# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №427 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү колдонууну токтото туруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №427 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү колдонууну токтото туруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 427
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92741>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14810/edition/477955/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №427 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү колдонууну токтото туруу тууралуу" токтому (11.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92741

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 609 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-июлу № 427 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү колдонууну токтото туруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 2011-жылдын 16-февралындагы жыйынынын протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюмдар (бюджеттик мекемелерди албаганда) тарабынан бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун жүргүзүлүшүнүн маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү колдонуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин токтотулуп турсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы:

- Жеке ишкерлер үчүн бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана финансылык отчет түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү өркүндөтүү үчүн кызыкдар бизнес-ассоциацияларынын эксперттерин тартуу менен жумушчу топту бир айлык мөөнөттө түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин иштелип чыккан долбоорун үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
