# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 452
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14823/edition/680657/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92754

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-августу № 452 Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 802, 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 532, 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдорунун редакцияларына ылайык) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны;

- Облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны;

- Райондук кеңештердин аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны.

- (төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 802 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 802 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 «Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 токтому менен бекитилген

Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмү жана

штаттык саны

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 532, 2015-жылдын 27-январы № 26, 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Кызмат орундарынын аталышы

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-январы № 26 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

1

Аппарат жетекчиси

2

Бөлүм башчысы

3

Башкы адис

4

Жетектөөчү адис

4-1

Адис

5

Башкы бухгалтер

6

Жетекчинин катчысы

Бардыгы

Эскертүү: Кызматтык автомобиль бар болсо, шаардык кеңештин чечими менен айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилиши, ал эми кассирдин милдеттерин аткаруу жетекчинин катчысына жүктөлүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 токтому менен бекитилген

Облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын тинтүү түзүмү жана

штаттык саны

№

Кызмат орундарынын аталышы

Калкы 30 миң адамга ченинки шаарлар үчүн штаттык бирдиктердин саны

Калкы 30 миңден 60 миң адамга чейинки шаарлар үчүн штаттык бирдиктердин саны

Калкы 60 миң адамдан ашкан шаарлар үчүн штаттык бирдиктердин саны

1

Жооптуу катчы

1

1

1

2

Башкы адис

1

1

1

3

Жетектөөчү адис

1

1

2

4

Адис

1

1

Бардыгы

3

4

5

Эскертүү: Шаардык кеңештин чечими менен катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн, ал эми кызматтык автомобиль бар болгон учурда айдоочунун бир штаттык бирдиктери киргизилиши мүмкүн. Шаардык кеңештин бухгалтердик эсепке алуусун жана отчёттулугун мэриянын башкы бухгалтери жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 токтому менен бекитилген

Райондук кеңештердин аппараттарынын

ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШТАТТЫК САНЫ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 802 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
