# Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ(КРӨкмөтүнүн 2011-жылдын 17- ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ(КРӨкмөтүнүн 2011-жылдын 17- ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Классификация
- Номери: 733
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92718>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/27-1/edition/914326/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92718.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ(КРӨкмөтүнүн 2011-жылдын 17- ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген) (22.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92718

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул жиктөө өзгөчө кырдаалдарды алардын оордук даражасы боюнча баалоонун уюштуруу-укуктук ченемдерин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жарандык коргоо тармагындагы иш процессинде келип чыккан мамилелерин жөнгө салат.

2. Өзгөчө кырдаалдар төмөндөгү белгилери боюнча жиктелет:

- жабыр тарткандардын саны боюнча;

- экономикалык зыяны боюнча;

- жашоо тиричилиги бузулган калктын саны боюнча.

3. Өзгөчө кырдаалдар пайда болуу мүнөзү боюнча төмөндөгүлөргө бөлүнөт:

- табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;

- техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;

- экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;

- биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;

- чыр-чатактык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар.

Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу мүнөзүнүн түрлөрү жана аларды баалоонун критерийлери 1-тиркемеде келтирилген. Оордук даражасы боюнча өзгөчө кырдаалдарды жиктөө критерийлери жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жооптуу уюмдарды аныктоо ушул жиктөөнүн 2-тиркемесинде келтирилген.

4. Белгилүү бир аймакта түзүлгөн кырдаал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 токтомуна ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуусу боюнча Жарандык комиссиялардын чечимдеринин негизинде өзгөчө кырдаал деп табылышы мүмкүн.

5. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 475 "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу оордук даражасына жараша төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:

- объектилик (оордуктун 1 даражасы) - менчигинин түрүнө карабастан карамагында объект бар уюмдун, ишкананын жана мекеменин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;

- жергиликтүү (оордуктун II даражасы) - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (айыл өкмөтү), менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;

- райондук (оордуктун III даражасы) - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;

- облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын (оордуктун IV даражасы) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлик органдарынын жана облустун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймактык бөлүмдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларын кошуу менен, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күчтөрү жана каражаттары аркылуу;

- республикалык (оордуктун V даражасы) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган күчтөр жана каражаттар аркылуу;

- чек аралар аралык - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча.

7. Кырсыктан-куткаруу жумуштары аягына чыккандан кийин өзгөчө кырдаал жоюлду деп эсептелинет жана калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлөт.

8. Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азия мамлекеттери менен чектеш райондордогу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 604 "Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу, алардын кесепеттерин жоюу учурунда маалыматтык өз ара аракеттенүү жана жапа чеккен калкка жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

1-тиркеме

Өзгөчө кырдаалдар жана аларды баалоонун

КРИТЕРИЙЛЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомунун редакциясына ылайык)

Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар

| Өзгөчө кырдаалдардын булагы | Өзгөчө кырдаалдардын болуусунун мүнөздөмөсү | Баалоо критерийлери |
| --- | --- | --- |
| Жер титирөө | Жердин астындагы катмарлардын кыймылдоосунун, жарылуусунун же мантиянын үстүнкү катмарынын жарылуусунун себебинен жер үстүнүн алыска таралуучу 6 баллга же андан көп силкинүүсү. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Сел | Анча чоң эмес тоолуу дарыяларда жана кургак колоттордо, нөшөрлүү жаан - чачындардан же кардын тез эрүүсүнөн улам келип чыгуучу минералдык бөлүкчөлөр, таштар жана тоо тектеринин сыныктарынын өтө чоң концентрациясы (агымдын көлөмүнүн 50-60% чейинкиси) аралашкан агым | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Суу ташкын | Кардын, мөңгүнүн эришинен же жамгырдын көп жаашынан улам келип чыккан дарыядагы суунун агуу деңгээлинин кыска убакытка жогорулашы менен мүнөздөлгөн суунун абалы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу экономикалык чыгым |
| Бийик тоолуу табигый көлдөрдүн тосмолорунун жырылуусу | Тосмолорунун толук же бир бөлүгүнүн жырылуусунун натыйжасында суунун табигый фазасына же убактылуу агын сууларына таасир этүүчү кыйратуучу күчкө ээ болгон калыптанган сел же суу ташкын агымы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу экономикалык чыгым |
| Кар көчкү | Кыйратуучу, талкалоочу күчкө ээ болгон кардын жана (же) муздун ылдам, кокусунан пайда болгон кыймылы. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу экономикалык чыгым |
| Урап түшүү | Табигый жантайманын бурчунан чоң бурулуш менен чукул эңкейиштерде оордук тартылуу күчүнүн негизинде пайда болгон тоо тектеринин массасынын бөлүнүшү. Тектердин кулашы дарыялардын жээктеринде, сайларында, тоолордо жана көлдөрдүн жээктеринде жүрөт. Тектеринин кулашы эңкейиштин туруктуулугунун жоголушунун натыйжасында пайда болот | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу экономикалык чыгым |
| Таш кулоолор | Тоо тектеринин сыныктарынын тоо боорунан кулоосу же сыйгаланып түшүүсү | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Жер көчкүлөр | Тоо боорунан же жантаймадан төмөн карай гравитациялык күчтөрдүн таасири астында ири көлөмдөгү тоо тектеринин массасынын түшүү кыймылы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Геокриология- лык жараяндар | Тоо тектеринде өнүгүүчү кооптуу тоң процесстери (суук ирими, сууктан жарылып кетүү, термоабразия, термоэрозия, курумдар жана башка гравитациялык жараяндар) | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Карсттык- суффозиондук жараяндар | Карсттын (жер астындагы боштуктун) 100 метрден көп эмес тереңдигинде эрүүчү тектердин (туздардын, гипстин, акиташтын, бордун) туруктуу калыңдыгын жоготуусу, төбөсү кулаган учурда алардын тектеринин атайын оюктарынын бөгөлүп калуусу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Лесс жана чополуу кыртыштын чөгүүсү | Инженердик курулмалардын талкалануусуна алып келүүчү, лесс жана чополуу кыртышта алардын нымдалуусунун жана суу менен камсыз болуусунун эсебинен кысылуунун бирдей эмес бүлгүндүк бузулушу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Суу каптоо, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашы | Дарыяларда, суу сактагычтарда, суу тоскучтарынында суунун горизонтунун көтөрүлүшүнүн, суу түтүкчөлөрүнүн , канализацияларда суулардын жоготуусунунун таасирлеринин негизинде жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашы: - инженердик курулмалардын талкаланышына, чыгымдарга алып келүүчү кыртыш сууларынын деңгээли 0-0,3 м болгон учурдагы күчтүү суу каптоо; - инженердик курулмалардын талкаланышына, чыгымдарга алып келүүчү кыртыш сууларынын деңгээли 0,3-2,0 м болгон учурдагы орточо суу каптоо; - инженердик курулмалардын талкаланышына, чыгымдарга алып келүүчү кыртыш сууларынын деңгээли 3,0-5,0 м болгон учурдагы анчалык катуу эмес суу каптоо. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Катуу шамал | Шамалдын ылдамдыгы 25 м/с жана андан жогору, тоолуу райондордо 35 м/с жана андан жогору | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Чаң аралаш (кумдуу) катуу бороон | Өтө катуу шамал, ошондой эле деңиздеги (көлдөгү) чоп толкундоо. Орточо 15 м/с же андан көп ылдамдыкта 6 же андан көп саатка созулат, 100 м же андан аз аралыкка чейин көрүнүштүн метеорологиялык ыраактыгынын начар менен коштолот | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Узакка созулган жамгыр | Суу каптап кетүүгө, суунун жайпоосуна, суу ташкынына алып келүүчү, бир нече күнгө чейин үзгүлтүксүз жааган атмосфералык суюк жаан-чачын. Жаан-чачындын өлчөмү 48 саатта жана андан аз убакыттын ичинде 60 мм жетсе | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Катуу жаан, нөшөр (кар аралаш жаан, суу кар) | 12 сааттын жана андан аз убакыттын ичинде жаан-чачындын өлчөмү 30 мм жетет. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Кардын оор түшүүсү | Унаа кыймылынын оорлошуна, көрүүнүн бир кыйла начарлашына алып келүүчү, узакка созулган ургаалдуу кар түшүү - 12 сааттын же андан аз убакыттын аралыгында 20 мм жана андан көп жаан-чачын болот | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Катуу бурганак | Көрүүнүн начарлашына жана унаа магистралдарынын күрткүсүнө алып келүүчү, мүмкүн кардын түшүшү менен айкалышкан, катуу шамал аркылуу жер бетиндеги кардын учуусу. 12 м/с жана андан жогору шамалдын ылдамдыгында 12 саат же андан көп убакытка созулат. Көрүүнүн начарлашы 50 м же андан төмөн болуп, шоссе жана темир жолдордо кыймылдын токтошуна алып келет | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Тайгак | Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 20 мм жана андан көп | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Мөндүр | Диаметри 20 жана андан чоң миллиметрди түзгөн, катуу муздун бөлүкчөсү түрүндө жылдын жылуу мезгилинде түшүүчү атмосфералык жаан-чачын | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |  |  |
| (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |  |  |
| Коюу туман | Суунун буулануусунун натыйжасында тамчы же кристалл түрүндөгү продуктылардын абада учуп жүрүүсү жана жердин үстүнкү бетинде көрүүнүн бир кыйла начарлашы менен коштолгон топтолуусу. Темир жолдогу жана унаа жолдогу кыймылдын токтоп калуусуна алып келет, көрүү аралыгы 50 м жана андан аз, узактыгы 6 саат жана андан көп | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Үшүк | Жер кыртышынын бети же абанын температурасы жылдын өсүмдүктөрдүн өсүү жана өөрчүү мезгилинде 0 градус цельсияга чейин төмөндөйт жана эгинге, техникалык, жашылча, мөмө-жемиш жана башка өсүмдүктөргө зыян келтирет же жок болуусуна алып келет | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Катуу суук | Республиканын дыйканчылык аймагында 5 же андан көп күндүн аралыгында абанын температурасы минус 35 градус цельсия жана андан аз болот | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Суу кардын катмарланышы жана аралаш оор катмарлануу | Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметр 35 м.м жана андан көп болсо | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Күчтүү кыроо | Нымдуу суук аба ырайында ичке жана узун предметтердеги (дарактардын бутактарындагы, электр чубалгыларындагы) кристалл же дан кабаттары түрүндөгү атмосфералык жаан-чачындардын түрү. Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 50 мм жана андан көп. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |  |  |
| Кыртыш кургакчылыгы | 2-декаданын ичинде 0-20 см катмардагы пайдалуу нымдуулук 10 мм же андан аз, | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Атмосфералык кургакчылык | Өсүмдүктөрдүн өсүү жана өөрчүү мезгилинде катары менен 30 күндүн же андан көп убакыттын аралыгында абанын температурасы 30 градустан жогору болгон учурда натыйжалуу жаан-чачындын (бир күндө 5 мм ден көп) жок болуусу. Калган күндөрү (мезгилдин узактыгынан 25% көп эмес) төмөндө көрсөтүлгөн маанилерден максималдуу температуранын болуусуна жол берилет | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Ысык шамал | 30 град. Цельсий же андан жогору температуранын учурунда 5 же андан көп күнгө чейин абанын салыштырма нымдуулугу 30% жана азыраак болуп, шамалдын ылдамдыгынын 5 м/сек. жана андан көп болуп сакталуусу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Катуу ысык | Абанын температурасы 5 жана андан көп күнгө чейин 40 град. Сельция жана андан жогору болот | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Токой өртү, тоо өртү, талаа жана дан массивдери- нин өртү | Күтүүсүздөн пайда болуучу жана жаратылыш чөйрөсүнө тароочу, күнүнүн баш ийбеген жараяны | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Суу тосмолорунун, дамба, шлюздардын, суу өткөрбөөчү тосмолордун ж.б. жырылуусу | Тосмолорунун толук же бир бөлүгүнүн жырылуусунун натыйжасында суунун табигый фазасына же убактылуу агын сууларына таасир этүүчү кыйратуучу күчкө ээ болгон калыптанган сел же суу ташкын агымы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Аймактардын ылдый түшүп кетүүсү | Имараттардын, курулуштардын жана унаа тутумдарынын кошумча күч теңдемдик жана күч кыймылдык жүктүн натыйжасында шаар аймактарынын ылдый түшүп кетүү жараяны, ошондой эле көмүр суутекти казып алууга байланыштуу жер бетинин ылдыйлап кетүүсү | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Турмуш- тиричиликти камсыздоо тутумдарын- дагы кырсыктар | Турмуш-тиричиликти камсыздоо тутумдарындагы колдонулган курулуштардын же техникалык каражаттарынын кырсыктарынынын кесепетинен: - калкка ичүүгө жарамдуу суу берүүнүн токтоосу; - калкка газ берүүнүн токтоосу; - жылдын суук мезгилинде жылуулук берүүнүн токтоосу; - канализация тутумдарынын иштөөсүнүн бузулушу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Имараттардын, курулуштардын кокусунан урап түшүүсү | Унаа коммуникацияларынын элементтеринин кыйроосу: - өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын кыйроосу; -турак-жай, социалдык-тиричилик жана маданий багыттагы имараттардын жана курулуштардын кыйроосу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Энергетика тутумундагы кырсыктар | Электр берүүдө колдонулуучу курулуштардын же техникалык каражаттарынын кырсыктарынын кесепетинен электр берүүнүн 6 саат жана андан көп убакытка созулган узак мөөнөттүү үзгүлтүгү | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Өрт, жарылуулар, жарылуу коркунучу | Адамдардын өмүрүнө зыян же коркунуч келтирген жана материалдык балуулуктарды жоготуу же жоготуу коркунучу, кыска мөөнөттүн ичинде көп сандагы энергиянын бөлүнүп чыгарылышы жана көзөмөлсүз күйүү жараяны. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Унаа кырсыктары | Бузулуулардын же кызматкерлердин профессионалдык эмес аракеттеринин натыйжасында техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыйроолору жана кырсыктары; - аба кырсыктары; - ири автоунаа кырсыктары; - суу акваторияларындагы кыйроолор жана кырсыктар | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Радиоактивдүү заттардын абага чыгуусуна жана (чыгуу коркунучуна) байланышкан кырсыктар | Атомдук станцияларда өндүрүштүк жана изилдөө багытындагы атомдук энергетикалык орнотмолордо колдонулуучу курулуштардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгуу коркунучу) менен бузулушу: - транспорттук авариянын натыйжасында радиоактивдүү заттардын абага чыгуу коркунучу же чыгуусу; - өнөр жай жана сыноолордо (анын ичинде чек аралык) болгон авариянын натыйжасында радиоактивдүү заттардын абага чыгуу коркунучу же чыгуусу; - радиоактивдүү заттардын жоготуу. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Химиялык коркунучтуу заттардын (ХКЗ) абага чыгуусу жана чыгуу коркунучуна байланышкан кырсыктар | Химиялык коркунучтуу заттарды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө же сактоодо колдонулуучу имараттардын жана техникалык орнотмолордун бузулуусу: - транспорттук авариянын натыйжасында химиялык коркунучтуу заттардын абага чыгуу коркунучу же чыгуусу; - авариянын натыйжасында реакцияга кирген химиялык коркунучтуу заттардын пайда болуусу жана таркалышы; - химиялык согуш куралдары менен болгон авария: - ХКЗ булактарын жоготуу. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Биологиялык коркунучтуу заттардын (БКЗ) абага чыгуусу жана чыгуу коркунучуна байланышкан кырсыктар | Биологиялык коркунучтуу заттарды иштеп чыгарууда, аларды сактоодо жана аларды көмүлө колдонулуучу имараттардын жана техникалык орнотмолордун бузулуусу: - транспорттук авариянын натыйжасында биологиялык коркунучтуу заттардын абага чыгуу коркунучу же чыгуусу; - биологиялык заттарды жоготуу. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар |  |  |
