# "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Регламент
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/58-62/edition/915833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" РЕГЛАМЕНТ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген) (25.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92701

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген

"Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" РЕГЛАМЕНТ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 791, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 563, 2014 жылдын 25 февралындагы № 102, 2014-жылдын 23-июнундагы № 346, 2015-жылдын 14-майы № 291 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 , 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 , 2018-жылдын 28-августундагы № 405 , 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 720, 2025-жылдын 25-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Бул Регламент (мындан ары - Регламент) дары-дармек каражаттарын колдонууда адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча коопсуздукту камсыз кылуу жана колдонуучуларды адаштырууга алып келүүчү аракеттердин алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Дары-дармек каражаттары жөнүндө", "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. Бул Регламентте төмөнкү эл аралык документтердин негизги нормативдик жоболору эске алынган:

1) Тиешелүү лабораториялык практика (Good Laboratory Practice (GLP), Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн сапатын камсыздоо боюнча колдонмо UNDP/World Bank/WHO, OECD Principles on Good Laboratory Practice);

2) ICH GCP - Адамдын колдонушу үчүн арналган фармацевтикалык каражаттарды каттоого техникалык талаптарды шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конференциянын (International Conference on Harmonization of Technical Requirements for Registration of Pharmaceuticals for Human Use, ICH), Тиешелүү клиникалык практикасы боюнча (Guideline for Good Clinical Practice) колдонмо, ал Европа Союзунун, Америка Кошмо Штаттарынын жана Япониянын, ошондой эле Австралиянын, Канаданын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) тиешелүү клиникалык практикасынын колдонулуудагы талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан;

3) "Адам үчүн дары-дармек препараттарын дүң, сатуу эрежелери жөнүндө" ЕС Кеңешинин 1992-жылдын 31-мартындагы № 92/25/ЕЕС директивалары;

4) Европа Союзунун (GMP ЕС) дары-дармек каражаттарын чыгаруу эрежелери (GMP), 4 кайра каралган басылма, ДСУда фармацевтикалык препараттардын тиешелүү өндүрүштүк практикасы (орус тилине расмий котормо Good manufacturing practices for pharmaceutical products (Who Technical Report Series, № 823, "Фармацевтикалык препараттардын тиешелүү өндүрүштүк практикасы" КМШ өлкөлөрүнүн улуттук колдонмолорун түзүү үчүн долбоор, "Сапатты көз карандысыз контролдоо жана Ыйгарым укуктуу адам жөнүндө GМР боюнча колдонмонун эрежелери" 2001/83/ЕС директивасы;

5) WHO/PHARM/DАР/96.1 "Коомдук жана оорукана дарыканаларында тиешелүү дарыканалык практика (ТДП)". FIP INTERNATIONAL PHARMACEUTICAL FEDERATION Standarts for Quality of Pharmacy Services. Good Pharmacy Practice, Жаңы Көз карандысыз Мамлекеттердеги Тиешелүү дарыканалык практика. Стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча колдонмо. Дары-дармек саясаты жана фармацевтикалык практиканы өнүктүрүүгө карата ДСУнун борбору менен бирдикте ЖКМда фармация боюнча ДСУнун атайын долбоору.

## 1-глава Жалпы жоболор

1. Бул Регламент дары-дармек каражаттарынын жана адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча коопсуздукту камсыз кылуу максатында колдонулат.

2. Бул Регламент дары-дармек каражаттарына милдеттүү талаптарды аныктайт жана дары-дармек каражаттарынын иштеп чыгуу, чыгаруу, даярдоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринде пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат.

3. Бул Регламентте пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:

1) "климатташтыруу" - айлана-чөйрөнүн жаңы шарттарына ыңгайлашуу процесси;

2) "активдүү фармацевтикалык ингредиент" (активдүү субстанция, активдүү фармацевтикалык субстанция, таасир этүүчү заттар) - дары-дармек каражаттарын чыгаруу жана даярдоо үчүн арналган фармакологиялык активдүүлүккө ээ жана алардын натыйжалуулугун аныктоочу өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынуучу, биотехнологиялык же синтетикалык заттар;

3) "дарыкана мекемеси" - дарыкана кампалары, дарыканалар, саламаттык сактоо уюмдарынын дарыканалары, дарыкана пункттары, дарыкана киоскалары, ошондой эле медициналык техника кампалары, медициналык техника жана көз айнек оптикасы дүкөндөрү;

4) "дарыкана кампасы" - дары-дармек каражаттарын кабыл алуу, сактоо жана сатууну ишке ашыруучу дары-дармек каражаттарын дүң сатуучу ишкана;

5) "коркунучтарды талдоо" - жабдуулар иштеп жатканда же процесс учурунда критикалык параметрлерди баалоо жана баяндоо методу;

6) "бирдейлик" - башка тилде түзүлгөн башка текстке бирдей мааниде жана аны менен бирдей күчкө ээ экендигин таануу;

7) "баланс (продукциянын чыгышы)" - нормалдуу четтөө учурунда чыгарылган же пайдаланылган продукциянын теориялык жактан күтүлгөн жана иш жүзүндөгү көлөмдөрүн салыштыруу;

8) "дары-дармек каражаттарынын балк-продуктусу (in balk)" - ченеп бөлүү жана/же акыркы таңгактоо жана маркировкалоо стадиясын кошпогондо технологиялык процесстин бардык стадиясынан өткөн ар кандай дары-дармек каражаттары;

9) "бактериалык контаминация" - санитариялык-гигиеналык шарттарды сактабаган учурда бактериялардын жол берилгенден ашыкча санынын кириши;

10) "дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу" - дары-дармек каражаттарынын ден соолукка зыян келтирүү жана адам организмине терс таасир берүү коркунучу деңгээлинин мүнөздөмөсү;

11) "биологиялык активдүү заттар" - дары-дармек каражаттарын алуунун потенциалдуу булактары болуп эсептелген ар кандай алыныштагы заттар;

12) "биологиялык агенттер" - гендик инженерия методу менен алынган, клеткалык культураларды жана эндопаразиттерди, патогендик жана патогендик эместерди кошкондогу микроорганизмдер;

12-1) "биологиялык дары каражаттары" - биологиялык (адамдын, малдын, өсүмдүктүн, микробдук же биотехнологиялык) булактан өндүрүү жолу менен алынган биологиялык жаратымдагы таасир берүүчү заттарды камтыган дары каражаттары; 12-2) "биотехнологиялык дары каражаттары" - биотехнологиялык ыкмалардын: гендик-инженердик технологиянын, клеткалык инженериянын, гибридомдук технологиянын, инженердик энзимологиянын, инженердик иммунологиянын ж.б. жардамы менен алынган, таасир берүүчү заттарды камтыган дары каражаттары; 12-3) "биосимиляр" - накта биотехнологиялык дары каражатына окшош, биотехнологиянын жардамы менен кайра өндүрүлгөн дары каражаты; (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)

13) "брак" - стандартка туура келбеген, өндүрүштүн сапаттуу эмес продукциясы, ошондой эле продукциядагы кемчилик;

14) "бракталган продукция" - сактоонун, ташуунун тийиштүү шарттарын сактабагандыктан сапатын жоготкон жана расмий аныкталган жана документ түрүндө белгиленген нормативдик документтердин талаптарына туура келбеген продукция;

15) "изилдөөчүнүн брошюрасы" - дары-дармек препараттарын клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөнүн адам үчүн маанилүү болгон натыйжаларын реферативдик баяндоо;

16) "валидация" - кандайдыр бир методика, процесс, жабдуу, сырье, иштер же система чынында эле күтүлүүчү натыйжага алып келээрин далилдөөчү документтештирилген аракет;

17) "ыктымалдуу кошумча реакция" - жагымсыз клиникалык көрүнүш, ал лабораториялык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүштөрүн да камтыйт, ал болсо убакыт боюнча дары-дармек каражатын колдонуу менен байланышкан, бирок коштоочу ооруларга же башка факторлорго тиешеси болбойт жана дары-дармек каражатын колдонууну токтоткондон кийин жай жүрө баштайт. Дары-дармек каражатын кайталап дайындоого реакция белгисиз;

18) "мүмкүн болгон кошумча реакция" - жагымсыз клиникалык көрүнүш, ал лабораториялык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүштөрүн да камтыйт, ал болсо убакыт боюнча дары-дармек каражатын колдонуу менен байланышкан, бирок аны коштоочу оорулардын болушу же башка дары-дармек каражаттарын же химиялык заттарды колдонуу менен байланыштуу деп түшүндүрүүгө болот. Дары-дармек каражатын колдонууну токтоткондогу реакция жөнүндө маалымат түшүнүксүз;

19) "каттоо күбөлүгүнүн ээси" - дары-дармек каражаттарын чыгарууга, сапатына, коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна жооп берүүчү юридикалык жак;

20) "кайта берүү" - продукциянын сапатында кемчилик бар же жок экендигине карабастан чыгаруучунун же дистрибьютордун дарегине дары-дармек каражатын кайра жиберүү;

21) "кайтарылган продукция" - даярдаган ишканага же дистрибьюторго кайра жиберилген даяр продукция;

22) "аба шлюзу" - эки же бир нече жайдын ортосундагы эки же бир нече эшиктүү чектелген мейкиндик, мисалы, эшиктерди ачууда ушул жайлардын ортосундагы абанын агымын контролдоо үчүн кызмат кылуучу түрдүү класстагы тазалык жайлары. Аба шлюздары кызматкерлерди, ошондой эле жабдууларды жана продукцияларды орун которуштуруу үчүн арналат жана пайдаланылат;

23) "өндүрүш ичиндеги контролдоо" (технологиялык, операциялар аралык) - контролдоо максатында жана зарыл учурда продукция өз алдынчалык талаптарына шайкеш келиши үчүн технологиялык процесстин параметрлерине оңдоолорду киргизүү үчүн өндүрүштүн жүрүшүндө аткарылуучу текшерүүлөр. Айлана-чөйрөнүн же жабдуулардын абалын контролдоо дагы операциялар аралык контролдоонун элементи катары каралат;

24) "көмөкчү зат" - органикалык же органикалык эмес табияттагы фармакологиялык жактан активдүү эмес зат, ал зарыл болгон физика-химиялык касиеттерди берүү үчүн даяр дары-дармек каражаттарын чыгаруу жана даярдоо процессинде пайдаланылат;

25) "экинчилик бөлүү" - биологиялык агенттердин тышкы курчап турган чөйрөгө же башка өндүрүштүк зонага киришине тоскоолдук кылуучу бөлүү системасы (абаны даярдоонун атайын түзүлүшү, аба шлюздары жана/же сырттан материалдарды которуштуруу үчүн стерилизатору бар жайларды пайдаланууну жана технологиялык операциялардын коопсуздугун камсыз кылууну камтыйт);

26) "параметрлери боюнча чыгаруу" - өндүрүш процессинде чогултулган маалыматка негизденип жана параметрлери боюнча чыгарууга тиешелүү бөлүгүндө тиешелүү өндүрүштүк практиканын конкреттүү талаптарына шайкеш келүүнүн негизинде ушул продукция талап кылынган сапатка ээ экендигине кепилдик берүүчү чыгаруу системасы;

27) "сапатынын кепилдиги" - изилдөөнү тиешелүү лабораториялык практикага шайкеш жүргүзүүнү камсыздоочу системалуу жана пландуу иш аракеттердин жыйындысы;

28) "генерикалык препарат" - бул ошол эле дозада жана дары-дармек формасында ошол эле таасир этүүчү затты камтыган жана оригиналдуу препарат сыяктуу эле терапевттик таасирге, натыйжалуулукка жана GМР чыгаруу шарттарына ээ болгон препарат;

29) "башкы план" - клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүүдө ресурстарды бөлүштүрүү жана пландоо системасы;

30) "клеткалардын башкы банкы" - толук бир тектүүлүктү камсыздоо үчүн иштелип чыккан жана туруктуулукту камсыздоочу шарттарда сакталуучу бир операциянын натыйжасында контейнерлер боюнча бөлүштүрүлгөн клеткалык культура (толук мүнөздөмө берилген);

31) "себүү культураларынын башкы банкы" - бир тектүүлүк жана туруктуулук камсыздалгыдай жана контаминация алдын алынгыдай түрдө бир операциянын натыйжасында бир таңгакталбаган каражаттан контейнерлер боюнча бөлүштүрүлгөн микроорганизмдер культурасы;

32) "дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо" - адам үчүн сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча талаптарга шайкештигине берилген препараттын үлгүлөрүнө жүргүзүлгөн сыноолордун натыйжаларын баалоонун жана каттоо маалыматын эксперттик баалоонун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын медициналык колдонууга уруксат берүү системасы;

33) "дары-дармек каражаттарын мамлекеттик кайра каттоо" - фармакологиялык көзөмөлдүн белгилүү мезгилдүүлүгү жана маалыматтары бар дары-дармек каражаттарын колдонууда коркунучтарды баалоонун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын медициналык колдонууга уруксатты узартуу максатында жүргүзүлүүчү жол-жобо;

34) "даяр продукция" - таңгактоону жана маркалоону кошкондо технологиялык процесстин бардык стадияларынан өткөн, сатуу үчүн арналган продукция;

35) "диагностикалык тестирлөө" - адамдын ден соолугунун функционалдык, физикалык параметрлерин экспресс-диагностикалоо;

36) "келишим" - иштин көлөмүн, укуктарды, милдеттерди бөлүштүрүүгө тиешелүү келишимдерди жана зарыл учурда финансылык маселелерди аныктоочу, эки же андан ашык тараптардын ортосундагы жазуу жүзүндө түзүлгөн, күнү жана кол коюлган макулдашуу;

37) "клиникага чейинки изилдөөлөр" - адамга эксперимент жүргүзүүнү камтыбаган, дары-дармек препаратынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун баалоону жана далилдөөнү илимий методдор менен алуу максатында жүргүзүлүүчү химиялык, физикалык, биологиялык, микробиологиялык, фармакологиялык, токсикологиялык жана ар кандай башка эксперименттик изилдөө;

38) "дистрибьютор (дүң сатуучу уюм, берүүчү)" - бул продукцияны сатуучудан же чыгаруучудан сатып алуучу жана келишимдин негизинде аны дарыкана мекемелеринин тармагы аркылуу андан ары сатууну уюштуруучу юридикалык жак;

39) "дистрибьютордук практикадагы келишим (контракт)" - укуктарды жана милдеттерди, берүү, ташуу шарттарын, товардын жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын, акы төлөөнү жана дистрибьюциянын эрежелерин тиешелүү түрдө аткарууга тиешеси бар башка маселелерди аныктоочу, эки же андан ашык тараптардын ортосундагы жазуу жүзүндө түзүлгөн, күнү жана кол коюлган макулдашуу;

40) "дистрибьютордук практикадагы документтер" - продукцияларды сатып алуу, сактоо, ташып чыгуу, ташып кирүү, сатуу, кайра алуу, кайра берүү, жок кылуу дистрибьютор менен жүргүзүлүүчү операцияларды тастыктоочу жана продукциянын сатып алуудан сатканга жана/же жок кылганга чейинки кыймылына көз салууга мүмкүндүк берүүчү документтердин жыйындысы;

41) "клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөгү документтер" - ар кандай формадагы баяндоочу жазуулар, же болбосо каттоочу методдор, клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана клиникалык изилдөөлөрдү уюштуруу жана/же натыйжалары, изилдөөгө жана көрүлгөн чараларга таасир этүүчү факторлор;

42) "сары карта (медициналык колдонууда дары-дармек каражатынын кошумча реакциясы же натыйжалуулугунун жоктугу жөнүндө карта-билдирүү)" - менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын врачтары фармацевттик кызматкерлер дары-дармек каражаттарынын кошумча реакцияларынын ар кандай учурлары жөнүндө билдирүүчү форма;

43) "арыз берүүчү" - Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоого/кайра каттоого жана шайкештигин тастыктоого арыз берген юридикалык жак;

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)

44) "жаныбарларды идентификациялоо" - документтештирилген жеке белгилери боюнча жаныбарларды таануу жол-жобосу;

45) "сыналуучунун жеке картасы" - клиникалык изилдөө протоколунда каралган, ага ар бир сыналуучу боюнча маалыматты киргизүү үчүн арналган басма, электрондук же оптикалык документ;

46) "инспекциялоо" - алынган маалыматтарга жана клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү сапатына, материалдык жана клиникалык базага, документтерге баа берүү максатында дары-дармек каражаттарынын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана сапатына экспертиза жүргүзүүчү уюмдардын адистерин тартуу менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан расмий текшерүү жүргүзүү жол-жобосу;

47) "сыналуучунун маалымдалган макулдугу" - мыйзамда каралган көлөмдө ушул изилдөөнүн баардык өзгөчөлүктөрү менен таанышкандан кийин клиникалык изилдөөгө катышууга сыналуучунун ыктыярдуу, жазуу жүзүндөгү макулдугу;

48) "дары-дармек каражатынын кошумча реакциясы болгон учурун идентификациялоочу маалымат" - шектүү дары-дармек каражаты, пациент жөнүндө маалымат алуунун булагы тууралуу билдирүүлөр, кошумча реакцияны баяндоо;

49) "даярдоо же технологиялык процесс" - сырьену алуу, андан ары иштетүү жана таңгактоодон баштап, даяр продукцияны алганга чейинки дары-дармек каражаттарын даярдоо менен байланышкан бардык операциялар;

50) "каттоо маалыматына киргизилүүчү өзгөрүүлөр" - катталган дары-дармек каражаттарына тиешелүү, арыз берүүчү сунуштаган каттоо күбөлүгүнүн жарактуулук мезгилинде орун алышы мүмкүн болгон өзгөртүүлөр же толуктоолор;

51) "колдонуу боюнча нускама" - адис үчүн арналган дары-дармек препаратынын таңгагынын бирдигине тиркелүүчү жана дары-дармек препаратын туура колдонуу үчүн зарыл болгон маалыматты камтуучу расмий бекитилген нускама;

52) "изилденүүчү" - клиникалык изилдөөгө катышуучу же изилденүүчү дары-дармек каражаты дайындалуучу топтун курамындагы же салыштырылуучу препарат дайындалуучу топтун курамындагы пациент;

53) "изилдөөчү" - клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана клиникалык изилдөөлөрдү түздөн түз жүргүзүүчү жеке адам;

54) "изилденүүчү дары-дармек каражаты" - активдүү субстанциядагы дары-дармек формасы же плацебо, ал клиникалык изилдөөлөрдө салыштыруу үчүн же дары-дармек каражатынын катталган формасы жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн аныкталат же пайдаланылат;

55) "изилденүүчү препарат" - клиникалык изилдөөдө контролдоо үчүн иликтенүүчү же пайдаланылуучу активдүү заттын дары-дармек формасы же плацебо, анын ичинде колдонуу ыкмасы бекитилгенден айырмаланган учурда; аны жаңы көрсөткүчү боюнча же бекитилген көрсөткүч боюнча кошумча маалымат алуу үчүн пайдаланууда медициналык колдонууга уруксат берилген дары-дармек препараты;

56) "контролдоо учуру" изилдөөсү" - фармакоэпидемиологиялык изилдөөнүн түрү, ал дары-дармек каражатын узакка колдонууда жана олуттуу кошумча реакциялар болгон учурда кумулятивдик натыйжаны аныктоо максатында пациенттердин эки тобуна жүргүзүлөт, алардын биринде конкреттүү ятрогендик оору же кошумча реакциялар болот, ал эми экинчисинде - ушундай оорулар же кошумча реакциялар болбойт;

57) "изилдөө лабораториясы" - дары-дармек каражатынын, медициналык багыттагы буюмдардын жана медициналык техниканын коопсуздугу, натыйжалуулугу жана сапаты боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө ушул Регламенттин талаптарына лабораториянын, клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү иш жүзүндө жүргүзүүчү жердин шайкеш келишине экспертиза жүргүзүүчү уюмдун рекомендациясынын негизинде клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталуучу лаборатория;

58) "изилденүүчү материал" - клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөгө тартылуучу биологиялык активдүү зат, дары-дармек каражаты же аларга теңештирилген продукция;

59) "коопсуздук боюнча изилдөө медициналык колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражатын" - фармакоэпидемиологиялык же клиникалык изилдөө, ал катталган дары-дармек каражатынын коопсуздугун баалоо максатында жүргүзүлөт;

60) "баштапкы маалымат" - клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана клиникалык изилдөөлөрдүн көрүнүшүн түзүүгө жана аны баалоого мүмкүндүк берүүчү байкоо жүргүзүүлөрдүн жана башка иштердин натыйжаларын баяндоочу, алгачкы документтерде камтылган маалыматтар;

61) "баштапкы сырье" - таңгактоочу материалдарды кошпогондо дары-дармек каражаттарын чыгарууда пайдаланылуучу белгилүү сапаттагы ар кандай зат;

62) "карантин" - аларды сатуу, бракка чыгаруу же кайра иштетүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин табигый же башка натыйжалуу ыкмалар менен бөлүнгөн баштапкы сырьенун, таңгактоочу материалдардын, аралыктык, ченеп салынбаган же даяр продукциянын статусу;

63) "калибрлөө" - белгилүү шарттарда жүргүзүлүүчү бир катар операциялар, анын жардамы менен прибордун көрсөткүчү же ченөө системасынын, каттоонун жана контролдоонун же физикалык өлчөөдө алынган маанилеринин жана эталондордун тиешелүү түрдөгү белгилүү чоңдуктарынын ортосундагы катыш аныкталат; ченөө каражаттарынын каталыктарынын чеги белгиленүүгө тийиш;

64) "дары-дармек каражатынын сапаты" - дары-дармек каражатына өзүнүн арналышына ылайык керектөөчүлөрдү канааттандыруу жөндөмдүүлүгүн берүүчү жана нормативдик документтерде белгиленген талаптарга жооп берүүчү касиеттеринин жыйындысы;

65) "клиникалык изилдөө" - изилденүүчү бир же бир нече дары-дармек каражатынын клиникалык, фармакологиялык жана/же башка фармакодинамикалык натыйжаларын аныктоо же ырастоо, жана/же бир же бир нече изилденүүчү дары-дармек каражатына кошумча реакцияларды аныктоо үчүн, жана/же анын (алардын) коопсуздугун жана/же натыйжалуулугун ырастоо максатында бир же бир нече дары-дармек каражатынын соруусун, бөлүштүрүүсүн, метаболизмин жана чыгарышын изилдөө үчүн арналган, изилденүүчү катары адамдын катышуусундагы ар кандай изилдөө;

66) "клиникалык база" - түздөн-түз клиникалык сыноо жүргүзүлүүчү жер;

67) "когорттук изилдөө" - фармакоэпидемиологиялык изилдөөнүн бир түрү, аны жүргүзүүдө белгилүү убакыт ичинде оорулуулардын тандалып алынган эки чоң тобуна байкоо жүргүзүлөт, анын бири изилденүүчү препаратты кабыл алат, ал эми экинчиси - кошумча реакцияны аныктоо максатында аны албайт;

68) "сыналуучунун коду" - изилдөөчү тарабынан анын жашырындыгын камсыздоо үчүн ар бир сыналуучуга ыйгарылуучу жана клиникалык изилдөө боюнча отчеттордо сыналуучунун фамилиясынын ордуна колдонулуучу кайталангыс идентификатор;

69) "координациялык комитет" - көп борборлуу клиникалык изилдөө жүргүзүүнү координациялоо максатында иштеп чыгуучу уюмдун демилгеси боюнча түзүлгөн орган;

70) "дистрибьютордук практикада дары-дармек каражаттарын контаминациялоо" - дары-дармек каражатынын бир нече түрүн, ар кандай серияларын/партияларын аралаштыруу же сактоодо, ташууда продукциянын бир түрүн башкасы менен алмаштыруу;

71) "контаминация" - дары-дармек каражатына кандайдыр бир дары-дармек каражатынын касиетинин өзгөрүшүнө алып келүүчү кошундунун (радиоактивдүү же уулуу заттын, микроорганизмдин башка түрүнүн же штаммынын) туш болушу;

72) "чыгаруу процессинде контролдоо (өндүрүштүк контролдоо)" продукциянын нормативдик документтерге (фармакопеялык беренелерге, өз алдынчалыктарга ж.б.) шайкештигин камсыз кылуу үчүн контролдоо жана зарыл учурда процессти жөнгө салуу максатында технологиялык процесстин учурунда ишке ашырылуучу текшерүүлөр; айлана-чөйрөнү же жабдууларды контролдоо дагы чыгаруу процессинде контролдоонун бир бөлүгү катары каралышы мүмкүн;

73) "купуя каттоо маалыматы" - дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоого/кайра каттоого арызда жана каттоо күбөлүгүнүн жарактуулук учурунда каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арызда камтылган илимий-техникалык маалыматтар (баарыга жеткиликтүү маалыматтарды кошпогондо, айрым алганда, дары-дармек каражаттарынын соодадагы аталышы, таасир этүүчү заттардын курамы, медициналык колдонулушу боюнча нускаманын, таңгагынын чектеринде келтирилүүчү таасир этүү күчү жөнүндө, медициналык колдонулушу боюнча нускама же кошумча баракча, дары-дармек каражатына арыз берүүчү жана/же чыгаруучу, колдонуу мезгилинде пациентке зыян кылышы мүмкүн болгон дары-дармек каражаттарынын коркунучтуу касиеттери жөнүндө маалыматтар тууралуу);

74) "дары-дармектик өсүмдүк сырьелору" - дары-дармек заттарын чыгаруу, дары-дармек каражаттарын чыгаруу жана даярдоо, ошондой эле дүң жана чекене сатуу үчүн пайдаланылуучу жаңы же кургатылган таза дары-дармек өсүмдүгү же алардын бөлүктөрү;

75) "кошумча баракча" - расмий түрдө бекитилген нускама, ал пациент үчүн арналган дары-дармек препаратынын таңгагынын бирдигине тиркелет жана дары-дармек препаратын өз алдынча туура колдонуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыйт;

76) "эл аралык патенттелбеген аталыш" - дары-дармек каражаттарынын активдүү ингредиентинин негизинде анын кыскартылган илимий аталышы;

77) "медициналык өкүл" - фармацевтикалык компаниянын атынан чыгуучу адам, анын милдети сунушталуучу продукция жөнүндө врачтарга жана фармацевттерге өтө толук маалыматты жеткирүү, дарыканаларда жана дистрибьютордук фирманын региондук кампаларында дары-дармек препараттарынын кеңири ассортиментинин болушун камсыздоо, дары-дармек каражаттарын сатуунун олуттуу көлөмүн демилгелөө болуп эсептелет;

78) "монитор" - протоколго ылайык клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү контролдоочу, демөөрчү тарабынан дайындалган юридикалык жак же жеке адам;

79) "көп борборлуу клиникалык изилдөө" - бирден көп изилдөө борборунда бирдиктүү протокол боюнча жүргүзүлүүчү клиникалык изилдөө;

80) "мета-талдоо" - дары-дармек каражаттарынын кошумча реакциялары жөнүндө маалымат алуу методу, анда дары-дармек каражаттарын жана кошумча реакцияларын, атап айтканда узак мезгилден кийин пайда болуучу реакцияларды мониторингдөө максатында бир нече көз карандысыз изилдөөчүлөрдүн маалыматтарын интеграциялоо үчүн статистикалык талдоо пайдаланылат;

81) "дары-дармек каражаттарынын жаралышынын эл аралык күнү" дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө дары-дармек каражаттарын сатууга биринчи лицензиянын арыз берүүчүгө берилген күнү;

82) "рецепттер мониторинги" - белгиленген мезгилдин ичинде катталган кошумча реакциялардын саны жана препаратты колдонгон оорулуулардын саны аныкталганда дайындалган препаратты эсепке алууга негизделген, дары-дармек каражаттарынын кошумча реакциялары жөнүндө маалымат алуу методу, ал жазылган рецепти эсепке алуунун жардамы менен дары-дармек каражаттарын колдонуу жана кошумча реакциясынын ортосундагы өз ара байланышты аныктоого мүмкүндүк берет;

83) "стационарды(ларды) мониторингдөө" - белгилүү мезгилдин ичинде стационардагы(лардагы) бардык орулуулар контролдо болуучу, аларга дайындалган бардын дары-дармек каражаттары жана пайда болгон бардык шектүү кошумча реакциялар эсепке алынуучу бир же бир нече стационардын оорулууларында кошумча реакциялардын жыштыгын аныктоого жана дары-дармек каражаттарынын өз ара аракеттеринин өзгөчөлүктөрүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү дары-дармек каражаттарынын кошумча реакциялары жөнүндө маалымат алуу методу;

84) "тиешелүү клиникалык практика (Good Clinical Practice, GCP)" клиникалык изилдөөлөрдү пландоо, өткөрүү эрежеси, мониторингдөө, аудити жана документтик тариздөө, ошондой эле иштеп чыгуу жана алардын натыйжаларын берүү;

85) "тиешелүү лабораториялык практика (Good Laboratory Practice, GLP)" - процессти жана шарттарды уюштуруу эрежеси, бул учурда клиникага чейинки изилдөөлөр пландалат, аткарылат, контролдонот, алардын маалыматтары катталат, сакталат жана документ түрүндө таризделет;

86) "тиешелүү дүң соода практикасы (Good Distribution Practice, GDP)" - дүң соода чөйрөсүндө дары-дармек каражаттарынын сакталышын камсыздоо эрежеси;

87) "тиешелүү өндүрүштүк практика (Good Manufacturing Practice, GMP)" - өнөр жай ишканаларында дары-дармек каражаттарын чыгарууну уюштуруу жана сапатын контролдоо эрежеси;

88) "тиешелүү сактоо практикасы (Good Storage Practice, GSP)" дары-дармек каражаттарын сактоону уюштуруу эрежеси;

89) "тиешелүү фармацевтикалык (дарыканалык) практика (Good Pharmaceutical Practice, GPP)" - Кыргыз Республикасынын калкына дарыкана кызматкерлери көрсөтүүчү фармацевтикалык кызматтардын сапатын тиешелүү камсыздоо максатында фармацевтикалык иштерди уюштуруу эрежеси;

90) "потенциалдуу коркунучтарды тийиштүү баалоо" - бул клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө адамдын жана/же жаныбардын өмүрү жана ден соолугу үчүн зыян келүү ыктымалдыгына жана анын оорчулук деңгээлине дары-дармек каражатын иштеп чыгуу сапаты менен байланышкан жана аларды азайтууга багытталган мүмкүн болгон коркунучтарды идентификациялоо, баалоо жана контролдоонун системалуу процесси;

91) "сапатсыз дары-дармек каражаттары" - нормативдик документтерде белгиленген талаптарга шайкеш келбөөнүн натыйжасында колдонууга жараксыз дары-дармек каражаттары;

92) "кааланбаган кубулуштар" - ар кандай даттануулар же оорулууда же сыналуучуда аныкталган оорунун симптомдору (анын ичинде лабораториялык көрсөткүчтөрдүн патологиялык өзгөрүштөрү), алар дары-дармек каражатын колдонууга байланышы болгонуна карабастан изилденүүчү дары-дармек препаратын пайдалануу менен убакыт боюнча байланышкан;

93) "интервенциялык эмес изилдөө" - дары-дармек каражаты каттоо маалыматында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык кадимки ыкма менен дайындалуучу изилдөө. Пациентти белгилүү дарылоо ыкмасы бар топко тартуу изилдөө протоколунда алдын ала каралган эмес, ал эми дары-дармек каражатын дайындоо заманбап практикага жараша болот жана пациентти сыноого киргизүү жөнүндө чечимге көз каранды болбойт. Пациентке карата кошумча диагностикалык же мониторингдик жол-жоболор колдонулбайт, ал эми чогултулган маалыматтарды талдоо үчүн эпидемиологиялык методдор пайдаланылат;

94) "күтүлбөгөн кошумча реакция" - мүнөзү жана оорчулугу дары-дармек каражаты жөнүндө болгон маалыматка туура келбеген кошумча реакция (мисалы, катталбаган дары-дармек каражаты үчүн изилдөөчүнүн брошюрасы менен же катталган дары-дармек каражаты үчүн медициналык колдонууга карата кошумча баракча/нускама менен);

95) "жаңы дары-дармек каражаты" - Кыргыз Республикасында биринчи жолу катталган жана жаңы субстанцияны пайдалануу менен түзүлгөн же белгилүү субстанциялардын жаңы комбинациясы болуп эсептелген дары-дармек каражаты;

96) "серия номери" - цифралардын жана/же тамгалардын мүнөздүү айкалышы, анын жардамы менен этикеткалардагы, серия протоколдорундагы, сапат сертификаттарындагы ж.б. серияларды идентификациялоого болот;

97) "нормативдик документ" - дары-дармек каражаттарына контролдоонун нормаларын, мүнөздөмөлөрүн, методдорун белгилөөчү документ;

98) "сапат үчүн жооптуу" - уюмдун ишин жүргүзүүдө сапатты камсыздоо үчүн жооптуу адам;

99) "дары-дармек каражатынын натыйжалуулугунун жоктугу" - оорунун учурунда препараттын жагымдуу дарылык таасиринин жоктугу;

100) "дүң сатуу уюму" - дары-дармек каражаттарын алып келүүнү, дүң сатууну жана сактоону ишке ашыруучу юридикалык жак;

