Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган «Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү» Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 28-июлу № 420 "Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Программанын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болгон Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык Комитетине билдирсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аталган Программанын жоболорун ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР ЖК 2011-жылдын 13-октябрындагы № 1133-V "Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө мамлекеттердин бажы транзитин…Постановление · 13.10.2011 · № 1133-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 1134-V "Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө мамлекеттердин…Постановление · 13.10.2011 · № 1134-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 1135-V ""Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин…Постановление · 13.10.2011 · № 1135-V
Шилтеме берет (2)
- Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан…Закон · 01.11.2011 · № 192
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон