Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 «Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-августу № 495 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 «Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 «Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарын контролдоо боюнча органдардын катардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттун «г» пунктчасы төмөнкү мазмундагы кырк үчүнчү абзац менен толукталсын:
«уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүндө кызматка.»;
- 3-пункттун «д» пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын катарындагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун…Положение · 13.01.1995 · № 12
- КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы N 12 "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу…Постановление · 13.01.1995 · № 12