101) "дары-дармек каражатын жүгүртүү" - дары-дармек каражаттарын иштеп чыгууну, клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдү, чыгарууну, даярдоону, сактоону, таңгактоону, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү, Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууну, ташууну, мамлекеттик каттоону, стандартташтырууну жана сапатын контролдоону, сатууну, маркалоону, жарнамалоону, колдонууну, жараксыз болгон же жарактуулук мөөнөтү өткөн дары-дармек каражаттарын жок кылууну жана дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка аракеттерди камтыган иштердин жалпыланган түшүнүгү;

102) "дары-дармек каражаттарынын сапатын камсыздоо" - дары-дармек каражаттарынын арналышына ылайык алардын сапатына болгон талаптарды канааттандыруу максатында көрүлүүчү бардык уюштуруу иш-чараларынын жыйындысы;

103) "клиникалык изилдөөлөрдүн шайкеш келишин камсыздоо" - Тиешелүү клиникалык практиканын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, алынган маалыматтарды каттоону жана жалпылоону камсыздоочу системалуу түрдө жүргүзүлө турган жол-жоболордун жыйындысы;

104) "белгилүү кошумча реакция" - дары-дармек каражаттарын колдонуу учурунда пайда болуучу лабораториялык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүн да камтуучу, бирок эски оорулардын жана башка факторлордун жана химиялык заттардын таасиринин болушу менен түшүндүрүлүшү мүмкүн эмес болгон жагымсыз клиникалык көрүнүш. Мындай көрүнүш дары-дармек каражаттарын колдонбой калгандан кийин күчөп кетет жана аны кайрадан дайындоодо пайда болот (эгер дары-дармек каражатын кайталап дайындоо мүмкүн болсо);

105) "кайра алуу" - сапаты начар дары-дармек каражаттарын ал сатылган уюмдан кайра алууга багытталган аракет;

106) "клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөр жөнүндө отчет" - клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана ушул стандарттын талаптарына ылайык алардын талдоолорун камтыган документ;

107) "клиникалык изилдөөлөр жөнүндө отчет" - клиникалык, статистикалык методдордун баяндалышын, ошондой эле көрсөтмөлүү түрдө алынган маалыматтарга талдоолорду камтуучу, дары-дармек каражаттарын клиникалык изилдөөнүн жазуу жүзүндө берилген жыйынтыктары;

108) "дарылоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын медициналык колдонууда кошумча реакция болгон учурлар жөнүндө отчет" - дары-дармек каражаттарынын кошумча реакцияларынын бардык учурлары жөнүндө ар жылдык отчет, ал менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоонун бардык дарылоо-алдын алуу уюмдары түзөт жана берет;

109) "медициналык колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун изилдөөлөр жөнүндө отчет" - медициналык колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун изилдөөлөрдүн жана аларды талдоолордун жазуу жүзүндө берилген жыйынтыктары;

110) "коопсуздук боюнча мезгил мезгили менен жаңыланып туруучу отчет (PSUR)" - медициналык колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу боюнча дайыма жаңыланып туруучу маалыматты камтыган жазуу жүзүндөгү отчет, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте белгилүү мезгилдүүлүк менен түзүлөт;

111) "алгачкы документтер" - баштапкы документтер, маалыматтар жана жазуулар (мисалы, оорулуунун тарыхы, амбулаториялык карталар, лабораториялык жазуулар, кызматтык каттар, изилденүүчүнүн күндөлүгү жана суроо-жооптор, дары-дармек каражаттарын берүү журналдары, приборлордун распечаткалары, фонограммалардын верифицирленген жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же чечмелөөлөрү, фотографиялык негативдер, микропленкалар же магниттик булактар, ренгтен сүрөттөрү, административдик документтер, дарыканада, лабораторияда жана изилдөөгө катышкан дарылоо-алдын алуучу уюмдардын аспаптык диагностика бөлүмүндө сакталган жазуулар);

112) "медициналык колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу боюнча мезгил мезгили менен жаңылануучу отчет" дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу боюнча дайыма жаңылануучу маалыматты камтыган жазуу жүзүндөгү отчет;

113) "шектүү дары-дармек каражаты" - дайындоо учурунда ар кандай кошумча реакциялардын клиникалык көрүнүштөрү менен анын медициналык колдонулушунун ортосунда себептик-натыйжалык байланыш бар болгон дары-дармек каражаты;

114) "подряддык изилдөө лабораториясы" - демөөрчү менен келишимдин алкагында клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүү менен байланышкан бир же бир нече функцияларды аткаруучу юридикалык жак;

115) "пайда" - оорунун ачык байкалган симптомдорун жана дары-дармек каражаттарын саюуга жана анын узактыгына оң фармакологиялык реакциясынын интенсивдүүлүгүн азайтууга же оорунун өтүшүн басаңдатууга дары-дармек каражаттарынын оң таасиринин деңгээлдеринин жыйындысы;

116) "протоколго түзөтүүлөр" - демөөрчү жана изилдөөчү тарабынан кол коюлган жана изилдөөнүн жетекчиси тарабынан бекитилген клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн протоколуна жазуу жүзүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү же текстин формалдуу түрдө түшүндүрүү;

117) "ченөө каражаттарын текшерүү" - ченөө каражаттарынын белгиленген техникалык жана метрологиялык талаптарга шайкеш келишин аныктоо жана ырастоо максатында мамлекеттик метрологиялык кызмат же башка аккредиттелген юридикалык жак тарабынан аткарылуучу операциялардын жыйындысы;

118) "дары-дармек каражаттарынын кошумча натыйжалары" - катталбаган дары-дармек препаратынын каалаган дозасын же алдын алуу, диагноз коюу же дарылоо максатында пайдаланылуучу катталган дары-дармек препаратынын кадимки дозасын саюу менен байланышкан терс реакциялар, анын ичинде күтүлбөгөн реакциялар;

119) "кошумча реакция" - оорунун алдын алуу, диагноз коюу же дарылоо үчүн же организмдин физиологиялык функцияларын жаңылоо максатында сунуш кылынган дары-дармек каражаттарын кадимки дозада колдонууда пайда болуучу ар кандай кааланбаган терс реакция;

120) "классификациялоого жатпаган кошумча реакция" - кошумча реакция жөнүндө маалымат жетишсиз же ал карама-каршылыктуу болгондуктан кошумча реакция жөнүндө баалоого мүмкүн болбой турган билдирүү;

121) "жогорулатылган сезгичтик" - дары-дармек каражаттарын же химиялык заттарды саюуга аллергиялык же башка кааланбаган иммунологиялык реакция;

122) "күтүлбөгөн кошумча реакция" - мүнөзү жана оорчулугу дары-дармек каражаты жөнүндө болгон маалымат менен туура келүүчү кошумча реакция (мисалы, катталбаган дары-дармек каражаты үчүн изилдөөчүнүн брошюрасы менен же катталган дары-дармек каражаты үчүн колдонуу боюнча кошумча баракча/нускама менен);

123) "салыштыруу препараты" - изилденүүчү же коммерциялык дары-дармек препараты (оң контролдоо) же клиникалык изилдөөдө салыштыруу үчүн пайдаланылуучу плацебо;

124) "ар кандай кошумча реакциянын клиникалык көрүнүштөрү менен дары-дармек каражатын медициналык колдонуунун ортосундагы себептик-натыйжалык байланыш" - белгилүү критерийлер боюнча аныкталуучу жана дары-дармек каражатын колдонуу менен байкалуучу реакциянын өз ара байланышын көрсөтүүчү даража;

125) "чыгаруу (өндүрүш)" - дары-дармек каражаттарын чыгаруучу ишкана тарабынан андан ары сатуу максатында өндүрүштү уюштуруу, сапатын контролдоо жана сактоо эрежелерине ылайык дары-дармек каражаттарын сериялык даярдоо (алуу);

126) "протокол" - клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана клиникалык изилдөөлөрдүн ресурстарынын негизги милдеттерин, методологиясын, жол-жоболорун, статистикалык аспекттерин, уюштурууну жана пландоону, ошондой эле дары-дармек каражаттарына карата мурда алынган маалыматтарды камтуучу документ;

127) "медициналык колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун изилдөө протоколу" - медициналык колдонууга уруксат берилген дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун изилдөөнүн милдеттерин, методологиясын, жол-жоболорун, статистикалык аспекттерин жана уюштурууну, ошондой эле эреже катары, изилденүүчү дары-дармек каражаты жөнүндө мурда алынган маалыматтарды жана изилдөөнүн негиздемесин баяндоочу документ;

128) "түз жетүү" - кандайдыр бир документтерди жана клиникалык изилдөөнүн отчетторун изилдөөгө, талдоого, текшерүүгө жана көчүрүп алууга уруксат;

129) "дары-дармек каражатын чыгаруучу" - таңгагын кошкондо дары-дармек каражатын чыгаруу этаптарынын жок дегенде бирин ишке ашыруучу юридикалык жак;

130) "өндүрүштүк рецептура" - документ же бир катар документтер, аларда баштапкы сырьенун санын көрсөтүү менен анын бардык түрлөрү жана методикасын жана даяр продукциясынын белгилүү санын чыгаруу үчүн сактануунун талап кылынган чараларын баяндоо менен бирге таңгактоочу материалдар, ошондой эле өндүрүш процессиндеги контролдоону кошкондо технологиялык нускамалар аныкталат;

131) "дары-дармек каражаттарын базарга чыгаруу" - дары-дармек каражаттарын дайындоого түрткү берүү, аларды сунуштоо, сатуу жана/же пайдалануу максатында фармацевтикалык компаниялар ишке ашыруучу жарнамалык-маалыматтык жана мотивациялык мүнөздөгү иш-чаралардын комплекси;

132) "аралыктык продукция" - жарым-жартылай иштелип чыккан продукция, ал даяр продукция болгонго чейин технологиялык процесстин кийинки стадияларынан өтүүгө тийиш;

133) "серия протоколдору" - ченеп бөлүнбөгөн же даяр продукциянын серияларын чыгаруу менен байланышкан документтер. Аларда продукциянын ар бир сериясынын тарыхы жана даяр продукциянын сапатына тиешеси бар бардык жагдайлар камтылат;

134) "клеткалардын жумушчу банкы" - клеткалардын башкы банкынан алынган жана өндүрүштүк клеткалык культураларды даярдоо үчүн пайдаланылуучу клеткалык культура;

135) "себүү культураларынын жумушчу банкы" - себүү культураларынын башкы банкынан алынган жана өндүрүштө өзүнүн арналышына туура келген микроорганизмдер культурасы;

136) "жаңы дары-дармек каражатын иштеп чыгуу" - андан ары келечектүү субстанциялардын, даяр дары-дармек формаларынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна алардын фармакологиялык касиеттерин изилдөө менен жаны фармакологиялык активдүү заттарды илимий издөө;

137) "рандомизация" - клиникалык изилдөөлөрдө тажрыйбалык жана контролдук топтор боюнча сыналуучуну кокус бөлүштүрүү процесси жана системалуу катаны жана мурунтан эле жаңылыш алынганды минимумга келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү, клиникага чейинки изилдөөлөрдө кокус тандоо методу менен тест-системаларды тандоо процесси;

138) "дары-дармек препараттарын сарамжалдуу пайдалануу" - жекече өзгөчөлүктөргө жооп берүүчү дозаларда, убакыттын адекваттуу мезгилинде жана пациент менен коомчулук үчүн эң төмөнкү баада клиникалык зарылдыкка ылайык дары-дармек каражатын пайдалануу;

139) "каттоо күбөлүгү (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк)" - белгиленген үлгүдөгү документ, ал Кыргыз Республикасында дары-дармек каражатын медициналык колдонуу үчүн уруксат болуп эсептелет жана арыз берүүчүгө берилет;

140) "каттоо материалдары (каттоо маалыматы)" - арыз берүүчү тарабынан берилген документтердин комплекти, ал дары-дармек каражаты жөнүндө маалыматтардын толук топтомун камтыйт, аларды экспертизалоо дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоого/кайра каттоого сунуштоо максатында анын натыйжалуулугу, коопсуздугу жана сапаты жөнүндө жыйынтык жасоого мүмкүндүк берет;

141) "каттоо номери" - коддук белгилөө, ал мамлекеттик каттоодо дары-дармек каражатына берилет, аны менен бирге ал Дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик каттоосуна киргизилет жана Кыргыз Республикасынын фармацевтикалык базарында дары-дармек каражатынын болушунун бүткүл мезгилинде өзгөртүүсүз түрдө дары-дармек каражаты үчүн сакталат;

142) "рекламация" - керектөөчүнүн берүүчүгө дары-дармек каражатынын сапатынын начарлыгына жана/же милдеттенмесин аткарбаганына карата жана ордун толтурууну же тиешелүү чара көрүүнү талап кылган дооматы, даттануусу;

143) "репродуктивдүү уулуулук" - кайра иштеп чыгуу органына изилденүүчү материалдын уулуу таасири;

144) "изилдөөчүнүн резюмеси" - изилдөөчүнун билимин, кесиптик даярдыгын жана тажрыйбасын ырастоочу документ;

145) "коркунуч" - дары-дармек каражатынын коркунучтуу касиети жана дары-дармек каражатын колдонгон когорттук изилдөөдө коркунучтуу факторлор пайда болушунун натыйжасында дары-дармек каражатынын кошумча реакциясынын өнүгүшүнө карата себептик-натыйжалык байланыштар менен ырасталган маалыматтардын жыйындысы;

146) "өзүн-өзү инспекциялоо" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жүргүзүлүүчү иштерге карата талаптардын аткарылуу шайкештигине уюмдун компетенттүү адамынын (бир нече адам) баалоо процесси;

147) "топтом" - бул кесилген же чоң-чоң майдаланган өсүмдүк сырьесунун бир нече түрүнүн аралашмасы (күчтүү таасир этүүчү өсүмдүктөрдөн башка), кээде туз жана эфир майлары кошулат;

148) "серия" - мамлекеттик сапат стандартында сапаттын бирдей көрсөткүчтөрүнө ээ болгон баштапкы сырьенун, таңгактоочу материалдын же чала продуктылардын белгилүү санын иштеп чыгууда бир технологиялык процессте же бир катар удаалаш технологиялык процесстерде алынган даяр дары-дармек каражатынын белгилүү саны. Үзгүлтүксүз өндүрүштө серия продукциянын белгилүү бөлүгүнө шайкеш келүүгө тийиш, ал болжолдонуучу бир тектүүлүгү менен мүнөздөлөт;

149) "олуттуу кошумча реакция" - дары-дармек каражатын колдонууда (дозаланышына карабастан) ар кандай жагымсыз клиникалык көрүнүш, ал өлүмгө алып келиши, өмүргө коркунуч келтириши, ооруканага жатууну же ооруканада жатуу мөөнөтүн узартууну талап кылышы, узакка созулган же олуттуу эмгекке жарамсыздыкка же майыптыкка алып келиши мүмкүн же тубаса кемчилик же болбосо өнүгүү кемчилиги болуп эсептелет;

150) "клеткалар банкынын системасы" - продукциялардын ырааттуу сериясы клеткалардын бир башкы банкына таандык клеткалык культуралардан чыгарылуучу система (толук боюнча бир түрдүүлүк жана булгануулардын жоктугу менен мүнөздөлүүчү);

151) "себүү культуралары банкынын системасы" - каражаттардын жарактуу сериялары кайра себүүлөрдүн (отургузуулардын) белгилүү саны учурунда себүү культураларынын бир башкы банкынан жүргүзүлүүчү система;

152) "дистрибьютордук практикадагы сапат системасы" - ташууга, кызматкерге, документтерге, жайларга, сактоо шарттарына, жабдууларга жана берүүлөрдү жүргүзүүгө атайын талаптарды камтуучу, дары-дармек каражатын сатуу этабында анын сапатын кармап турууга багытталган иш-чаралар комплекси;

153) "дары-дармек каражаттарын убактылуу сактоо кампасы" - ушул максат үчүн атайын бөлүнгөн жана ыңгайлаштырылган, дары-дармек каражатын сактоо боюнча бардык шарттарды милдеттүү түрдө сактоо менен, бажылык контролдоо мезгилинде аларды убактылуу сактоо үчүн жабдылган жай;

154) "изилдөөнүн "ачык эмес" методу" - клиникалык изилдөө жүргүзүү ыкмасы, мында изилдөөгө катышкан бир же андан көп тараптарга изилденүүчү препараттардын кайсынысы сыналуучуга дайындалганы белгисиз болот;

155) "шектүү кошумча реакция" - лабораториялык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүн да камтуучу жагымсыз клиникалык көрүнүш, ал дары-дармек каражатын колдонуу менен убакыт боюнча так байланышы жок болгон учурда пайда болот. Кошумча реакциянын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн болгон башка факторлор да бар (дары-дармек каражаты, оору, химиялык зат);

156) "медициналык колдонууда кошумча реакция же дары-дармек каражатынын натыйжалуулугунун жоктугу жөнүндө билдирүү" - дары-дармек каражатын медициналык колдонууда анын ар кандай олуттуу кошумча реакциялары же натыйжалуулугунун жоктугу жөнүндө чыгаруучу/арыз берүүчү билдирүүчү форма;

157) "коркунуч/пайда" катышы" - оорулуудагы оорунун олуттуулугуна жана өтүшүнүн оорчулугуна дары-дармек каражатынын аныкталган оң таасиринин факторлорун жана дары-дармек каражатын медициналык колдонууда анын белгилүү болгон коркунучтуу касиеттеринин көрүнүшүн баалоонун сандык жана сапаттык катышы, ал оорунун өтүшүн начарлатат же оорулуунун организмине жана ден соолугуна дары-дармек каражатынын жаңы зыяндуу таасирин өнүктүрүүнүн себеби болуп калат;

158) "өз алдынчалык" - өндүрүш процессинде пайдаланылуучу же алынуучу продукциялар же сырьелор жана материалдар шайкеш келүүгө тийиш болгон талаптарды толук баяндоочу нормативдик документ;

159) "изилденүүчү материалга өз алдынчалык" - изилденүүчү материалга талаптарды белгилөөчү документ;

160) "тест-системага өз алдынчалык" - тест-системаларга талаптарды белгилөөчү документ;

161) "демөөрчү" - дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана/же клиникалык изилдөөлөрдүн демилгечиси болуп эсептелген, аны каржылоого жоопкерчилик тарткан жеке же юридикалык жак;

162) "шашылыш билдирүү" - Кыргыз Республикасынын аймагында болгон, натыйжада пациент каза болгон, дары-дармек каражатынын олуттуу (алдын ала күтүлгөн же күтүлбөгөн) кошумча реакциясы болгону жөнүндө билдирүү;

163) "стандарттуу жумушчу методика" - ушул препарат же зат үчүн өз алдынчалыгы милдеттүү эмес, бирок жалпы мүнөзгө ээ болгон иштерди жүзөгө ашыруу боюнча нускаманы баяндоочу бекитилген жазуу жүзүндөгү методика (мисалы, жабдууларды пайдалануу, техникалык тейлөө жана тазалоо; валидациялоо; жайларды тазалоо жана айлана-чөйрөнү контролдоо, сынамыктарды алуу жана инспекциялоо);

164) "стандарттуу операциялык жол-жоболор (СОЖ)" - белгилүү функциялардын бир түрдүүлүгүн камсыздоочу толук жазуу жүзүндөгү нускама;

165) "жабдууларга техникалык документтер" - жабдууларга талаптарды белгилөөчү документ;

166) "тератогендүүлүк" - изилденүүчү материалдын өнүгүү кемчилигин жана түйүлдүктүн нормадан четтешин жаратуу жөндөмдүүлүгү;

167) "тест-системалар" - клиникага чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу жаныбарлар, өсүмдүктөр, органдар, клеткалар, заттар же колдонулуудагы аналитикалык жабдуулар;

168) "дарыканалык ассортименттеги товарлар" - көбүнчө дарыкана мекемелери тарабынан жайылтылуучу, дарылоо, дарылоо-алдын алуу, дарылоо-диагностикалык жана ден соолукту чыңдоо максаты үчүн арналган өнөр жай өндүрүшүнүн продукциялары;

169) "Евразия экономикалык союзундагы тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы" (мындан ары - ЕЭС ТЭИ ТН) - товарларды жана бир түрдүү товарлардын тобун белгилөө үчүн коддоо системасын пайдалануучу товарларды классификациялоо системасы;

170) "уулуулук" - изилденүүчү материалдын бир жолу же көп жолу саюу шарттарында организмге зыяндуу таасиринин чени;

171) "пери/постнаталдык уулуулук" - изилденүүчү материалды бир жолу же көп жолу саюуда түйүлдүктүн же жаңы төрөлгөн баланын организмине зыяндуу таасиринин чени;

172) "подострый уулуулук" - дозалардын терапевттик диапазонунда изилденүүчү материалды көп жолу саюуда (6 айга чейин) тажрыйбага алынган жаныбардын организмине зыяндуу таасиринин чени;

173) "өнөкөт уулуулук" - дозалардын терапевттик диапазонунда изилденүүчү материалды көп жолу саюуда (12 айга чейин) тажрыйбага алынган жаныбардын организмине зыяндуу таасиринин чени;

174) "токсикокинетика" - уулантуучу дозадагы изилденүүчү материалдын соруу, бөлүштүрүү, айлантуу, бөлүү процесстерин фармакокинетикалык изилдөө;

175) "шарттуу кошумча реакция" - жагымсыз клиникалык көрүнүш, ошондой эле баалоого кыйын болгон лабораториялык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшү. Баалоо үчүн кошумча маалыматтарды алуу зарыл же ушул алынган маалыматтар азыркы учурда талдоого алынат;

176) "жасалма дары-дармек каражаттары" - чыныгылыгына жана/же жасалуу булагына карата алдын ала же алдамчылык түрдө жалган маркалоо менен жабдылган фармацевтикалык продукт. Жасалмалоо фирмалык (соодалык аталышы), ошондой эле генерикалык дары-дармек препараттарына да тиешелүү болушу мүмкүн. Жасалмалоо өзүнө тиешелүү ингредиенти бар же туура эмес ингредиенти бар, активдүү ингредиенти жетиштүү санда эмес же жасалма таңгактуу продуктуну камтышы мүмкүн;

177) "фармакологиялык көзөмөл" - дары-дармек каражаттарынын пайдасынын жана аларды колдонуунун коркунучунун катышына карата тиешелүү регулятордук чечимдерди кабыл алуу максатында аларды медициналык колдонууда Кыргыз Республикасында катталган дары-дармек каражаттарынын кошумча реакциялары жөнүндө маалыматтарды аныктоонун, топтоонун, талдоонун жана илимий баа берүүнүн мамлекеттик системасы;

178) "фармакодинамика" - дары-дармек каражаты тарабынан жаралуучу натыйжалардын жыйындысы, ошондой эле таасир этүү механизми;

179) "фармакокинетика" - дары-дармек каражаттарынын организмге келип түшүү, бөлүштүрүү жолдору жана метаболизми, ошондой эле аларды чыгаруу;

180) "фармакопеялык берене" - дары-дармек каражаттарынын көрсөткүчтөрүнүн жана сапатын контролдоо методдорунун тизмесин камтыган мамлекеттик нормативдүү документ;

181) "фармакологиялык активдүүлүк" - изилденүүчү материалды көп жолу же бир жолу саюуда тажрыйбалык жаныбардын организминин физиологиялык параметрлерин өзгөртүүчү биологиялык активдүү заттын жөндөмдүүлүгү.

182) "фармацевтикалык кызмат көрсөтүү" - пациенттин же медициналык уюмдун конкреттүү муктаждыгы канааттандырылуучу дарыкана мекемесинин иш чөйрөсү;

Эскертүү: мазмунуна жараша фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөргө бөлүнөт, негизги: контролдонуучу дары-дармек препаратын берүү, врачтардын рецепти же рецептисиз эле, медициналык уюмдардын талабы боюнча берүү, дарыканалык ассортименттеги товарларды берүү, дары-дармек формаларын экстемпоралдык даярдоо, алардын сапатын контролдоо, сактоо; кошумча: калкты жана медициналык кызматкерлерди маалымдамалык, маалыматтык, консультациялык тейлөө, телефон менен дарыканалык ассортименттеги товарларга заказ кабыл алуу боюнча иштер, дары-дармек каражаттарын жана дарыканалык ассортименттеги товарларды үйгө жеткирүү, оорулууларды кароо буюмдарын прокатка берүү, фитобардын кызмат көрсөтүүлөрү, өзүн өзү тейлөө;

183) "фармакоэпидемиологиялык изилдөө" - дары-дармек каражаттарынын клиникалык, токсикологиялык, фармакодинамикалык жана/же фармакокинетикалык касиеттерин, аларга мүнөздүү кошумча реакцияларды жана интервенциялык эмес изилдөө катары жүргүзүлүшү мүмкүн болгон башка дары-дармек каражаттары менен өз ара аракетин аныктоого багытталган дары-дармек каражаттарын медициналык колдонуунун натыйжалуулугун жана/же коопсуздугун изилдөө;

184) "фармацевтикалык маалымат" - пациенттин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен таризделген жашырын документ, мында пациент жөнүндө толук маалымат чагылдырылат: ден соолугунун абалы, аныкталган кошумча таасирлер, фармакотерапия боюнча врачтардын жана фармацевттердин консультациялары, дайындоолору жана сунуштары, фармакотерапия жүргүзүү жана анын натыйжалары;

185) "фетоуулуулук" - функциялардын калыптануу жана өнүгүү мезгилинде түйүлдүккө изилденүүчү материалдын зыян келтирүүчү таасири, ал кош бойлуулуктун акыркы меөнөттөрүндө тышкы чөйрөнүн шарттарына организмдин көнүгүшүнө өбөлгө түзөт;

186) "фотоуулуулук" - изилденүүчү материалдын териге зыян келтирүүчү таасири;

187) "дары-дармек каражаттарынын кошумча реакцияларынын болуу жыштыгы" - дары-дармек каражатын колдонууда белгилүү учурда кошумча реакция пайда болгон пациенттердин санынын ушул дары-дармек каражатын белгилүү мезгилде кабыл алган пациенттердин санына болгон катышы, процент менен туюнтулат;

188) "таза зона" - зонанын ичине контаминанттардын киришин, түзүлүшүн жана сакталышын болтурбоо же азайтуу үчүн түзүлгөн жана пайдаланылуучу, бөлүкчөлөр жана микроорганизмдер менен контаминациялоого айлана-чөйрө контролдонуучу зона;

189) "өзгөртүүлөрдү экспертизалоо" - бул дары-дармек каражаттарына материалдарды экспертизалоо, анын натыйжасы болуп дары-дармек каражаттарына каттоо документтерине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим же аны белгиленген тартипте жаңы каттоо жөнүндө чечим эсептелет;

190) "дары-дармек каражатына каттоо маалыматын экспертизалоо" бул дары-дармек каражатын мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө же мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жүйөлүү жыйынтыктарды даярдоо максатында дары-дармек каражатына материалдарды текшерүү, талдоо жана адистештирилген баа берүү;

191) "эмбриоуулуулук" - изилденүүчү материалдын түйүлдүктү өлтүрүү жөндөмдүүлүгү;

192) "этика" - бул моралдык жактан туура жүрүм-турум, анын ичинде чынчылдык жана ак ниеттик;

193) "этикалык критерийлер" - бул жалпы адамзаттык принциптер жана жүрүм-турум нормалары, ал улуттук кырдаалга, б.а. экономикадагы абалга, маданиятка, социалдык жашоо-турмушка, билимге, жергиликтүү мыйзамдарга, оорунун мүнөзүнө, медицинадагы салттарга жана саламаттык сактоо системасынын өнүгүү деңгээлине көнүктүрүлүшү мүмкүн;

194) "этика кеңеши" - биомедициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө пациенттердин укуктарын, кадыр-баркын, ден соолугун коргоо жана коопсуздугун кепилдикке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын алдында иштөөчү кеңеш;

195) "дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугу" - дары-дармек каражаттарынын оорунун өтүшүнө оң таасиринин мүнөздөмөсү.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 791, 2015-жылдын 14-майы № 291 токтомдорунун редакциясына ылайык)

## 2-глава

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө техникалык регламенттин колдонулуу тармагы

4. Бул Регламенттин объекттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгарылуучу дары-дармек каражаттары;

2) дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу жана изилдөө, чыгаруу, даярдоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстери.

5. Ушул Регламенттин талаптары жана жоболору төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

- ветеринарияда пайдаланылуучу дары-дармек каражаттарына;

- өзүнчө бөлүнгөн булактар формасындагы радионуклиддерге;

- таза канга, плазмага же адамдан алынуучу кан клеткаларына;

- генетикалык жактан модификацияланган дары-дармек каражаттарына;

- дары-дармек каражаттарын чыгарууда өнөр жай коопсуздугун, өрткө каршы коопсуздукту, жарылуу коопсуздугун, химиялык коопсуздукту жана башка түрдөгү коопсуздуктарды камсыздоо каражаттарына, аларга талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында келтирилген.

6. Ушул Регламенттин таасирине туура келүүчү продукциялардын түрлөрү жана алардын ЕЭС ТЭИ ТН классификатору боюнча коддору ушул Регламенттин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн.

7. Бул Регламент төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) иштеп чыгууда, клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдө, чыгаруу, даярдоо, сактоо, ташуу, чекене жана дүң сатуу жана утилдештирүү процессинде дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун камсыздоого талаптарды;

2) ушул Регламентти колдонуу максаты үчүн дары-дармек каражаттарын идентификациялоо эрежелерин;

3) дары-дармек каражаттарынын ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келишин баалоо формаларын жана алардын чектик мөөнөттөрүн.

8. Кыргыз Республикасынын аймагында контролдонуучу баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду кармоочу дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

9. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын же болбосо дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен жана калкты дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууну уюштуруу менен дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүнүн айрым субъекттеринин (субъекттер тобунун) экономикалык кызыкчылыктарын камсыздоо менен байланышкан мамилелерге тиешеси жок.

10. Ушул Регламентти колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын жоболору ушул Регламентке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат. Ушул Регламентти жөнгө салууга карата башка талаптарды белгилөө ушул Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен гана мүмкүн болот.

11. Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде ушул Регламентте каралгандан башка эрежелер белгиленсе эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.

12. Дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу турмуштук циклдин бардык этаптарында төмөнкүлөр менен тастыкталат:

- дары-дармек каражаттарын идентификациялоо;

- дары-дармек каражаттарынын опурталдуулугун идентификациялоо.

13. Дары-дармек каражаттарын идентификациялоо төмөнкүлөрдү аныктоо жолу менен жүргүзүлөт:

- дары-дармек каражаттарынын аталыштарынын окшоштугу;

- партиялардын өлчөмү;

- сертификаттык сыноолордун маалыматтары;

- касиеттеринин (физикалык, химиялык, биологиялык жана башка) жана аларды өлчөө методдорунун окшоштугу;

- керектөө таңгагына маркаланган түрдө берилген дары-дармек каражатында, медициналык колдонуу боюнча нускамада, шайкештик сертификатында маалыматтардын бирдейлиги;

- ушул Регламенттин 1-тиркемесине ылайык ЕЭС ТЭИ ТН коддору.

14. Дары-дармек каражатынын опурталдуулугун идентификациялоо коркунучтарды талдоо жана баалоого (коркунучтуулук түрлөрү, көрсөткүчтөрү жана критерийлери) төмөнкү жолдор менен негизделет:

1) адамдын организмине зыяндуу таасир келтириши мүмкүн болгон дары-дармек каражаттарынын мүнөздөмөлөрүн аныктоо;

2) адамдын организмине аныкталган потенциалдуу коркунучтардын ар биринин таасирин жана алардын натыйжаларын талдоо;

3) аныкталган коркунучтарды чектөө чараларын белгилөө.

15. Коркунучту талдоодо жана баалоодо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна зыяндуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү идентификацияланат. Эгер болгон илимий изилдөөлөр анын деңгээлин аныктоо үчүн жеткиликсиз болсо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы коркунучтарды башкаруу боюнча убактылуу чара көрүүгө укуктуу болот. Коркунучтарды башкаруу боюнча убактылуу чаралар коркунучтун деңгээлин түшүндүрүүчү илимий маалыматтарды алуу үчүн талап кылынган убакыттын минималдуу мезгили ичинде каралууга тийиш.

16. Дары-дармек каражатынын опурталдуулугун идентификациялоо төмөнкүлөрдү кошкондо жаңы дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуунун бардык этаптарында жүргүзүлөт: өндүрүү (даярдоо) технологиясын, сактоо шарттарын аныктоону, көрсөткүчтөрдүн тизмесин, каршы көрсөткүчтөрүн, колдонуу ыкмасын жана дозалоо режимин, дары-дармек формасын, адамдын организмине бардык жагымсыз реакцияларды аныктоо жана дары-дармек каражаттарынын турмуштук циклинин ар бир этабы үчүн ушул сыяктуулар. Бардык мүмкүн болгон коркунучтар идентификацияланууга тийиш.

17. Дары-дармек каражаттарынын фармацевтикалык коопсуздугун камсыздоо даяр дары-дармек каражаттарынын бүткүл турмуштук циклинин ичинде фармацевтикалык факторлор менен шартталган коркунучтарды аныктоону, идентификациялоону жана башкарууну камтыйт.

18. Зыян келтирүү коркунучунун даражасы эсептик, эксперименттик жана (же) эксперттик жолдор менен бардык идентификацияланган коркунучтар үчүн аны текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо менен коркунучтарды комплекстүү баалоо катары белгиленет.

