# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 425
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92739>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14808/edition/1290488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92739.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтому (30.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92739

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-июлу № 425 Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-январындагы № 59, 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы деп өзгөртүлүп аталсын.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын атайын каражаттары жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын башкаруу схемасы.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын жана анын Президиумунун курамдары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын маселелери" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы № 704 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-январындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
