Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу тутумунун № 50 түзөтүү мекемеси жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-июлу № 424 Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу тутумунун № 50 түзөтүү мекемеси жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Жазык аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан № 50 мекемеси түзөтүү мекемеси - түрмө болуп кайра түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эки айлык мөөнөттө:
- түзөтүү мекемеси - түрмө жөнүндө жобо иштеп чыгып, аны бекитсин;
- түзөтүү мекемеси - түрмөнүн түзүмүн жана персоналынын штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын персоналынын штаттык санынын чегинде бекитсин;
- түзөтүү мекемеси - түрмөнүн атайын жайларын жана аймагын кайра жабдысын жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-аткаруу мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык келтирсин;
- түзөтүү мекемеси - түрмө алдында тергөө изолятору режиминде иштеген атайын жай түзсүн;
- түзөтүү мекемеси - түрмөнү түзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.03.2012 · № 158
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 179 "1999-2011-жылдар аралыгында кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркына шек келтирүүчү мамиле түрүнө жана…Постановление · 16.03.2012 · № 179 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.