19. Медициналык колдонуу үчүн пайдаланылуучу дары-дармек каражаттары, ошондой эле чыгаруу (даярдоо) процессинде пайдаланылуучу сырьелор жана жүгүртүү адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирүү коркунучуна ээ, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

- фармацевтикалык факторлор менен шартталган коркунучтар;

- иштеп чыгуунун жеткилеңсиздиги менен байланышкан коркунучтар;

- дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуучу өндүрүштүн технологиялык процессинин, сапат көрсөткүчтөрүн контролдоо системасынын жеткилеңсиздиги менен байланышкан коркунучтар;

- чыгаруу жана даярдоо стадиясында продукциянын бөтөн кошундулар менен контаминациясына байланышкан коркунучтар;

- чыгарууда жана утилдештирүү жана дары-дармек каражаттарын утилдештирүү процессинде өндүрүштүк калдыктарды таштоо менен айлана-чөйрөнүн булганышына байланышкан коркунучтар;

- врачтын рецеби жок жана/же арналышы боюнча эмес берилүүчү дары-дармек каражаттарын пайдалануу коркунучу;

- тиешелүү маалыматтык камсыздоосу жок дары-дармек каражаттарын пайдалануу коркунучу;

- сактоо, сатуу, ташуу процессинде өзгөртүлгөн касиеттери менен дары-дармек каражаттарын колдонуу коркунучу (сактоо шарттарын сактабоо, физикалык, химиялык факторлордун таасири);

- жасалмаланган жана сапатына туура келбеген дары-дармек каражаттарын колдонуудагы коркунуч.

20. Фармацевтикалык коопсуздукка таасир этүүчү коркунучтар төмөнкүлөргө жараша болот:

- баштапкы заттарды жана материалдарды колдонуудан; даяр дары-дармек каражаттарын колдонуудан;

- баштапкы, аралыктык жана даяр продукциялардын сапатын контролдоо методун колдонуудан;

- чыгаруу (даярдоо) технологиясын колдонуудан.

21. Баштапкы заттарды жана материалдарды колдонуудан көз каранды болуучу коркунучтар төмөнкүлөр менен аныкталат:

- дары-дармек субстанциясынын сапаты;

- көмөкчү заттардын сапаты (боегучтар, консерванттар, адъюванттар, стабилизаторлор, эриткичтер, жумшарткычтар, эмульгаторлор, даам жана жыт корригенттери жана башкалар);

- алгачкы таңгактын сапаты (материалдар, тыгындоо каражаты, тыгындоо системасынын жылчыксыздыгы жана башкалар).

22. Даяр дары-дармек каражаттарын колдонуудан көз каранды болуучу коркунучтар төмөнкүлөр менен аныкталат:

- дары-дармек каражатынын курамынын рационалдуулугу жана компоненттеринин бирдиктүүлүгү;

- дары-дармек формасынын оптималдуулугу;

- даяр дары-дармек каражатынын туруктуулугу (сакталышы);

- тараны тыгындоочу системанын материалдарын тандоонун максатка ылайыктуулугу.

23. Баштапкы, аралыктык жана даяр продукциянын сапатын контролдоо методун колдонуудан көз каранды болуучу коркунучтар төмөнкүлөр менен аныкталат:

- ченөөчү жабдуулардын квалификациясы (анын ичинде ченөөлөрдүн тактыгы);

- сыноолор методикасынын валидациялангандыгы (фармакопеялык методика валидацияны талап кылбайт);

- сыноону аткаруучу персоналдын квалификациясы;

- сыноо методун жүргүзүү шарттары.

24. Технологиялык өндүрүштү (даярдоону) колдонуудан көз каранды болуучу коркунучтар төмөнкүлөр менен аныкталат:

- активдүү заттарды синтездөө реакциясынын механизми;

- дары-дармек каражатын чыгаруунун технологиялык процессинин өзгөчөлүгү;

- дары-дармек каражатын чыгаруунун технологиялык процессиндеги өзгөрүүлөр;

- чыгаруу процессинде контролдоонун болушу;

- өндүрүштүк жабдуулардын квалификациясы;

- өндүрүштүк процесстердин валидацияланышы;

- өндүрүштүк процессти ишке ашыруучу персоналдын квалификациясы.

25. Коркунучтарды башкаруу коркунучтарды баалоонун алынган натыйжаларына, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна мүмкүн болгон зыяндуу таасирдин алдын алууга негизделүүгө тийиш.

26. Коркунучтарды башкаруу фармацевтикалык факторлор менен шартталган жана дары-дармек каражаттарынын турмуштук циклинин бардык стадияларында коюлуучу коркунучтарды мүмкүн болгон (алгылыктуу) деңгээлге чейин азайтууга, жок кылууга же алдын алууга багытталган талаптардын комплексин иштеп чыгууга негизделген:

1) тиешелүү лабораториялык практика эрежелерин жана тиешелүү клиникалык практика эрежелерин сактоо жолу менен дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу стадиясына;

2) тиешелүү өндүрүштүк практика эрежелерин сактоо жолу менен дары-дармек каражаттарын чыгаруу стадиясында;

3) тийиштүү дистрибьютордук практиканын эрежелерин жана тийиштүү дарыканалык практиканын эрежелерин, сактоонун жана ташуунун регламенттелген шарттарын сактоо жолу менен дары-дармек продукцияларын сатуу стадиясында;

4) дары-дармек каражаттарын берүү, колдонуу жана пайдалануу эрежелерин сактоо менен;

5) дары-дармек каражаты жөнүндө, анын ичинде медициналык колдонуу боюнча нускамаларда, дары-дармек препараттарын жарнамалоодо толук жана туура маалымат берүү менен, зарыл маркалоону камсыздоо;

6) дары-дармек каражаттарын түздөн-түз саюунун алдында (зарыл учурда) даярдоонун регламенттелген ыкмаларын, сактоо шарттарын жана мөөнөтүн, колдонуу мезгилин сактоо жолу менен даяр дары-дармек каражаттарын колдонуу стадиясында;

7) адамдын организмине таасир этүүнүн мүмкүн болгон факторлорун (кошумча таасирин) эске алуу менен дары-дармек каражаттарын колдонуу боюнча талаптарды сактоо менен;

8) жарактуулук мөөнөтү өткөн жана сапатка туура келбеген жасалма продукцияны өз учурунда табуу жана сатууга жол бербөө менен.

27. Дары-дармек субстанцияларынан чыгуучу коркунучтарды четтетүү, азайтуу же алдын алуу үчүн талаптардын комплекси төмөнкүлөрдү карайт:

- дары-дармек субстанциялары Кыргыз Республикасында колдонулуучу фармакопеялардын талаптарына сапат боюнча дал келүүгө тийиш;

- фармакопеяда баяндалбаган дары-дармек субстанциялары уюмдун стандартынын сапат боюнча талаптарына шайкеш келүүгө тийиш (убактылуу аналитикалык нормативдүү документ, аналитикалык нормативдүү документ);

- дары-дармек субстанцияларынын сапатын контролдоо фармакопеялык стандарттуу (химиялык жана биологиялык) үлгүлөрдү пайдалануу менен фармакопеялык методдор жана сыноолор методдору же башка валидацияланган методдор аркылуу жүргүзүлүшү керек;

- жаңы активдүү заттардын түзүмү изилдөөнүн заманбап методдору (физикалык, физика-химиялык, химиялык) менен ырасталууга тийиш;

- кошундулардын, анын ичинде генотоксикалуу потенциалы бар бирикмелердин профилин аныктоо синтездин схемасын түзүүчү химиялык реакцияларды терең илимий баалоого, ошондой эле сырьедон алынуучу кошундулардын жана мүмкүн болгон ажыроо продуктуларынын салымына негизделиши керек;

- тектеш кошундуларды нормалоо идентификацияланган кошундулардын болушу, идентификацияланбаган кошундулардын болушу менен гана эмес, кошундулардын суммасы боюнча да жүргүзүлүүгө тийиш;

- калдык эритмелерди нормалоо дары-дармек субстанцияларын алуу процессинде органикалык эриткичтерди колдонгон бардык учурларда фармакопеянын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек;

- дары-дармек субстанциясынын туруктуулугу белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен ырасталышы керек;

- дары-дармектик өсүмдүк сырьесу радиациялык контролдоонун талаптарына, ошондой эле оор металлдарды камтуу талаптарына жана пестициддердин калдык санына (айдама өсүмдүктөр үчүн) туура келиши керек;

- дары-дармектик өсүмдүк сырьесу амбардык зыянкечтер жана көгөрүп кетүүлөр менен бузулбашы керек;

- жаныбарлардан жана адамдан алынуучу баштапкы заттарда жана материалдарда (себүү материалдары, клеткалар банкалары, плазма пулдары жана башкалар) патогендүү агенттер болбошу керек;

-дары-дармек субстанцияларын сактоодо зарыл учурда алдын ала сактануунун өзгөчө чаралары сакталышы керек.

28. Көмөкчү заттардан чыгуучу коркунучтарды жоюу, азайтуу же алдын алуу үчүн талаптардын комплекси төмөнкүлөрдү карайт:

- көмөкчү заттар (боегучтар, консерванттар, стабилизаторлор жана башкалар) даяр дары-дармек каражаттарын чыгарууда пайдалануу үчүн уруксат берилүүгө тийиш;

- көмөкчү заттар сапаты боюнча Кыргыз Республикасында колдонулуучу фармакопеянын же даяр дары-дармек каражаттарын чыгаруу үчүн аларды колдонуу регламенттелген нормативдик документтердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш;

- жаныбарлардан жана адамдан алынуучу көмөкчү заттарда патогендүү агенттер болбоого тийиш.

29. Даяр дары-дармек каражаттарынан чыгуучу коркунучтарды жоюу, азайтуу же алдын алуу үчүн талаптардын комплекси төмөнкүлөрдү карайт:

-дары-дармек формасы организмге жагымсыз кошумча таасирди болтурбоо үчүн оптималдуу болушу керек; -даяр дары-дармек каражаттарынын курамындагы компоненттер бирдиктүү болушу керек; -даяр дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасында колдонулуучу фармакопеянын же сапат боюнча уюмдун стандартынын сапат боюнча талаптарына шайкеш келиши керек;

- Кыргыз Республикасында колдонулуучу фармакопеяда келтирилбеген биологиялык препараттардын сапатын контролдоо ДСУнун "Биологиялык субстанцияга талаптар" деген сунуштарына ылайык методика жана норма боюнча жүргүзүлүшү керек;

- сапатты өз алдынчалаштыруу даяр дары-дармек каражаттарынын коопсуздугуна сыноолорду камтышы керек (стерилдүүлүктү, пирогендүүлүктү, бактериялык эндотоксиндерди, микробиологиялык тазалык, уулуулукту, бөтөн кошундуларды, жаныбарларга жергиликтүү чыдамдуулукту, гистамино сыяктуу таасирдеги заттардын камтышын аныктоо);

- тектеш кошундуларды нормалоо идентификацияланган кошундулардын болушу, идентификацияланбаган кошундулардын болушу менен гана эмес, кошундулардын суммасы боюнча да жүргүзүлүүгө тийиш;

- калдык эритмелерди нормалоо дары-дармек препаратын чыгаруунун акыркы стадиясында органикалык эриткичтерди колдонулган учурда фармакопеянын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек;

- сапатты өз алдынчалаштыруу алардын камтылышынын чектик жол берилген нормаларга шайкештигин аныктоо үчүн консерванттарды идентификациялоону жана сандык аныктоону камтууга тийиш; физиологиялык функцияларга терс таасир тийгизүүгө жөндөмдүү башка көмөкчү заттар үчүн концентрациянын жогорку чектерин аныктоо жүргүзүлүшү керек;

- даяр дары-дармек каражатынын туруктуулугу белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдө тартылууга жана коопсуздукка таасир этүүчү сапат көрсөткүчтөрүн камтууга тийиш (баяндоо, тектеш кошундулар же ажыроо продуктылары, микробиологиялык тазалык, стерилдүүлүк, эритменин түстүүлүгү же тунуктугу, уулуулугу жана башка);

- тараны тыгындоочу система (материалдардын инерттүүлүгү, жылчыксыздыгы жана функционалдуулугу) регламенттелген шарттарда сактоонун белгиленген мөенөтүнүн ичинде даяр дары-дармек каражатынын туруктуулугун камсыздашы керек;

- дары-дармек каражатын маркалоо ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келүүге тийиш;

- дары-дармек каражаттарын колдонуу боюнча нускама ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

30. Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылуучу даяр дары-дармек каражаттары сапат көрсөткүчтөрү боюнча төмөнкү нормативдик документтердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш:

- жалпы фармакопеялык статья;

- фармакопеялык статья;

- техникалык шарттар;

- уюмдун стандарты;

- чет өлкөлүк чыгаруучу уюм үчүн өз алдынчалык.

31. Дары-дармек каражаттарынын нормативдик документтери каттоо маалыматынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.

32. Дары-дармек каражаттарынын нормативдик документтери медициналык, фармацевтикалык жана башка илимдердеги жаңы жетишкендиктерди, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулуучу фармакопеянын жоболорун, фармацевтикалык илимдер жаатында эл аралык уюмдардын сунуштарын эске алуу менен өз учурунда кайра каралып турууга тийиш.

33. Жаңы дары-дармек каражатын иштеп чыгууда аталган дары-дармек каражатын чыгаруу үчүн пайдаланылуучу фармавтикалык субстанцияга нормативдик документтер жок болгон учурда бир эле убакта дары-дармек каражатына уюмдун стандартын иштеп чыгуу менен аны чыгаруу үчүн пайдаланылуучу фармацевтикалык субстанцияга уюмдун стандарты иштелип чыгат.

34. Дары-дармек каражаттарынын нормативдик документтерине киргизилүүчү сапат көрсөткүчтөрү дары-дармек формасына жараша ушул Регламенттин 19-тиркеме

синде келтирилген.

## 3-глава. Клиникага чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө дары-дармек каражаттарынын коопсуздугуна талаптар

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

## 4-глава. Клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө дары-дармек каражаттарынын коопсуздугуна талаптар

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

## 5-глава

Дары-дармек каражаттарын чыгарууда коопсуздук талаптары

79. Чыгарылуучу дары-дармек каражаттарынын өзүнүн арналышына жана аларга коюлуучу талаптарга шайкеш келүү кепилдиги, ошондой эле дары-дармек каражатын чыгаруу шарттарын бузуудан керектөөчүлөр үчүн коркунучтарды болтурбоонун кошумча кепилдиги болуп тиешелүү өндүрүштүк практика боюнча улуттук жана эл аралык стандарттарды сактоо кызмат кылат (GМР).

80. Кыргыз Республикасында эл аралык стандарттын талаптары ага ылайык иштелип чыккан тиешелүү өндүрүштүк практика боюнча улуттук стандарт менен бекемделет, ал илимий-техникалык прогрессти эске алып мезгил мезгили менен кайра каралууга тийиш (ушул Регламентке 4-тиркеме).

81. Дары-дармек каражаттарын чыгарууга төмөнкү талаптар белгиленет:

- чыгаруучунун карамагында ушул Регламенттин 84-87 пункттарынын талаптарын канааттандыруучу ыйгарым укуктуу адамдын кызмат көрсөтүүлөрүнүн болушу;

- чыгаруучунун карамагында дары-дармек каражатын чыгаруу үчүн зарыл болгон имараттар, жайлар жана жабдуулар менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде болушу;

- дары-дармек каражатынын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, технологиялык регламенти жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган нормативдик документинин болушу;

- чыгаруучунун тиешелүү өндүрүштүк практиканын эрежелерин сакташы (ушул Регламентке 4-тиркеме);

- эгер чыгаруучу тиешелүү дары-дармек каражатына каттоо күбөлүгүнүн ээси болуп эсептелбесе каттоо күбөлүгүнүн ээси менен келишимдин көчүрмөсү берилүүгө тийиш.

82. Төмөнкү дары-дармек каражаттарын чыгарууга тыюу салынат:

- дары-дармек каражатын чыгарууга мыйзамдарда белгиленген талаптар жана шарттар бузулса;

- дары-дармек каражаты клиникалык изилдөөлөр үчүн арналган учурларды кошпогондо, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармек каражаттарын;

- жасалма дары-дармек каражаттарын.

83. Дары-дармек каражаттарын чыгарууда чыгаруучу уюм төмөнкү билдирүүлөрдү камтыган өндүрүштүк участоктун маалыматына ээ болууга тийиш:

1) дары-дармек каражаттарын чыгаруу боюнча:

- чыгаруучу жөнүндө кыскача маалыматтар;

- ушул өндүрүштүк участокто чыгаруу болжолдонгон дары-дармек каражаттарынын түрлөрүнүн жана дары-дармек формаларынын тизмеси;

- өндүрүштүк участокто ишке ашырылуучу ар кандай башка иштер жөнүндө маалыматтар;

- участоктун аталышы жана дареги, байланыш телефону;

- иште пайдаланылуучу ар кандай өзгөчө уулуу же коркунучтуу заттар жөнүндө аларды чыгаруу ыкмасына шилтеме жасоо менен маалыматтар (атайын арналган техникалык каражаттарды пайдалануу менен);

- өндүрүштүк участоктун кыскача баяндалышы (өлчөмү, жайгашуусу, чектеш зоналар/аймактар);

- өндүрүштө, сапатын контролдоодо, сактоодо жана бөлүштүрүүдө иштеген кызматкерлердин саны;

- өндүрүшкө жана талдоого тиешелүү башка илимий, аналитикалык же башка техникалык жардамды пайдалануу;

- сапатты башкаруу системасынын кыскача баяндалышы;

2) кызматкер:

- жетекчи кызматкердин квалификациясы, тажрыйбасы жана милдеттери;

- базалык окутуу жана жеринде окутуу боюнча, протоколдорду жүргүзүү боюнча иш-чараларды кыскача баяндоо;

- өндүрүштө иштеген кызматкердин ден соолугуна талаптар;

- кызматкерге, кызматкердин кийим-кечесине гигиеналык талаптар;

3) жай:

- жөнөкөй план же масштабды көрсөтүү менен өндүрүштүк зоналарды баяндоо;

- конструкциянын жана жасалгалоонун тиби;

- желдетүү системасын кыскача баяндоо. Кыйла толук баяндоо аба агымы бар контоминациянын потенциалдуу коркунучу болгон критикалык зоналарга берилет;

- өтө уулуу, коркунучтуу жана сенсибилдөөчү заттар менен иштөө үчүн атайын зоналарды кыскача баяндоо;

- санитардык иштетүүнү кошкондо суу менен жабдуу системасын кыскача баяндоо;

- техникалык тейлөө (пландалган алдын алуучу тейлөөнүн программаларын баяндоо);

4) жабдуу:

- негизги технологиялык жабдуулардан жана контролдук лабораториялардын жабдууларынын кыскача баяндамасы (жабдуулардын тизмеси талап кылынбайт);

- техникалык тейлөө;

- протоколдоо системасын кошкондо валификация жана калибровка. Компьютерлештирилген системаларды валидациялоо боюнча иш-чаралар;

5) санитария:

- өндүрүштүк зоналарды жана жабдууларды тазалоо боюнча өз алдынчалыктардын жана методикалардын болушу;

6) документтер:

- өндүрүш үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо, кайра кароо жана бөлүштүрүү боюнча иш-чаралар;

- башка эч жерде айтылбаган дары-дармек каражаттарынын сапатына тиешелүү ар кандай башка документтер (мисалы, абаны жана сууну микробиологиялык контролдоо);

7) өндүрүштүн технологиялык процесстери:

- негизги параметрлерди белгилөөчү технологиялык схемаларды, таблицаларды тиркөө менен өндүрүштүн технологиялык процесстерин кыскача баяндоо;

- сынамык алууну, карантинди, сатууга уруксат берүүнү жана сактоону кошкондо алгачкы сырье, таңгактоочу материал, ченелип ченеп бөлүнбөгөн жана даяр продукция менен иштөө боюнча иш-чаралар;

- бракталган сырье же продукция менен иштөө боюнча иш-чаралар;

- процесстерди валидациялоого карата жалпы саясатты кыскача баяндоо;

8) сапатты контролдоо системасын жана сапатты контролдоо бөлүмүнүн ишин баяндоо;

9) дүң соода, рекламация жана продукцияны кайра алуу:

- дүң сатуу жана протоколдоо системасы боюнча иш-чаралар;

- дооматтар (даттануулар) менен иштөө жана продукцияны кайра алуу боюнча иш-чаралар;

10) өзүн өзү инспекциялоо системасын кыскача баяндоо.

84. Дары-дармек каражаттарын чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн чыгаруучу штатта, жок дегенде чыгаруучунун бир ыйгарым укуктуу өкүлүн кармоого милдеттүү.

85. Чыгаруучунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн негизги функциясы чыгарылган дары-дармек каражатынын ар бир сериясын жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу болуп эсептелет.

86. Чыгаруучунун ыйгарым укуктуу адамы төмөнкүдөй квалификацияга ээ болушу керек:

- төмөнкү багыттагы тармактардын бири боюнча жогорку билими: фармация, химия, биология, медицина, же ветеринария;

- дары-дармек каражаттарынын сапатын ырастоо үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттарын сапаттык талдоо, активдүү заттарды сандык талдоо жана сыноолорду жана текшерүүлөрдү жүргүзүү жаатында практикалык иш тажрыйбасы болууга (2 жылдан кем эмес).

87. Дипломдон кийинки мезгилди кошкондо чыгаруучунун ыйгарым укуктуу адамын окутуунун минималдуу курсу төмөнкү негизги сабактар боюнча теориялык жана практикалык сабактарды камтууга тийиш: физика; жалпы жана органикалык эмес химия; органикалык химия; аналитикалык химия; фармацевттик химия; биохимия; физиология; микробиология; фармакология; фармацевттик технология; токсикология.

88. Дары-дармек каражатынын чыгарылган сериясын жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө чечим чыгаруучунун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан төмөнкүлөр ырасталгандан кийин кабыл алынат:

- ушул серияга карата бардык өндүрүштүк операциялар белгиленген талаптарга, ошондой эле ушул дары-дармек препаратына каттоо маалыматынын жоболоруна ылайык аткарылса;

- чыгаруунун негизги процесстери жана контролдоо методдору өндүрүштүн иш жүзүндөгү шарттарын жана продукциялардын сериясына протоколдорду эске алуу менен валидацияланса;

- өндүрүштүн технологиялык процессинде же контролдоодо ар кандай четтөөлөр же пландалган өзгөрүүлөр жооптуу адамдар тарабынан бекитилсе;

- бардык зарыл болгон текшерүүлөр жана сыноолор жүргүзүлсө (анын ичинде сынамыктарды кошумча алуу, өндүрүштүн технологиялык процессиндеги четтөөлөр же пландуу өзгөрүүлөрдөн пайда болгон текшерүүлөр жана сыноолор);

- дары-дармек каражатынын чыгарылган сериясынын үлгүлөрүнө талдоо жүргүзүү натыйжалары дары-дармек каражатын каттоодо (өз алдынча кылууда) белгиленген параметрлердин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнө шайкеш келишин ырастаса;

- каттоо маалыматында каралган бардык өндүрүштүк, көмөкчү жана контролдук операциялар серия протоколунда чагылдырылса, тиешелүү жазуулар жооптуу адамдардын колдору менен бекемделсе;

- сапатты камсыздоо системасынын талаптарына ылайык аудит жүргүзүлсө;

- ыйгарым укуктуу адамдын, чыгаруучунун пикири боюнча олуттуу деп эсептелген бардык башка факторлор көңүлгө алынса.

89. Чыгаруучу даяр продуктунун үлгүлөрүн талдоо протоколдорун, ошондой эле шайкештик жөнүндө декларациялардын көчүрмөлөрүн кошкондо дары-дармек каражаттарынын чыгарылган серияларынын протоколдорун 5 жыл бою сактоого, ошондой эле инспекциялык контролдоо жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерин архивге киргизүүгө милдеттүү. Чыгаруучу ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын суроо-талабы боюнча сериялар протоколдорунун жана шайкештик жөнүндө декларациялардын көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.

90. Чыгаруучу дары-дармек каражаттарынын чыгарылган серияларынын контролдук үлгүлөрүн дары-дармек каражаттарынын чыгарылган серияларынын жарактуулук мөөнөтү ичинде жана дагы бир жыл дары-дармек каражаттарынын үч толук талдоосун жүргүзүү үчүн зарыл болгон санда сактоого милдеттүү.

91. Контролдук үлгүлөр дары-дармек каражаттарынын аныктыгына акыркы шектенүү болгондо же дары-дармек каражаттарынын белгиленген критерийлерге (өз алдынчалыгына) шайкеш келбегендиги жөнүндө маалыматтар алынганда түздөн-түз жүгүртүүдөн алынган дары-дармек каражаттарынын чыгарылган серияларынын үлгүгө шайкеш келишин текшерүү максатында пайдаланылат.

92. Жүгүртүүгө чыгартылган дары-дармек каражатынын сапатына карата рекламация чыгаруучу тарабынан чогултулат жана аны алган учурдан тартып 5 жыл бою сакталат.

93. Жүгүртүүгө чыгартылган дары-дармек каражатынын сапаты боюнча рекламациялар алынган учурда чыгаруучу кыска мөөнөттүн ичинде алынган рекламацияларга текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү. Зарыл учурда мындай текшерүү дары-дармек каражаттарынын чыгарылган серияларынын контролдук үлгүлөрүн пайдалануу менен жүргүзүлөт.

94. Талдоого алынуучу үлгүлөрдүн контролдук үлгүлөргө шайкеш келбегендиги ырасталган учурда чыгаруучу 7 күндүн ичинде шайкеш келбөөнүн аныкталган фактысы жана дары-дармек каражаттарынын шайкеш келбеген партиясынын белгилүү (болжолдонгон) булагы жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына маалымдоого милдеттүү.

95. Чыгаруучу чыгарылган сериялардын контролдук үлгүлөрүн дары-дармек каражаттарынын шайкеш келбегендиги жөнүндө даттануулардын алынган фактысы боюнча жекече текшерүү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча бир толук талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон санда акысыз берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мүмкүнчүлүккө жараша чыгаруучунун өкүлдөрүн контролдук үлгүлөрдү талдоо жүргүзүүгө тартат.

96. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын суроо-талабын алган учурдан тартып чыгаруучу 30 күндүн ичинде үлгүлөрдү бербөөсү сапатсыз продукцияны жүгүртүүгө чыгарууну таануунун фактысы болуп эсептелет.

## 6-глава

Дары-дармек каражаттарынын дарыканалык даярдоодо коопсуздук талаптары

97. Дары-дармек каражаттарын дарыканалык даярдоо даярдоого укугу бар гана дарыкана мекемелеринде жүргүзүлүшү мүмкүн.

98. Дары-дармек каражаттары стандарттык жазуулар (расмий дары-дармек препараттары) жеке рецепттердин (экстемпоралдык дары-дармек препараттары) негизинде даярдалат.

99. Саламаттык сактоо уюмдарынын (ССУ) дарыканалары дары-дармек каражаттарын өздөрү таандык болгон ССУнун талабы боюнча гана даярдоого тийиш. ССУнун дарыканалары өздөрү даярдаган дары-дармек каражаттарын калкка сатууга укугу жок.

100. Дары-дармек каражаттарын дарыканалык даярдоодо Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу фармакопеянын жана/же Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптары аткарылышы керек.

101. Дары-дармек каражаттарын дарыканалык даярдоодо баштапкы материал катары Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу фармакопеянын жана/же Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү алгачкы таңгактоо үчүн таңгактоочу материалдар жана активдүү заттар гана колдонулушу мүмкүн.

102. Дарыканалык даярдоодо фармакопеялык эмес сапаттагы көмөкчү заттарды колдонууга жол берилет, ал фармацевтикалык, тамак-аш жана косметикалык өнөр жайда колдонууга уруксат берилген (саюучу дары-дармек формаларын кошпогондо).

103. Дарыканада даярдалуучу дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу фармакопеянын жана башка нормативдик документтердин же/жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык мезгил-мезгили менен тандалып текшерилүүгө тартылышы керек.

104. Дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сапатын контролдоо үчүн пайдаланылуучу таразалар, чен идиштери, ченөө приборлору (термометрлер, манометрлер жана башкалар) калибрленүүгө тийиш жана белгиленген тартипте мезгил-мезгили менен метрологиялык контролдонууга тартылышы керек.

105. Дары-дармек каражаттары дарыканалык даярдоодо пайдаланылуучу сатып алынган (алынган) активдүү жана көмөкчү заттардын, таңгактоочу материалдардын сапатын ырастоочу документтерди текшерүү, ошондой эле дарыканада даярдалуучу дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо боюнча бардык иштер ушул Регламенттин 141-143 пункттарынын талаптарына жооп берүүчү сапатты камсыздоо системасы иштеринин алкагында жүргүзүлөт.

106. Дарыканада даярдалган дары-дармек каражаттарынын ар бир таңгагы (этикеткасы) ушул Регламенттин 229-пунктунда каралган маалыматтарды камтышы керек.

107. Дарыканада даярдалган дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даярдалууга жана дарыкана ичиндеги контролдоого тартылышы керек.

## 7-глава

Дары-дармек каражаттарын дүң сатууда коопсуздук талаптары

108. Дары-дармек каражаттарын дүң сатуу ушул главанын талаптарына жана тиешелүү дистрибьютордук практиканын (GDР) эрежелерине (ушул Регламенттин 6-тиркемеси) ылайык ишке ашырылууга тийиш, бул учурда дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жана сапаты аларды колдонууда сакталуу тийиш болгон шарттар сакталышы керек.

109. Жарактуулук мөөнөтү өткөн, жасалма же жараксыз, ошондой эле тиешелүү эмес сапаттагы дары-дармек каражаттарын сатууга жол берилбейт.

110. Дары-дармек каражаттарын дүң сатуунун сапатын камсыздоо системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:

- ушул Регламенттин 108, 109-пункттарынын талаптарына ылайык дары-дармек каражаттарын сатып алууну жана сатууну;

- ташуу мезгилин кошкондо маркалоого жана/же колдонуу боюнча нускамага ылайык дары-дармек каражаттарын сактоо шарттарын сактоону;

- дары-дармек каражаттарын чаташтырууну же аларды булгоону болтурбоону;

- ушул Регламенттин 109-пунктунун талаптарына туура келбеген дары-дармек каражаттарын аныктоону, ушундай продукцияны сатууну токтотууну;

- берилген дары-дармек каражаттарын кайра алуунун натыйжалуу методикасын;

- сапатты камсыздоо системасынын иштөөсүн баалоо максатында өзүн-өзү инспекциялоону жана зарыл болгондо аныкталган кемчиликтерди оңдоону. Өзүн-өзү инспекциялоо жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек.

111. Категориясына жана түрүнө жараша документтердин формасы жана мазмуну уюмдун жетекчиси тарабынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

112. Документтер кагаз жана/же электрондук булакта сакталышы керек.

113. Дары-дармек каражаттарын алуу же жүктөөсүн билдирген документтерде ар бир аткарылган операциялар үчүн минимум катары төмөнкү маалыматтар келтирилет:

- операцияны аяктоо күнү;

- берүүчүнүн жана жүктү жөнөтүүчүнүн аталышы жана дареги;

- сатып алуучунун жана жүктү алуучунун аталышы жана дареги;

- дары-дармек каражатынын, дары-дармек формасынын аталышы, серия номери;

- дары-дармек каражатынын саны;

- продукциянын коопсуздугун ырастаган документтин номери;

- зарыл учурда ташуунун жана сактоонун өзгөчө шарттары.

114. Мындан мурунку пунктта көрсөтүлгөн маалыматтар 5 жылдан кем эмес сакталышы керек жана суроо-талап боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын текшерүүсү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.

115. Документтер системасы дары-дармектин сапатына жана жалпысынан дистрибьютордук иштин сапатына таасир этиши мүмкүн болгон дары-дармек каражатынын бардык кыймылынын этаптары баяндалган (алынгандан жөнөткөнгө чейинки), дүң сатуучу уюм тарабынан иштелип чыккан жазуу жүзүндөгү нускаманы же стандарттуу операциялык жол-жобону (СОЖ) камтышы керек.

116. Стандарттуу операциялык жол-жоболорго (СОЖ) же нускамаларга дата коюлууга жана сапат системасына жооптуу адам тарабынан кол коюлууга жана дүң сатуу уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилүүгө тийиш.

117. Нускамаларда төмөнкүлөр баяндалат:

- берүүчүдөн заказ алуу тартиби жана анын комплекттүүлүгү менен сапатын текшерүү;

- дары-дармек каражаттарын сактоо тартиби;

- санитариялык иштетүү жана жайларды тейлөө тартиби;

- дары-дармек каражаты жөнүндө маалыматты кагазда же электрондук түрдө сактоо тартиби;

- ушул Регламенттин 113-пунктунда каралган маалыматтарды документтештирүү жана архивдештирүү тартиби;

- дары-дармек каражаттарын берүү тартиби;

- дары-дармек каражаттарын кайра берүү тартиби;

- дары-дармек каражаттарын кайра алуу тартиби;

- үлгүлөрдү тандоо тартиби;

- жарактуулук мөөнөтү өткөн, жасалма же жараксыз, ошондой эле тиешелүү эмес сапаттагы дары-дармек каражаттарын аныкталган учурдагы иш-аракеттердин тартиби;

- дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү контролдоо тартиби;

- жарактуулук мөөнөтү өткөн товарларды контролдоо тартиби;

- өзүн-өзү инспекциялоону жүргүзүү тартиби.

## 8-глава

Дары-дармек каражаттарын чекене сатууда коопсуздук талаптары

118. Дары-дармек каражаттарын чекене сатуу мында ушул главанын талаптарына жана Тиешелүү дарыканалык практиканын эрежелерине (GРР) ылайык (ушул Регламенттин 5-тиркемеси) дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жана сапаты сакталуусу менен аткарылууга тийиш.

119. Кыргыз Республикасында контролдонуучу баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун тиешелүү тизмесине киргизилген дары-дармек каражаттарын чекене сатуу баңгизат каражаттары жана психотроптук заттар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат.

120. Дарыкана объекттеринде кирүүчү эшиктин үстүнө же анын жанына жайгашкан төмөнкү маалыматтар көрсөтүлгөн көрнөк болууга тийиш:

- дарыканалык объекттин тиби (дарыкана, дарыканалык пункт, дарыканалык киоск);

- дарыкана мекемесинин аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы (юридикалык жактар үчүн) же жеке ишкердин фамилиясы, аты-жөнү;

- дарыкана мекемесинин дареги (жайгашкан жери).

121. Түнкү мезгилде иштөөчү дарыкана объекттери түнкү мезгилде иштөө жөнүндө маалыматтары бар көрнөк, дарыкана объектисинин кызматкерин чакыруу үчүн коңгуроо менен жабдылышы керек.

122. Дарыкана мекемелери жана атайын фармацевтикалык билими бар адистер жок алыскы калктуу конуштарда дары дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте сатылышы мүмкүн.

123. Фельдшердик-акушердик пункттарда дары-дармек каражаттарын сактоо шарттары сакталышы керек. Фельдшердик-акушердик пунктка дары-дармек каражаттарын берүүчү уюмдардын сапатынын менеджмент системасы фельдшердик-акушердик пункттарда дары-дармек каражаттарын сактоо шарттарын контролдоону карашы керек.

124. Жарактуулук мөөнөтү өткөн, жасалма же жараксыз болуп калган дары-дармек каражаттарын, ошондой эле тиешелүү эмес сапаттагы жана ушул себеп боюнча кайта берилген дары-дармек каражаттарын чекене сатууга жол берилбейт.

125. Чыгаруучу тарабынан тышкы (экинчилик) таңгагы каралбаган дары-дармек каражаттарын чекене сатууга нускамада каралган бүткүл маалымат керектөөчүгө жазуу жүзүндө берилген шартта гана жол берилет. Ички (биринчилик) таңгагы жок дары-дармек каражаттарын сатууга жол берилбейт.

126. Керектөөчүнүн талабы боюнча ага дарыкана объектисинде болгон бардык дары-дармек каражаттарынын синонимдери жөнүндө, ошондой эле алардын баалары жөнүндө маалымат берилиши керек.

127. Дары-дармек каражаттары соода залдарына берилгенге чейин сатуу алдындагы даярдыктан өтүшү керек, ал товарды таңгагынан ажыратууну, сорттоону жана кароону; товардын сапатын текшерүүнү (тышкы белгилери боюнча) жана товар жөнүндө зарыл маалыматтардын болушун камтыйт. Дарыкана пунктуна же дарыкана киоскуна берилген дары-дармек каражаттарын сатуу алдындагы даярдоо дарыканада же дарыкана кампасында жүргүзүлүшү мүмкүн.

128. Врачтын рецеби боюнча берилүүчү категорияга киргизилген дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тариздөө эрежелерин сактоо менен белгиленген формадагы бланкка жазылган рецептти керектөөчү бергенден кийин берилет.

Рецепттин бланкасынын формасы, тариздөө эрежеси, ошондой эле дарыкана мекемелеринда рецептерди эсепке алуунун, сактоонун жана жок кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Керектөөчү кайрылган учурда рецептте жазылган дары-дармек каражаты дарыкана объектисинде жок болуп калган учурда дарыкана кызматкери аны генерикалык алмаштырууну керектөөчүгө сунуштоого укуктуу. Керектөөчү сунуш кылынган алмаштырууга макул болгон учурда рецепттин арткы бетине дарыкана кызматкери алмаштырып берилген дары-дармек каражаттарынын аталышын жазып, өзүнүн колун жана саткан күнүн коет.

129. Дарыканалык объекттин тибине жараша дарыкана мекемелери иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзүүгө акылуу:

1) дарыканада - дары-дармек каражаттарын сатып алуу, кабыл алуу, сактоо, дарыканалык даярдоо, ченеп бөлүү, жеткирүү жана керектөөчүлөргө сатуу, буга социалдык мамлекеттик программалардын алкагында дары-дармек каражаттарын берүү, ошондой эле медициналык максаттар үчүн медициналык уюмдарга жана башка уюмдарга дары-дармек каражаттарын берүү кирет;

2) дарыкана пунктунда - дары-дармек каражаттарын кабыл алуу, сактоо жана керектөөчүлөргө сатуу;

3) дарыкана киоскисинде - дары-дармек каражаттарын кабыл алуу, сактоо жана керектөөчүлөргө сатуу (врачтын рецеби боюнча берилүүчү категорияга киргизилген дары-дармек каражаттарынан башка);

4) дарылоо-алдын алуу уюмунун (ДАУ) дарыканасында (ооруканалык, ооруканалар аралык дарыкана) - өздөрү таандык болгон саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек каражаттарын дарыканалык даярдоо жана берүү.

130. Дарыкана мекемелери же жеке ишкерлер керектөөчүнүн заказы боюнча дары-дармек каражаттарын үйгө жеткирип берүүгө же керектөөчү көрсөткөн башка жерге жеткирип берүүгө укуктуу. Керектөөчүгө жеткирип берүү алардын ташуу процессинде дары-дармек каражаттарынын касиетин өзгөртүүгө жол бербеген ыкмалар менен жүргүзүлүүгө тийиш.

131. Дары-дармек каражаттарынын соодадагы болгон ассортименти жөнүндө керектөөчүгө маалымат берүү максатында дарыкана объекттеринин витринасына жана ушул үчүн ыңгайлаштырылган жабдууларга дары-дармек каражаттарын же алардын таңгактарын коюусуна талаптар белгиленет:

1) ички жана сырткы колдонуу үчүн арналган дары-дармек каражаттарын коюуда алар өз-өзүнчө жайгаштырылат. Топтун ичинде дары-дармек каражаттары фармакотерапевттик белгиси боюнча жайгаштырылат. Дары-дармек каражаттары биологиялык активдүү кошундулардан өзүнчө жайгаштырылышы керек;

2) врачтын рецеби боюнча берилүүчү категорияга киргизилген дары-дармек каражаттарын коюуда "Врачтын рецеби боюнча берилет" деп көрсөтүлүшү керек;

3) соода залында дары-дармек каражатына керектөөчүнүн түздөн-түз жетишин камсыздоочу ачык коюуда врачтын рецеби жок берилүүчү категорияга киргизилген дары-дармек каражаттары гана болууга тийиш;

4) баңги каражаттар жана психотроптук заттар жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасында контролдонуучу Баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун тиешелүү тизмесине киргизилген дары-дармек каражаттарын коюуга жол берилбейт.

132. Дарыкана объекттеринде дары-дармек каражаттарын тиешелүү сактоо үчүн шарттар жана аларды уурдоолорду болтурбоо үчүн чаралар камсыздалышы керек.

133. Дарыкана объектисинин бардык жайлары башка объекттерден бөлүнгөн бир блокко бириктирилүүгө тийиш. Дарыкана объектисине башка уюмдун жайы аркылуу кирүүгө жол берилет.

134. Дарыкана объектисинин аянты анын түрүн жана көлөмүн эске алуу менен фармацевтикалык иш жүргүзүү үчүн жеткиликтүү болушу керек.

135. Дарыкана объекттеринин аянттарында ушул Регламенттин 129-пунктунда каралган иштерди жүргүзүү менен функционалдык жактан байланышпаган бөлүмчөлөрдү жайгаштырууга жол берилбейт.

136. Аптекалык мекеме өзүнүн тибине жараша карамагында ишин уюштурууга, милдетин аткарууга толук шарты бар кошумча жайы болушу абзел.

137. Дарыкана объекттеринин дубалынын ички бети, шыптары, полу дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен нымдуу тазалоого мүмкүндүк бергидей болушу керек. Дарыкана объекттеринин административдик-тиричиликтик жайларын жасалгалоодо обойлорду, килем жабууларын, паркетти, май боекту ж.б. пайдаланууга жол берилет.

138. Дарыкана объекттери жүргүзүлүүчү фармацевтикалык иштин көлөмүнө жана мүнөзүнө туура келүүчү жабдуулар менен жабдылышы керек.

139. Дары-дармек каражаттарын сактоо үчүн жайлар белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде физика-химиялык, фармакологиялык жана токсикологиялык касиеттерин эске алуу менен аларды тиешелүү түрдө сактоону камсыздоого мүмкүндүк берүүчү жабдуулар менен жабдылышы керек.

140. Дарыкана мекемесинин кызматкери кесиптик даярдыкка ээ болууга жана төмөнкү квалификациялык талаптарга туура келүүгө тийиш:

- дарыкана мекемесинде фармацевтикалык кызматты белгиленген тартипте адистер (провизорлор жана фармацевттер) ээлей алышат;

- дарыкананы жана дарыкана пунктун жетектөөнү квалификациясын ырастоочу документи бар провизор жүргүзүүгө тийиш (айыл жеринде тиешелүү квалификацияны жогорулатуудан өткөн фармацевттин дарыкананы жана дарыкана пунктун жетектөөсүнө жол берилет);

- дарыкана киоскун фармацевт жетектей алат.

141. Дарыкана мекемесинде төмөнкүлөрдү камтыган сапатты камсыздоо системасы түзүлөт:

1) дарыкана объектисинин ишинин көлөмүнө туура келген жана дары-дармек каражаттарын сактоо жана даярдоо шарттарын сактоого мүмкүндүк берүүчү жайлар жана жабдуулар;

2) келип түшүүчү дары-дармек каражаттарынын чыккан жерин, санын жана сапатын идентификациялоого жана сатылуучу жана сакталуучу дары-дармек каражаттарынын эсебин алууга мүмкүндүк берүүчү документтер;

3) дарыкана уюмуна келүүчү дары-дармек каражаттарын келгенде контролдоо;

4) зарыл квалификациядагы кызматкер;

5) кызматкерди үзгүлтүксүз окутуу системасы;

6) кызматтык нускамалар;

7) нормативдик жана маалымдама материалдардын фонду, аны менен ушул дарыкана мекемесиндегы бардык дарыкана объекттери камсыздалууга тийиш.

142. Дарыкана объектине сапатты камсыздоо системасына жооп берүүчү адам дайындалышы керек. Сапатты камсыздоо системасына жооптуу адам фармацевттик билимге ээ болууга жана тиешелүү окутуу курсунан өтүүгө тийиш.

143. Дарыкана мекемелеринде сапатты камсыздоонун системасын сактоо боюнча өзүн-өзү инспекциялоо дайыма өткөрүлүп турушу керек.

144. Дары-дармек каражаттарын сактоо үчүн жайлар аба параметрлерин (температураны жана нымдуулукту) каттоо үчүн приборлор менен жабдылышы керек. Ушул приборлордун көрсөткүчтөрү атайын журналда (картада) күн сайын катталууга тийиш, аны сапатты камсыздоо системасына жооптуу адам жүргүзөт жана журнал (карта) бүткөндөн кийин бир жыл сакталат.

## 9-глава

Дары-дармек каражаттарын сактоо жана ташуу процессине коопсуздук талаптары

145. Дары-дармек каражаттарын сактоо жана ташуу шарттары алардын бүткүл жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде дары-дармек каражаттарынын касиеттеринин сакталышын, алардын булганышын алдын алууну, кайчылаш булганууну жана кайра сорттоону камсыздоого тийиш.

146. Дары-дармек каражаттарын сактоо каттоо күбөлүгүнүн ээси тарабынан белгиленген жана дары-дармек каражаттарын каттоодо бекитилген шарттарга ылайык ишке ашырылышы керек. Ушул Регламенттин 149-пунктунда каралган учурларды кошпогондо аталган шарттардан кыска мөөнөттүү четтөөгө жол берилет, мисалы, ташуу процессинде.

147. Дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун, натыйжалуулугун жана сапатын сактоону камсыздоо үчүн ташуу төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлүшү керек:

- аларды идентификациялоо мүмкүндүгү жок болбогудай;

- башка дары-дармек каражаттары (дозалары), заттар менен контаминирленбегидей жана өздөрү контаминирленбегидей;

- зыянга учуроолорду жана уурдоолорду болтурбоо үчүн тиешелүү сактануу чаралары көрүлгүдөй;

- тышкы чөйрөнүн факторлорунун (температура, жарык, нымдуулук) жана башка терс факторлордун өтө ашыкча таасиринен корголгудай жана ага дуушар болбогудай.

148. Дары-дармек каражаттарын сактоо жана ташуу дары-дармек каражаттарынын сапатын жана коопсуздугун контролдоо боюнча нормативдик документтин талаптарына жана таңгакта көрсөтүлгөн маалыматка жана алардын физика-химиялык касиеттерин эске алуу менен колдонуу боюнча нускамага, ошондой эле ушул Регламент менен бекитилген дары-дармек каражаттарын таңгактоо, маркалоо, ташуу жана сактоо боюнча эрежелерге ылайык келүүгө тийиш.

149. Белгиленген шарттардан кыска мөөнөттүү температуралык четтөөнүн натыйжасында да олуттуу түрдө касиеттери өзгөрүшү (касиетин жоготушу) мүмкүн болгон дары-дармек каражаттары зарыл шарттардан критикалык четтөөнү белгилөөчү термоиндикаторду пайдалануу менен сакталууга жана ташылууга тийиш.

150. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өзгөчө топторго киргизилген, атайын эсепке алууга жана контролдонууга жаткан дары-дармек каражаттарын (баңгизат препараттары, күчтүү таасир этүүчү, уулуу жана башка атайын тизмеге киргизилген дары-дармек каражаттары) сактоо жана ташуу өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

151. Сактоонун каалаган участогунда (мисалы, чыгаруучуда, дистрибьютордо, дүң берүүчүдө, дарыканада же ооруканада) фармацевтикалык продукциянын сапатын сактоону камсыз кылуучу жетиштүү сандагы квалификациялык кызматкерлер болушу керек.

152. Кызматкер сактоонун тиешелүү практикасы, мыйзамдар, коопсуздук жол-жоболору жана чаралары боюнча окутуудан өтүшү керек.

153. Кызматкерлер атайын окутуудан өтүүгө жана жеке гигиенанын жана санитариянын стандарттарын сактоого тийиш.

154. Сактоо зонасында иштеген кызматкерлер аткарган ишине туура келген коргоочу же жумушчу кийим кийиши керек.

155. Дары-дармек каражаттарын сактоо үчүн жайга бөтөн адамдардын киришине жол бербөөгө көз салуу зарыл.

156. Жай материалдардын жана каражаттардын түрдүү категорияларын иреттүү сактоону камсыз кылуу үчүн жетиштүү түрдө кеңири болушу керек, атап айтканда: баштапкы жана таңгактоочу материалдарды, аралыктык каражаттарды, даяр продукцияларды, карантиндеги каражаттарды, ошондой эле бракталган, кайтарылган жана кайра алынган продукцияларды.

157. Дары-дармек каражаттарын сактоо үчүн жай сактоонун канааттандырарлык шарттарын камсыз кылгыдай долбоорлонууга же кайра жабдылууга тийиш. Айрым алганда жай таза, кургак, алгылыктуу температурада болушу керек. Эгерде сактоонун атайын шарттары зарыл болсо (мисалы, температура же салыштырма нымдуулук) бул шарттарды камсыздоо, мезгил-мезгили менен текшерип туруу, параметрлерге көз салуу жана аларды белгилеп туруу керек. Материалдар жана дары-дармек каражаттары полго сакталбашы керек, анын тегерегинде жыйноо жана кароо үчүн жетиштүү орун болушу керек. Алдына койгучтар жакшы абалда жана таза болууга тийиш.

158. Дары-дармек каражаттарын сактоо үчүн жай таза болушу керек, таштандынын чогулушуна же зыянкечтер менен мителердин пайда болушуна жол бербөө керек. Санитардык контролдоо боюнча иш-чаралардын программасын түзүү жана жазуу жүзүндө белгилөө керек, анда жайды тазалоонун мезгилдүүлүгү жана методдору; дезинсекциялоо жана дератизациялоо программасы көрсөтүлөт. Дезинсекциялоо жана дератизациялоо үчүн каражаттар коопсуз болуп, материалдарды жана фармацевтикалык каражаттарды булгоо коркунучун жокко чыгарышы керек. Башка каражаттарды булгоону болтурбоо жана алдын алуу максатында төгүлгөн жана чубуруп түшүп калган медикаменттерди тазалоо боюнча атайын жол-жоболор иштелип чыгышы керек.

159. Жүктөө жана түшүрүүчү оюк жайлар материалдарды жана продуктуларды аба ырайынын таасиринен коргошу керек. Товарды кабыл алуу жүргүзүлүүчү жай алынган материалдар жана дары-дармек каражаттары менен контейнерлер зарыл учурда сактоого жөнөтүүнүн алдында тазалоого мүмкүн болгудай жабдылышы керек.

160. Препараттар карантинде сакталуучу жай так белгиленүүгө жана ага кирүү чектелүүгө жана ыйгарым укуктуу кызматкерге гана уруксат берилүүгө тийиш. Физикалык бөлүүнү алмаштыруучу ар кандай система адекваттуу коргоону камсыздашы керек. Мисалы, кирүүнү чектөөдө ишенимдүү деп таанылган шартта компьютерлештирилген системаны пайдаланууга болот.

161. Баштапкы материалдардын сынамыгын тандап алуу үчүн тиешелүү контролдоочу шарттары бар өзүнчө жай бөлүнүшү керек. Эгерде сынамыктарды тандап алуу продукцияларды сактоо үчүн жайда жүргүзүлсө булгануунун алдын алуу же кайчылаш контаминация жөнүндө камкордук көрүү зарыл. Сынамыктарды тандап алуу үчүн жайды тазалоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгуу керек.

162. Бракталган, кайра кайтарылган, кайра алынган жана мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларды сактоо үчүн физикалык жактан же башка ишенимдүү эквиваленттик ыкма (мисалы, электрондук) менен бөлүнгөн өзүнчө аймак бөлүнүүгө тийиш. Мындай продуктулар жана материалдар, ошондой эле аларды сактаган жерлер так белгилениши керек.

163. Өтө активдүү жана радиоактивдүү материалдар, баңгизат каражаттары жана башка коркунучтуу материалдар жана фармацевтикалык продуктулар, ошондой эле өрткө жана жарылууга коркунучтуу заттар (мисалы, тез от алуучу суюктуктар жана катуу заттар, басым астындагы газдар) коопсуздуктун жана коргоонун кошумча каражаттары менен жабдылган атайын бөлүнгөн жерлерде сакталууга тийиш.

164. Материалдар жана дары-дармек каражаттары булганууну, аралашып кетүүнү жана кайчылаш контаминацияны болтурбагыдай сакталышы керек.

165. Материалдар жана дары-дармек каражаттары сапатын сактоону камсыз кылуучу шарттарда сакталышы керек, ал эми алардын запастары дайыма толукталып турат. Биринчи кезекте жарактуулук мөөнөтү бүтүп бараткан продукциялардан арылуу керек ("first expired/first out" (FEFO) принциби).

166. Бракталган материалдар жана дары-дармек каражаттары идентификацияланат жана алардын тагдыры жөнүндө акыркы чечим кабыл алынганга чейин продукцияны пайдаланууга жол бербөөчү карантиндик шарттарда сактоого жөнөтүлөт.

167. Бузулган продуктулар алынып салынууга жана өзүнчө жайгаштырылууга тийиш.

168. Продукцияларды сактоо үчүн жайларды жарыктандыруу ушул операцияларды так жана коопсуз камсыздашы керек.

169. Дары-дармек каражаттарын жана материалдарды сактоо шарттары туруктуулукту изилдөөнүн натыйжаларына негизденген этикеткалардагы талаптарга туура келиши керек.

170. Этикеткалардагы нускамалардын төмөнкү айтылыштарын пайдалануу сунушталат:

| Этикеткада көрсөтүлгөн | Төмөнкүлөрдү түшүндүрөт |
| --- | --- |
| 30 Цельсия градустан ашпаган температурада сактоо | +2 Цельсия градустан +30 Цельсия градуска чейин |
| 25 Цельсия градустан ашпаган температурада сактоо | +2 Цельсия градустан +25 Цельсия градуска чейин |
| 15 Цельсия градустан ашпаган температурада сактоо | +2 Цельсия градустан +15 Цельсия градуска чейин |
| 8 Цельсия градустан ашпаган температурада сактоо | +2 Цельсия градустан +8 Цельсия градуска чейин |
| 8 Цельсия градустан ашпаган температурада сактоо | +2 Цельсия градустан +25 Цельсия градуска чейин |
| Нымдан сактоо | Сактоонун нормалдуу шарттарында нымдуулук 60%тен ашпайт; пациентке нымга туруктуу таңгакта берүү |
| Жарыктан сактоо | Пациентке жарыктан коргоочу таңгакта берүү |

171. Нормалдуу деп кургак, жакшы желдетилген 15-25 Цельсия градус температурадагы жайда, климаттык шарттарга жараша 30 Цельсия градуска чейин температурада сактоо эсептелет. Башка жыттар, булгоонун башка булактары жана өтө жарыктын кириши болтурулбашы керек.

172. Өз алдынча шарттарда сакталууга тийиш болгон дары-дармек каражаттары сактоо боюнча тиешелүү нускаманы талап кылат. Нускамадан четтөөгө эгерде бул учурда атайын шарттар (мисалы, дайыма муздакта сактоо) өзүнчө айтылбаса кыска мөөнөттүү мезгилге гана (мисалы, жергиликтүү ташуу мезгилинде) жол берилет.

173. Жазуу жүзүндөгү нускамаларды, ошондой эле жарактуулук мөөнөтү өткөн дары-дармек каражаттары менен иштөөнү кошкондо дары-дармек каражаттарын сактоо үчүн жайлардагы бардык иштер жөнүндө отчеттор белгиленген тартипте сакталат.

Нускамалар жана отчеттор сактоонун жол-жоболорун так баяндоого жана материалдарды, дары-дармек каражаттарын которуштурууну жана дары-дармек каражаттарын кайра алуу зарылдыгы болгон учурдагы уюмдун чектериндеги маалыматтарды чагылдырууга тийиш.

174. Ар бир сакталуучу материал же дары-дармек каражаты үчүн сактоо шарттарын көрсөтүү менен жазуу же электрондук түрдөгү маалымат, кандайдыр бир сак болуулар жөнүндөгү маалымат болушу керек жана кайталап тестирлөөгө берилет. Мында Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу фармакопеянын талаптары сакталып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеши керек.

175. Товарды ар бир алуу жөнүндөгү отчеттор товардын баяндамасын, сапаты, саны жана берүүчү, берүүчү ыйгарган партиянын номери, алган күнү, алуу учурунда ыйгарылган партиянын номери жана жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүү күнү жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш жана белгиленген тартипте сакталат.

176. Дары-дармек каражаттарын алууда жана жөнөтүүдө материалдарды атайын белгилери боюнча (мисалы партиянын номери боюнча) белгиленген тартипте жазуу жүргүзүлөт.

177. Товарды алууда алынган партиянын заказга ылайык келиши текшерилет, ал эми ар бир контейнер физикалык жактан верифицияланат, б.а. партиянын номери, материалдын (фармацевттик продуктунун) тиби жана анын саны этикеткага туура келиши текшерилет.

178. Партиядагы контейнерлердин бир түрдүүлүгү текшерилет жана зарыл учурда берилген товарлар, эгерде товардын бир нече партиясы берилсе, партиялардын номерлери боюнча бөлүштүрүлөт.

179. Ар бир контейнерди мүмкүн болгон булгануулардын, эреже бузуулардын жана зыянга учуроолордун болушуна текшерүү зарыл жана шектүү контейнерлер же зарыл учурда бүткүл партия андан ары изилдөө максатында карантинге жиберилет.

180. Зарыл учурда сынамыктарды алуу жазуу жүзүндөгү нускамага так ылайыкта атайын окутулган жана квалификациялуу кызматкер тарабынан гана жүргүзүлөт. Сынамык алынган контейнерлер тиешелүү түрдө маркаланат.

181. Сынамыктарды алгандан кийин товарлар карантинге коюлат. Партия карантиндин бүткүл мезгили ичинде бөлүнүүгө жана андан ары сактоого коюлууга тийиш.

182. Дары-дармек каражаты карантинди алып салганга же бракталганга атайын уруксат алынганга чейин карантинде болушу керек.

183. Бракталган дары-дармек каражаттарын пайдаланууну болтурбоо боюнча чараларды көрүү керек. Бул продукцияларды утилдештирген учурга же берүүчүгө кайтарып бергенге чейин өзүнчө сактоо керек.

184. Болгон товарлардагы жазууларды салыштырып текшерүү менен продукцияны кайра эсепке алууну мезгил-мезгили менен жүргүзүп туруу керек.

185. Туура келбестиктер аныкталган учурда алдын ала болжолдонгон каталарды жана/же корректтүү эмес берүүнү аныктоо максатында изилдөө жүргүзүү зарыл.

186. Өндүрүштүк ишканаларда жарым жартылай пайдаланылган материалдары же дары-дармек каражаттары бар контейнерлерди андан ары сактоодо зыянга учуроону жана/же булганууну болтурбоо үчүн ишенимдүү жаап жана кайталап мөөр басып чаптоо керек. Ачык контейнерлерден алынган же жарым жартылай пайдаланылган дары-дармек каражаттары биринчи кезекте колдонулат.

187. Зыянга учураган таңгактуу дары-дармек каражатын анын ичиндегинин сапаты бузулбагандыгы аныкталган учурда гана берүүгө болот. Мүмкүн болсо мында фактыларды сапатты контролдоого жооптуу адамга билдирүү керек. Бардык көрүлгөн чаралар документ түрүндө белгиленүүгө тийиш.

188. Дары-дармек каражаттарынын запастары мөөнөтү өтүп кеткен жана колдонуудан чыккан дары-дармек каражаттарынын болушуна дайыма текшерилип турат. Мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын берүүгө жол бербөө үчүн сак болуунун зарыл чараларын көрүү зарыл.

189. Кайтарылган жана кайра алынган дары-дармек каражаттары кайтарып берүүнүн белгиленген жол-жоболорунан өтүүгө тийиш, ал эми жазуулар жана отчеттор сакталышы керек.

190. Кайтарылып берилген товарлар карантинге коюлушу керек. Аларды башка товарлар менен бирге сактоо расмий адамдын уруксаты менен гана болот. Мындай чечим сапатты кайра баалоонун канааттандырарлык натыйжаларынын негизинде кабыл алынышы мүмкүн.

191. Ар кандай жүгүртүүгө кайталап чыгарылган товар идентификацияланышы жана документ түрүндө катталышы керек.

192. Дары-дармек каражатын ташууда товардын бүтүндүгүн сактоо жана сактоо шарттарын сактоо жөнүндө кам көрүү керек.

193. Муздак тизмектердеги кургак музду пайдаланууда өзгөчө кылдат болуу керек. Коопсуздуктун кадимки чараларын сактоодон сырткары дары-дармек каражаттары кургак муз менен тийишпегенине көз салуу зарыл, анткени бул дары-дармек каражатынын сапатына терс таасир тийгизиши мүмкүн (мисалы, тоңуп калышына).

194. Мүмкүн болушунча температура сыяктуу параметрлерди контролдоо үчүн приборлорду пайдалануу сунушталат. Приборлордун көрсөткүчтөрүн кийинки текшерүү максатында белгилеп туруу зарыл.

195. Дары-дармек каражаттарын жиберүү жана ташуу берүүгө заказ алгандан кийин гана жүргүзүлөт. Заказ алуу жана дары-дармек каражаттарын жиберүү документ түрүндө белгиленүүгө тийиш.

196. Жиберүү заказ берилген дары-дармек каражатынын тибин эске алуу менен жана атайын кылдат болуу эрежелерин сактоодо уюштурулууга жана документ түрүндө таризделүүгө тийиш.

197. Таңгак тышкы таасирлерден адекваттуу коргоону камсыздоого жана өчүп калбагыдай маркер менен так маркаланууга тийиш.

198. Товарды жиберүү жөнүндө отчетторду сактоо зарыл, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- жиберилген күнү;

- заказчынын аты жана дареги;

- продукциянын баяндалышы (атылышы, дары-дармек формасы жана таасир этүү күчү (зарыл болгондо), партиянын номери жана саны);

- ташуу жана сактоо шарттары.

199. Отчеттор оңой жеткидей жерде сакталышы керек жана суроо-талап боюнча берилет.

## 10-глава

Дары-дармек каражаттарын утилдештирүү процессине коопсуздук талаптары

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 34 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

## 11-глава. Дары-дармек каражаттарынын колдонуу боюнча нускамага, маркалоого жана таңгактоого талаптар

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

## 12-глава

Дары-дармек каражаттарын жарнамалоодо коопсуздук талаптары

232. Дары-дармек каражаттарын жарнамалоо Кыргыз Республикасынын Жарнама жөнүндө мыйзамынын талаптарына ылайык ишке ашырылат.

233. Маалыматтык-жарнамалык материалдар, дары-дармек каражаттары жөнүндө маалыматтар төмөнкү шарттарга шайкеш келиши керек:

- ишенимдүү, туура, заманбап, далилдүү болушу керек жана/же жарнамалык текстке тиешелүү сүрөтү болууга тийиш;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жайылтылат;

- дары-дармек каражаты кайталангыс, кыйла натыйжалуу, кыйла коопсуз, кошумча натыйжаларынын жоктугу боюнча өзгөчө катары көрсөтүлбөшү керек;

- курамына, чыгышына, жаңылыгына же дары-дармек каражатынын патенттелгенине карата адашууга алып келбеши керек;

- дары-дармек каражатынын таасири кепилдикке алынгандыгы жөнүндө ырастоолорду камтыбашы керек;

- жарнамалык натыйжаны күчөтүү максатында дары-дармек каражаты башка дары-дармек каражаты менен салыштырылбоого тийиш;

- медициналык консультацияларды же хирургиялык операциялардын кереги жок деген пикирди түзбөөгө тийиш;

- дары-дармек каражатын чыгаруучу ишкананын кадыр-баркын кетирүүгө, дары-дармек каражатынын таасирине керектөөчүлөрдүн ишенимин кетирбөөгө тийиш;

- врачтын, фармацевттин образын пайдаланбоого, окумуштуулардын, белгилүү адамдардын, саламаттык сактоо кызматкерлеринин, дарыланып чыккан пациенттердин сунуштарына шилтеме жасоого жана балдарга гана багытталган маалыматтарды камтыбоого тийиш;

- эгерде дары-дармек каражаты катары катталбаса тамак-аш кошундуларынын, биологиялык активдүү кошундулардын, косметикалык каражаттардын, гигиена каражаттарынын дарылык касиеттерин көрсөтпөшү керек.

234. Төмөнкүлөрдү жарнамалоого тыюу салынат:

- врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарын;

- квалификациялуу врач гана дарылай алуучу оор абал учурунда колдонулуучу дары-дармек каражаттарын;

- Кыргыз Республикасынын катталбаган дары-дармек каражаттарын;

- баңгизат, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду.

235. Дары-дармек каражаттарын жарнамалоо адистер үчүн арналган жарнамага жана калк арасындагы жарнамага бөлүнөт.

236. Адистер үчүн арналган жарнамага талаптар:

1) адистер үчүн арналган дары-дармек каражаттарын жарнамалоого адистештирилген басылмаларда, маалымдама-маалыматтык борборлор аркылуу, конференцияларда, симпозиумдарда, көргөзмөлөрдө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иш-чараларда жол берилет;

2) адистер үчүн арналган жарнама дары-дармек каражаты жөнүндө илимий маалыматтардын тизмесине толук туура келиши жана төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

- эл аралык патенттелбеген аталышты (ЭПА) же дары-дармек каражатынын жактырылган жалпы пайдаланылуучу аталышын пайдалануу менен активдүү компоненттин аталышын;

- соодалык аталышын;

- кабыл алуу үчүн зарыл дозада активдүү компоненттин кармалышын;

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген колдонууга көрсөтмөнү;

- дозаланышын жана кабыл алуу тартибин;

- кошумча кубулуштарды жана негизги кааланбаган реакцияларды;

- ушул дары-дармек каражатын кылдаттык менен колдонуу керек болгондо каршы көрсөткүчтөрү, эскертүүлөрү боюнча маалыматтарды;

- ушул дары-дармек каражаттарынын кошумча реакцияларды жаратышы мүмкүн экендиги белгилүү болгон башка компоненттеринин аталышын;

- башка дары-дармек каражаттары менен өз ара аракетин;

- чыгаруучунун жана дистрибьютордун аталышын жана дарегин;

- тиешелүү илимий булактарга шилтемелерди;

3) эгерде жарнамалык кулактандырууда дары-дармек каражаты жөнүндө толук маалыматтар келтирилсе, маалыматты алуу булагына шилтеме жасоо керек;

4) жарнаманын түрүнө карабастан дары-дармек каражаттарын клиникалык сыноолордо алынган дары-дармек каражаттары жөнүндө фармакологиялык маалыматтарга шайкеш келүүгө тийиш.

237. Калк арасында дары-дармек каражаттарын жарнамалоого талаптар:

1) калктын кеңири катмары үчүн жарнама врачтын рецебисиз сатууда расмий түрдө болгон дары-дармек каражаттарын пайдаланууга карата рационалдуу чечим кабыл алууда адамдарга жардам бериши керек;

2) керектөөчүлөргө баасы жөнүндө так жана туура маалымат берүү зарыл;

3) калк үчүн арналган дары-дармек каражаттарын жарнамалоо жеткиликтүү түрдө баяндалууга жана төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

- эл аралык патенттелбеген аталышты (ЭПА) пайдалануу менен активдүү компоненттин аталышын;

- соодадагы аталышын;

- колдонууга негизги көрсөтмөнү;

- кош бойлуу, бала эмизүүчү энелер, балдар, улгайган курактагы адамдар ж.б. үчүн сак болуунун, каршы көрсөткүчтөрүнүн жана атайын сактануунун негизги чараларын;

- чыгаруучунун же дистрибьютордун аталышын жана дарегин.

238. Дары-дармек каражаттарын жарнамалоону контролдоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

## 13-глава

Дары-дармек каражаттарын алып чыгуусуна талаптар

239. Базарга дары-дармек каражаттарын алып чыгууда ушул Регламентте белгиленген этикалык критерийлерди эске алууну талап кылат.

240. Ушул главанын талаптары дары-дармек каражаттарды чыгаруучуларга, дистрибьюторлорго, медициналык өкүлдөргө, дары-дармек каражаттарын берүүчүлөргө, дары-дармек каражаттарын дайындоо, берүү жана бөлүштүрүү менен иш жүргүзгөн медициналык жана фармацевтикалык уюмдардын кызматкерлерине, медициналык жана башка окуу жайларына, кесиптик ассоциацияларга, пациенттердин тобуна жана керектөөчүлөргө, жалпыга маалымдоонун кесиптик жана коомдук каражаттарына жайылтылат.

241. Маалыматтык сактоонун адиси болуп эсептелбеген адамдарга багытталган, врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражатын алып чыгууга жол берилбейт.

242. Мурунку пункттун талаптары алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарына жана эпидемиялык көрсөткүчтөрү боюнча эмдөөлөрдүн календарына ылайык жүргүзүлүүчү, вакцинация программаларында пайдаланылуучу иммунобиологиялык дары-дармек каражаттарын алып чыгууга жайылтылбайт.

243. Дары-дармек каражаттарын теледүкөндөр (телешоптор) аркылуу, саламаттык сактоонун адиси болуп эсептелбеген адамдардын арасында дары-дармек каражаттарынын акысыз үлгүлөрүн таратуу аркылуу, анын ичинде дары-дармек каражаттарынын дегустацияларын жана сынамыктарын жүргүзүү аркылуу алып чыгууга жол берилбейт.

244. Дары-дармек каражаттарын байге жана сыйлык катары пайдаланууга жол берилбейт.

245. Фармацевтикалык компания өздөрүнүн медициналык өкүлдөрүнө, өздөрүнүн башка кызматкерлерине жана өзү иштешкен башка дистрибьюторлорго тааныштырууга жана ушул Регламенттин талаптарын алар дагы карманышы керектигин маалымдоого милдеттенет.

246. Дары-дармек каражаттарын алып чыгууда пайдаланылуучу бардык материалдар Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарын каттоодо бекитилген маалыматтарга базаланууга тийиш, ишенимдүү, так, чынчыл, туура, далилдүү болушу жана жалпы кабыл алынган этикалык нормаларга жана эрежелерге шайкеш келиши керек. Алар адаштыруучу же туура эмес жыйынтыктарды камтыбашы керек, маалыматтын кандайдыр бир бөлүгүн алып салууга болбойт, ал дарыны туура эмес пайдаланууга же кереги жок коркунучка алып келиши мүмкүн.

247. Саламаттык сактоонун адистерине берилүүчү медициналык-фармацевтикалык маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыбашы керек:

- туура эмес же атайылап бурмаланган фактыларды жана/же контексттен бөлүп алынган маалыматтарды, бул дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө катышуучуларды адаштырууга алып келиши мүмкүн;

- дары-дармек каражаттарынын натыйжаларын жасалма түрдө күчөтүүнү;

- дары-дармек каражатында кааланбаган натыйжанын толук жоктугу жөнүндө ырастоону;

- дары-дармек каражаттарынын 100% натыйжалуулугу жана/же коопсуздугу жөнүндө түздөн-түз же болжолдоп билдирген ырастоолорду;

- аны колдонуунун толук негиздемесисиз "коопсуз" деген аныктаманы;

- каттагандан кийин 2ден көбүрөөк жыл өткөн дары-дармек каражатына карата "жаңы" деген аныктаманы;

- ушул дары-дармек каражаты жана/же фармацевтикалык компания менен атаандаштыкта болгон дары-дармек каражатынын жана/же фармацевтикалык компаниянын кадыр-баркына ар кандай зыян келтирүүнү;

- медициналык консультация же хирургиялык операция промотирленген дары-дармек каражатын пайдаланууда сөзсүз эмес деген түшүнүктү түзүүчү маалыматтарды.

248. Фармацевтикалык компания тарабынан дары-дармек каражаты жөнүндө маалымат менен алгылыксыз аракеттер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- атаандаш каражаттын жарнамалык материалдарын өзгөртүлгөн же өзгөртүлбөгөн түрдө көчүрүү жана/же кайра чыгаруу жана конкреттүү дары-дармек каражаттарынын промоциялык материалдарында аларга шилтеме жасоо;

- Кыргыз Республикасында катталбаган дары-дармек каражаттары жөнүндө жарнамалык мүнөздөгү маалыматтарды берүү.

249. Эгерде жарнамалык мүнөздөгү материалдар дары-дармек каражаттарынын баасы жана/же атаандаш дары-дармек каражаты менен баалык салыштыруу жөнүндө маалыматтарды камтыса милдеттүү түрдө салыштыруу күнү жана маалымат булагы көрсөтүлөт.

250. Изилдөө жүргүзүүгө шилтеме жасоодо күнүн, изилдөө булагын жана/же авторун так белгилөө зарыл.

251. Эгерде келтирилген маалыматтар i№ vitroдон алынса же жаныбарларга изилдөөлөрдөн алынса, анда аны туура эмес чечмеленген фактыларды болтурбоо үчүн так белгилөө керек.

252. Дары-дармек каражаттарын жарнамалоочу маалыматтын ар кандай булагы төмөнкүлөрдү милдеттүү түрдө камтышы керек:

- дары-дармек каражаттарынын соодалык жана патенттелбеген аталышын;

- көрсөткүчтөрдү, каршы көрсөткүчтөрдү, кошумча таасирин жана өзгөчө сак болууларды жана дарыканадан берүү шарттарын сөзсүз көрсөтүү менен колдонуу боюнча нускаманы;

- каттоо номерин, Кыргыз Республикасында катталган күнүн жана каттоо мөөнөтүн;

- чыгаруучу компаниянын аталышын жана анын Кыргыз Республикасындагы юридикалык дарегин;

- цитата келтирүүдө, фактыларды жана маалыматтарды көрсөтүүдө маалымат булактарына шилтемени;

- дары-дармек каражатынын рецепттик статусунун белгиленишин - мисалы "Врачтын рецеби боюнча берилет" же дары-дармек каражатынын рецепсиз статусуна белгилөөнү - мисалы "Рецептсиз берилет";

- ушул маалымат булагын чыгаруунун так күнүн.

253. Фармацевтикалык компаниялардын медициналык өкүлдөрү саламаттык сактоонун адистерине келген учурда дары-дармек каражаттарынын кошумча таасиринин учурлары жөнүндө маалыматтарды чогултушат жана өз компаниясынын өкүлдөрүнө беришет, алар ушул маалыматты андан ары компаниянын штаб-квартирасына же дары-дармек каражатын чыгаруучу заводго берүү үчүн жарнамаланат.

254. Фарцевтикалык компания ошондой эле жарнамалык маалыматка жана промоциялык материалга контролдоо жүргүзүүгө жооптуу адамды дайындайт. Компания белгилегендерден башка бул адам төмөнкүлөргө жооп берет.

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талабы боюнча жарнаманын үлгүлөрүн жана маалымат берүүгө;

- иши продукцияны проморциялоо менен байланышкан кызматкерди окутууга;

- жарнамалык маалыматтын колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына шайкеш келишине.

255. Фармацевтикалык фирмалардын медициналык өкүлдөрү тиешелүү медициналык билимге ээ болууга жана тиешелүү түрдө окутулууга тийиш. Алар алып чыгуучу дары-дармек каражаттары жөнүндө так жана мүмкүн болушунча толук маалымат бериши үчүн жетиштүү болгон көлөмдө илимий маалыматтарга ээ болушу керек.

256. Фармацевтикалык фирмалардын жетекчилери медициналык өкүлдөрдү алгачкы жана андан кийинки даярдоого, атап айтканда Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарын базарга алып чыгуу боюнча ушул Регламенттин талаптарын көңүлгө алуу менен этикалык жүрүм-турум маселелери боюнча нускамадан өткөрүүгө жооптуу.

257. Фармацевтикалык фирмалардын жетекчилери дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын базарларына алып чыгууда өздөрүнүн медициналык өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү жана иштери үчүн жоопкерчилик тартышат.

258. Медициналык өкүлдөр дары-дармек каражатын дайындоочу фармацевттерге жана врачтарга каралуучу дары-дармек каражаттарынын ар бири боюнча толук жана алдын алынган маалыматты, бекитилген илимий өз алдынчалыктарда берилүүчү жана башка ушул сыяктуу маалымат булактары жөнүндө маалыматтарды бериши керек.

259. Фармацевтикалык компаниялар төмөнкүлөрдү бере алышат:

- саламаттык сактоонун адистерине илимий-практикалык маалыматтарды маалымдама адабият, илимий журнал, медициналык адабият, медициналык СD түрүндө, саламаттык сактоо жаатындагы кесиптик басылмаларга жазылууга төлөөнү ж.б.;

- саламаттык сактоонун адистерине маанилүү медициналык жабдууларды сатып алууну (жана/же медициналык тейлөөгө кайрымдуулук төгүмдөрдү), медициналык кызматтарды (жана/же медициналык кызматтарга кайрымдуулук төгүмдөрдү) сатып алууну, изилдөөлөрдү, практиканы өркүндөтүүнү кошкондо максаттуу каржылоону, бул саламаттык сактоонун адистери тарабынан дары-дармек каражаттарын жазып берүүгө алмаштыруу катары жасалат;

- каттоо төгүмү, жол жүрүүнү төлөө түрүндө адистештирилген илимий-практикалык иш-чараларга (симпозиумдарга, конференцияларга, семинарларга) катышуу үчүн саламаттык сактоонун адистерине демөөрчүлүк жардамды;

- маданий, кайрымдуулук, коомдук билим берүүчү, гуманитардык, филантропикалык, спорттук иш-чараларга тартылган уюмдарга, ошондой эле саламаттык сактоо менен байланышкан иштерге кайрымдуулук төгүмдөрүн берүүнү. Кайрымдуулук төгүмдөрүнүн ар кандай түрү толук ачык-айкын болууга жана мыйзамга шайкеш келүүгө тийиш.

260. Саламаттык сактоонун адистери менен өз ара аракеттенүүдө фармацевтикалык компаниялардын төмөнкүлөрдү жасашына таптакыр тыюу салынат:

- дары-дармек каражатын пациентке дайындаганы үчүн ар кандай түрдө (финансылык дагы, финансылык эмес дагы) сый акы берүүгө;

- саламаттык сактоонун адистерине багытталган жана белгилүү дары-дармек каражаттарын дайындоого же сунуш кылууга жараша саламаттык сактоонун адистерине ар кандай материалдык пайда алуу (дароо же кийинчерээк) максатын көздөгөн ар кандай конкурстарды, акцияларды, лотереялык оюндарды ж.б. уюштурууга;

- пациенттерге дары-дармек каражаттарын дайындоо фактысы жана саламаттык сактоонун адистеринин ар кандай материалдык стимулдарды алуунун ортосундагы себептик-натыйжалык байланыштын болушун;

- өздөрү көчүрүп алуучу жана конкреттүү врачтын белгилүү дары-дармек каражатын дайындоо жыштыгын андан ары контролдоо үчүн кызмат кылуучу рецептик бланктарды берүүгө.

261. Дары-дармек каражаттарынын акысыз үлгүлөрүн төмөнкү шарттарды сактоо учурунда дары-дармек каражаттарын дайындоого ыйгарым укуктуу адамга берүүгө уруксат берилет:

- жылына бир жолу ар бир рецепттик дары-дармек каражатынын чектелген сандагы үлгүсүн;

- үлгүлөр алуучунун колу жана күнү коюлган жазуу жүзүндөгү суроо-талабынан кийин гана берилет;

- үлгүнү берген адамда контролдоонун жана эсепке алуунун адекваттуу системасы болууга тийиш;

- ар бир үлгү базарга коюлган продукту менен минималдуу санда идентификацияланышы керек;

- ар бир үлгү дары-дармек препаратынын акысыз үлгүсү катары маркаланышы керек, аны кайра сатуу же башка жеке максаттары үчүн пайдаланууга болбойт;

- ар бир үлгү дары-дармек каражатынын кыскача мүнөздөмөсүнүн көчүрмөсү менен коштолушу керек;

- психотроптук же баңгизат камтыган, эл аралык конвенциянын аныктамаларына туура келген дары-дармек каражаттарынын үлгүлөрүн берүүгө тыюу салынат.

262. Катталган дары-дармек каражаттарынын гана акысыз үлгүлөрү берилиши мүмкүн. Бул талап клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү учурларына жайылтылбайт.

263. Акысыз үлгү катары нускама менен коштолгон жана "акысыз үлгү - сатуу үчүн эмес" деген маркалоосу бар дары-дармек каражатынын таңгагы гана жайылтылышы мүмкүн.

264. Илимий-маалыматтык иш-чаралар маалымат жайылтуу үчүн пайдалуу. Ушундай иш-чаралардын илимий мазмуну биринчи даражадагы мааниге ээ болот. Эгерде ага илимий жана кесипкөй уюмдар катышса алардын билим берүүчү баалуулугу жогорулайт.

265. Фармацевтикалык компания же дистрибьютор фирма тарабынан демөөрчүлүк жардам жөнүндө ар бир кеңешменин алдында жана бардык протоколдордо алдын ала билдирилиши керек. Протоколдордо ошондой эле бардык сүйлөнгөн сөздөр жана дискуссиялар чагылдырылат.

266. Эл аралык же өлкө ичинде уюштурулуучу иш-чараларга (симпозиумдарга) катышууга мүмкүндүк берүүчү жекече практика жүргүзүүчү врачтарды ар кандай колдоо кандайдыр бир медициналык продукцияны алып чыгууга көмөктөшүү милдеттенмесине көз каранды болбошу керек.

267. ЖМКлардын өкүлдөрүн жана адистер үчүн изилдөөлөрдүн жаңы натыйжалары жөнүндө маалымдоо боюнча иш-чараларды өзүнчө өткөрүү керек. ЖМКлардын өкүлдөрүнүн жана илимий басма сөздүн өкүлдөрү илимий-маалыматтык иш-чараларга (симпозиумдарга, конференцияларга, съезддерге ж.б.) аралаш катышкан учурда аларга "атайын басма сөз үчүн" жана "ЖМКлардын өкүлдөрү үчүн" деген белгилери бар атайын даярдалган өз-өзүнчө папкаларды берүү сунуш кылынат.

268. Постмаркетингдик илимий изилдөөлөр жана байкоо жүргүзүүлөр дары-дармек каражаттарын базарга алып чыгууга көмөктөшүүнүн көмүскөлөнгөн формасы катары пайдаланылбашы керек.

269. Постмаркетингдик илимий изилдөөлөрдүн жана байкоо жүргүзүүлөрдүн натыйжалары эгерде ага ылайык алынган кеңейтилген көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилбесе, калк үчүн жарнамада пайдаланылбайт.

270. Учурдагы изилдөөлөрдүн натыйжалары же талдоо жүргүзүү жана иштетүү стадиясындагы изилдөөлөрдүн натыйжалары биротоло бүткөн катары берилбеши керек.

271. Жеке тажрыйбага негизделген препаратты колдонуу боюнча сунуштары менен ачык айтылып, кеңири аудиторияга даректелген, бирок бекитилген фармакологиялык маалыматтарга туура келбеген адис медиктердин сүйлөнгөн сөздөрү корректтүү эмес деп эсептелет.

272. Постмаркетингдик илимий изилдөөлөрдүн жана байкоо жүргүзүүлөрдүн натыйжаларын илимий жарыялоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий уруксат берген учуруна чейин талкуулануучу каражаттардын практикасына киргизүү үчүн негиз болуп санала албайт.

273. Адистер үчүн жарнамада постмаркетингдик илимий изилдөөлөрдүн жана байкоо жүргүзүүлөрдүн натыйжалары алар жарыялангандан кийин гана пайдаланылат жана булактарга шилтемени камтууга тийиш.

274. Постмаркетингдик илимий изилдөөлөрдүн жана байкоо жүргүзүүлөрдүн натыйжаларына тиешеси бар маалыматтык материалдарда ЭПА (эл аралык патенттелбеген аталышы) менен катар эле дары-дармек каражаттарынын соодалык маркасын көрсөтүү керек. Ошол эле ЭПА менен кайра жасалган (генерикалык) препараттарга тиешелүү жарыялоолордо жана/же маалыматтык материалдарда ушул натыйжаларга шилтеме жасоодо изилдөөнүн натыйжасы болуп эсептелген дары-дармек каражатынын соода маркасын көрсөтүү керек.

275. Саламаттык сактоонун адистери консультант катары фармацевтикалык компаниялар тарабынан акы алуу менен төмөнкүдөй кызматтарды көрсөтө алышат:

- компания чыгарган дары-дармек каражаты менен байланышкан тематикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;

- фармацевтикалык компаниялар уюштурган маалыматтык-билим берүүчү иш-чараларда (семинарларда, конференцияларда, тегерек столдордо жана башкаларда) презентацияларды.

276. Саламаттык сактоо адиси консультант катары каралышы мүмкүн, эгерде:

- эки тараптуу (саламаттык сактоо адиси жана фармацевтикалык компания) кол коюлган жазуу жүзүндөгү эмгек макулдашуусу болсо, ал көрсөтүлүүчү консультациялык кызматтардын так баяндалышын камтыйт;

- фармацевтикалык компаниянын ушул кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине болгон керектөөсү так белгиленүүгө тийиш;

- консультанттарды тандоо компания чыгарган дары-дармек каражатын пациенттерге дайындоого макулдук жана/же негизинде эмес, саламаттык сактоо адистерин даярдоо деңгээлинин жана анын компания койгон билим берүүчү же илимий максатка жетүү жөндөмүнүн негизинде жүргүзүлөт;

- анын кызмат көрсөтүүсүн пайдалануу максатында консультант менен жолугушуучу жер жана жагдай консультантты дайындоого шайкеш келет (дарылоо-алдын алуу мекемеси, медициналык окуу жайы, конференция борборлору ж.б.);

- консультанттар менен жолугушууга байланышкан меймандостук наркы боюнча чыгымы аз жана жолугушуунун негизги максатына (илимий, практикалык) карата экинчи даражада болуп эсептелет;

- өзүнүн кызмат көрсөткөндүгү үчүн консультант ала турган сый акынын өлчөмү кызмат көрсөтүүнүн ушул тибинин базар наркынын алкагында болот.

277. Фармацевтикалык компания өзү чыгарган дары-дармек каражаты менен байланышкан изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн консультантты жалдаган учурда изилдөөнүн жазуу жүзүндөгү протоколу жүргүзүлөт.

278. Кыргыз Республикасынын турмуштук маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине (ТМДКТ) дары-дармек каражаттарын киргизүү негизги дары-дармек каражаттарын тандоо критерийлерине шайкеш келген фармацевтикалык препараттарды тандоо принциптерине негизделүүгө тийиш:

- артыкчылык далилденген натыйжасы жана коопсуздугу бар дары-дармек каражаттарына таандык болот;

- тандоо рандомизирленген контролдонуучу клиникалык изилдөөдөн өткөн дары-дармек каражаттарынан жүргүзүлүшү керек;

- жаңы дары-дармек каражаттары мурдатан эле пайдаланылып жүргөн дары-дармек каражаттарынын алдында ачык-айкын артыкчылыкка ээ болгон учурда гана тизмеге киргизилет;

- ар бир дары-дармек каражаты сактоонун жана пайдалануунун тиешелүү шарттарында биологиялык жеткиликтүүлүктү жана туруктуулукту зарыл учурда камтуу менен сапат боюнча стандарттарга жооп берүүгө тийиш;

- конкреттүү дары-дармек каражаты үчүн наркынын - натыйжалуулугунун катышын эске алуу зарыл;

- негизги дары-дармек каражаттарынын көпчүлүгү көп компоненттүү бирикмелерден турууга тийиш. Таасир этүүчү заттардын комбинацияларын белгилөө, эгерде комбинация жакшы терапевттик натыйжага, коопсуздукка, колдонууда ыңгайлуулукка же наркынын арзандыгына жетиши үчүн көп компоненттүү бирикмелерге караганда далилденген артыкчылыкка ээ болгон учурда гана алгылыктуу болот;

- турмуштук маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине тандалып алынган дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталыштар (ЭПА) менен киргизилет.

## 14-глава

Дары-дармек каражаттарынын шайкештигин баалоо

279. Дары-дармек каражаттарынын шайкеш келишин баалоо төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:

- мамлекеттик каттоо/кайра каттоо;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик көзөмөл.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 346, 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

280. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

281. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

282. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

283. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

284. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

285. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

286. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

287. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

288. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

289. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

290. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

291. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

292. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

293. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

294. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

295. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

296. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

297. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

298. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

299(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

300. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

301. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

302. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

303. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

304. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

305. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

306. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

307. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

308. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

309. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

310. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

311. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

312. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

313. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

314. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

315. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

316. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

317. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

318. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

319. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

320. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

321(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

322. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

323(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

324. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

325. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

326. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

327. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

328. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

328-1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

329. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

330. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

331. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

332. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

333. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

334. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

335. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

336. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

337. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

338. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

339. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

340. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

341. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

342. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

343. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

344. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

345. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

346. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

347. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

348. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

349. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

350. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

351. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

352. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

353. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

354. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

355. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

356. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

357. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

358. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

359. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

360. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

361. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

362. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

363. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

364. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

365. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

366. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

367. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

368. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

369. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

370. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

371. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

372. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

373. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

374. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

375. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

376. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

377. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

378. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

379. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

380. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

381. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

382. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

383. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

384. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

385. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

386. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

387. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

388. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

389. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

390. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

391. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

392. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

393. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

394. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

395. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

396. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

397. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

398. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

399. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

400. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

401. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

402. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

403. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

404. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

405. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

406. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

407. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

408. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

409. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

410. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

411. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

412. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

413. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

414. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

415. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

416. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

417. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

418. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

419. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

420. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

421. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

422. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

423. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

424. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

425. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

426. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

427. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

428. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

429. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

430. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

431. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

432. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

433. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

434. Ушул Регламент менен белгиленген талаптардын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат.

435. Дары-дармек каражаттарына жана аларды чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процессине мамлекеттик көзөмөл жүгүртүүнүн бардык стадияларында ишке ашырылат.

436. Мамлекеттик көзөмөл продукциянын коркунучун эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

437. Мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү тартиби, текшерүүлөрдүн эселүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

438. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:

1) өз компетенциясына кирген маселелерге карата мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык жүргүзөт;

2) ушул Регламентке ылайык коопсуздук талаптарына жооп бербеген дары-дармек каражаттарын сатууну токтотуу жана ага жол бербөө боюнча таасир этүү чараларын көрөт.

439. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү шарттарын сактоого мамлекеттик көзөмөл дары-дармек каражаттарын керектөөчүлөрдүн өмүрүн, ден соолугун, укуктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат.

440. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү шарттарын сактоого мамлекеттик көзөмөлдүн милдеттери болуп төмөнкүлөрдү аныктоо жана токтотуу эсептелет:

1) жасалма дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү;

2) жараксыз болуп калган дары-дармек каражаттарын, ошондой эле жарактуулук мөөнөтү бүткөн дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү;

3) тиешелүү эмес сапаттагы товар болуп эсептелген, анын ичинде сандык жана сапаттык курамы же ал жөнүндө маалыматтар (маркалоо жана нускама) каттоодо коюлган талаптарга шайкеш келбеген дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү;

4) дары-дармек каражаттарын ташуу, сактоо, утилдештирүү шарттарын, керектөөчүлөргө берүү шарттарын дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттеринин бузууларын.

441. Жүгүртүүдөгү дары-дармек каражаттарына мамлекеттик көзөмөл дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларына териштирүү жүргүзүлгөн учурларда чыгаруучулардын кампаларынан, дүң соода уюмдарынан жана дарыкана мекемелеринен дары-дармек каражаттарынын үлгүлөрүн контролдук алуу түрүндө ишке ашырылат.

442. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү шарттарын сактоого мамлекеттик көзөмөл төмөнкүлөрдү карайт:

1) ушул Регламенттин талаптарын дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттеринин сактоолорун текшерүүнү;

2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ыйгарым укуктарынын чектеринде дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттерине дары-дармек каражаттарын жүгүртүү шарттарын бузууларды токтотуу жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүнү;

3) талаптарга жооп бербеген дары-дармек каражаттарын чыгарууну жана сатууну токтотуу, талаптарга жооп бербеген дары-дармек каражаттарын ички базардан жана/же керектөөчүлөрдөн кайра алуу жана бул жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алууну;

4) тиешелүү учурларда дары-дармек каражаттарын жүгүртүү шарттары бузулганда тиешелүү регулятордук иш-чараларды жүргүзүү зарыл;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды ведомстволук таандыктыгы боюнча прокуратура органдарында, башка укук коргоо органдарына жиберүүнү.

443. Сапаттуу эмес дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө төмөнкүдөй иш-чаралар колдонулат:

- дары-дармек каражаттарынын айрым серияларын жүгүртүүнү андан ары жаңылоо менен же жүгүртүүдөн алып салуу менен жүгүртүүнү токтотуу;

- дары-дармек каражаттарын алып келүүгө, чыгарууга, сатып алууга, сатууга жана/же колдонууга тыюу салуу жолу менен анын бардык же айрым серияларын жүгүртүүгө тыюу салуу;

- андан ары берүүчүгө кайтарып берүү же жок кылуу менен дары-дармек каражатынын бардыгын же айрым серияларын жүгүртүүдөн алып салуу;

- дары-дармек каражатынын каттоо күбөлүгүнүн жарактуулугун токтотуу.

444. Дары-дармек каражатынын каттоо күбөлүгүнүн жарактуулугун токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу ушул Регламентте белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат.

445. "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дары-дармек каражаттарын чыгаруу, сактоо, ташуу, сатуу, ошондой эле жүгүртүүдөн алып коюу процесстерине толук же жарым-жартылай тыюу салуу (токтото туруу) соттун чечими боюнча ишке ашырылат.

446. Төмөнкү класстардагы шайкеш эместиги бар сапаттуу эмес дары-дармек каражаттары аныкталганда жана аларды жүгүртүүгө тыюу салууга же жүгүртүүдөн алып салууга карата чечим кабыл алууда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөнкүдөй чараларды көрөт:

1) 1-класстагы шайкеш келбестик - чыгаруучу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарына, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү бардык чарбакер субъекттерге маалымат берүү менен белгиленген форма боюнча (ушул Регламентке 18-тиркеме) билдирүү жана ушундай дары-дармек каражаттарын алып салууга карата көрсөтмө берүү.

1-класстагы шайкеш эместик классификациясына адамдын өмүрү үчүн опурталдуу же адамдын ден соолугу үчүн оор кесепетке алып келиши мүмкүн болгон дары-дармек каражаттарынын нормативдик документтеринин талаптарына шайкеш эместиги кирет:

- аталышына, дозасына карата ката менен маркалоо;

- стерилдүү болушу керек болгон дары-дармек каражаттарында стерилдүүлүктүн жоктугу;

- аномалдуу уулуулугу, саюучу жана инфуиндук эритмелердин пирогендүүлүгү, аларда механикалык кошулуулардын болушу;

- түрдүү дары-дармек каражаттарын бир таңгакка аралаштыруу;

- көп компоненттүү дары-дармек каражатында туура эмес таасир берүүчү заттын болушу;

- ден соолук үчүн оор кесепеттери бар химиялык контаминация;

- жасалма дары-дармек каражаттары;

2) 2-класстагы шайкеш эместик - дары-дармек каражатынын ушул сериясын (серияларын) чыгаруучу мекемеге, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү бардык чарбакер субъекттерге маалымат берүү менен ушундай дары-дармек каражаттарын жүгүртүүдөн алып салууга карата белгиленген формада билдирүү (ушул Регламентке 18-тиркеме) жана көрсөтмө берүү.

2-класстагы шайкеш эместик классификациясына төмөнкүлөр оорунун өнүгүшүнө же тийиштүү эмес дарылоого шарт түзүшү мүмкүн болгон, бирок 1-класстагы шайкеш эместик аныктамасына кирбеген дары-дармек каражаттарынын нормативдик документтеринин талаптарына шайкеш эместиги кирет:

- 1-класска кирбеген тексттеги же графикалык сүрөттөлүштөгү каталар;

- колдонуу боюнча нускамада же кошумча баракчада жеткиликсиз же ката маалымат берүү;

- кошундунун деңгээлинин олуттуу көбөйүшү, кошунду менен кайчылаш контаминациялоо;

- ден соолук үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон тиешелүү эмес тыгындоо (цитоуулуу препараттарга, күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарына, балдардан корголгон таңгактарга тиешелүү);

- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу нормативдик документтерге жана/же фармакопеянын талаптарына шайкеш эместик (төмөнкү тесттерге шайкеш эместик: "камтылган таасир этүүчү заттын дозаланган дары-дармек каражатынын бирдигине бир тектүүлүгү", "бөлүнүү", "эрүү" "идентификациялоо", "сандык камтылышы", "түстүүлүк", "тунуктук", "рН", "сынуу көрсөткүчү", "микробиологиялык тазалык ", "бөтөн кошунду", "оор металлдар", "органикалык эриткичтердин калдык саны", "пестициддер", "афлотоксиндер", "радионуклиддер", "туруктуулуктун жоктугу", "камтылган ным (субстанциялар)", "жылчыксыздык", "камтылган радионуклиддер" ж.б.);

3) 3-класстагы шайкеш эместик - көрсөтмөдө белгиленген убакыттын ичинде жүгүртүүдөн ушундай дары-дармек каражаттарын алып салууга карата билдирүү жана көрсөтмө.

3-класстагы шайкеш эместик классификациясына дары-дармек каражаттарынын адамдын ден соолугу үчүн олуттуу зыян келтире албаган дары-дармек каражаттарынын нормативдик документтеринин талаптарына шайкеш эместиги кирет:

- стерилдүү эмес дары-дармек каражаттарын тиешелүү эмес түрдө тыгындоо;

- маркалоодогу анча олуттуу эмес каталык (шрифттин кичинекей өлчөмү, серия номеринин жоктугу, каттоо номериндеги ката жана ушул сыяктуулар);

- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат деп таанылган фармакопеянын талаптарына жана/же НДга шайкеш эместиги (төмөнкү тесттерге шайкеш эместик: "дозаланган дары-дармек каражатынын бирдиги үчүн массанын бир тектүүлүгү", "орточо масса", "камтылган таңгактын (контейнердин) массасы", "таңгакта камтылгандын чыгуу проценти", "кабыкчасы жок таблетканын кемиктелиши" ж.б.).

447. Дары-дармек каражаттарынын бардыгын же айрым серияларын тыюу салуу, жүгүртүүдөн алып салуу үчүн негиздер:

1) дары-дармек каражаттарынын жасалма сериясы (сериялары) аныкталганда;

2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамынын жолдомосу боюнча жүргүзүлгөн, белгиленген тартипте аккредиттелген лабораторияларда лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча алынган дары-дармек каражаттарынын үлгүлөрүнүн сапатына карата терс корутунду.

Инфузиялык эритмелердин, саюучу дары-дармек формаларынын жана кан менен түздөн-түз байланышуучу башка формалардын жана эндотрахеалдык жол менен киргизилүүчү дары-дармек каражаттарынын сапаттуу эместиги фактысы аныкталган учурда андай дары-дармек каражаттарын жүгүртүүдөн алып салуу бир сериянын үлгүлөрүн лабораториялык изилдөөлөрдүн терс корутундусунун жыйынтыгы боюнча ишке ашырылышы мүмкүн;

3) дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттер тарабынан дары-дармек каражаттарын чыгаруу боюнча, дүң, чекене соодалоонун шарттарын бузулууларын текшерүү убагында аныктоо;

4) өндүрүш технологиясы жана/же дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо методдору калыбына келтирилбөөчү методдорду кошкондо дары-дармек каражатынын сапатын кепилдикке алууну камсыз кылбаган фактыларды, чыгаруунун шарттарын сактоого контролдоо жана/же өндүрүштү текшерүү же дары-дармек каражатынын сапатына контролдоо жүргүзүүдө аныктоо (кайра чыгаруу жөнүндө жыйынтыктар белгиленген тартипте аккредиттелген бир лабораториядагы изилдөөлөрдөн кийин гана жасалат);

5) дары-дармек каражатын чыгаруучу каттоо маалыматында билдирилген көлөмдө сырьенун, аралыктык продуктулардын жана даяр дары-дармек каражатынын сапатына контролдоо жүргүзбөй тургандыгын айгинелөөчү фактыны аныктоо;

6) сапаттуу эмес дары-дармек каражаттарын пайдаланууну ырастоо учурунда дары-дармек каражаттарынын сериясын же серияларын колдонууда олуттуу кошумча реакциясы жөнүндө жана/же адамдардын өлүмү жөнүндө билдирүү;

7) мыйзамдарда белгиленген тартипти жана ушул Регламенттин талаптарын бузуу менен дары-дармек каражаттарын алып келүү фактысын аныктоо.

448. Дары-дармек каражатын жүгүртүүгө убактылуу тыюу салгандан кийин анын сериясын жүгүртүүнү жаңылоо үчүн негиздер:

1) лаборатория тарабынан берилген, белгиленген тартипте аккредиттелген дары-дармек каражаттарынын үлгүлөрүнүн сапатына карата оң корутундулар.

Үлгүлөрдү алуу жана алардын сапатын лабораториялык контролдоо изилдөөлөрдүн көлөмүн аныктоочу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамынын жолдомосу боюнча ишке ашырылат;

2) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамдары тарабынан ишке ашырылган чарба субъекттерине инспекциялык текшерүүлөргө оң корутундулар.

449. Дары-дармек каражаттарынын айрым же бардык серияларын алып кирүүгө, чыгарууга, сатып алууга, сатууга (соодалоого) жана/же колдонууга тыюу салуу жолу менен же аларды жүгүртүүнү жаңылоо менен жүгүртүүдөн андан ары алып салуу аркылуу жүгүртүүнү токтото туруу, тыюу салуу төмөнкү жол-жобо боюнча ишке ашырылат:

1) жүгүртүүдө сапаттуу эмес дары-дармек каражаты болгондугу жөнүндө маалымат түшкөндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы нормативдик документтердин талаптарына дары-дармек каражаттарынын шайкеш эместигин айгинелөөчү документтерди изилдейт жана ушул Регламенттин 446 жана 447-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин болушун баалайт;

2) ушул Регламенттин 446 жана 447-пункттарында белгиленген негиздер болгон учурда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарын кийин жүгүртүүдөн алып салуу менен же бардык аймакта кийин жүгүртүүнү жаңылоо менен жүгүртүүнү токтото туруу же тыюу салуу жөнүндө көрсөтмө (мындан ары - көрсөтмө) берет. Көрсөтмө белгиленген формадагы (ушул Регламентке 18-тиркеме) билдирүү менен коштолот.

3) Көрсөтмө жана билдирүү (кабарлоо) кат, электрондук почта менен же жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жолу менен дары-дармек каражатын чыгаруучуга же анын өкүлүнө, аймактык органга, чарбакер субъектке билдирилет. 1 же 2-класстагы шайкеш эместик аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тиешелүү ырасталган маалымат келип түшкөндөн кийин кайра алуу жол-жобосуна карата иш-чараларды жүргүзөт;

4) ал үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын веб-сайтына зарыл учурда сутканын каалаган учурунда кайра алуу жол-жобосун баштай ала турган жооптуу адам жана анын байланыш телефондору жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат;

5) көрсөтмөдө көрсөтүлгөн мөөнөттө чарба жүргүзүү субъекттери тиешелүү көрсөтмөдө же чечимде келтирилген, дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө карата Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамынын көрсөтмөсүн же чечиминин талаптарын аткарууга карата чара көрүүгө тийиш;

6) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамы тарабынан жүгүртүүгө тыюу салуу жөнүндө көрсөтмө берүү тууралуу чечим кабыл алган дары-дармек каражаттары башка дары-дармек каражаттарынан бөлүнөт жана "КАРАНТИНГЕ" жайгаштырылат;

7) нормативдик документтердин талаптарына дары-дармек каражаттарынын кошумча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгына алып келүүчү шайкеш эместиги аныкталганда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тиешелүү иш-чараларды уюштурат жана ишке ашырат, атап айтканда жүгүртүүдөгү дары-дармек каражаттарынын үлгүлөрүнө, ошондой эле нормативдик документтердин бардык көрсөткүчтөрү боюнча эки толук талдоо жүргүзүү үчүн жетиштүү санда чыгаруучу тарабынан сакталган дары-дармек каражаттарынын чыгарылган серияларынын архивдик үлгүлөрүнө лабораториялык изилдөөлөрдү;

8) жүгүртүүнү токтото туруу мөөнөтү, эгерде дары-дармек каражаттарын лабораториялык изилдөөлөр кыйла узак мезгилди талап кылбаса 45 жумушчу күндөн ашпашы керек;

9) мурунку пунктта белгиленген мөөнөттө дары-дармек каражатынын сапатына мамлекеттик контролдоо (лабораториялык изилдөө) жүргүзүү үчүн стандарттуу үлгүлөрдү жана салыштыруучу заттарды чыгаруучу (заказчы, дистрибьютор жана ушул сыяктуулар) бербеген учурда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамы ушундай дары-дармек каражаттарын жүгүртүүдөн алып салуу жолу менен аларды чыгарууга, сатууга, колдонууга тыюу салат (токтотот);

10) дары-дармек каражаттарын кошумча изилдөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде андан ары утилдештирүү менен дары-дармек каражатын жүгүртүүнү жаңылоо, жүгүртүүдөн алып салуу же жүгүртүүгө тыюу салуу жөнүндө көрсөтмө же чечим берилет.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган көлөмдө дары-дармек каражатынын сапатына контролдоо жүргүзүү мүмкүн эмес болгон учурда белгиленген серияны же препараттын серияларын берүүчүгө (чыгаруучуга) кайтарып берүү же жок кылуу жолу менен жүгүртүүдөн андан ары алып салуу аркылуу дары-дармек каражатынын сериясын же серияларын жүгүртүүгө тыюу салуу жөнүндө көрсөтмө берилет;

11) дары-дармек каражатын жүгүртүүдөн алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көрсөтмөсүнүн же чечиминин негизинде алар бөлүнөт жана "алып салууга" деп белгиленет, акты менен берүүчүгө же дары-дармек каражатын чыгаруучуга өткөрүп берилет же белгиленген тартипте жок кылынат.

Жүгүртүүдөн алып салынган жасалма дары-дармек каражаттары берүүчүгө (чыгаруучуга) кайта берилет же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жок кылынат. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүдөн алып салууну же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көрсөтмөсүндө же чечиминде келтирилген башка чечимдерди аткарууну ырастоочу документтер чарбакер субъекттер тарабынан үч жылдан кем эмес сакталат;

12) көрсөтмөдө көрсөтүлгөн дары-дармек каражаттарынын сериясы же сериялары болгон чарбакер субъект, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көрсөтмөсүндө башкача көрсөтүлбөсө он жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына дары-дармек каражатын жок кылуу же дары-дармек каражатын берүүчүгө (чыгаруучуга) кайтарып берүү фактысын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн берүү менен көрсөтүлгөн көрсөтмөнү аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө билдирет.

450. Дары-дармек каражаттарын чыгарууну жаңылоо, сатуу, сактоо жана пайдалануу чарбакер субъекттин же ал ыйгарым укук берген адамдын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

1) чарбакер субъект же анын ыйгарым укуктуу адамы жазуу жүзүндө дары-дармек каражатын жүгүртүүгө тыюу салууга карата көрсөтмө берген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына нормативдик документтердеги же ушул Регламенттеги аныкталган эреже бузууларды четтетүү боюнча иш-чаралар аткарылгандыгы жөнүндө билдирет;

2) нормативдик документтердеги жана ушул Регламенттеги эреже бузууларды четтетүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызмат адамы тарабынан текшерүү жолу менен ишке ашырылат. Текшерүү жүргүзүүдө чарбакер субъекттеги мурда аныкталган эреже бузуулар жана аларды пайда кылган себептер четтетилгени аныкталат. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча тиешелүү акты түзүлөт;

3) зарыл учурда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарынын үлгүлөрүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктаган көлөмдө анализ алуу үчүн, белгиленген тартипте аккредиттелген лабораториялардын бирине жиберет.

Анализдердин натыйжалары анализ алуу бүткөндөн кийин 3 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө лаборатория тарабынан үлгүлөрдү анализге жиберген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет;

4) эгерде мурда аныкталган эреже бузуулар жана аларды пайда кылган себептер четтетилгени жана дары-дармек каражатынын сапаты нормативдик документтердин талаптарына жооп бергени аныкталса Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өндүрүштү жаңылоо жана/же сатуу, жана/же дары-дармек каражатын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алат;

5) эгерде дары-дармек каражатына тыюу салуу үчүн негиз болуп дары-дармек каражаттарынын сериясын же серияларын колдонууда олуттуу кошумча реакциясы жөнүндө жана/же адамдардын өлүмү жөнүндө билдирүү эсептелсе дары-дармек каражатын андан ары медициналык колдонууга карата дары-дармек каражатын мамлекеттик каттоо үчүн жооптуу органдын оң натыйжаларына жана дары-дармек каражатынын сериясынын же серияларынын сапатына карата оң натыйжалар болгондо дары-дармек каражатын жүгүртүүнү жаңылоо жүргүзүлөт;

6) андан ары дары-дармек каражатын берүүдө чарбакер субъект Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү көрсөтмөсүндө көрсөтүлгөн дары-дармек каражаттарын сатып алууну жана колдонууну болтурбоо боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.

451. Ушул Регламенттин талаптарын чарбакер субъекттердин аткаруусун контролдоону Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.

## 15-глава

Дары-дармек каражаттарын колдонуунун натыйжасында адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу

452. Дары-дармек каражаттарын колдонуунун натыйжасында жарандын ден соолугуна келтирилген зыян зыянды келтирүүчүнүн күнөөсүнө жана ал жабырлануучу менен келишимдик мамиледе болгондугуна карабастан зыян келтирүүчү тарабынан орду толтурулууга тийиш.

453. Дары-дармек каражатын колдонуунун натыйжасында адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилген зыян төмөнкүлөр тарабынан калыбына келтирилет:

- дары-дармек каражатын чыгаруунун технологиясын бузууга жана (же) каталары бар анын нускаманы чыгарууга жол берген чыгаруучу ишкана тарабынан;

- сапатсыз дары-дармек каражатын алып келген жана саткан учурда дүң берүүчү тарабынан;

- фармацевтикалык иштин эрежелерин бузуунун натыйжасында пайдаланууга жараксыз дары-дармек каражатын саткан учурда дарыкана мекемеси тарабынан;

- эгерде зыян дары-дармек каражатын туура эмес жана сарамжалсыз дайындоонун натыйжасында келтирилсе, менчигинин түрүнө карабастан дарылоо-алдын алуу уюму тарабынан, жеке медициналык практика менен иштеген адам тарабынан;

- эгерде зыян жарнамалаган адамдын дары-дармек каражатын колдонуунун натыйжасында келтирилсе жарнама берүүчү тарабынан.

454. Зыян келтирүүчү дары-дармек каражатын колдонуунун натыйжасында жарандын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтен төмөнкүдөй учурларда бошотулат, эгерде:

- зыян жабырлануучунун өзү колдонуу боюнча нускаманы бузгандыгынын натыйжасында келтирилсе;

- жабырлануучу өзү дары-дармек каражатын сактоо эрежесин бузгандыгынын натыйжасында жараксыз болуп калган дары-дармек каражатынан зыян келип чыкса;

- жагымсыз эффекттер жана/же өз ара таасир этүүлөр болуу ыктымалдыгы дары-дармек каражатын колдонуу боюнча нускамада көрсөтүлүп, бирок зыян келтирилсе;

- клиникалык изилдөөлөрдүн катышуучусуна жагымсыз эффекттер менен зыян келтирилип, алардын болуу ыктымалдыгы алар маалымдалып кол койгон макулдашууда көрсөтүлсө.

455. Ушул главанын жоболору дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө кесипкөйлүк менен иштебеген үчүнчү жактар тарабынан келтирилген зыян учурларына жайылтылбайт.

## 16-глава

Корутунду жана өтмө жоболор

456. Ушул Регламенттин талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

457. Бул Регламент күчүнө кирген күнгө чейин чыгарылган, даярдалган же импорттолгон дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө чыгарууга (чекене соода чөйрөсүндө сатууну кошкондо) дары-дармек каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү ичинде жол берилет.

458. Бул Регламент 36, 66, 80, 431-433-пункттарынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

459. Бул Регламенттин 3-главанын 36-пункту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен GLP эрежелерин ишке киргизүү планына ылайык күчүнө кирет.

460. Бул Регламенттин 66-пункту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен GСР эрежелерин ишке киргизүү планына ылайык күчүнө кирет.

461. Бул Регламенттин 80-пункту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен GМР эрежелерин этап менен ишке киргизүү планына ылайык күчүнө кирет.

462. Бул Регламенттин 431-433-пункттары ушул Регламент күчүнө кирген күндөн тартып 24 айдан кийин күчүнө кирет.

1-тиркеме

"Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" регламенттин талаптарына ылайык пайдаланылуучу продукциялардын түрлөрү жана алардын ЕАЭС ТЭИ ТН классификатору боюнча коддору (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 346, 2015-жылдын 14-майы № 291, 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 токтомдорунун редакциясына ылайык)

№

Продукциянын аталышы

ЕАЭС ТЭИ ТН коду

Милдеттүү талаптар

1

Кызыл мыянын тамыры

1211 90 860 1

Мамлекеттик фармакопея СССР X чыг., 573-ст.

2

Мээр чөптүн тамыры

1211 20 000 0

СССР Мамлекеттик фармакопея XI чыг., 66-бер.

3

Фармацевтикалык максатта колдонулуучу жаңы же кургатылган, бүтүн же майдаланылган, жара тартылган же өтө майдаланган башка өсүмдүктөр жана анын бөлүктөрү (анын ичинде уругу жана мөмөлөрү)

1211 90 860 9

Фармакопеялык 68-берене (ФБ 68); Убактылуу фармакопеялык 68-берене (УФБ 68); Убактылуу фармакопеялык 42-берене (УФБ 42); Фармакопеялык 42-берене (ФБ 42); Уюштуруу стандарты (УС); Адистик (А); Техникалык шарттар (ТШ); СССРдин мамлекеттик фармакопеялары, IX, X, XI чыг. (МФ IX, X, XI); Россия Федерациясынын мамлекеттик фармакопеясы, XII чыг. (МФ XII); Эл аралык фармакопея (IP); Америкалык фармакопея (USP); Европа фармакопеясы (ЕР); Британия фармакопеясы (ВР); Индия фармакопеясы (IndP); Кытай фармакопеясы (ChP); Япония фармакопеясы (JP); Немец фармакопеясы (DAB); Украинанын мамлекеттик фармакопеясы (УМФ)

4

Өсүмдүк ширелери жана кызыл мыянын же лакрицанын экстракты

1302 12 000 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

5

Өсүмдүктөр ширелери жана экстракттары, башкалары

1302 19 900 0

DФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

6

Фруктозаны камтыбаган же агломерацияланган же агломерацияланбаган ак кристалл порошок түрүндө кургак абалдагы 20 мас.% ашык эмес фруктозаны камтыган глюкоза

1702 30 500 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

7

Натрий хлориди

2501 00 100 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

8

Тамак-ашка балансталган кошумча катары арналган витаминдердин жана минералдык заттардын аралашмалары

2106 90 980 3

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

9

Башкалар

2106 90 980 9

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

10

Органикалык эмес химиянын продуктулары; кымбат баалуу металлдардын, сейрек кездешүүчү металлдардын, радиоактивдүү элементтердин же изотоптордун(\*) органикалык жана органикалык эмес бирикмелери

2801 10 000 0 2853 90 900 0

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

11

Органикалык химиялык бирикмелер(\*)

2901 10 000 1-2942 00 000 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

Органотерапия үчүн арналган бездер жана башка органдар, кургатылган, майдаланган же күкүм болуп майдаланылбаган; органотерапия үчүн арналган бездин же башка органдардын экстракттары же алардын секреттери; гепарин жана анын туздары; башка жерде аталбаган же киргизилбеген терапевттик же профилактикалык максаттары үчүн арналган, адамдан же жаныбарлардан алынган башка заттар:

3001

12

Адамдан алынган бездердин же башка органдардын экстракттары же алардын секреттери

3001 20 100 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

13

Бездердин же башка органдардын экстракттары же алардын секреттери, башкалары

3001 20 900 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

14

Адамдан алынган башка заттар

3001 90 200 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

15

Гепарин жана анын туздары

3001 90 910

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

16

Жаныбарлардан жана адамдан алынган, терапевттик же профилактикалык максаттар үчүн арналган, башка жерде аталбаган же киргизилбеген башка заттар

3001 90 980 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; A; TШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

Терапевттик, профилактикалык же диагностикалык максаттарда пайдалануу үчүн даярдалган адам каны; жаныбарлардын каны; иммундук сывороткалар жана башка кан фракциялары жана модификацияланган иммунологиялык продуктулар, анын ичинде биотехнология методдору менен алынган; вакциналар, токсиндер, микроорганизмдин токсиндери (ачыткылардан башка) жана ушул сыяктуу продуктулар:

3002

17

Жылан уусуна каршы иммундук сывороткалар

3002 12 000 1

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

18

Иммундук сывороткалар, башкалары

3002 12 000 2

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

19

Гемоглобин, кан глобулиндери жана сывороткалык глобулиндер

3002 12 000 3

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

20

Адамдан алынуучу кандын уюлушунун факторлору

3002 12 000 4

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

21

Башкалар

3002 11 000 0 3002 12 000 5 3002 13 000 0 3002 14 000 0 3002 15 000 0

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

22

Модификацияланган же модификацияланбаган иммунологиялык продуктулар, анын ичинде биотехнология методдору менен алынгандар, башкалар

3002 13 000 0 3002 14 000 0 3002 15 000 0 3002 19 000 5

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

23

Кызылчага каршы адамдар үчүн вакциналар

3002 20 000 1

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, EP, BP, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

24

В гепатитине каршы адамдар үчүн вакциналар

3002 20 000 2

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, EP, BP, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

25

Адамдар үчүн вакциналар, башкалар

3002 20 000 9

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, EP, BP, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

26

Микроорганизмдердин культуралары

3002 90 500 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, EP, BP, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

27

Башка токсиндер, микроорганизмдердин культуралары (ачыткылардан башка) жана ушул сыяктуу продуктулар

3002 90 900 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, EP, BP, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

Терапевттик же профилактикалык максатында пайдалануу үчүн эки же андан ашык компоненттердин аралашмасынан туруучу, дозаланган дары-дармек формасы же чекене сатуу үчүн таңгак түрүндө өлчөнүп салынбаган дары-дармек каражаттары (3002, 3005 же 3006 товардык позициядагы товарлардан башка):

3003

28

Пенициллан кислотасынын түзүмүнө ээ болгон пенициллиндерди же алардын туундуларын камтыган, же стрептомицинди же анын туундуларын камтыган дары-дармек каражаттары

3003 10 000 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

29

Башка антибиотиктерди камтыган дары-дармек каражаттары

3003 20 000 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

30

Инсулинди камтыган дары-дармек каражаттары

3003 31 000 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

31

2937 товардык позициядагы гормондорду жана бирикмелерди камтыган, бирок антибиотиктерди камтыбаган дары-дармек каражаттары

3003 39 000 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

32

Алкалоиддерди жана алардын туундуларын камтыган, бирок 2937 товардык позициядагы гормондорду жана башка бирикмелерди камтыган же антибиотиктерди камтыбаган дары-дармек каражаттары

3003 41 000 0 3003 42 000 0 3003 43 000 0 3003 49 000 0

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

33

Башкалар

3003 90 900 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

34

Терапевттик же профилактика максатында пайдалануу үчүн аралаш же аралаш эмес продуктулардан туруучу, дозаланган дары-дармек формасында (трансдермалдык системалар формасындагы дары-дармек каражаттарын кошкондо) же чекене сатуу үчүн таңгак түрүндө өлчөнүп салынган дары-дармек каражаттары (3002, 3005 же 3006 товардык позициядагы товарлардан башка):

3004

35

Негизги таасир этүүчү зат катары төмөнкүлөрдү гана камтыган дары-дармек каражаттары: ампициллин тригидратын же ампициллин натрий тузун, же бензилпенициллин тузун жана бирикмелерин, же карбенициллинди, оксациллинди, же сулациллинди (сультамициллинди), же феноксиметилпенициллинди

3004 10 000 1

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

36

Активдүү зат катары пенициллинди же алардын туундуларын гана камтыган, пенициллин кислотасынын түзүмүнө ээ, өлчөнүп салынган же дозаланган дары-дармек формасында берилген, бирок чекене соода үчүн таңгакталбаган дары-дармек каражаттары

3004 10 100 4

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

37

Активдүү зат катары пенициллинди же алардын туундуларын гана камтыган, пенициллин кислотасынын түзүмүнө ээ, өлчөнүп салынган же дозаланган дары-дармек формасында берилген, чекене соода үчүн таңгакталган дары-дармек каражаттары

3004 10 000 5

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

38

Негизги таасир этүүчү зат катары стрептомицин сульфатын гана камтыган, өлчөнүп салынган же дозаланган дары-дармек формасында берилген, бирок чекене соода үчүн таңгакталбаган дары-дармек каражаттары

3004 10 000 6

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

39

Башка стрептомицинди же алардын туундуларын гана камтыган, өлчөнүп салынган же дозаланган дары-дармек формасында берилген, бирок чекене соода үчүн таңгакталбаган дары-дармек каражаттары

3004 10 000 7

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

40

Башка стрептомицинди же алардын туундуларын гана камтыган, өлчөнүп салынган же дозаланган дары-дармек формасында берилген, чекене соода үчүн таңгакталган дары-дармек каражаттары

3004 10 000 8

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

41

Негизги таасир этүүчү зат катары төмөнкүлөрдү гана камтыган дары-дармек каражаттары: амикацинди же гентамицинди, же гризеофульвинди, же доксицилинди, же доксорубицинди, же канамицинди, же фузидий кислотасын жана анын натрий тузун, же левомицетинди (хлорамфениколду) жана анын тузун, же линкомицинди, же метациклинди, нистатинди, рифампицинди, же цефазолинди, же цефалексинди, же цефалотинди, же эритромицин негизин, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган

3004 20 000 1

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

42

Башка антибиотиктерди камтыган, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган дары-дармек каражаттары

3004 20 000 2

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

43

Негизги таасир этүүчү зат катары эритромицин негизин же канамицин сульфатын гана камтыган дары-дармек каражаттары

3004 20 000 3

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

44

Антибиотиктерди камтыган дары-дармек каражаттары, башкалары

3004 20 000 9

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

45

Инсулинди камтыган дары-дармек каражаттары, башкалары

3004 31 000 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

46

Негизги таасир этүүчү зат катары флуоцинолонду гана камтыган, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган дары-дармек каражаттары

3004 32 000 1

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

47

Кортикостероиддүү гормондорду, алардын туундуларын жана түзүмдүк аналогдорун камтыган, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган дары-дармек каражаттары

3004 32 000 9

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

48

2937 товардык позициядагы башка гормондорду жана бирикмелерди камтыган, бирок антибиотиктерди камтыбаган, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган дары-дармек каражаттары

3004 39 000 1

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

49

2937 товардык позициядагы башка гормондорду жана бирикмелерди камтыган, бирок антибиотиктерди камтыбаган, дары-дармек каражаттары, башкалары

3004 39 000 9

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

50

Негизги таасир этүүчү зат катары төмөнкүлөрдү гана камтыган дары-дармек каражаттары: натрий кофеин-бензоатын же ксантинолникотинатын, же папаверинди же пилокарпинди же теоброминди же теофиллинди, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган

3004 41 000 0 3004 42 000 0 3004 43 000 0

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

51

Башка алкалоиддерди же алардын туундуларын камтыган, бирок 2937 товардык позициядагы башка гормондорду жана бирикмелерди же антибиотиктерди камтыбаган, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган дары-дармек каражаттары

3004 40 000 9

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

52

Негизги таасир этүүчү зат катары төмөнкүлөрдү гана камтыган дары-дармек каражаттары: аскорбин кислотасын (С витамини) же никотин кислотасын, же кокарбоксилазанды, же никотинамидди, же пиридоксинди, же тиаминди жана анын туздарын (В1 витамини), цианокобаламинди (В12 витамини), чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган

3004 50 000 1

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

53

2936 товардык позициядагы башка витаминдерди жана бирикмелерди камтыган, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган дары-дармек каражаттары

3004 50 000 2

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

54

Негизги таасир этүүчү зат катары альфа-токоферол ацетаты (Е витамини) гана камтыган дары-дармек каражаттары

3004 50 000 5

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

55

Негизги таасир этүүчү зат катары төмөнкүлөрдү гана камтыган дары-дармек каражаттары: кокарбоксилазанды же аскорбин кислотасын (С витамини), же цианокобаламинди (В12 витамини)

3004 50 000 6

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

56

2936 товардык позициядагы башка витаминдерди жана бирикмелерди камтыган дары-дармек каражаттары, башкалары

3004 50 000 8

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

57

Йод же йод бирикмелерин камтыган, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган дары-дармек каражаттары

3004 90 000 1

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

58

Терапевттик же профилактика максатында пайдалануу үчүн аралаш же аралаш эмес продуктулардан туруучу, чекене сатуу үчүн таңгак түрүндө өлчөнүп салынган башка дары-дармек каражаттары (3002, 3005 же 3006 товардык позициядагы товарлардан башка)

3004 90 000 2

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

59

Йод же йод бирикмесин камтыган дары-дармек каражаттары

3004 90 000 5

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

60

Негизги таасир этүүчү зат катары төмөнкүлөрдү гана камтыган дары-дармек каражаттары: ацетилсалицил кислотасын же парацетамолду, же рибоксинди (инозинди), же поливинилпирролидонду

3004 90 000 6

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

61

Терапевттик же профилактикалык максатта пайдалануу үчүн аралаш же аралаш эмес продуктулардан туруучу башка дары-дармек каражаттары (3002, 3005 же 3006 товардык позициядагы товарлардан башка)

3004 90 000 9

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

62

Рентгенографиялык текшерүү үчүн контрасттык каражаттар; ооруларга киргизүү үчүн диагностикалык реагенттер

3006 30 000 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

63

2937 товардык позициядагы гормондордун же башка бирикмелердин негизиндеги химиялык контрацептивдик каражаттар, чекене сатуу үчүн калыпка же таңгакка өлчөнүп салынган

3006 60 100 1

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

64

2937 товардык позициядагы гормондордун же башка бирикмелердин негизиндеги химиялык контрацептивдик каражаттар, башкалары

3006 60 000 1

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

Спермициддердин негизиндеги химиялык контрацептивдик каражаттар

3006 60 000 9

ВФС 68; ВФС 42; ФС 68; ФС 42; ФСП; СП; ТУ; ГФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, BP, IndP, ChP, JP, DAB, ГФУ

65

Скипидар

3805 10 300 0

УФБ 68; УФБ 42; ФБ 68; ФБ 42; УС; А; ТШ; МФ IX, X, XI, XII; IP, USP, ЕР, ВР, IndP, ChP, JP, DAB; УМФ

2-тиркеме

Тиешелүү лабораториялык практиканын ЭРЕЖЕЛЕРИ (GLР)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Тиешелүү лабораториялык практиканын эрежелери (мындан ары Эрежелер) биологиялык активдүү заттардын жана лабораториялык жаныбарларга дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу же "ин витро" клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды уюштурууга, пландоого, түзүүгө талаптарды белгилейт.

Аталган изилдөөлөрдү аткарууда сөзсүз түрдө төмөнкүлөрдү изилдөө керек:

1) бир жолку киргизүүдө уулуулугун;

2) көп жолку киргизүүдө уулуулугун (подострой жана өнөкөт);

3) репродуктивдүү уулуулугун (фертилдүүлүүгү, эмбрио- жана фето уулуулугу, тератогендүүлүгү, пери- жана постнатал уулуулугу);

4) мутаген потенциалын;

5) канцерогендүү уулуулугун;

6) токсикокинетикасын;

7) кааланбаган кошумча таасирин аныктоо максатында фармакодинамиканы;

8) фотоуулуулугун, дүүлүктүрүүчү таасирин, жергиликтүү гиперсезгичтигин кошкондо жергиликтүү көтөрүүчүлүгүн;

9) дары-дармекке көнүүнү жана/же алып салуу синдромун өнүктүрүү мүмкүндүгүн.

2. Бул Эрежелердин аракети дары-дармек каражатын чыгаруучунун тиешелүү лабораториясына жана/же алар менен подряддык/субподряддык шарттарда болгон илимий же клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты бар илимий же башка лабораторияларга жайылтылат.

3. Бул Эрежелердин илимий-изилдөө издөөчүлүк иштерине түз тиешеси жок, бирок анын эрежелерин так сактоо ушул изилдөөлөрдү оптималдаштырат.

4. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарынын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана сапатына экспертиза жүргүзүүчү уюмдун адистерин тартуу менен клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөө жүргүзүүнүн алынган маалыматтарына жана сапатына, материалдык базасына жана документтерине баалоо жүргүзүү максатында лабораторияларда инспекциялоо жүргүзөт.

2. Тиешелүү лабораториялык практиканын принциптери

5. Тиешелүү лабораториялык практиканын эрежелерин сактоо дары-дармек каражаттарынын жеткиликсиз коопсуздугу менен байланышкан пациенттер үчүн коркунучтуу минимумга чейин азайтат.

6. Тиешелүү лабораториялык практика процесстерди жана шарттарды уюштуруу үчүн сапат системасы болуп эсептелет, бул учурда клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөр боюнча отчетторду пландоо, жүргүзүү, контролдоо, каттоо, сактоо жана түзүү ишке ашырылат.

7. Сапатты камсыздоо сыноо лабораториясынын жетекчилигинин башкы милдети болуп эсептелет, анын түрдүү бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин жана бардык деңгээлдердеги берүүчүлөрдүн катышуусун жана жоопкерчилигин талап кылат. Бул үчүн сапатты камсыздоонун ар тараптуу иштелип чыккан жана туура иштеген системасы болушу керек. Ал толук документтештирилет, ал эми натыйжалуулугу - контролдонот.

8. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүү сапаты жана коопсуздугу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- ресурстарды;

- тиешелүү башкарууну (протоколдор, стандарттуу операциялык жол-жоболор, изилдөөнүн жетекчиси жөнүндө жобо);

- изилдөө параметрлерин адекваттуу пландоо (чыныгылыгын, химиялык тазалыгын, туруктуулугун, курамын, изилденүүчү материалдын эрүү профилин, биологиялык системалардын керектөөлөрүн жана сапатын, сарптоо материалдарына керектөөлөрүн);

- документтерди тариздөөнүн адекваттуу системасын (алгачкы маалыматтары бар жумуш журналдары, корутунду отчет, архив);

- сапатты кепилдикке алуунун адекваттуу системасын. Сапатты кепилдикке алуу көз карандысыздыкты жана изилдөөнүн бардык этаптарында сапатты камсыздайт.

3. Ресурстар

9. Лабораториянын ресурстары:

- изилдөө лабораториясынын түзүмү;

- кызматкер;

- иштөө үчүн шарттар жана жабдуулар.

§1. Изилдөө лабораториясынын түзүмү

10. Изилдөө лабораториясынын түзүмү натыйжалуу болууга, дайыма өркүндөтүлүүгө жана функционалдык бөлүмчөлөрдүн ортосунда өз ара так байланышты жана ар бир кызматкер үчүн иштин конкреттүү чөйрөсүн, анын ыйгарым укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин чектерин камсыздоого тийиш.

11. Изилдөө лабораториясында минимум катары төмөнкүлөр болушу керек:

- фармацевтикалык изилдөөлөр жана сынамыктарды даярдоо бөлүмү;

- лабораториялык жаныбарларды кармоо жана манипуляциялоо үчүн бөлүм;

- сапатты же клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүү сапатын контролдоочу кызматкерди кепилдикке алуу бөлүмү.

12. Фармацевтикалык изилдөөлөр жана сынамыктарды даярдоо бөлүмүнүн функциясы үлгүлөрдү каттоодон, сактоодон, бөлүштүрүүдөн жана таразага тартуудан, сынамыктарды жаныбарлар менен иштөөчү жерге өткөрүп берүүдөн, калдыктарды жок кылуудан турат. Зарыл учурда бөлүм изилденүүчү сынамыктардын сапатын контролдоо боюнча иштерди аткарат.

13. Бөлүм ушул Эрежелердин талаптарынан четтөө коркунучу жок өз иштерин аткарышы үчүн сандагы кызматкерлер менен камсыздалат. Чыгымдоочу материалдардын же бактериялык контаминациянын аралашып кетишин болтурбоо үчүн кызматкерлерди, жабдууларды жана материалдарды ирээттүү жана логикалуу жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү тиешелүү жайлар менен камсыздалышы керек. Бөтөн адамдардын жумуш орундарына кириши чектелүүгө тийиш.

14. Фармацевтикалык изилдөөлөр жана сынамыктарды даярдоо бөлүмү минимум катары төмөнкүдөй жайларга ээ болушу керек:

- түрдүү шарттарда изилденүүчү материалдарды сактоо үчүн;

- контролдук үлгүлөрдү сактоо үчүн;

- таразага тартуу үчүн;

- сынамыктарды даярдоо үчүн;

- даярдалган сынамыктарды сактоо үчүн;

- даярдалган сынамыктардын сапатын контролдоо үчүн;

- жуугуч жай;

- кызматкерлер үчүн (документтерди тариздөө);

- чечинип-кийинүү үчүн бөлмө.

15. Манипуляциялар жана лабораториялык жаныбарларды кармоо үчүн бөлүмдүн түзүмү төмөнкүлөрдү камсыздашы керек:

- бөлүмгө кирүүчүлөрдүн жана лабораториялык жаныбарларга жетүүчүлөрдүн санын максимум чектөөнү;

- "таза" жана "кир" материалдардын кыймылы түрдүү коридорлор боюнча жана күндүн түрдүү мезгилдеринде аткарылышы үчүн иштин агымын уюштурууну;

- бөлүм ичинде түрдүү зоналарды бөлүүнү камсыздоочу ар бир жайды жабдууну;

- изилдөөчүлөрдүн ортосунда кылдат тазалоону жана дезинфекциялоону жүргүзүүнү.

16. Ушул Эрежелердин талаптары тышкы таасирлердин потенциалдуу коркунучун максимум кыскартууга, манипуляциялар жана лабораториялык жаныбарларды кармоо үчүн бөлүмдө жүргүзүлүүчү жол-жоболорго багытталган.

17. Жаныбарлар үчүн шарттар аларды тиешелүү түрдө кармоону камсыздоого тийиш. Кармоо шарттарына талаптар жаныбарлардын түрүнө жана изилдөө узактыгына жараша болот. Бактериялык контаминация коркунучун азайтуу максатында төмөнкүдей тосуу системасы колдонулат: бардык материалдарды жеткирүү, кызматкерлерди которуштуруу жана жаныбарларды тейлөө "таза" жана "кир" коридор боюнча тоскоолдуктар аркылуу ишке ашырылат.

18. Негизги талаптардын бири болуп жаныбарлар жана кызматкерлер үчүн жетиштүү аянттарды камсыздоо эсептелет.

19. Манипуляциялар жана лабораториялык жаныбарларды кармоо үчүн типтүү бөлүмдө төмөнкү бөлүмчөлөр болушу мүмкүн:

а) изилдөө бөлүмү: клиникага чейинки (клиникалык эмес) фармакодинамиканы, фармакокинетиканы, фармацевтикалык изилдөөлөр бөлүмүнөн алынган сынамыктарды каттоо жана сактоо үчүн бөлмөнү кошкондо изилденүүчү материалдын коопсуздугун изилдөө үчүн;

б) жаныбарлардын айрым түрлөрүн кармоо, климатташтыруу жана ал боюнча карантиндик иштер үчүн жай;

в) кызматкердин чечинип-кийиниши үчүн бөлмө;

г) бөлүп сактоо үчүн жай: төшөмө жана тоют, торчолор, тазалоочу каражаттар;

д) лабораториялык жаныбарларды өлтүрүү жана союу үчүн бөлмө;

ж) лабораториялык жаныбарлардын ден соолуктарынын абалын баалоо максатында кандын, заңдын ж.б. анализин алуу жана жүргүзүү үчүн бөлүм же клиникалык лабораториялык диагностика бөлмөсү;

з) санитардык түйүн;

и) таштандыларды жана калдыктарды берүү үчүн жай.

20. Манипуляциялар жана лабораториялык жаныбарларды кармоо үчүн ушул бөлүмдүн нормалдуу иштешинин милдеттүү шарты болуп айлана-чөйрөнүн тиешелүү шарттарын түзүү эсептелет. Температуралык режимдин, нымдуулуктун, аба алмашуунун туруктуулугу тиешелүү жабдууларды жана контролдук аппаратураны жумушчу абалда кармоо жолу менен жаныбарлардын айрым түрлөрүнө шайкеш келүүчү деңгээлде камсыздалат.

21. Дубалдын, эшиктердин жана жайдын башка бөлүктөрүнүн беттери оңой тазаланышы керек.

22. Калдыктарды, төшөөчү материалды, жаныбарлардын өлүгүн, тоюттардын калдыгын утилдештирүү санитардык эрежелердин жана нормалардын талаптарына ылайык ишке ашырылат.

23. Сапатты кепилдикке алуу бөлүмү клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн сапатын камсыздоонун жалпы процессинин бөлүгү болуп эсептелет.

24. Сапатты кепилдикке алуу изилдөөлөрдүн ишенимдүүлүгүн жана эксперименттик натыйжалардын негиздүүлүгүн камсыздайт.

25. Бөлүмдүн түзүмү клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн бардык этаптарына тиешелүү аудитти жана контролдоону камсыздашы керек. Бөлүм сапат системасынын иштеши үчүн шарттарды камсыздайт жана аларды ишке киргизүүдө консультант катары чыгат.

§3. Кызматкерлер

26. Ушул Эрежелердин ийгиликтүү иштешинин милдеттүү шарты болуп жетиштүү сандагы кызматкерлердин болушу эсептелет. Кызматкерлердин саны изилдөөлөр протоколунда жазылат.

27. Кызматкерлер кызматтык нускамаларда жазылган белгилүү милдеттерди аткарууга жана аларды аткаруу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болууга тийиш. Алардын кызматтык милдеттери квалификациянын жетиштүү деңгээлине ээ болгон башка кызматкерге өткөрүп берилиши мүмкүн. Кызматкердин милдеттеринин чөйрөсү тиешелүү лабораториялык практиканын бардык тараптарын камтышы керек, бирок бул учурда сапатты төмөндөтүү коркунучун болтурбоо үчүн өтө эле кеңири болбошу керек.

28. Кызматкердин компетенциясы документ түрүндө: диплом, сертификат, окугандыгы жөнүндө күбөлүк менен тастыкталат.

29. Лабораториянын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам:

- изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ресурстарды берет;

- изилдөөнүн жетекчисин дайындайт жана алмаштырат;

- сапатты кепилдикке алуу бөлүмүнүн болушун кепилдикке алат;

- эгерде сапатты кепилдикке алуу бөлүмү изилдөөнүн жетекчисине ушул Эрежелердин талаптарынан четтөөлөр болгондугу жөнүндө билдирсе, анда тиешелүү чараларды көрүүнү кепилдикке алат;

- стандарттуу операциялык жол-жоболорду ишке киргизүүнү, аткарууну жана тиешелүү түрдө сактоону кепилдикке алат;

- бардык стандарттуу операциялык жол-жоболорду жана алардын жаңы редакцияларын бекитет;

- бардык кызматкерлердин окуусун, окутуу протоколдорунун болушун, изилдөө резюмесинин жана бардык кызматкерлер үчүн кызматтык нускамалардын болушун камсыздайт;

- изилдөөнүн негизги планын түзүүнү жана сактоону кепилдикке алат;

- функционалдык бөлүмчөлөр менен подряддык изилдөө лабораторияларынын ортосундагы так өз ара байланышты кепилдикке алат.

30. Изилдөөнүн жетекчиси бүткүл изилдөө үчүн башкы жооптуу адам болуп эсептелет. Ал ушул стандарттын талаптарына өз компетенциясы боюнча ылайык келүүчү жана алар тарабынан дайындалуучу адам же лабораториянын жетекчиси болушу мүмкүн.

Изилдөөнүн жетекчиси:

- изилдөө жүргүзүүгө контролдоону ишке ашырат;

- анын толук бойдон ушул Эрежелердин талаптарына шайкештигине түздөн-түз жооп берет;

- корутунду отчетту бекитет;

- изилдөө протоколдоруна жана аларды өзгөртүүгө кол коет;

- жазуулардын тууралыгын контролдойт жана бардык маалыматтарды текшерүүнү кепилдикке алат;

- күтүлбөгөн натыйжаларды жазууну кепилдикке алат;

- бардык маалыматтарды сактоонун тууралыгын кепилдикке алат.

Ал изилдөөнүн сапатына же бүтүмдүгүнө таасир этүүчү бардык учурлар жөнүндө толук кабардар болушу, натыйжаларга алардын таасирин өз учурунда баалашы жана зарыл болсо оңдоп түзөөчү аракеттерди көрүшү керек.

31. Лабораторияда эмгек маданияты боюнча толук программа болууга тийиш. Ал кызматкердин ден соолугуна жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого тиешелүү жоболорду камтыйт. Изилдөө жүргүзүлүп жаткан жайларда болуу милдетине кирүү болжолдонгон ар бир кызматкер алар менен жакшы тааныш болушу, аларды кабыл алышы жана так сакташы керек. Лабораториянын ичиндеги гигиеналык талаптарды бузуучу бардык аракеттерге тыюу салынат.

§3. Иштөө үчүн шарттар жана жабдуулар

32. Бул Эрежелер изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү шарттар жана жабдуулар менен камсыздалууну талап кылат. Шарттар жайлардын кызматкерлер менен жабдууларга өтө толуп кетишин, бир жайдын ичинде иштин ар кандай түрлөрүнүн аткарылышын, долбоорлор ортосундагы карама-каршылыктарды болтурбоого жана эмгекти коргоого карата тиешелүү талаптарды сактоону камсыздоого тийиш.

33. Тиешелүү лабораториялык практика суу, электр энергиясы менен туруктуу жана адекваттуу камсыздалууну жана абанын алмашуусун талап кылат.

34. Бардык жабдуулар жумушчу абалда болушу керек. Колдо валидациялоонун, квалификациялоонун, калибрлөөнүн, текшерүүнүн, метрологиялык аттестациялоонун жана аларды жумушчу абалда кармоонун так программалары болушу керек.

Жабдуулардын абалын контролдоону сапатты кепилдикке алуу бөлүмү ишке ашырат. Ал жабдуулардын абалын контролдоочу баракчаны жүргүзөт, ал болсо расмий документ болуп эсептелет жана эгерде зарылдык келип чыкса ага өзгөртүү киргизилет. Контролдук баракча жабдууларды контролдоонун методдорун жана дайыма болушун текшерүүгө жардам берет жана өзүн-өзү контролдоону техникалык тейлөөчү кызматкердин жүргүзүшүн камсыздайт.

35. Лабораторияларды долбоорлоо жана куруу эксперименттерди жүргүзүү шарттарын валидациялоого тоскоолдук кылуучу факторлорду минимумга келтирүүнү камсыздашы керек.

Буга төмөнкү жолдор менен жетишилет:

- табигый түрдө бөлүү: дубал, эшиктер, чыпкалар жана башка ыкмалар менен;

- жумуштардын ортосундагы жайларды тазалоо зарылдыгын эске алуу менен аткаруу убактысы боюнча жумуштарды бөлүү;

- кызматкерди адистештирүү.

36. Курууда эл аралык, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттер аралык документтерде көрсөтүлгөн материалдар пайдаланылат, эгерде алардын талаптары изилденүүчү материалдардын жумушчу беттерине кечиктирүүнү болтурбоочу, оңой тазалоону камсыздоочу эл аралык стандарттарга туура келсе же аларга салыштырганда кыйла жогору болуп эсептелсе. Сынамыктарды даярдоо зоналары желдетүүнүн автономдуу системасын камсыздоочу бокстук конструкцияга ээ болушу керек.

37. Изилдөөлөрдө адекваттуу өндүрүмдүүлүктүн тиешелүү жабдуулары пайдаланылууга тийиш. Ченөө каражаттарына тиешелүү бардык жабдуулар мыйзамдардын талаптарына ылайык текшерилүүгө, метрологиялык аттестациядан өтүүгө, калибрленүүгө жатат жана жакшы жумуш абалында кармалып турат.

Ремонттоо жана учурдагы кароо жана башка иштер жөнүндө жазуулар жүргүзүлөт. Ушул талаптардын максаты алынган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана тууралыгын камсыздоо жана жабдуулардын так эместигинин, адекваттуу эместигинин же жумушчу абалда эместигинин натыйжасында алардын коромжулукка учурашын болтурбоо болуп эсептелет.

38. Жабдууларды эксплуатациялоо ушул жабдууларга техникалык талаптарга ылайык иштин туруктуулугу, күтүлбөгөн четтөөлөрдүн жана натыйжалардын андан ары коромжулукка учурашын азайтууну кепилдикке алгыдай түрдө ишке ашыралат.

Аны эксплуатациялоо эки жол менен жүргүзүлөт:

- жумушчу абалды пландуу контролдоо жана жабдуу колдонулганына же колдонулбаганына карабастан ченөө каражаттарына тиешелүү жабдууларды текшерүү;

- эгерде эксплуатациялоонун максаты талап кылбаса текшерүүсүз эле такай профилактикалык иштерди жүргүзүү менен.

39. Зарыл шарт болуп жабдуулардын бузуктугу жөнүндө алдын ала эскертүү эсептелет. Бул профилактиканын алдын алуу графигин бекитүү жана штаттагы кызматкерлер жокто авариялык сигналды колдонууну камсыз кылат. Күтүлбөгөн жагдайлар учуруна запас жабдуулар же инженерге дароо жетүү камсыздалышы керек.

40. Жашоо-турмушту камсыздоочу жана айлана-чөйрөнүн шарттарын кармап туруучу жабдуулар, өзгөчө лабораториялык жаныбарлар үчүн сөзсүз түрдө кайталанат. Айлана-чөйрөнүн шарттарын стабилдүү кармап туруу лаборатория бүтүндөй иштебеген учурда камсыздалат.

41. Жабдууларды тиешелүү эксплуатациялоо үчүн пайдаланылуучу жабдуулардын методдорун, материалдарын, кароо графигин, тазалоону, техникалык тейлөөнү, калибрлөөнү жана сыноолорду, ошондой эле текшерүү графигин, метрологиялык аттестациялоону баяндоочу стандарттуу операциялык жол-жобо (СОЖ) иштелип чыгууга тийиш. Профилактикалык иштердин графиги этикетка түрүндө жабдууларга чапталат же ушул пландын ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

42. Техникалык тейлөө, тазалоо, сыноо, калибрлөө боюнча бардык иштердин жазуу жүзүндөгү протоколдору зарыл, ал өзүнө иштин аткарылган күнүн жана алардын баяндалышын камтыйт (СОЖго ылайык пландуу, пландан тышкаркы, ремонттоо жана алмаштыруу, чыгаруучу тарабынан тейлөө боюнча), ошондой эле текшерүү жана метрологиялык аттестациялоо жөнүндө маалыматтарды камтуучу документтер да болушу керек.

43. Калибрлөө, текшерүү, метрологиялык аттестациялоо жана пландуу кароо жүргүзүү жөнүндө жазуулар жабдууларды пайдалануунун адекваттуулугун жана аны пайдалануу жабдуулардын техникалык документтерине шайкеш келишин көрсөтүшү керек. Алар профилактикалык иштерди жүргүзүүдө аткарылган аракеттерди, бүткүл кызматкерлердин жабдуулар бузук болгондогу тийиштүү аракеттерин билүүнү чагылдырат.

4. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүүнү башкаруу

§1. Жалпы жоболор

44. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүүнү башкарууга арналган документтер менеджментти жана ишти уюштурууга талаптарды чагылдырууга тийиш. Алар мезгил-мезгили менен актуалдаштырылып турат.

§2. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн сапаты

45. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөр өтө жогорку сапатта болушу керек. Бул принцип төмөнкүлөрдү камсыздайт:

- эксперименттин максаттарын жана анын параметрлерин аныктоонун өтө тактыгын;

- изилдөө жол-жоболорун билүүнү;

- эксперименттик өзгөрмөлөрдү жана айлана-чөйрөнүн шарттарын контролдоо жана документтештирүүнү;

- маалыматтарды кылдат, квалификациялык баалоо жана жазуу.

46. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү тиешелүү башкаруу төмөнкүлөр менен камсыз кылат:

- адекваттуу физикалык шарттарды түзүү жана квалификациялык кызматкердин болушу;

- изилдөөлөрдү пландоо жана ресурстарды бөлүштүрүү;

- кызматкерлердин милдеттерин так белгилөө жана аларды окутуу;

- жазууларды тиешелүү сактоо жана архивдерди уюштуруу;

- натыйжаларды текшерүү процесстерин жүргүзүү.

§3. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн башкы планы

47. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн башкы планы деп ресурстарды бөлүштүрүү жана пландоо системасы аталат. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- изилдөөлөрдүн бардык протоколдорун (катар номерлөө негизинде же өздүк);

- күндөр боюнча иштерди жүргүзүү графигин жана кызматкерлерге жүктөмдү;

- протоколдорду жана отчетторду текшерүүнү кошкондо ишти аяктоо мөөнөттөрүн;

- жабдууларды пайдалануу шарттарын жана оңдоочу иш-чараларды баяндоону;

- кызматкердин жоопкерчилигин бөлүштүрүүнү жана так белгилөөнү;

- башкы планга кирген бардык документтерди изилдөөнү жетекчи тарабынан бекитүүнү.

Башкы пландын көчүрмөсү архивге баштапкы документ катары коюлат. Аны түзүү жол-жобосу тиешелүү СОЖдо баяндалат. Ага ылайык сапатты кепилдикке алуу бөлүмү аудит планын түзөт. Башкы план купуя болот.

§4. Кызматкерлерди башкаруу

48. Бул Эрежелер өз функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кызматкердин тиешелүү компетенциясын (билими, тажрыйбасы, тренинги) талап кылат. Кызматкердин компетенциясы кызматтык нускамаларда, тренинг жөнүндө жазууларда, изилдөөчүнүн резюмесинде жазылат. Бул документтер СОЖго кирет, дайыма кайра каралып турат, сапатты кепилдикке алуу бөлүмү жүргүзүүчү аудит учурунда контролдонот.

49. Бардык кызматкерлерге кызматтык нускамалар түзүлүшү керек.

Кызматтык нускамаларда төмөнкүлөр чагылдырылат:

- минималдуу милдеттүү стаж;

- ээлеген кызматы;

- милдеттүү жоопкерчилигинин чөйрөсү (милдеттеринин саны).

Кызматтык нускамалар кызматкерлер тарабынан кол коюлуп күбөлөндүрүлөт жана жылына бир жолудан кем эмес кайра каралат.

50. Ар бир клиникалык (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн изилдөөчүсүнө изилдөөчүнүн резюмеси түзүлүүгө тийиш.

Бул документти түзүү жол-жобосу төмөнкүлөрдү кепилдикке алат:

- стандарттуу макулдашылган форматта бүткүл кызматкерлердин ишин;

- изилдөөлөрдүн заманбап деңгээлин камсыздоону;

- материалдарды талап кылынган тилде тариздөөнү (кыргыз, орус жана зарыл болсо англис тилинде);

- келечекте тез калыбына келтирүү максатында бардык маалыматтарды кылдат сактоону.

Изилдөөчүнүн резюмесинде төмөнкүлөр камтылат:

- аты-жөнү, курагы, жынысы;

- дипломдорду жана түрдүү институттардын сыйлыктарын кошкондо билими, мекеме ичинде дагы, ошондой эле ага келгенге чейинки дагы кесиптик тажрыйбасы;

- жарыялоолору;

- ассоциацияларга мүчөлүгү;

- тилдерди билиши.

51. Ушул эрежелердин натыйжалуу иштеши такай болуучу ички жана тышкы окутуу болгондо гана мүмкүн болот.

Изилдөө лабораториясы окутуу жана иш тажрыйбасы бөлүгүндө иштин учурдагы абалын жазууга милдеттүү. Окутуу системасы СОЖго жазылат. Бул документ төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:

- милдеттерин конкреттүү көрсөтүү менен окутууга жооптуу адамдарды дайындоону;

- окуу курстарын, окутуу программаларын жана окутуучуларды бекитүүнү;

- жаңы изилдөөлөрдү аткаруунун алдында окутууну;

- окуу курстарын кайра кароону жана жаңылоону;

- окутууну тариздөөнү;

- кызматкерди окуткандан кийин ишке киргизүүнү.

Окуу программаларын лабораториянын жетекчиси же сапатты кепилдикке алуу бөлүмүнүн жетекчиси бекитет. Окутууга талаптар жана андан өтүү жөнүндө жазуулар изилдөөчүнүн кызматтык нускамаларына жана резюмесине киргизилет.

§5. Изилдөөлөрдү башкаруу

52. Изилдөө лабораториясында клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жөнгө салуучу документтердин ар кандай түрлөрү болушу керек:

- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары;

- бекитилген методикалык сунуштар, нускамалар, көрсөтмөлөр;

- изилдөө протоколдору;

- стандарттуу операциялык жол-жоболор жана башка документтер.

Изилдөөлөрдү жүргүзүүнү башкаруу ушул документтердин талаптарын милдеттүү түрдө сактоодон турат.

53. Изилдөөнүн протоколу болуп изилдөөнүн программасы эсептелет, аны изилдөөнүн жетекчиси түзөт жана бекитет. Протокол демөөрчү жана сапатты кепилдикке алуу бөлүмү менен макулдашылат. Протоколду түзүү жол-жобосуна бардык тартылган кызматкерлер катышат. Ага өзгөртүү атайын жол-жобого ылайык киргизилет.

54. Изилдөө протоколу демөөрчү, изилдөө жүргүзүүчү кызматкерлер, сапатты кепилдикке алуу бөлүмү же подряддык изилдөө лабораториялары менен изилдөөнүн жетекчисин байланыштыруучу негизги документ. Протокол башка подряддар үчүн негиз катары алынышы мүмкүн. Ал изилдөөгө, пайдаланылуучу материалдарга жана методдорго илимий талаптарды камтыйт.

55. Протокол изилдөө жүргүзүү мезгилинде кызматкерлерге нускама берүүнүн негизги булагы болуп эсептелет. Мазмуну, стили, планы аталган максатка шайкеш келиши керек.

56. Протоколдун титулдук барагы кыска, маалыматы көп болууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- изилдөө номерин. Ал бардык лабораториялык жазуулардын негизги идентификациясын камсыздайт жана бардык алынган маалыматтардын бирдей экендигин тастыктайт. Система үчүн аныкталган көрсөтмөлөрдүн номерлениши болбойт;

- изилдөө материалынын аталышын (анын ичинде химиялык аталышын, коддук номерин, дары-дармектин транспорттук системасы катары пайдаланылуучу активдүү ингредиенттердин аталышын);

- изилдөөнүн тибин;

- тест-системанын аталышын;

- изилдөөлөр жүргүзүлгөн жердин белгиленишин;

- консультанттардын аты-жөнүн жана алардын даректерин;

- демөөрчүнүн аталышын;

- изилдөөчү уюм менен байланышууга жооптуу демөөрчүнүн өкүлүнүн атын (монитор);

- изилдөөнүн жетекчисинин жана башка жооптуу кызматкерлердин атын.

57. Протоколдун кийинки бөлүмү изилдөөнүн максаты болуп эсептелет. Ал ачык-айкын, түшүнүктүү болууга жана изилдөөнүн жогорку деңгээлин чагылдырууга тийиш. Ал изилдөө натыйжалары башка максаттарда колдонулбагыдай түрдө белгиленет.

58. Протоколдо изилдөөнүн башталган жана аякталган күнү белгиленет (башкача айтканда протоколго кол коюлган күн жана аяктаган отчетко изилдөөнүн жетекчиси кол койгон күн) жана эксперимент жүргүзүү күндөрүн (башталышын жана бүтүшүн). Күндөр эл аралык базарга чыккан учурда нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлөт. Күндөрдү өзгөртүү протоколду жакшыртууга же анын көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталышы керек. Бул жол-жобо протоколду башкаруу боюнча СОЖдо жазылат.

59. Тест-системаларга талаптар изилдөө лабораториялык жаныбарларга жүргүзүлгөн учурларда белгиленет. Протокол тигил же бул тест-системаны тандоо себебин камтышы керек.

60. Лабораториялык жаныбарларды пайдаланууда алардын түрү, линиясы, жынысы, жашы, салмагы, алынган булагы, аларды маркалоо ыкмасы, аларды багуу жөнүндө маалыматтар, айлана-чөйрө жөнүндө, тоют рациону жана алуу булагы жазылат.

61. Изилденүүчү материалга өз алдынчалаштыруу анын физика-химиялык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде анын туруктуулугун жана контролдоо методдорун камтыйт.

62. Экспериментти пландоого тиешелүү протоколдун бөлүмү төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) изилдөө материалын дозалоону:

- дозалардын деңгээлин;

- сынамыктарды даярдоо методун;

- киргизүү жолдорун;

- киргизүү жыштыгын;

- пайдаланылуучу шаймандарды;

- сынамыктарды сактоо шарттарын жана сапатын контролдоону;

б) жаныбарларды рандомизациялоо аркылуу топтор боюнча бөлүштүрүү;

в) ченелүүчү параметрлерди жана көрсөткүчтөрдү. Бул бөлүмдө СОЖдон мүмкүн болгон четтөөлөр пландалат жана стандарттуу эмес жол-жоболордун параметрлери аяктаган түрдө жана алардын салыштырма мүнөздөмөлөрү берилет;

г) статистикалык иштетүү методдору;

д) ченөөлөр методун кошкондо изилдөөлөрдү жүргүзүү методдору;

е) изилдөөдөн кийин сакталуучу маалыматтар;

ж) сапатты кепилдикке алуу бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүчү аудиттер программасы;

з) аралыктык жана корутунду отчетторду берүү мөөнөттөрүн.

63. Изилдөөнү баштоонун алдында протоколду бардык кызматкерлер иликтешет. Тартылган штаттык кызматкерлерде протоколдун көчүрмөлөрү болушу керек. Ушул максатта бөлүштүрүү баракчасы даярдалат, анда ар бир фамилиянын тушуна кол коюлушу керек.

64. Зарыл учурда протокол оңдоолорду киргизүү формасында кайра каралат. Протоколго оңдоо киргизүү расмий документ, протоколго тиркеме болуп эсептелет. Бүтпөгөн аракетти мыйзамдаштыруу максатында оңдоолорду же изилдөө иштеринин учурунда байкалуучу каталарды ретроспективдүү киргизүүгө жол берилбейт. Мындай алдын ала пландалбаган оңдоолор отчетто четтөөлөр катары чагылдырылууга жана иштетилбеген маалыматтар катары чечмеленүүгө тийиш.

65. Протоколго оңдоолордун маанилүү элементи болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн ачык-айкындыгы жана идентификациялануучулугу;

- оңдоолорду номерлөө;

- ушул стандарттын талаптарына оңдоолордун шайкештиги жөнүндө сапатты кепилдикке алуу бөлүмүнүн корутундусу.

66. Оңдоону изилдөөнүн жетекчиси бекитет, ал кийин ага жазуу жүзүндө долбоорго катышуучу кызматкерлерге дароо маалымдайт. Эгер оңдоолор шашылыш кийлигишүүнү талап кылса, аларды талдоо ретроспективдүү жүргүзүлөт.

67. Протокол жана бардык оңдоолор эки нускада түзүлөт. Кол коюлган протоколдун түп нускасынын бир нускасы жана бардык оңдоолор изилдөө документтеринин комплектисинин бир бөлүгү катары архивге коюлат. Иште протоколдордун жана оңдоолордун түп нускасынын авторлоштурулган көчүрмөлөрү пайдаланылат. Кол коюлган протоколдун жана бардык оңдоолордун экинчи нускасы демөөрчүгө берилет.

68. Тиешелүү сапаттагы натыйжаларды камсыздоо үчүн стандарттуу операциялык жол-жоболор (СОЖ) системасын киргизүү зарыл.

69. Туура таризделген СОЖдун артыкчылыгы төмөнкүлөрдөн турат:

- стандартташтырылган, биргелешкен жол-жоболордун болушу (өзгөртүүлөр кызматкерлер же изилдөө методдору алмашканда минималдуу болушу керек);

- процессти дайыма оптималдаштыруу;

- техникалык жана администрациялык жакшыртуулар;

- СОЖду бекитүү процессинин бөлүгү катары сапатты башкаруу;

- протоколдорду жана отчетторду тариздөө техникасын жеңилдетүү;

- кызматкерлер тез-тез алмашууда иштин үзгүлтүксүздүгү;

- жумушчу орунда окутуу үчүн пайдалануу;

- белгилүү убакыт өткөндөн кийин изилдөөнү калыбына келтирүү мүмкүндүгү;

- аудитте, инспекциялоодо, технология алмашууда баарлашуу мүмкүндүгү.

70. СОЖдун сапатын камсыздоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- башкаруунун бардык деңгээлдеринде аларды туруктуу кармап туруу;

- СОЖду үйрөнүүгө негизделген атайын билим;

- СОЖду милдеттүү сактоого багытталган окутуу;

- СОЖду башкаруунун сапаттуу системасы.

71. СОЖ системасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- лабораториянын негизги документтеринин системасына толук боюнча интеграцияланууга;

- клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөр жол-жоболорун ар тараптуу камтууга (кийим тандоону, коопсуздукту, гигиеналык шарттарды камсыздоону, кызматкерлерди, жабдууларды башкаруу системасын, изилдөөлөрдүн стандарттуу методдорун ж.б. кошкондо);

- төмөнкүлөрдү өздөштүрүү үчүн ыңгайлуу болууга: СОЖду түзүү бир стандарт боюнча жүргүзүлөт. Жол-жоболор кызматкер үчүн түшүнүктүү тилде баяндалат жана тиешелүү терминологияда туюнтулат. Бардык кызматкерлер СОЖду жазууга жана аткарылуучу иштер үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга тийиш;

- колдонуу үчүн ыңгайлуу болууга. Кыйла ыңгайлуусу эки деңгээлдүү система. Биринчи деңгээл жалпы саясатты жана жол-жоболорду чагылдырат (протоколдорду, отчетторду түзүү, СОЖду бекитүү, жайылтуу жана актуалдаштыруу, жабдууларды пайдалануу боюнча жалпы талаптар, архивдер ж.б.). Экинчи деңгээл техникалык методдор түрүндө болот (аналитикалык методдорго СОЖ, жабдууларды пайдалануу жана тейлөө боюнча жол-жоболор). СОЖдун түп нускалары архивдерде сакталат, бирок алар иштөө үчүн жеткиликтүү болушу керек. Түп нускага жетүү лабораториянын жетекчисинин колу коюлган атайын көрсөтмө менен жүргүзүлөт. Бардык зыянга учураган СОЖго ревизия жүргүзүлөт: эскертүү, өзгөртүү жана кол менен түшүндүрүүгө жол берилбейт. СОЖдун көчүрмөлөрү бөлүмчөлөр боюнча таратылат. Аларды бир папкада сактоого жол берилбейт: СОЖдун көчүрмөлөрү алардын бузулушуна жол бербөөчү таңгактарга салынып, түздөн-түз жумушчу орундарда болушу керек (мисалы, чаң өткөрбөөчү баштыкчаларда);

- түшүнүү үчүн ыңгайлуу болууга. Кызматкер СОЖго толук түшүнүүгө жана аны так сактоого тийиш. Эгерде четтөөлөр аныкталса же болжолдолсо, анда изилдөөнүн жетекчисине дароо маалымдалат;

- ар бир СОЖго жана аларды кайра кароо жол-жобосуна жооптуу адамды дайындоо каралууга;

- өзгөртүүлөргө контролдоо жүргүзүүгө. СОЖ системасы, эгерде ал дайыма кайра каралып, толукталып, өзгөртүлүп жана жаңы нормалар менен өзгөртүүлөрдү чагылдыруу менен модификацияланып турса тиешелүү түрдө иштейт. Өзгөртүүлөр жана оңдоолор дароо лабораторияда колдонулат. Модернизациялоо жеңил жана тез болуп, көптөгөн кол коюулар менен бекитилбөөгө тийиш;

- отчетторду берүүнү борборлоштуруп уюштурууну камсыздоого: СОЖ форманы, номер ыйгарууну, отчетторду берүү тартибин, кайра кароону жана өркүндөтүүнү, кайра алууну, мөөнөтүн узартууну, комплект толук болбогондогу аракетти, толук жиберилбей калууну баяндайт;

- кызматкердин квалификациялык талаптарга шайкештигин камсыздоону;

- документтерди сактоо жол-жобосун аныктоону. Бардык жок чыгарылган СОЖдор жана узак мезгил пайдаланылбай же кыйла заманбап версиялар менен алмаштырылгандар зарыл болгон учурда аларды калыбына келтирүүгө мүмкүн болгондой тартипте сакталат.

72. Клиникага чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө аралыктык жана корутунду отчеттор түзүлөт.

73. Отчет клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн жалпыланган натыйжаларын камтыган документ болуп эсептелет. Отчет түшүнүктүү, ачык-айкын болуп, изилдөө деңгээлин чагылдырышы керек. Корутунду жана жыйынтыктар натыйжаларды кош мааниде чечмелөөгө негиз болбошу керек. Аралыктык жана корутунду отчетторду берүү мөөнөттөрү изилдөө протоколунда белгиленет. Эгерде изилдөө комплекстүү мүнөзгө ээ болсо, анда отчеттор изилдөөнүн ар бир түрү боюнча түзүлөт. Мындай отчетторду берүү планы изилдөө протоколунун бөлүгү болуп эсептелет. Отчетко изилдөөнүн жетекчиси жана жооптуу кызматкерлер кол коюшат, ал эми изилдөө лабораториясынын жетекчиси бекитет.

74. Аралыктык отчет төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- титулдук баракчада: отчетту лабораториянын жетекчисинин бекитүүсү, изилдөө номери, изилдөөнүн аталышы, "аралыктык" деген көрсөтмө, изилдөө жүргүзүлгөн жер, демөөрчүнүн аталышы;

- изилдөөгө катышкан бардык кызматкерлердин жана илимий консультанттардын тизмеси аларга изилдөөнүн жетекчиси берген изилдөө бөлүмдөрүнүн аталыштарын көрсөтүү менен;

- эксперименттердин башталган жана аяктаган күнү;

- изилдөө процессинде келтирилген аудиттер жөнүндө маалыматтар;

- нормативдик укуктук документтерге жана адабий булактарга шилтемелери менен пайдаланылган материалдарды жана методдорду баяндоо;

- алынган натыйжаларды баяндоо жана жалпылоо;

- жыйынтыктар.

75. Корутунду отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- титулдук баракчада: отчетту лабораториянын жетекчисинин бекитүүсү, изилдөөнүн номери жана аталышы (изилдөөчү материалды химиялык аталышы, коддук номери, дары-дармектин транспорттук системасы катары пайдаланылуучу активдүү ингредиенттердин аталышы боюнча идентификациялоону кошкондо), "корутунду" деген көрсөтмө, изилдөө жүргүзүлгөн жер, демөөрчүнүн аталышы;

- изилдөөгө катышкан бардык кызматкерлердин жана илимий консультанттардын тизмеси аларга изилдөөнүн жетекчиси берген изилдөө бөлүмдөрүнүн аталыштарын көрсөтүү менен;

- эксперименттердин башталган жана аяктаган күнү;

- изилдөө процессинде келтирилген аудиттер жөнүндө маалыматтар;

- нормативдик укуктук документтерге жана адабий булактарга шилтемелери менен пайдаланылган материалдарды жана методдорду баяндоо;

- изилдөө протоколуна ылайык алынган натыйжаларды баяндоо жана жалпылоо;

- жүргүзүлгөн изилдөөнүн ушул стандартка шайкештиги жөнүндө маалыматтарды кошкондо корутунду;

- жыйынтыктар.

76. Отчетторду бекитээрдин алдында илимий консультанттар, изилдөөгө катышкан бардык кызматкерлер, монитор жана сапатты кепилдикке алуу бөлүмүнүн өкүлдөрү менен талкууланат, алар кол коюшат жана лабораториянын жетекчиси тарабынан бекитилет. Отчеттор үч нускада түзүлөт: бекитилген отчеттун бир нускасы изилдөө лабораториясында калат, экөө демөөрчүгө берилет.

77. Зарыл учурда отчетторго бекитилген түзөтүүлөр түрүндө оңдоолор жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, анда аларды киргизүүнүн себептери ачык жана так көрсөтүлөт. Бардык оңдоолор жана толуктоолор ушул оңдоого жооптуу кызматкерлер, илимий консультанттар, монитор, сапатты кепилдикке алуу бөлүмүнүн өкүлдөрү менен талкууланат, изилдөөнүн жетекчиси, жогоруда көрсөтүлгөн адамдар кол коет жана лабораториянын жетекчиси бекитет. Оңдоолор дагы үч нускада түзүлөт. Изилдөө лабораториясында бардык оңдоолор отчеттор менен бирге сакталат.

§6. Изилденүүчү материал

78. Тест-системалар изилденүүчү материалдын жана/же салыштыруу препаратынын жетиштүү саны менен камсыздалышы керек. Лабораторияда ар бир стадиянын документтеринде аларды колдонуу толук баяндалышын жана тийиштүү контролдоо камсыздалат. Изилденүүчү материал жана/же салыштыруу препараты менен лабораторияны демөөрчү камсыздайт.

79. Изилденүүчү материалды алуу жол-жобосу СОЖдо жазылат.

80. Чоң лабораторияларда изилденүүчү материалды алуучу, тариздөөчү, идентификациялоочу, берүүчү, кайра кайтаруучу атайын кызматкер дайындалат. Чакан лабораторияларда аны ыйгарым укуктуу адис же изилдөөнүн жетекчиси аткарышы мүмкүн.

81. Жооптуу кызматкерге өз учурунда изилденүүчү материалдын келгендиги жөнүндө билдирилет. Берүү күнү алдын ала макулдашылат жана изилдөө протоколунда көрсөтүлөт. Демөөрчү берүүнү камсыздайт, зарыл болгон химиялык мүнөздөмөнү жана изилденүүчү материалдын туруктуулугу боюнча маалыматтарды берет, ошондой эле сериясын көрсөтүү менен анын үлгүсүн өзүнө сактоого коет.

82. Изилденүүчү материалды сапаттуу таңгактоо өтө маанилүү, ошондуктан аны ташуу үчүн контейнер ишенимдүү жана андан ары пайдалануу үчүн идеалдуу түрдө жарактуу болушу керек. Эгерде ташуу коомдук транспортто жүргүзүлсө, ал эми таңгак морт материал түрүндө болсо же атайын шартты талап кылса, анда аны атайын муздаткычтарда алып жүрүү ишке ашырылат. Ошондой эле күтүлбөгөн жагдайлар: аэропортто кармалып калуу, аба ырайынын шарттары, забастовкалар да каралат.

83. Изилденүүчү материал эки контейнерге: ички жана тышкы таңгакталат жана тиешелүү түрдө маркаланат.

Тышкы контейнердин этикеткасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- изилденүүчү материалдын аталышы;

- чыгаруучунун же демөөрчүнүн аталышы;

- таңгактоо күнү;

- контейнердин же изилденүүчү материалдын номери, тиби, анда камтылгандардын саны;

- анын идентификациялык белгилери (түсү, консистенциясы, кандай максат үчүн арналганы ж.б.);

- сериясы;

- таңгактоо үчүн жооптуу кызматкер;

- ташуучунун аталышы.

Ички таңгактын этикеткасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

- камтылгандын аталышы;

- сериясы;

- таңгакталган күнү;

- сактоо шарттары;

- контейнердин номери;

- идиштин массасы;

- идишсиз массасы.

84. Изилденүүчү материалдын келген учуруна карата төмөнкүлөр даяр болушу керек: жооптуу адам жок болгон же контейнер зыянга учураган абалда келген учурда алар менен иштөө боюнча нускаманы кошкондо кабыл алуу жол-жобосу, изилденүүчү материалды сактоо шарттары жана аны иштетүү шарттары. Контейнердеги камтылгандардын химиялык активдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон шарттардын жоктугуна ишенүү үчүн анын жүрүү жолуна алдын ала аудит жүргүзүлгөнү абдан маанилүү.

85. Ар бир үлгүгө кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

- камтылгандын аталышын;

- сериясын;

- изилденүүчү материалды баяндоону. Бул бөлүм ал демөөрчү тарабынан жиберилген жана лабораторияга келген түрдө үлгүнү салыштырып баяндоону камтышы керек;

- контейнердин номерин;

- контейнердин тибин;

- камтылгандын таза массасын жана идиштин массасын;

- контейнердин лабораторияга келген күнүн;

- контейнердин келгендеги абалын;

- ташуу шарттарын сактоону.

86. Изилденүүчү материал жабык контейнерлерде, кампаларда сакталат, аларды пландоодо жана жабдууда аларга кирүүгө чектөө каралат жана тиешелүү айлана-чөйрө камсыздалат.

87. Сактоо өзүнчө компонент менен контейнердин ортосундагы байланышты минимумга келтиргидей түрдө уюштурулат. Таңгак бузулганда же төгүлгөндө контейнердеги суюк заттардын аралашып кетишин болтурбоо үчүн контейнер изилдөөчү материалы менен бирге башка контейнерге жайгаштырылат.

88. Изилденүүчү материалды экспериментке даярдоодо үлгүнүн бөлүгү өзүнчө контейнерге которулат. Бул контролдук үлгү, ал андан кийин изилденүүчү материалдын негизги массасындай эле шартта сакталат. Анын этикеткасында төмөнкүдөй маалымат болушу керек:

- изилденүүчү материалдын аталышы же коддук номери;

- сериясынын номери;

- сактоо шарттары;

- нетто массасы;

- үлгүнү алуу күнү;

- башка идентификациялык белгилери.

89. Бул маалыматтар бир эле учурда өзүнчө документ катары таризделет жана контролдук үлгүлөр жана изилдөөнүн алгачкы жумушчу материалдары менен бирге сакталат. Контролдук үлгүлөр ырастоочу талдоолорду жүргүзүү зарыл болгон учурларда гана пайдаланылат.

90. Изилденүүчү материалды ар бир изилдөө учурдагы жазуулар түрүндө таризделет. Изилдөөлөр бекитилген протокол же анын өзгөртүүлөрү менен гана жүргүзүлөт.

Типтүү учурдагы жазуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

- пайдалануу күнүн;

- изилдөө номерин. Эгер үлгү бир нече изилдөөдө пайдаланылса, анда аны бир нече контейнерге илип коюуга уруксат берилет;

- контейнердин массасын жана изилдөөнүн алдындагы үлгүнү;

- ар бир изилдөө үчүн контейнерден алынган үлгүнүн массасын;

- ар бир контейнердин массасын жана пайдалангандан кийинки үлгүнү;

- таразага тартуудагы айырмалар жөнүндө маалыматтарды. Айырмалар болгон учурда түшүндүрмө болушу керек (мисалы, эгер изилденүүчү материал кокусунан төгүлсө же кургап кетүүнүн натыйжасында массасы азайып калса);

- калдык жөнүндө маалыматтарды. Контейнердеги материалдын жалпы саны жана анын эксперименттен кийинки калдыгы дайыма контролдонот.

91. Изилденүүчү материалдын калдыктары изилдөө аяктагандан кийин экологиялык таза ыкма менен утилдештирилет. Бул жол-жобо отчет түрүндө таризделет.

92. Дозалоо - клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн маанилүү бөлүгү, анткени ушул жол жобону жүргүзүүдөгү ката бардык натыйжаларды жоготууга алып келет.

93. Дозалоо процессинде төмөнкүдөй жол-жоболор бөлүнүп көрсөтүлөт:

а) алгачкы даярдоо жана пландоо. Протоколго кол коюунун алдында изилдөөнүн жетекчиси менен төмөнкүлөр талкууланат жана макулдашылат:

- изилденүүчү материалдын химиялык тазалыгы. Көпчүлүк учурда ал болжол менен 100% активдүү затты кармоого тийиш. Эгерде бул көрсөткүч кыйла төмөн болсо, анда ал кошундулардын массасын кемитип салуу жолу менен оңдолот (изилдөө валидацияланууга тийиш);

- дозалардын деңгээли, жаныбарлардын саны жана сынамыктардын киргизилген көлөмү. Акыркысы жаныбарлардын салмагына жараша болот жана изилдөөнүн жетекчиси аны протоколдо жазат. Дозалоо режими изилдөөнүн жетекчиси тарабынан ар бир эки жумада контролдонуп турат;

- жабдуулары менен ар бир операцияга, даярдоонун, пландоонун ар бир жол-жобосуна СОЖ жана алынган маалыматтар менен документтерди талдоо;

- сынамыктарды даярдоо методдорун текшерүү жол-жобосу;

- эгерде алгачкы эксперименттер каалаган натыйжаны бербесе сынамыктарды даярдоо методу иштелип чыгат. Сынамыктар изилденүүчү материалдын туура концентрациясына ээ болушу жана гомогендүү болушу өтө маанилүү экенин эске алуу керек;

- биринчи жолу колдонуунун алдында милдеттүү түрдө изилденүүчү материалдын стабилдүүлүгү текшерилет.

б) сынамыктар көз карандысыз топ тарабынан тест-системалардын зарыл болгон саны үчүн дароо эле даярданат. Мындай ыкма аткарылуучу жол-жобонун ачык-айкындыгын белгилейт. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- адекваттуу өлчөмдөгү жумуш орундарын бөлүү;

- жумушчу бетти тазалоо;

- контейнерлерди, шпателдерди жана башка майда кол менен иштетилүүчү жабдууларды адекваттуу тазалоо;

- этикеткаларды даярдоо жана чаптоо;

- каталардын кетишин же кокусунан аралашуу мүмкүндүгүн минимумга чейин азайтуу максатында бөтөн материалдарды алып салуу;

- протоколдун нускамасына жана СОЖго ылайык изилденүүчү материал бир түрдө экендигине текшерилет, үлгүлөрдүн зарыл саны таразага тартылат;

- эгер изилденүүчү материал контролдонуучу үлгү менен бир мезгилде пайдаланылса, анда биринчиси контролдук үлгүнүн сынамыгына даярдалат. Андан кийин изилденүүчү материалдын сынамыгы даярдалат;

- изилденүүчү материал адегенде көп эмес сандагы эриткич менен аралаштырылып, туруктуу аралашууда керектүү көлөмгө чейин акырындык менен жеткирилет. Андан ары азыраак концентрацияланган эритмелерди алуу үчүн изилденүүчү материалдын эритмесинин жогорку концентрациясын даярдоого жол берилет. Даярдалган эритинди жаныбарлар үчүн манипуляциялык бөлмөгө ташуу үчүн тиешелүү идишке куюлат. Ташуу үчүн контейнер сыналуучу үлгүнүн сапатын сактоо боюнча талаптарга абдан так шайкеш келиши керек;

- контейнердин материалы үлгү же эриткич менен өз ара аракетте болбоого тийиш;

- түздөн-түз пайдалануунун алдында сынамыкты даярдоо зарылдыгы болгон учурда контейнер толук боюнча ушул жол-жободо пайдаланылуучу приборлордун (аралаштыргыч, инкубатор ж.б.) өлчөмүнө шайкеш келиши керек;

в) даяр үлгүлөрү бар контейнер жана аралыктык контейнерлер төмөнкү маалыматтары бар этикеткалары менен жабдылат:

- изилдөөнүн номери;

- топтун номери жана жаныбарлардын жынысы;

- контейнердин жана анда камтылгандардын массасы;

- камтылгандардын идентификациялык маалыматтары (изилденүүчү материалдын аталышы, каттоо номери, лабораторияга түшүүдөгү үлгүнүн маалыматтары, даярдоо күнү, жарактуулук мөөнөтү, камтылганды баяндоо, көлөм);

- сактоо шарттары.

94. Ар бир дозанын этикеткаларын түстүү коддоо сунушталат. Адатта лабораторияга түшүү учурунда маркаланган изилденүүчү материалдын этикеткаларынын түсү пайдаланылат.

95. Изилденүүчү материалдын идентификациялык маалыматтарын талдоо өтө чоң мааниге ээ. Ал изилдөө протоколуна изилденүүчү материалдын концентрациясынын, туруктуулугунун жана гомогендүүлүгүнүн шайкештигин кепилдикке алат.

96. Эгерде алынган сынамыктын протоколдун талаптарына шайкеш эместигине шектенүү болсо, изилдөө жүргүзүүнүн алдында лабораториялык анализдер жүргүзүлөт. Барыдан мурда сынамыктардын туруктуулугуна жана гомогендүүлүгүнө көңүл бурулат. Үлгүлөр дозаларга бөлүштүрүү болгон шарттарда изилденет. Бул учурда доза аны даярдоо менен реалдуу жагдайда тест-системага киргизүүнүн ортосундагы аралыктай болгон убакытка кармалат.

97. Эгерде сынамык протоколдун талаптарына шайкеш келсе, анда ал дозалоочу идишке куюлат.

98. Эгер узакка изилдөө үчүн концентрацияланган эритме даярдалса өз алдынчалоо талаптарына шайкеш келишине аны мезгил-мезгили менен контролдоп турушат. Ушул изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча сынамыктарды даярдоо процессинин сапаты жана алардын экспериментте пайдалануу үчүн жарактуулугу бааланат. Үлгүлөрдү контролдоого жооптуу химик гана (бирок сынамыкты даярдоочу же аны дозаларга бөлүүчү кызматкер эмес) контролдоо күнүн аныктайт (б.а. жарактуулук периметрлерин контролдоо алдын ала эскертилбестен жүргүзүлөт).

99. Үлгүлөрдү жаныбарларга киргизүү менен бирге эле аны мезгилдүү түрдө контролдоо дагы сунушталат. Бул учурда сынамыктарды алуу эксперименттен калгандарынан жүргүзүлөт, анткени бул изилденүүчү препараттын концентрациясы, анын туруктуулугу жана жаныбарларга киргизүүдөгү гомогендүүлүгү жөнүндө туура маалымат берет.

100. Жумушчу журналдарда милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- сынамык даярдалган күн;

- сынамыктын анын өз алдынчалыгына шайкештиги;

- бош контейнердин массасы;

- контейнердин жана изилденүүчү сынамыктын жалпы массасы;

- киргизилүүчү эриткичтин массасы;

- эриткичтер менен изилденүүчү материалдын аралашмасынын жалпы массасы;

- жол-жобону жүргүзгөн бардык кызматкерлердин колдору, аты-жөнү.

101. Сынамыктарды киргизүү СОЖго ылайык жүргүзүлөт.

102. Бул жол-жобонун максаты лабораториялык жаныбарларга киргизүү үчүн изилденүүчү материалдын жана салыштыруу препаратынын зарыл санын кылдат жана так камсыздоо болуп эсептелет. Дозалоонун корректтүүлүгү бардык документтерде толук жазуулар менен ырасталат.

103. Ушул ишти аткаруучу кызматкер аттестацияланууга жана сынамыктарды киргизүү жол-жобосуна да, лабораториялык жаныбарлар менен корректтүү иштөөгө да жакшы окутулушу керек.

104. Лабораториялык жаныбарлар менен иштөө зонасына кирүүдө сынамыкты жаңыдан идентификациялашат жана анын саны өз алдынчалыкта көрсөтүлгөнгө так шайкеш келиши керек. Кызматкер контейнердин бүтүндүгүнө ишениши керек. Сынамык киргизүү башталганга чейин тиешелүү шарттарда кармалат (магниттик аралаштыргычта, муздаткычта ж.б.).

105. Ооз аркылуу киргизүүдө төмөнкү эрежелер сакталат:

- жаныбарлардын тобу тажрыйбага дозалардын өсүү тартибинде алынат;

- бир сынамык бир топтогу жаныбарларга киргизүү үчүн гана пайдаланылат. Контейнер бир жолу гана ачылат;

- ар бир жаныбарга бир гана шприц же зонд пайдаланылат;

- сынамык берээрдин алдында жаныбарларга бардык торлор идентификацияланат, бул учурда сынамык жана жаныбарлар жөнүндө маалыматтары бар түстүү этикетка жана топтун номери пайдаланылат;

- контейнер, катетер же шприц сакталган жерден пайдалануунун алдында гана алынат;

- бир жолу жаныбарлары бар бир гана тор ачылат. Эгер жаныбарлар жекече жайгаштырылса, ар бир жаныбар торго сынамыкты алгандан кийин дароо кайра киргизилет. Эгерде тобу менен кармалса, анда жаныбарлар экинчи торго киргизилет, андан аларды үлгүлөрдү киргизүүдө чыгарылат. Үлгүнү киргизгенден кийин алар кайрадан туруктуу кармалуучу торго киргизилет;

- ар бир жаныбар жекече маркаланат.

106. Изилденүүчү материал башка ыкмалар менен киргизилген учурда оозу аркылуу киргизүүдөй эле эрежелер сакталат.

107. Киргизилүүчү көлөмдүн эсеби жазуу жүзүндө таризделет.

108. Жумушчу журналдагы жазуулар идентификацияланууга тийиш:

- киргизүүнү жүргүзгөн кызматкерге;

- ар бир тест-системага киргизилүүчү жана анын дененин массасына ылайык келүү дозасына;

- киргизүү күнүнө жана убактысына;

- ар бир киргизүүгө чейинки жана андан кийинки үлгүсү бар контейнердин массасына.

§1. Тест-системалар

109. Тест-системаларга жаныбарлар, өсүмдүктөр, органдар, клеткалар, заттар же колдонуудагы аналитикалык жабдуулар кирет. Көбүнчө жаныбарлар тест-система болот.

110. Аларды кармоо шарттары жана алар менен иштөө илимий талаптарга жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына шайкеш келүүгө милдеттүү.

111. Изилдөөнүн жетекчиси же жаныбарлар менен иштөөнү жетектөөчү кызматкер белгиленген изилдөөгө кызматкердин, жол-жоболордун, жабдуулардын жана жайлардын шайкештигине жоопкерчилик тартат. Өзгөчө дени соо жаныбарларды алуу жана оорулардын жайылышын болтурбоо маанилүү.

112. Изилдөөнүн жетекчиси төмөнкү талаптарды эске алуу менен жаныбарлардын фенотибин/генотибин, санын, жынысын, жашын, берүүчүсүн аныктайт:

- эксперименттик модель менен айкалышуусун;

- изилдөө максаттарын жана планын;

- экспериментке биринчи катышуучу тест-системаны тандайт.

113. Тест-системанын түрү протоколдо белгиленет.

114. Клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн пландалган тест-система жогорку деңгээлдеги сапатта болушу керек. Алып келинген жаныбардын, тоюттун, торлордун сапаты аудитке коюлат. Адатта бул иш менен сапатты кепилдикке алуу бөлүмү жана лабораториялык жаныбарлар менен иштөөгө жооптуу адам алектенет. Жаныбарларды сатып алуучулар сапатына таасир этүүчү талап кылынган четтөөлөрсүз аларды алып жатканына ишенимдүү болушу керек (пестициддерди контролдоо, колонияларды жаңылоо, оорулары, ветеринардык кийлигишүүлөр, ташуу проблемалары жөнүндө маалыматтары менен). Берүүчү менен изилдөөлөрдү жүргүзүү шарттары макулдашылат, анткени ал изилдөө боюнча өнөктөш болуп эсептелет.

115. Берүүчү жаныбарлардын ден соолугу, мителердин болушу, жугуштуу оорусу бар жаныбарлар менен байланышы, жаныбарларга өз алдынчалыгы, транспорттук сертификаты, накладнойлору жөнүндө зарыл документтерди өз ыктыяры менен берүүгө милдеттүү жана изилдөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды айтууга укуктуу.

116. Жаныбарларды кабыл алуу СОЖго ылайык жүргүзүлөт: алар саналат, жынысы аныкталат, ден соолугу жана ташууда алынган стресстин деңгээли бааланат. Документтер бир папкага топтолот. Ушундан кийин жаныбарлар манипуляция жана лабораториялык жаныбарларды кармоо үчүн бөлүмгө берилет. Таза торго жайгаштырылат, тамак-аш жана суу менен аларды багуу боюнча СОЖдун жалпы талаптарына ылайык камсыздалат жана климатташтырылат.

117. Климатташтыруу процессинде жаныбарлардын ден соолугунун статусу тастыкталат, туура келбеген жаныбарлар алып салынат. Климатташтыруу узактыгы биологиялык түргө, берүүчүгө жана изилдөө тибине жараша болот. Ушул мезгилде микроклимат, кармалган жер, жүрүм-туруму, аппетити, денесинин массасынын динамикасы ж.б. жөнүндө байкоо жүргүзүүнүн демейдеги жол-жоболору жана маалыматтарды документте белгилөө уюштурулат жана жүргүзүлөт.

118. Жаныбарларды идентификациялоо туруктуу процесс болуп эсептелет. Топту пайдалануунун алдында убактылуу жасалган торлор үчүн карточкалар системасы сунушталат. Карточкалар протоколдогу көрсөтмөлөргө ылайык аларга андан ары өзгөртүү киргизүү мүмкүндүгү болгудай жасалат.

119. Кыйла ыңгайлуу эсепке алуу үчүн манипуляция жана лабораториялык жаныбарларды кармоо үчүн бөлүм аларды андан ары номерлөөнү камсыздашы керек. Торлорго биринчи карточкалар (мисалы, препаратты алган жаныбарларды белгилөө үчүн) ички түстүү коду болушу керек.

120. Изилдөөгө пайдаланылуучу ар бир жаныбар өзүнүн жеке, кайталанбаган номерге ээ болушу керек, ал номер башка маалыматтары жана өз алдынчалыктары менен катар эле бардык изилдөөнүн учурунда колдонулат. Эгерде топ түзүлсө, ар бир жаныбар алдын ала идентификацияланат. Тиешелүү түрдө жаныбарды тордон ар бир жолу чыгарууда аны идентификациялоо боюнча СОЖдун талаптары аткарылат.

121. Протоколго ылайык жаныбарлар изилденүүчү материалды киргизүүнү баштоонун алдында топторго бөлүштүрүлөт. Эгер жаныбарлар рандомизацияланса, рандомизация таблицасынын же статистикалык таблицанын темасы баштапкы маалыматтарды камтышы керек. Таблицага ырааттуу тартипте жаныбарлардын туруктуу номери киргизилет. Торлор жайгашкан текчелер жана жерлер белгиленүүгө тийиш. Акклиматташтыруу мезгилинде жаныбарлардын шайкеш эместиги жөнүндө документтерди тариздөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул маалыматтар дароо бааланат жана четтетүү боюнча чаралар көрүлөт.

122. Лабораториялык жаныбарлар менен иштөө төмөнкү принциптерге негизденет:

- СОЖду узактыгына, изилдөөнүн тибине, изилдөө жүргүзүү шарттарына карата иштеп чыгуу;

- байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларынын сапатына таасир тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайларды документке жазуу. Демейдеги нормадан четтөө же тынчсыздандыруучу жана күтүлбөгөн жагдайлар оңдоочу иш-чараларды жүргүзүү, алардын акыркы натыйжага таасирин изилдөө, ошондой эле корутунду отчетто чагылдыруу үчүн бааланат.

123. Жалпысынан ар бир четтөө төмөнкүлөргө салыштырмалуу бааланат:

- анын булагына (мисалы, температура жана нымдуулук кыйла деңгээлде желдетүүгө жана кондициялоого жараша болот, жуугуч каражаттардын калдык саны чайкоонун кылдаттыгына жараша болот, абанын сапаты желдетүү системасына жакындыгына көз каранды);

- пландалган коркунучтарга. Лабораториялык жаныбарлар же клеткалардын культуралары менен иштөөдө тоскоолдук кылуучу жол-жоболор өтө маанилүү. Сууну бөлүштүрүүнүн автоматтык системасы үчүн анын сапаты чоң мааниге ээ. Коркунучтар атайын пландалышы мүмкүн: мисалы, атайын диетаны пайдалануу менен байланышкан изилдөөлөрдө тоюттун мүнөздөмөсү, төшөмөлөрдүн, мүнөздөмөсү;

- мониторингге (торлордун тазалык сапатын контролдоо, тоюттун, суунун жана төшөмөлөрдүн сапат сертификаттары, өзү жазгычтардын, манометрлердин, аба алмашууну ченегичтердин, курт-кумурскалардын феромондорун кармагычтардын абалы);

- өзгөрүүлөрдү контролдоого (жарыктанууну, тоскоолдук жол-жоболорду, аба жана суу чыпкаларын ж.б. ченөөчүлөрдүн ишин контролдоо). Системалуу да, кокус дагы болгон өзгөрүүлөр белгиленет жана алардын жыйынтыктарга болгон таасири бааланат. Системалуу контролдоо дагы катталбаган факторлордун тест-системасына таасир этишине тоскоолдук кылат.

124. Маалыматт ардын жалпы базасынын динамикасы физиологиялык нормалардын өз алдынчалык түрүн аныктайт (жашы/салмагынын көз карандылыгы, өлүм динамикасы, гематология жана биохимия, патоморфологиялык маалыматтар). Ушул маалыматтар менен контролдук топтун параметрлери салыштырылат. Нормадан олуттуу четтөөлөр жаныбарлар үчүн торлордун абалына талдоо жүргүзүү жана вивария айлана-чөйрөнү контролдоо жол-жобосун жасоо үчүн негиз болуп эсептелет.

5. Документтер. Баштапкы жана чогултулган маалыматтар

§1. Байкоолорду жазуу жол-жоболору

125. Изилдөөнүн жетекчиси төмөнкүлөрдү кепилдикке алат:

- адекваттуу окутулган квалификациялуу кызматкерлердин жетишээрлик санын;

- штаттык кызматкерлердин изилдөө жол-жоболорун жакшы билишин;

- жумушчу орундарда СОЖдун болушун;

- жол-жоболорду аткаруу үчүн тиешелүү жабдуулар жана материалдар менен камсыздалышын;

- жумушчу орунда маалыматтарды жазууну.

126. Жазуулар изилдөөнү кийин калыбына келтирүү үчүн өтө зарыл. Изилдөө эгерде тиешелүү жазуулар жүргүзүлбөсө эсепке алынбайт. Ал төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек:

- аткарылган иштин протоколго шайкеш келишин;

- алынган маалыматтардын СОЖдо жана протоколдо жазылган методдорго шайкеш келишин. Нускамадан четтөөлөр милдеттүү түрдө жазууларда белгиленүүгө тийиш;

- экспериментти жүргүзүү убактысынын протоколго шайкеш келиши. Күнү жана зарыл болсо убактысы жазылат. Айрым изилдөөлөр үчүн (мисалы, токсикокинетикалык изилдөөлөрдү үлгүнү даярдоо) абдан так убакыт керек жана маалыматтар сынамыктарды тандоонун так ырааттуулугун көрсөтүшү керек;

- ишти ким жүргүзөт. Жазуулар жол-жобону жүргүзүүчү кызматкерге идентификацияланат. Эгерде жол-жобону бир нече кызматкер жүргүзсө, анда бул жумушчу журналдарга алардын койгон колдору аркылуу белгиленет.

127. Изилдөө жүргүзүү процессинде алынган бардык маалыматтар кылдат, так, таза, тез, түз (черновиксиз) жана оңдоого жана кырып тазалоого мүмкүнчүлүк болбогудай түрдө жазылат.

128. Милдеттүү түрдө изилдөөнүн номери жана жаныбардын номери жазылат. Алар каталардын коркунучу болбогудай жазылышы керек. Бардык параметрлер оңой идентификацияланышы керек, биринчи маалыматтар түздөн-түз эксперименттин жүрүшүндө жазылат. Эгер параметрлерди ченөө натыйжалары компьютер аркылуу берилсе, анда маалыматтар дароо кагазга сыясы бар принтерди колдонуу менен чыгарылат, магниттик булакка көчүрүлөт же цифралык формада жазылат. Жазуулар кол менен жазылган учурда өчүрүлбөс сыя, суу жукпоочу боектору бар маркалоо колдонулат. Айрым учурларда жекече белгиленген, кол коюлган, катталган жана күнү жазылган фотокөчүрмөлөр колдонулушу мүмкүн. Зарыл учурда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, бирок биринчи маалыматтардын мааниси бурмаланбашы керек. Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы милдеттүү түрдө негизделет. Өзгөртүү киргизүүчү кызматкер анын аягына колун жана күндү коюшу керек, башкача айтканда бул жазуу эмне үчүн өзгөртүү киргизилгенин, качан жана ким тарабынан болгонун так чагылдырышы керек.

6. Сапатты кепилдикке алуу бөлүмүнүн иши

§1. Жалпы талаптар

129. Бул Эрежелер изилдөөнүн ишенимдүүлүгүн жана эксперименттик натыйжалардын негиздүүлүгүн камсыздоо үчүн зарыл болгон сапатты кепилдикке алууга талаптардын минималдуу деңгээлин аныктайт.

130. Сапатты кепилдикке алуу бөлүмүнө жалпысынан клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн көз карандысыздыгын жана айрым алганда анын уюштуруу түзүмүн камсыздоо боюнча укук берилет. Ал сапат системасынын иштеши үчүн шарттарды камсыз кылат жана аларды ишке киргизүүдө консультант катары чыгат.

131. Жалпысынан сапатты кепилдикке алуу бөлүмү клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн натыйжасында алынган маалыматтарды ички контролдоочу жана анын валиддүүлүгүнүн гаранты болуп эсептелет.

132. Анын кызматкерлери изилдөөнүн бардык стадияларына: пландоодон, изилдөөлөр аудити аркылуу сактоого коюлуучу документтерге жана отчетторго чейин талдоо жүргүзөт. Иштин натыйжалуулугун камсыздоо үчүн бул бөлүм кызматкерлердин жумушчу документтерине жана лабораториянын бардык деңгээлдериндеги жол-жоболорго кайрылат жана мотивацияланган башкарууга бекитилет. Аудиттин материалдары оңдоочу иш-чараларды жүргүзүү жана пландоо үчүн жеткиликтүү болууга, бирок авторлор же башка кызматкерлер тарабынан оңдоо киргизүү үчүн жеткиликтүү болбоого тийиш.

133. Изилдөө протоколун талдоо аякталган, түшүнүктүү жана сапатты кепилдикке алуу бөлүмүнүн кызматкеринин колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Сапатты кепилдикке алуу бөлүмү бардык протоколдордун бирден көчүрмөлөрүн жана андан кийинки өзгөртүүлөрдү алат жана сактайт.

§2. СОЖго талдоо жүргүзүү

134. СОЖ бүткөнүнө, ачык-айкындыгына, башка СОЖдор менен карама-каршылыктары жоктугуна жана ушул Эрежелерге ылайык келишине карата көз караштан талдоого алат. Эгер алар бардык талаптарга жооп берсе, талдоо СОЖго кол коюу менен аякталат.

§3. Аудит

---

> Текст кыскартылды: бул жерде документтин 693109 белгисинин алгачкы 249815 белгиси гана. Толук тексти - https://aqlex.ai/kg/doc/92701 барагында
