# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №418 "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №418 "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 418
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14801/edition/385665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92732.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №418 "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (27.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92732

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-июлу № 418 "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө"

1-берене.

"2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статуту ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Статутун күчүнө киришине Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитети болуп эсептелген депозитарийге зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө кабардар кылсын.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
