# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №445 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №445 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 445
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92699>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14788/edition/497920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92699.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №445 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтому (21.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92699

---

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 44 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 4-августу №445 Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- жыл сайын республикалык бюджеттен ушул токтомдун тиркемесине ылайык Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерине акча каражатын карасын;

- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №256 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин облустук Кеңештерин каржылоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А. Атамбаев

Тиркеме

Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин облустук Кеңештерине республикалык бюджеттин каражаттарынан каралуучу АКЧАЛАЙ КАРАЖАТТАР

| Мекеменин аталышы | Башка чыгымдар (Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин облустук Кеңештерине каралган акча каражаттарынын жалпы суммасы, 7 облус) (миң сом) |
| --- | --- |
| Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин облустук Кеңештери | 2248,3 |

Тиркеме: Каралган каражаттарды пайдалануу Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлеринин облустук Кеңештеринин уставына же жобосуна ылайык ишке ашырылат.
