Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-июлу № 418 "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө"
1-берене.
"2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статуту ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Статутун күчүнө киришине Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитети болуп эсептелген депозитарийге зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө кабардар кылсын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 1038-V "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо…Постановление · 22.09.2011 · № 1038-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 1039-V ""2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун…Постановление · 22.09.2011 · № 1039-V
- КРТ Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 1040-V ""2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун Сотунун Статутун…Постановление · 22.09.2011 · № 1040-V
Шилтеме берет (2)
- 2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштугунун Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндөЗакон · 12.10.2011 · № 169
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон