2) сатуудан салык; 3) милдеттүү патент негизинде салык; 4) ыктыярдуу патент негизинде салык; 5) бирдик салык негизинде салык салуу системасын жөнөкөйлөтүү; 6) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануудан кирешелер; 7) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан жана башка тындыруу менен ээликтен ажыратуудан кирешелер; 8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле бюджеттик мекемелер, ведомстволук аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана жумуштардан кирешелер; 9) материалдык, административдик жана жазык жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар, алар: айыптар, конфискациялар, компенсациялар; 10) мыйзам тартибинде белгиленген башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер | 31-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 пункт менен толукталсын: "9-1) эл аралык донорлордон расмий трансферттердин түшүүсү". | 31-статья. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер 1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана башка кирешелерге төмөнкүлөр кирет: 1) киреше салыгы; 2) сатуудан салык; 3) милдеттүү патент негизинде салык; 4) ыктыярдуу патент негизинде салык; 5) бирдик салык негизинде салык салуу системасын жөнөкөйлөтүү; 6) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануудан кирешелер; 7) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан жана башка тындыруу менен ээликтен ажыратуудан кирешелер; 8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле бюджеттик мекемелер, ведомстволук аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн жана жумуштардан кирешелер; 9) материалдык, административдик жана жазык жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттар, алар: айыптар, конфискациялар, компенсациялар; 9-1) ЭЛ АРАЛЫК ДОНОРЛОРДОН РАСМИЙ ТРАНСФЕРТТЕРДИН ТҮШҮҮСҮ. 10) мыйзам тартибинде белгиленген башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер |
| 32-статьянын 18-пункту 18) мамлекеттик менчикте турган объекттерди ижарага берүүдөн [жана менчиктештирүүдөн] кирешелер | 32-статьянын 18-пунктунда ижарага берүүдөн" деген сөздөн кийин "жана менчиктештирүүдөн" деген сөз алынып салынсын. | 32-статьянын 18-пункту 18) мамлекеттик менчикте турган объекттерди ижарага берүүдөн алынган кирешелер |
| 42-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 бөлүк менен толукталсын: "Республикалык бюджет жөнүндө бекитилген Мыйзамга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү бир жылда эки иреттен ашык эмес жүргүзүлөт" | 42-статья 4-1-бөлүк Республикалык бюджет жөнүндө бекитилген Мыйзамга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү бир жылда эки иреттен ашык эмес жүргүзүлөт |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1795-V "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана…Постановление · 06.04.2012 · № 1795-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 7-октябрындагы № 1109-V "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана…Постановление · 07.10.2011 · № 1109-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 24-майындагы № 1934-V "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана…Постановление · 24.05.2012 · № 1934-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон