Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, салт-санааларды, ырым-жырымдары жана майрамдык салтанаттарды өткөрүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-08-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-августу №447 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, салт-санааларды, ырым-жырымдары жана майрамдык салтанаттарды өткөрүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.О.Осмоналиев демилге кылган "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, салт-санааларды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды өткөрүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №447 токтому менен жактырылган
"Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, салт-санааларды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды өткөрүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.О.Осмоналиев демилге кылган "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, салт-санааларды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды өткөрүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Берилген Мыйзам долбоору калктын жашоо-турмушундагы улуттук үрп-адаттарды, үй-бүлөлүк салт-санааларды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо пайда болгон жаңы майрамдык салтанаттарды өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан, ошондой эле жарандарды, үй-бүлөлөрдү ашыкча ыгым-чыгымдан социалдык-экономикалык коргоону камсыз кылууга багытталган. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзамдын максаты башкалардын катарында жалпы адам укуктарын камсыздоо болуп эсептелээри дагы айтылат. "Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыздоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочу, гендерлик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий экспертизага тиешелүү экендигин белгилөө керек (ченемдик укуктук актынын долбоору жөнгө салууга багытталган укуктук мамилелерге жараша). Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын аталган Мыйзамынын 22 жана 23-беренелерине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын таламдарына түздөн-түз тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору норма жаратуучу органдын расмий сайтына түздөн-түз жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууланууга тийиш. Аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндөгү маалымат долбоорго негиздеме-маалымкатта чагылдырылышы керек. Бирок, негиздеме-маалымкатта Мыйзам долбоорун укуктук, укук коргоочу, гендерлик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий экспертизалоонун натыйжалары, ошондой эле мыйзам долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жок. Андан сырткары, Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгү улуттук үрп-адатка ылайык никеге туруу аземинин тартибин белгилөө каралат, ал үчүн колуктунун ата-энесинин макулдугу талап кылынат. Бул тартип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 5-пунктуна карама-каршы келет, анда нике курагына жеткен адамдар никеге турууга жана үй-бүлө түзүүгө укуктуу экендиги белгиленген. Бир дагы нике никеге кирүүчү адамдардын экөөнүн тең макулдугусуз жана ыктыярсыз болушу мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 13-беренесинин 1-пунктунда никеге туруу үчүн никеге туруучу эркек менен аялдын өз ара ыктыярдуу макулдугу жана алардын нике курагына жетиши керектиги айтылган. Ошентсе да Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 30-июнунда "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганын белгилейбиз, анда нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний үрп-адаттар укуктук мааниге ээ болбостугу белгиленген. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде ашыкча чыгымдарга алып келүүчү кайталап чакыруу менен той өткөрүүгө тыюу салынат. Бул норма Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына карама-каршы келет. Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар бир адам өзүнүн мүлкүнө, өз ишинин натыйжаларына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Андан сырткары Мыйзам долбоорунун 8-беренесинде ритуалдык ырым-жырымдардын тартиби белгиленген, бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү катары белгилениши мүмкүн эместиги жөнүндөгү 7-беренесинин нормалары эске алынган эмес. Дин жана бардык культтар мамлекеттен бөлүнгөн. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, салт-санааларды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды өткөрүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайык келбейт деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241