Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын атайын каражаттары жөнүндө» жобо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлуңдагы № 425 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын атайын каражаттары жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. ЖАКтын атайын каражаттарын түзүү булактары
3. ЖАКтын атайын каражаттарын пайдалануу тартиби
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын атайын каражаттары (мындан ары - ЖАК) төмөнкүлөр үчүн түзүлөт:
- ЖАКтын натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү;
- ЖАКтын кызматкерлерин социалдык коргоо жана кепилдиктерин камсыз кылуу, алардын өз иштеринин натыйжаларына кызыгуусун арттыруу;
- ЖАК системасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
- ЖАКтын жашоо абалы оор кызматкерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү.
2. ЖАКтын атайын эсеби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылат.
2. ЖАКтын атайын каражаттарын түзүү булактары
3. ЖАКтын атайын каражаттары төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлөт:
- илимдин докторунун жана кандидатынын дипломдорун, профессордун, доценттин, ага илимий кызматкердин аттестаттарын даярдоо жана тариздөө боюнча иштерди өткөрүүдөн;
- ЖАК бюллетени" жана "Аттестация" басылмаларын сатуудан;
- чет өлкөлүк жарандардын, менчик жана коммерциялык окуу жайлардын жана илимий мекемелердин изденүүчүлөрүнүн аттестациялык иштеринин жана диссертацияларынын экспертизасын жүргүзүүдөн;
- докторлук диссертациялардын аннотацияларын "ЖАК бюллетенине" жарыялоодон;
- ЖАКтын электрондук сайтына диссертацияларды коргоо жөнүндө жарыяларды жайгаштыруудан;
- ЖАКтын электрондук сайтына докторлук жана кандидаттык диссертацияларынын авторефераттарын жарыялоодон;
- илимий макалаларды ЖАКтын Интернет-журналына жарыялоодон;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төлөмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.
3. ЖАКтын атайын каражаттарын пайдалануу тартиби
4. ЖАКтын атайын каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- ЖАКтын кызматкерлерине дарылануу үчүн, анын ичинде пенсияга чыккандыгына байланыштуу жумуштан кеткен кызматкерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- ЖАКтын кызматкерлерине ден соолукту чыңдоочу мекемелерге берилген жолдомолордун наркын жарым-жартылай компенсациялоого;
- ЖАКтын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына кошумча акы белгилөөгө жана учурдагы сыйлыктарды берүүгө;
- ЖАКтын кызматкерлеринин иш шарттарын (тамактанууга, жолкиреге кошумча төлөөлөргө ж.б.) жакшыртууга;
- окуу-билим берүү программаларын камсыз кылууга, ЖАКтын кызматкерлерин окууларга, стаждан өтүүлөргө жиберүүгө;
- кызматтык командировкаларга кетүүчү чыгымдарга;
- кызматтык автоунааны күтүүгө;
- башка иштерди жана кызматтардан пайдаланууга;
- ЖАКтын имаратынын ижара жана коммуналдык кызмат акыларын төлөөгө;
- ЖАКтын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого (капиталдык ремонт, компьютердик жана оргтехника, инвентарь алууга, техникалык каражаттарды тейлөөгө жана ремонттоого, ошондой эле, жылуулук-электр энергиясына, байланыш кызматтарына төлөөгө, бланктарды алууга ж.б.у.с);
- социалдык-маданий иш-чараларды, чет өлкөлүк делегациялар менен расмий жолугушууларды, семинар жана конференцияларды уюштуруу жана өткөрүүгө;
- эмгек келишимдерин жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча күтүлбөгөн чарбалык иштерди аткарууга.
5. ЖАКтын төрагасы ЖАКтын атайын каражаттарын бөлүштүрүүчүсү болуп саналат.
6. Отчеттук жылдын аягына карай түзүлгөн атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2011 · № 425 · Күчүн жоготкон