# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №433 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №433 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 433
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92746>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14815/edition/582937/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92746.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №433 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому (22.09.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92746

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-июлу № 433 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттарын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик кызматчыларына 2011-жылдын 1-июнунан тартып минималдуу базалык ставка - 5500 сом жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясынын кызматкерлерине минималдуу базалык ставка -4000 сом болуп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды издеп тапсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев
