# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №432 "«Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №432 "«Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 432
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14814/edition/945279/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №432 "«Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтому (23.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92745

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-июлу № 432 «Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин ишине дем берүү, потенциалын, чыгармачыл жана кесиптик деңгээлин өнүктүрүү, ишинин сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, эмгек акы төлөөнү реформалоо жана тармактык системасын киргизүү зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкү кызматтык маяналар белгиленсин:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине 2-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналарына кошумча төлөөлөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.

3. Илимий изилдөөлөрдүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында 2011-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөргө тапшырма берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумуна Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирүүчү илимий мекемелерди оптималдаштырууну жана реформалоону ишке ашырууга;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине «Илим» бөлүмү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу каржылануучу илимий мекемелерди оптималдаштырууну жана реформалоону ишке ашырууга.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- илимий мекемелерди оптималдаштыруунун жана реформалоонун натыйжасында бошогон каражаттарды дем берүүчү мүнөздөгү эмгек акы төлөөгө жумшашсын;

- Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринде эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү боюнча даярдык көрүү жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышсын;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринин эмгек акы төлөө шарттары жана типтүү штаттары жөнүндө жобону иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргаз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүүгө керектүү акча каражатын караштырсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Илим» бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналары

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяналар (сом менен)

1

Директор

9300

2

Директордун орун басары

8500

3

Кеңешчи

7500

4

Окумуштуу катчы

8200

5

Лаборатория башчысы, бөлүм башчы

7800

6

Башкы илимий кызматкер

7400

7

Жетектөөчү илимий кызматкер

7200

8

Улук илимий кызматкер

7000

9

Илимий кызматкер

6500

10

Кенже илимий кызматкер

5900

11

Башкы бухгалтер

6500

12

Улук бухгалтер

6200

13

Бухгалтер

5500

14

Башкы экономист

6500

15

Экономист

6000

16

Улук редактор, улук корректор

6000

17

Техникалык редактор

5100

18

Корректор

5100

19

Башкы инженер

6500

20

Жетектөөчү инженер

6000

21

1-категориядагы инженер

5300

22

2-категориядагы инженер

5100

23

Инженер

5000

24

Патенттик жана ойлоп табуу иштери боюнча инженер

5200

25

Кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору

6000

26

Кадр боюнча инспектор

5500

27

Улук лаборант

5000

28

Лаборант

4500

29

Техник

4000

30

Токойчу

4000

31

Агроном

5000

32

Агротехник

4400

33

Ветврач

4000

34

Чарба башчысы

4400