| Өзгөчө кырдаалдардын булагы | Өзгөчө кырдаалдардын булагы | Өзгөчө кырдаалдардын булагы |
| Кургак жердин (кыртыштын, жер астынын, ландшафт- тардын) абалынын өзгөрүүсү | Жер астын иштетүүдөн улам жер бетинин бүлгүндүү чөгүп кетүүсү, көчүүсү, кемирилүүсү: - жер кыртышында (топуракта) чектен тыш кошундулардын, оор металлдардын (анын ичинде радионуклиддердин) жана башка зыяндуу заттардын болушу; - жер кыртышынын интенсивдүү начарлашы, чөлгө, шорго айлануусу, сазга айлануусу ж.б.; - жаратылыш кендеринин түгөнүшүнө байланышкан кризисттик кырдаалдар; - өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын сактоочу жайлардын (таштандыларды ыргытуучу жай) толуп кетүүсүнө алып келген кризистик кырдаалдар. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Атмосферанын курамынын жана касиетинин өзгөрүүсү | Антропогендик иштин натыйжасында аба-ырайынын жана климаттын чукул өзгөрүүсү: - атмосферадагы зыяндуу аралашмалардын жол берилүүчү чектен ашыкча жогорулашы; - шаар ызы-чуусунун жол берилүүчү чектен деңгээлинен бир кыйла жогорулашы; - кислоталык жаан-чачындын кеңири тилкесинин пайда болуусу; - шаарлардын үстүндөгү температуралык инверсиялар. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Гидросфера абалынын өзгөрүүсү | Ичүүчү суунун кескин жетишсиздиги: - суу ресурстарынын соолушу; - суу ресурстарынын булгануусу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Биосфера абалынын өзгөрүүсү | Ресурстарды өндүрүүгө биосфера жөндөмдүүлүгүнүн кескин өзгөрүүсү: - жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жок болуусу; - жаныбарлардын түрү жоголуусу | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар |  |  |
| Өзгөчө кырдаалдардын булагы | Өзгөчө кырдаалдардын булагы | Өзгөчө кырдаалдардын булагы |
| Адамдардын массалык түрдөгү жугуштуу оорулары | Калктын жана алардын кээ бир топторунда оорулардын таркашы: - экзотикалык жана өзгөчө коркунучтуу эмес жугуштуу оорулардын сейрек учурлары; - коркунучтуу жугуштуу оорулардын топтук жагдайы; - жугуштуу оорулардын эпидемиялык тез таралышы; - эпидемия; - пандемия; - (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 токтомуна ылайык күчүн жоготту | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Жаныбарлардын массалык түрдөгү жугуштуу оорулары | Жаныбарлардын арасында оорулардын таркашы: - экзотикалык жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын сейрек учурай турган жагдайы; - энзоотиялар; - эпизоотиялар; - панзоотиялар; - этиологиясы аныкталбаган жугуштуу оорулар; - жаныбарлардын массалык түрдө кырылышы | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Айыл чарба өсүмдүктөрү- нүн оорулардан, отоо чөптөрдөн жана зыянкечтерден массалык түрдө зыян тартышы | Өсүмдүктөрдүн арасында оорулардын таркашы: - күчөп бараткан эпифитотия; - пантофитотия; - өсүмдүктөрдүн этиологиясы аныкталбаган оорусу; - инвазиялар (курт-кумурскалардын чабуулу) | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Чыр-чатактык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар |  |  |
| Өзгөчө кырдаалдардын булагы | Өзгөчө кырдаалдардын булагы | Өзгөчө кырдаалдардын булагы |
| Жарандык чыр-чатактар | Өлкөдөгү конституциялык жана укуктук тартипти бузган, коомдо жана мамлекетте жарандык ынтымактын бузулуусуна алып келген социалдык тынчсыздануулар | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Согуштук окуялар | Мамлекеттердин же айрым мамлекеттердин ички социалдык коомчулуктарынын ортосундагы экономикалык, саясий, улуттук-этностук жана башка пикир келишпестиктерди чечүү максатындагы куралдуу күрөш | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |
| Терроризм | Жарылууну, өрт коюну же адамдардын курман болушуна коркунуч түзгөн башка аракеттерди жасоо, кыйла чоң мүлктүк зыян келтирүү же башка коомдук-коркунучтуу кесепеттердин келип чыгышы, эгерде мындай аракеттер коомдук коопсуздукту бузуу, калкты коркутуу же бийлик органдары же эл аралык уюмдар чечимдер кабыл алуусуна таасир көрсөтүү максатында жасалса, ошондой эле аталган аракеттерди ошол эле максаттарда жасоо коркунучу. | Жабыр тарткан адамдардын саны (курагы, жынысы), жашоо турмушунун бузулушу, экономикалык чыгым |

