Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-08-03.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 3-августу №444 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыч Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 3-февралы, N 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-берененин I-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "жогорку финансылык, экономикалык же атайын орто финансылык, экономикалык билими" деген сөздөр "жогорку финансылык экономикалык, юридикалык же орто кесиптик финансылык экономикалык, юридикалык билими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү - алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу салык органына конкурстук негизде жогорку финансылык, экономикалык, юридикалык же башка жогорку билими бар, квалификациялык талаптарга туура келген жана ведомстволук же аймактык салык органдарында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же адистиги боюнча 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат. Негизги милдеттеринин бири салыктык текшерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча ведомстволук же аймактык салык органдарынын ишин уюштуруу жана координациялоо болуп эсептелген ыйгарым укуктуу салык органынын түзүмдүк бөлүмүнө конкурстук негизде жогорку финансылык, экономикалык билими бар жана негизги милдеттеринин бири салыктык текшерүүлөрдү ишке ашыруу болуп эсептелген ведомстволук же аймактык салык органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 7 жылдан кем эмес бухгалтердик иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат. Негизги милдеттеринин бири салык милдеттенмелерин төмөндөтүү фактылары боюнча салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароо болуп эсептелген ыйгарым укуктуу салык органынын түзүмдүк бөлүмүнө конкурстук негизде жогорку финансылык, экономикалык билими, 7 жылдан кем эмес бухгалтердик иш тажрыйбасы же ыйгарым укуктуу салык органынын же салыктык текшерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча ведомстволук жана аймактык салык органдарынын ишин уюштуруу жана координациялоо негизги милдеттеринин бири болуп эсептелген ведомстволук же аймактык салык органынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө же салыктык текшерүүлөрдү ишке ашырууда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат. Негизги милдеттеринин бири салыктык текшерүүлөрдү ишке ашыруу болуп эсептелген ведомстволук же аймактык салык органдарынын түзүмдүк бөлүмүнө конкурстук негизде жогорку финансылык, экономикалык билими жана 5 жылдан кем эмес бухгалтердик иш тажрыйбасы бар же салыктарды өндүрүүнү ишке ашыруучу же салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү салык органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат.".
2. 6-берененин 4-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "бир жыл" деген сөз "алты ай" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик кызматчы конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча жогору турган кызмат ордуна которулган учурда атайын наам ыйгаруу акыркы аттестациядан өткөндөн кийинки үч жылдык мезгилдин чегиндеги мурунку кызматы боюнча аттестациядан өткөнүн эске алуу менен жүргүзүлөт".
3. 1-берененин 2-бөлүгү жана 6-берененин 15-бөлүгү түрдүү жөндөмөдөгү "ведомстволук" деген сөздөн кийин түрдүү жөндөмөдө "жана аймактык" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| № | Баптын, берене- нин номери | Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | Киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор | Эскер- түү | ||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 1-бөлүк- түн 1-бере- несинин 2-пункту | Мамлекеттик салык кызматынын бирдиктүү системасын ыйгарым укуктуу салык органы жана ведомство алдындагы салык органдары түзөт. | Мамлекеттик салык кызматынын бирдиктүү системасын ыйгарым укуктуу салык органы жана ведомство алдындагы ЖАНА АЙМАКТЫК салык органдары түзөт. | |||||||
| 2 | 5-бере- несинин 1-пункту | Мамлекеттик Салык кызматынын органдарына жогорку финансылык, экономикалык же атайын орто финансылык, экономикалык же жана башка жогорку билими бар, квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасын жарандары Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык конкурстук негизде кабыл алынат. Салык кызматында профессионалдык иш тажрыйбасы жок адамдар стажировкадан өтүшөт. Стажировкадан өтүү тартиби жана шарттары Мамлекеттик Салык кызматынын жетекчиси тарабынан бекитилген Жобо менен белгиленет. | Мамлекеттик Салык кызматынын органдарына жогорку финансылык, экономикалык же атайын орто финансылык, экономикалык же жана башка жогорку билими бар, квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык конкурстук негизде кабыл алынат. Салык кызматында профессионалдык иш тажрыйбасы жок адамдар стажировкадан өтүшөт. Стажировкадан өтүү тартиби жана шарттары Мамлекеттик Салык кызматынын жетекчиси тарабынан бекитилген Жобо менен белгиленет. КӨЧМӨ САЛЫКТЫК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ БОЮНЧА АЙМАКТЫК ЖАНА ВЕДОМСТВО АЛДЫНДАГЫ САЛЫК ОРГАНДАРЫНЫН ИШТЕРИН УЮШТУРУУ ЖАНА КООРДИНАЦИЯЛОО НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИНИН БИРИ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮГҮНӨ, КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ ЖОГОРКУ ФИНАНСЫЛЫК, ЭКОНОМИКАЛЫК БИЛИМИ БАР ЖАНА КӨЧМӨ САЛЫКТЫК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИНИН БИРИ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН АЙМАКТЫК ЖЕ ВЕДОМСТВО АЛДЫНДАГЫ САЛЫК ОРГАНДАРЫНЫН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮКТӨРҮНДӨ 5 ЖЫЛДАН КЕМ ЭМЕС ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ ЖЕ ЖЫЛДАН КЕМ ЭМЕС БУХГАЛТЕРДИК ИШ СТАЖЫСЫ БАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ КАБЫЛ АЛЫНАТ. САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮЛӨРДҮН АРЫЗДАРЫН КАРОО НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИНИН БИРИ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮГҮНӨ, КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ ЖОГОРКУ ФИНАНСЫЛЫК, ЭКОНОМИКАЛЫК БИЛИМИ БАР ЖАНА БУХГАЛТЕРДИК ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ 7 ЖЫЛДАН КЕМ ЭМЕС ЖЕ КӨЧМӨ ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЖЕ КӨЧМӨ ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ БОЮНЧА АЙМАКТЫК ЖАНА ВЕДОМСТВО АЛДЫНДАГЫ САЛЫК ОРГАНДАРЫНЫН ИШТЕРИН УЮШТУРУУ ЖАНА КООРДИНАЦИЯЛОО НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИНИН БИРИ БОЛУП ЭСЕПТЕЛИНГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНДА ЖЕ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮГҮНДӨ 5 ЖЫЛДАН КЕМ ЭМЕС ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ БАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ КАБЫЛ АЛЫНАТ. КӨЧМӨ САЛЫКТЫК ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИНИН БИРИ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН АЙМАКТЫК ЖАНА ВЕДОМСТВО АЛДЫНДАГЫ САЛЫК ОРГАНДАРЫНЫН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮКТӨРҮНӨ, КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ ЖОГОРКУ ФИНАНСЫЛЫК, ЭКОНОМИКАЛЫК БИЛИМИ БАР ЖАНА БУХГАЛТЕРДИК ИШ ТАЖРЫЙБАСЫ 5 ЖЫЛДАН КЕМ ЭМЕС ЖЕ АУДИТ ЖЕ САЛЫКТАРДЫ ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУЧУ САЛЫК ОРГАНДАРЫНЫН ТҮЗҮМДҮК БӨЛҮКТӨРҮНДӨ 5 ЖЫЛДАН КЕМ ЭМЕС ИШ СТАЖЫ БАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ КАБЫЛ АЛЫНАТ. | |||||||
