# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №508 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №508 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 508
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92814>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14876/edition/1156221/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92814.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №508 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (11.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92814

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-августу № 508 Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

А. Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 508 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси

ТЭИ ТН коду

Позициянын аталышы

250860000

Чопотопурак отко чыдамдуу муллит

251320000

- сүргүч, жаратылыш корунду, жаратылыш гранаты жана башка табигый абразивдик материалдар

690220100

93 мас. % же андан ашык кремнезем (Si02) кармаган отко чыдамдуу кыштар, блокдор, такталар жана ушул сыяктуу отко чыдамдуу карапа курулуш материалдары

381600000

Отко чыдамдуу цемент, курулуш эритмелери, бетондор, ушул сыяктуу курамдар

6902 209100

7 мас. %тен көп, бирок 45 мас. %тен аз эмес чопотопурак (Аl 203) кармаган отко чыдамдуу кыштар, блокдор, такталар жана ушул сыяктуу карапа курулуш материалдары

6902209900

50 мас. %тен көп чопотопурак (Аl 203), кремнезем (Si02) же аралашма, же ушул продуктулардын бирикмелерин кармаган отко чыдамдуу кыштар, блокдор, такталар жана ушул сыяктуу отко чыдамдуу карапа курулуш материалдары, башка

8001100000

Нелегирленген калай

8109

Цирконий жана калдыктарын жана сыныктарын кошкондо андан жасалган буюмдар