2-тиркеме

Өзгөчө кырдаалдарды оордук даражасы боюнча

ЖИКТӨӨ

| Өзгөчө кырдаалдын├──────┬──────────────────────────┤эсептик оордук даражасы | Өзгөчө кырдаалдын кесепеттери кырдаалдын ├────────┬────────┬────────┤төрдөгү Өзгөчө кырда- алдын тара- луу аймагы | Минималдуу Жабыр тартты жоюучу Бардыгы, адам (жынысы, курагы боюнча) | Өзгөчө көрсөткүч- Бардыгы, адам (жынысы, курагы боюнча) | кесепеттерин Бардыгы, адам (жынысы, курагы боюнча) | материалдык | органдар |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| I даража (объекти- лик) | Өндү- рүштүк объек- тинин, ишка- нанын, уюмдун чегин- де жерги- ликтүү тара- луусу | 5ке чейин | 3кө чейин | 30га чейин | 500гө чейин, курман болгондор- дун үй-бүлөлө- рүнө жана жабыр тарткан- дарга төлөп берүү- лөрдү эсепке албаганда | Объекттер карамагында турган уюм, ишкана жана мекеме |
| II даража (жергилик- түү) | Жерги- ликтүү өз алдын- ча башка- руу орга- нынын кара- магын- дагы аймак- тын чегин- де (айыл айма- гы, район- дук маани- деги шаар, айыл, шаар- ча) | 6дан 20га чейин | 4дөн 10го чейин | 31ден 50гө чейин | 501ден 1000ге чейин, курман болгондо үй-бүлөлө- рүнө жана жабыр тарткан- дарга төлөп берүүлөрдү эсепке албаганда | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин күч - каражаттары, зарыл учурда жогору турган уюмдар |
| II даража (райондук, шаардык) | Район- дук, облус- тук маани- деги шаар- дын чегин- де | 21ден 50гө чейин | 11ден 20га чейин | 51ден 500гө чейин | 1000ден 10000ге чейин, курман болгондор- дун үй-бүлөлө- рүнө жана жабыр тарткандар- га төлөп берүүлөрдү эсепке албаганда | Жергиликтүү мамлекеттик администра- ция алдынча башкаруу органдары, райондук аткаруу бийлиги органдарынын аймактык бөлүктөрү, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалар- дын жана мекемелер- дин күч - каражат- тары зарыл учурда облустук жана республи- калык уюмдар |
| IV даража (облустук, Бишкек, Ош шаардык) | Эки же андан көп район- дун чегин- де, бирок бир облус- тун же рес- публи- калык маани- деги бир шаар- дын чегин- де | 51дөн 1000гө чейин | 21ден 40ка чейин | 501ден 1500го чейин | 10001ден 50000ге чейин, курман болгондор- дун үй-бүлөлө- рүнө жана жабыр тарткан- дарга төлөп берүүлөрдү эсепке албаганда | Жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар, Бишкек жана Ош шаарла- рынын мэриялары, Бишкек жана Ош шаарлары- нын, облустардын аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүктөрү, Кыргыз Республика- сынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республика- сынын министрлик- тери, мамлекеттик комитеттери, администра- циялык ведомство- лору, ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана мекемелер |
| V даража (республи- калык) | Бир облус- тан көп чекте | 101ден көп | 41ден көп | 1501ден көп | 50001ден жогору, курман болгондор- дун үй-бүлөлө- рүнө жана жабыр тарткан- дарга төлөп берүүлөрдү эсепке албаганда | Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү, Кыргыз Республика- сынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги, министрлик- тер, мамлекеттик комитеттер, администра- циялык ведомство- лор, эл аралык уюмдар |
| Транс чек аралык | Кыргыз Рес- публи- касы- нын айма- гынын чеги- нен тышка тара- луу. Чектеш мамле- кет- тердин айма- гынан Кыргыз Рес- публи- касы- нын айма- гына тара- луу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан регламенттелет | Кыргыз Республика- сынын мамлекет- тердин өкмөттөрү, Кыргыз Республи- касынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республи- касынын Коргоо министрлиги, эл аралык уюмдар |  |  |  |

Эскертүү: Эгерде өзгөчө кырдаалга көрсөткүчтөрдүн ичинен жок дегенде бирден дал келсе, тигил же бул категорияга кирет.