| 3 | 1-бөлүк- түн 6-бере- несинин 4-пункту | Кайрадан кабыл алынган кызматкерлерге биринчи атайын наам аттестациядан өткөндөн кийин, сыноо мөөнөтүн камтуу менен кызматка кирген күндөн баштап, [бир жылдан] эрте эмес мөөнөттө ыйгарылат. | Кайрадан кабыл алынган кызматкерлерге биринчи атайын наам аттестациядан өткөндөн кийин, сыноо мөөнөтүн камтуу менен кызматка кирген күндөн баштап, АЛТЫ АЙДАН эрте эмес мөөнөттө ыйгарылат. | |||||||
| 4 | 3-бөлүк- түн 6-бере- несинин 4-пункту | Кайрадан кабыл алынган кызматкерлерге биринчи атайын наам аттестациядан өткөндөн кийин, сыноо мөөнөтүн камтуу менен кызматка кирген күндөн баштап, бир жылдан эрте эмес мөөнөттө ыйгарылат. 3-рангдагы же андан жогору салык кызматынын кеңешчиси атайын наамын ыйгаруу жагы каралган башкы административдик же улук кызматка мамлекеттик кызматчынын дайындоодо. 3-рангдагы салык кызматынын кеңешчисинен жогору эмес биринчи атайын наам ыйгарылышы мүмкүн. | Кайрадан кабыл алынган кызматкерлерге биринчи атайын наам аттестациядан өткөндөн кийин, сыноо мөөнөтүн камтуу менен кызматка кирген күндөн баштап, бир жылдан эрте эмес мөөнөттө ыйгарылат. 3-рангдагы же андан жогору салык кызматынын кеңешчиси атайын наамын ыйгаруу жагы каралган башкы административдик же улук кызматка мамлекеттик кызматчынын дайындоодо, 3-рангадагы салык кызматынын кеңешчисинен жогору эмес биринчи атайын наам ыйгарылышы мүмкүн. КОНКУРСТУК ТАНДООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЧЫ ЖОГОРУ ТУРГАН КЫЗМАТ ОРДУНА БАРГАНДА АТАЙЫН НААМ ЫЙГАРУУ, МУРУНКУ КЫЗМАТ ОРДУ БОЮНЧА АТТЕСТАЦИЯНЫ, БИРОК АКЫРКЫ АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТКӨНДӨН КИЙИН ҮЧ ЖЫЛДАН КӨП ЭМЕС МӨӨНӨТТҮ ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. | |||||||
| 5 | 6-бере- ненин 14- пункту | Салык кызматынын 3.2 жана 1-рангдагы кеңешчиси, 3.2 жана 1-рангдагы салык кызматынын инспектору, салык кызматынын кенже инспектору атайын наамдарын ыйгаруу, төмөндөтүү, ажыратуу, [борбордук органдын] жетекчисинин иш алып барган орун басарларынын жана статс-катчынын макулдугу менен. [Мамлекеттик Салык кызматынын борбордук аппаратынын] сектор жетекчилеринин, салык кызматтарынын аймактык жетекчилеринин, башкармалыктардын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн жетекчилеринин көрсөтмөлөрү боюнча [Мамлекеттик Салык кызматынын борбордук органынын] жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт. | Салык кызматынын 3.2 жана 1-рангдагы кеңешчиси, 3,2 жана 1-рангдагы салык кызматынын инспектору, салык кызматынын кен атайын наамдарын ыйгаруу, төмөндөтүү, ажыратуу, ЫЙГАРЫМ УКУКТАГЫ САЛЫК ОРГАНЫНЫН жетекчисинин иш алып барган орун басарларынын жана статс-катчынын макулдугу менен, ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН сектор жетекчилеринин, салык кызматтарынын аймактык жетекчилеринин, башкармалыктардын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн жетекчилеринин көрсөтмөлөрү боюнча ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт. | |||||||
| 6 | 6-бере- ненин 15- пункту | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык кызматынын кызматкерлерине ээлеген кызмат ордуна ылайык, төмөндөгү атайын наамдар ыйгарылат: ┌───────────┬─────────────┐ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ ├───────────┼─────────────┤ └───────────┴─────────────┘ | ├──────────┼──────────┤ Кызмат орду Биринчи Ведомство алдындагы органдардын инспектор- лору, адистери [Борбордук аппараттын] инспектор- лору Ведомство алдындагы органдардын улук инспектор- лору, ага адистери [Борбордук аппараттын] улук инспектор- лору, ага адистери ├──────────┼──────────┤ Ведомство органдардын башкы инспектор- лору, башкы адистери [Борбордук аппараттын] жетекчиси- нин жардамчысы, сектор жетекчи- лери, башкы инспектор- лор, башкы адистер Ведомство алдындагы органдардын бөлүмдөрү- нүн башчы- лары, сектор жетекчилери [Борбордук