Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-августу №482 "Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы аталган Протоколун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 20-октябрындагы №1186-V "Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын…Постановление · 20.10.2011 · № 1186-V
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 20-октябрындагы №1187-V "Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын…Постановление · 20.10.2011 · № 1187-V
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 20-октябрындагы №1188-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган 1993-жылдын 24-декабрындагы Ар кыл мамлекеттердин чарбакер…Постановление · 20.10.2011 · № 1188-V
Шилтеме берет (2)
- Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган ар кайсы мамлекеттердин чарбачыл субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү…Закон · 03.11.2011 · № 94
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон