# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы №440 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты линиясы боюнча келген айыл чарба техникаларын берүү шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы №440 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты линиясы боюнча келген айыл чарба техникаларын берүү шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 440
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92752>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14821/edition/385637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92752.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы №440 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты линиясы боюнча келген айыл чарба техникаларын берүү шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (02.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92752

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 2-августу № 440 Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты линиясы боюнча келген айыл чарба техникаларын берүү шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүгүн, ошондой эле түшүм жыйноо сезону аяктагандан кийин кредиттер боюнча карыздарды жоюу графигин белгилөө өтүнүчү менен республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн көптөгөн кайрылууларын эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 563 «Кытай Эл Республикасынын гранты линиясы боюнча келген 30 млн. юань суммасындагы айыл чарба техникаларын жайгаштыруу тартиби жана берүү шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомго 2-тиркемеде:

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:

- экинчи абзацтагы «квартал сайын төлөө менөн» деген сөздөр «III жана IV квар-талдарда жыл сайын төлөө менен;»деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- «г» пунктчасынын экинчи - алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсии:

«- кредитти жоюу графигин бузган учурда төмөнкүдөй таасир этүү чаралары каралат:

а) айыптык санкцияларды эсептөө кредитти кайтарып берүүнүн акыркы мөөнөтүнүн күнүнө чөйинки мезгил үчүн гана мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасынын 0,05% өлчөмүндө жүргүзүлөт;

б) төлөнгөн сумманы кайтарып бербестен айыл чарба техникасын алып коюу карызды жоюунун графигине ылайык бир жылдын ичинде заемчу карызын жойбогон учурда жүргүзүлөт.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 768 «Кытай Эл Республикасынын гранты линиясы боюнча келген 70 млн. юань суммасындагы айыл чарба техникаларын жайгаштыруу тартиби жана берүү шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомго 2-тиркемеде:

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:

- экинчи абзацтагы «квартал сайын төлөө менен деген сөздөр «III жана IV квар-талдарда жыл сайын төлөө менен;»деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- «г» пунктчасынын экинчи - алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:»- кредитти жоюу графигин бузган учурда төмөнкүдөй таасир этүү чаралары каралат:

а) айыптык санкцияларды эсөптөө кредитти кайтарып берүүнүн акыркы мөөнөтүнүн күнүнө чейинки мезгил үчүн гана мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн карыздын мөөнөтү Өтүп кеткен суммасынын 0,05% өлчөмүндө жүргүзүлөт;

б) төлөнгөн сумманы кайтарып бербестен айыл чарба техникасын алып коюу карызды жоюунун графигине ылайык бир жылдын ичинде заемчу карызын жойбогон учурда жүргүзүлөт.».

3. Кыргыз Рөспубликасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду белгиленген тартипте толук көлөмдө айыптык санкциялар боюнча мурда чегерилген суммаларды азайтуу менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты боюнча 2011-жылдын 1-майына карата карызы бар заемчулардын кредиттик документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комллекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев
