# КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №479 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы №429 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №479 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы №429 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 479
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92782>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14847/edition/385153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92782.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №479 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы №429 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (12.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92782

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-августу №479 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы №429 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 6-августундагы №429 "Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө, илимий-изилдөө жана тажрыйба конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим

жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүү жана ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча: түрдүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-пункттун он бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик (көз карандысыз) илимий-техникалык экспертиза уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча: түрдүү жөндөмөдөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункттун биринчи абзацындагы "долбоордун болжолдуу баасынын 0,5% өлчөмүндө" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик бюджеттен каржылануучу республиканын жогорку окуу жайларын жана илимий-изилдөө мекемелерин кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;

13-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктү республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жободо:

бүткүл текст боюнча:

- түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5-пункттун экинчи абзацындагы "илимий-техникалык мекемелери," деген сөздөрдөн кийин "жогорку окуу жайлары," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев
