Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «И.Абдрахманов атындагы Кызыл-Кыя мектеп-интернатын республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-ноябры №729
И.Абдрахманов атындагы Кызыл-Кыя мектеп-интернатын республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө
И.Абдрахманов атындагы Кызыл-Кыя мектеп-интернатынын иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-октябрынан тартып И.Абдрахманов атындагы Кызыл-Кыя мектеп-интернатын жергиликтүү бюджеттен каржылоо республикалык бюджеттен каржылоого которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2011-жылга бекитилген каражаттардын чегинде И. Абдрахманов атындагы Кызыл-Кыя мектеп-интернатын каржылоо үчүн 889200 (сегиз жүз сексен тогуз миң эки жүз) сом суммасындагы акча каражатын издеп тапсын;
- белгиленген тартипте И.Абдрахманов атындагы Кызыл-Кыя мектеп-интернатынын имаратып мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө демилге көтөрсүн;
- имаратты мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү менен байланышкан бардык чыгымдар 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
3. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына 2011-жылдын 9 айы үчүн И. Абдрахманов атындагы Кызыл-Кыя мектеп-интернатынын сметасын толук көлөмдө аткарууну камсыз кылуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кызыл-Кыя шаарына категориялык фанттардын суммасын 511000 (Беш жүз он бир миң) сомго азайтсын;
- "2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.