аппараттын] өз алдынча бөлүмдөрү- нүн жетекчиле- ринин орун басар- лары, башкарма- лыктын жетекчиле- ринин орун басарлары, жетекчинин кеңешичиси Ведомство алдындагы органдардын жетекчиле- ринин орун басарлары [Борбордук аппараттын] башкарма- лыктарынын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жетекчилери Бишкек жана Ош шаарынын башкарма- лыктарынын, [аймактар аралык] башкарма- лыктарынын, жетекчиле- ринин орун басарлары, ведомство алдындагы органдардын жетекчилери [Борбордук аппараттын] жетекчиси- нин орун басары Ведомство алдындагы [жана аймактык] органдын жетекчиси ├──────────┼──────────┤ ├──────────┼──────────┤ ├──────────┼──────────┤ | ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН инспектор- лору, адистери Атайын наамы алдындагы Салык кызматынын кенже инспектору дын улук Салык кызматынын 3-рангдагы инспектору УКУКТУУ Салык кызматынын 2-рангдагы инспектору лору, Салык кызматынын 2-рангдагы инспектору АРАЛЫК Салык кызматынын 1-рангдагы инспектору Салык кызматынын 1-рангдагы инспектору чысы, Салык кызматынын 3-рангдагы инспектору АЙМАКТАР Салык кызматынын 3-рангдагы инспектору лери Салык кызматынын 2-рангдагы инспектору дүн Салык кызматынын 2-рангдагы инспектору орун Салык кызматынын 2-рангдагы инспектору Ведомство Салык кызматынын 2-рангдагы инспектору лыктарынын Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекет- тик кеңешчиси Бишкек Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекет- тик кеңешчиси аралык башкарма- лыктарынын жетекчиле- ринин орун басарлары, ведомство алдындагы ЖАНА АЙМАКТЫК органдар- дын жетекчи- лери ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН жетекчиси- нин орун басары Статс- катчы Жетекчи | Салык кызматынын 2-рангдагы мамлекет- тик инспектору кызматынын кызматынын тик мамлекет- Салык кеңешчиси Салык Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекет- тик кеңешчиси Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекет- тик кеңешчиси Салык кызматынын 2-рангдагы мамлекет- тик кеңешчиси | ├──────────┼──────────┤ ├──────────┼──────────┤ ├──────────┼──────────┤ ├──────────┼──────────┤ ├──────────┼──────────┤ ├──────────┼──────────┤ ├──────────┼──────────┤ | Ведомство ЖАНА АЙМАКТАР АРАЛЫК органдар- инспектор- лору, ага адис- тери ЫЙГАРЫМ САЛЫК ОРГАНЫНЫН улук инспектор- ага адис- тери Ведомство алдындагы ЖАНА АЙМАКТАР органдар- дын башкы инспектор- лору, башкы адистери ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН жетекчиси- нин жардам- сектор жетекчи- лери, башкы инспектор- лор, башкы адистер Ведомство алдындагы ЖАНА АРАЛЫК органдар- дын сектор жетекчи- лери, бөлүм жетекчи- ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН ӨЗ алдынча бөлүмдөрү- нүн жетек- чилеринин орун басарлары, башкарма- лыктардын курамын- дагы бөлүмдөр- жетекчи- лери, башкарма- лыктардын жетекчи- леринин басар- лары, жетекчи- синин кеңеш- чиси алдындагы ЖАНА АЙМАКТАР АРАЛЫК органдар- дын жетекчиле- ринин орун басарлары ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ САЛЫК ОРГАНЫНЫН башкарма- өз алдынча бөлүмдөр- дүн жетекчи- лери жана Ош шаарынын башкарма- лыктары- нын, аймак | Салык 2-рангдагы мамлекет- тик инспектору Салык 1-рангдагы мамлекет- тик инспектору Салык кызматынын 1-рангдагы мамлекет- инспектору Салык кызматынын 3-рангдагы мамлекет- тик кеңешчиси Салык кызматынын 3-рангдагы тик кеңешчиси Салык кызматынын 2-рангдагы мамлекет- тик кеңешчиси кызматынын 1-рангдагы мамлекет- тик кеңешчиси Салык кызматынын 1-рангдагы мамлекет- тик кызматынын 1-рангдагы мамлекет- тик кеңешчиси |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Б.Аширов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөЗакон · 23.01.2009 · № 24 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон