Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 «Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 марта 2015 года № 162 "Об утверждении Положения о пенсиях за особые заслуги перед Кыргызской Республикой"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-03-26.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 26-марты № 162 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-августу № 509 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 «Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 «Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жободо:
- 3-пунктта:
«а» пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: «- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жогорку мамлекеттик кызматтарында мурда иштеген же иштеп жаткан адамдарга;»; «г» пунктчарында: он бешинчи жана он жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын; он алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: «- СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына (эки чакырылыштан кем эмес шайлангандарга);»; төмөнкү мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын: «- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына (эки чакырылыштан кем эмес шайлангандарга);»;
- 5-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«5. Өэгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып чектелет.»;
- 6-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«6. Өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия пенсияларды белгилөө боюнча комиссияга сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси, Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, мамлекеттик органдардын жетекчилери, облустук мамлекеттик администрациянын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (эркин формада) берүүгө укуктуу.»;
- 7-пунктта:
«в» пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкү мазмундагы «ж» пунктчасы менен толукталсын: «ж) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалымат.»;
- 10жана 11-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
«10. Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө үчүн берилген документтер Комиссия тарабынан эки жолудан ашык каралбайт.
11. Пенсионерди өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиядан ажыратуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгына же башка мамлекеттин жарандыгы болгондугуна байланыштуу.
Бул учурда «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жалпы негиздерде дайындалган пенсия сакталат, ал эми «Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияны төлөө эркиндигинен ажыратуу мезгилинде токтотулат.»;
- 13-пункт «социалдык камсыздандыруу» деген сөздөрдөн мурда «мамлекеттик» деген сөз менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.03.2015 · № 162
- Постановление Правительства КР от 19 февраля 1998 года №82 "Об утверждении Положения о пенсиях за особые заслуги перед Кыргызской Республикой"Постановление · 19.02.1998 · № 82 · Күчүн жоготкон