# КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 489
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92792>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14857/edition/1139335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92792.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92792

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-августу № 489 Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2015-жылдын 7-апрели № 201, 2015-жылдын 16-июну № 369, 2015-жылдын 10-июлундагы № 480, 2016-жылдын 23-ноябры № 612 , 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 538, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 ) токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 15 "Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары, 1-тиркемеге ылайык;

- Социалдык чөйрөдө иштеген кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары, 2-тиркемеге ылайык;

- Саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо чөйрөсүндө, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында жана анын карамагындагы мекемелеринде, Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР-коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын иштеген жылдары үчүн үстөк акы, 3-тиркемеге ылайык.

2. Бийик тоолуу жана барууга кыйын алыстагы зоналарда иштегени үчүн, ошондой эле эмгектин өзгөчө шарттары үчүн кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасына тиешелүү саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият мекемелеринин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына иштин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмдө үстөк акы белгиленет.

4. Министрликтер жана ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-апрели № 201 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.

7. Бул токтом 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

8. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

9. Ушул токтомдун күчү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине колдонулбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябры № 612 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

А.Атамбаев

1-тиркеме

Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 538, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маянасы (сом менен)

1

Жабдуу боюнча агент

3000

2

Архивариус(\*), иш кагаздарын жүргүзүүчү(\*), катчы (катчы-машинистка, катчы-референт), стенографист, диктофон кызматынын машинисти (2-категориядагы машинист)

2700

3

Атайын үн сигналы бар медициналык тез жардам автомобилдеринин, санитардык жеңил жана атайын автомобилдердин айдоочулары:

- өзгөчө чакан жана чакан автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб.см чейин)

3800

- орто автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8ден 3,5 куб.см чейин)

4200

- чоң автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 куб.см ашык)

4400

4

Жеңил автомобилдин айдоочусу

3800

5

Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу

4200

6

Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабанын айдоочусу, тракторист-машинист, тракторист

3000

7

Режим боюнча нөөмөтчү, жатакана боюнча нөөмөтчү

3000

8

Дизайнер

3800

9

Зал боюнча нөөмөтчү, портье

2700

10

Диспетчер

3800

11

Архив башчысы, канцелярия башчысы

4400

12

Сактоочу жайдын жана чарбанын башчысы, чарбанын башчысы, кампа башчы, кийимкананын башчысы, фонотеканын башчысы, фильмотеканын башчысы

3800

13

Кир жуучу жайдын башчысы

3800

14

Эмгек боюнча инструктор

3000

15

Кассир, билет саткан кассир

3000

16

1, 2, 3-категориядагы киномеханик

3800

17

Комендант (жатакананын, лагердин, окуу корпусунун, корпустар тобунун, имараттардын жана курулмалардын)

3800

18

Корректор

3800

19

Костюмер

3000

20

Лаборант(\*)

3800

21

Механик, спорт кемелердин механиги, курал-жарак ондоо боюнча механик

3800

22

Откананын оператору, машинист

3800

23

Көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын оператору, электрондук-эсептөөчү машиналардын (ЭЭМ) оператору, жеке эсептөөчү машиналардын (ЖЭМ) оператору

3000

24

Официант

3000

25

Котормочу

4200

26

Нотаны көчүрүп жазуучу

3800

27

Документтерди сырттоочу

2700

28

Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер

3000

29

Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, сырдоочу, шыбакчы

2500

30

Радиомеханик, радиооператор, телефонист

3800

31

Редактор

4000

32

Музыкалык аспаптарды оңдоочу-күүлөөчү

4000

33

Өтүкчү (бут кийим оңдогуч)

2700

34

Чарбачы айым, кенже медициналык айым, патронаждык кызматкер

3800

35

Музейди кароочу

3000

36

Угууну текшерүү кабинетинин техник-инструктору, ортопедия аппараттарын оңдоо боюнча техник, техник

4000

37

Фильмди текшерүүчү

4000

38

Шеф-ашпозчу(\*)

4200

39

Ашпозчу(\*)

3800

40

Кайышчы

2500

41

Экспедитор, эсепчи

3000

42

Электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү

3000

Эскертүү:

- техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылчу жумуштун кесиптик билимди, билгичтикти жана көндүмдү талап кылган татаалдык деңгээлине жараша, мурда колдонулган разряддарды эске алуу менен белгиленди;

- автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумушчу күн үчүн айдоочу катары иштеген убактысына жараша кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт;

- кесиптик чебердиги үчүн дифференцияланган үстөк акылар тийиштүү кызматтык маянадан: 2-разряддагы жумушчу үчүн - 5 пайыз, 3-разрядга - 10 пайыз, 4-разрядга - 15 пайыз, 5-разрядга - 20 пайыз, 6-разрядга - 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет;

- кассирдин кызматтык маянасы саламаттык сактоо чөйрөсүндө иштегендерден башка кызматкерлер үчүн белгиленген, аларга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жободо белгиленген;

- чарба башчынын, кампа башчынын, эмгек боюнча инструктордун кызматтык маяналары социалдык коргоо системасында иштегендерден башка кызматкерлер үчүн белгиленген, аларга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен белгиленген;

- (\*) белгиси менен белгиленген билим берүү уюмдарынын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 14-тиркемесине ылайык белгиленет.

- саламаттык сактоо уюмдарынын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына 1,4 коэффициенти колдонулат.

2-тиркеме

Социалдык чөйрөдө иштеген кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 токтомунун редакциясына ылайык)

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маянасы (сом менен)

1

Ассенизатор

3000

2

Гардеробчу, лифтчи, кароолчу (вахтер, кароолчу), өткөрмө пункттун контролеру

2500

3

Короо тазалагыч, багбан, пол сүрткүч, жарык бергич, айнек сүрткүч

2700

4

От жаккыч (кочегар)

2500

5

Кубовщик, ташыгыч, мончочу

2700

6

Кампачы, кастелянша, чабарман

2500

7

Ашкана кызматкери

2500

8

Атчы, кошчу

2700

9

Көмөкчү жумушчу

2500

10

Сцена боюнча кызматкер

3000

11

Жаныбарларды багуу боюнча жумушчу

3000

12

Үтүкчү, кийимдерди, шейшептерди комплекттөөчү, кир жуугуч, кир (атайын кийимди) жууш боюнча машинист

2700

13

Санитарка, санитарка-буфетчица, санитарка-ванначы, санитарка-няня, коштоочу санитарка, санитарка-тазалоочу, палаталык санитарка, жуугуч, таңгактагыч, башка кенже медициналык персонал

3000

14

Кызматтык жана маданий-тиричиликтик жайларды тазалоочу (таштандыларды чыгаруу)

2500

15

Коомдук дааратканаларды тазалоочу

3000

Эскертүү:

- кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылчу жумуштун татаалдык даражасына жараша белгиленди;

- хирургиялык жана стоматологиялык бөлүмдөрдө иштеген санитаркаларга кызматтык маянасы 10 процентке көбөйтүлөт;

- кызматтык жана маданий-тиричилик жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга, кир (атайын кийим) жуугуч машинисттерге, кир жуугучтарга, санитаркаларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегени үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк акылар белгиленет.

- саламаттык сактоо уюмдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына 1,4 коэффициенти колдонулат.

3-тиркеме

Саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо чөйрөсүндө, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында жана анын карамагындагы мекемелерде, Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын иштеген жылдары үчүн ай сайынкы ҮСТӨК АКЫНЫН ӨЛЧӨМҮ

| № | Иш стажы | Үстөк акынын өлчөмү (процент менен) |
| --- | --- | --- |
| 1 | Бештен он жылга чейин | 10% |
| 2 | Ондон он беш жылга чейин | 20% |
| 3 | Он беш жылдан жогору | 30% |

Эскертүү:

1. Иштеген жылдары үчүн үстөк акылар кызматтык маянага башка үстөк акыларды жана кошумча акыларды эсепке албастан кошулат.

2. Иштеген жылдары үчүн ай сайынкы үстөк акы төлөө үчүн иштин стажын эмгек стажын аныктоо боюнча комиссия аныктайт. Эмгек стажын аныктоо боюнча комиссиянын курамын мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.

3. Иштеген жылдары үчүн үстөк акы бул үстөк акыны алууга укук берген иш стажына жараша дифференциялуу төлөнөт.
