Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 28-июлу № 422 Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү жөнүндөгү тартиби тууралуу тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июлундагы № 422 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү тартиби тууралуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Комиссиянын курамы жана анын жумушун уюштуруу
3. Эмгек стажы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү
4. Эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын административдик имаратында 2010-жылдын 7-апрелинде болгон өрттүн кесепетинен өздүк иштери, эмгек китепчелери, ошондой эле эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды камтыган документтери жоголгон Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан калыбына келтирилет.
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын курамы жана анын жумушун уюштуруу
4. Комиссия Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, эмгекти жаатындагы ыйгарым-укуктуу мамлекеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Борбордук мамлекеттик архивдин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин өкүлдөрүнөн түзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны жана анын жеке курамы аталган органдардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын буйругу менен аныкталат.
5. Комиссиянын ишине төрага - Комиссиянын курамына кирген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү жетекчилик кылат. Төрага жок болгон учурда Комиссиянын чечими менен анын ыйгарым укуктары Комиссиянын бир мүчөсүнө жүктөлөт.
6. Комиссия катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добуштары менен чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү маселеси каралып жаткан прокуратура кызматкеринин катышуусунда кабыл алынат.
7. Комиссиянын жыйындарын өткөрүү тартиби ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын буйругу менен бекитилген Комиссиянын иштөө регламенти менен аныкталат.
8. Комиссиянын ишин зарыл болгон уюштуруу-усулдук жана техникалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жүзөгө ашырат.
3. Эмгек стажы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү
9. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек ишинин фактысын, кызмат орундарын жана иштеген мезгилин аныктоо Комиссия тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
- прокуратура органдарынын кадрдык бөлүмдөрүндө жана аймактык бөлүмдөрүнүн архивдеринде сакталып калган документтердин, ошондой эле кызматкердин өзүндө бар документтердин негизинде. Алар жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында арыз берүүчүнү чогуу иштегени боюнча билген жана арыз берүүчү менен бирге иштегендигин тастыктаган документтери бар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын экиден кем эмес кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде;
- прокуратура органдарынын камсыздандырылган кызматкерлеринин жеке камсыздандыруу эсебинен алынган маалыматтын негизинде (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматтарына ылайык).
10. Эгер кызматкердин прокуратура органдарына кызматка орношконго чейин эмгек стажы болсо, Комиссия бул фактыны тастыктоочу зарыл документтерди сурап алууга укуктуу. Эгер бул документтер сакталбай калса, эмгек стажы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-июлундагы № 310 токтому менен бекитилген Пенсия дайындоо үчүн эмгек стажын тастыктоо тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте аныкталат.
11. Арыз берүүчүнүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, ошондой эле жана комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет.
12. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча ар бир кызматкердин иштеген мезгили, кесиби (кызмат орду) жана эмгек стажынын узактыгы көрсөтүлгөн акт түзүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги Комиссиянын чечиминин негизинде кызматкерге эмгек китепчесинин дубликатын берет же бар эмгек китепчесине Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарындагы эмгек стажы жөнүндөгү тийиштүү жазууларды киргизет.
Эмгек китепчесинин дубликатын берген учурда анын биринчи бетинин (титулдук барагынын) үстүнкү оң бурчунда "Дубликат" деп жазылат. Эмгек китепчесинин дубликаты алгачкы эмгек китепчени толтуруу тартибинде эле, бирок кээ бир өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен толтурулат 5-графада Комиссиянын аталышы көрсөтүлөт, ал эми 6-графада дубликатка тийиштүү жазууларды киргизүүгө негиз болгон Комиссиянын актысынын датасы жана номери көрсөтүлөт. Комиссиянын чечими менен калыбына келтирилген эмгек стажы жөнүндөгү маалыматтар эмгек китепчесинин дубликатында ар бир уюм жана иштөө мезгили боюнча өз өзүнчө төмөнкү тартипте жазылат: 2-4-графаларда жумушка алынган датасы, 5-графада - уюмдун, анын бөлүмүнүн аталышы жана кызмат орду (кесиби, квалификациясы ж.б.у.с). Эгер берилген документтерден ошол эле уюмдун ичинде кызматкердин башка туруктуу жумушка которулгандыгы аныкталса, анда бул тууралуу тийиштүү жазуу киргизилет. Андан кийин 2-4-графаларда жумуштан бошотулган датасы, ал эми 5-графада жумуштан бошотуунун себеби көрсөтүлөт. 6-графада жазууну киргизүүгө негиз болгон документтин аталышы, датасы жана номери көрсөтүлөт. Комиссиянын жыйынына берилген документтер мурда иштегендиги жөнүндөгү жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды толугу менен камтыбаса, анда эмгек китепчесинин дубликатына документтерде бар маалыматтар менен бирге күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен тастыкталган маалыматтар да киргизилет. Эмгек стажын тастыктаган документтердин түпнускалары алардан көчүрмө алынгандан жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрдык кызматында гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөндөн кийин ээсине кайтарылып берилет. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр прокуратура органдарынын тийиштүү кызматкеринин өздүк ишине кошулат. Камсыздандырылган стажды эсептөөдө эске алынуучу жазуулар эмгек китепчесине (же эмгек китепчесинин дубликатына) ошол жазуулардын датасы катары көрсөтүлгөн күнгө карата колдонулуудагы эмгек мыйзамдарына ылайык киргизилиши зарыл.
14. Комиссиянын чечиминин негизинде эмгек китепчесинин дубликатына киргизилген кызматкердин иштегендиги жөнүндөгү жазуу анын эмгек стажын аныктоочу негизги юридикалык факт болуп эсептелет жана документтер менен тастыкталган жазууларга теңдештирилет.
15. Комиссия аныктаган эмгек ишинин мезгили жалпы стажга жана жеңилдетилген шарттарда жана кызмат өтөгөн жылдары үчүн пенсияга укук берүүчү атайын стажга кошулат, ошондой эле документтер менен тастыкталган иштеген мезгили катары кызмат өтөгөн жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын үстөктөрдү кошуп эсептөөгө негиз болот.
4. Эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү
16. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү Комиссия тарабынан төмөнкүлөрдүн негиздеринде жүргүзүлөт:
- прокуратура органдарынын кызматкеринин иштөө мезгили, кесиби (кызмат орду) жөнүндөгү тастыкталган маалыматтардын негизинде;
- 1996-жылга чейин - кызматтык маянасын, кызмат өтөгөн жылдарын, атайын класстык чинин (аскердик наамы, класстык чинин), сыйлык төлөмдөрүн, жеке үстөктөрүн жана башкаларын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын иш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн (орточо) негизинде. Эсептөө эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү зарыл болгон мезгил аралыгында колдонулуучу нормативдик укуктук актылардын жана эмгек акынын шарттарын жөнгө салуучу башка документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек;
- 1996-жылдан бери - прокуратура органдарынын камсыздандырылган кызматкеринин жеке камсыздандыруу эсебинен алынган эмгек акысы жөнүндөгү жыл сайын берилүүчү билдирүүсүнүн негизинде (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматтарына ылайык).
17. Эмгек стажы жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтарды калыбына келтирүү учурунда пайда болгон талаш-тартыш маселелер жекече түрдө сот тартибинде чечилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 25 июля 1995 года N 310 "Об утверждении Положения о порядке подтверждения трудового стажа для назначения пенсий"Постановление · 25.07.1995 · № 310 · Күчүн жоготкон