# КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы №463 "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы №463 "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 463
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92766>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14831/edition/445922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92766.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы №463 "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (11.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92766

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-августу №463 Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашуунун 15-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жолжоболордун Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына билдирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
