# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы №737 ""Бишкек шаарында 2011-жылдын 5-октябрында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы №737 ""Бишкек шаарында 2011-жылдын 5-октябрында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 737
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92731>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14800/edition/387220/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92731.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы №737 ""Бишкек шаарында 2011-жылдын 5-октябрында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92731

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-ноябры № 737 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 5-октябрында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 5-октябрында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри

Ө.Бабанов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2011-жылдын 5-октябрында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене. Бишкек шаарында 2011-жылдын 5-октябрында кол коюлган "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык Макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
