Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган „Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-августу №462
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашуунун 14-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга кагышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер- министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 29-сентябрындары № 1078-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы…Постановление · 29.09.2011 · № 1078-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 1079-V ""Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы…Постановление · 29.09.2011 · № 1079-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 1080-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында аскердик…Постановление · 29.09.2011 · № 1080-V
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон