# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №497 "«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №497 "«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 497
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14865/edition/768873/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92803.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №497 "«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому (25.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92803

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-августу № 497 «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А. Атамбаев

Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене. «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 12, 529-берене) төмөнкү толуктоо киргизилсин: 3-берененин 2-бөлүгүндөгү «кызматчыларына да, ошондой эле» деген сөздөрдөн кийин «салык кызматы органынын кызматкерлерине жана» деген сөздөр менен толукталсын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
