# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы №443 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы №443 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 443
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92696>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14786/edition/395492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92696.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы №443 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92696

---

УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 20 февраля 2012 года №136

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 3-августу №443 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясынын кызматкерлеринин чектик штаттык саны 63 штаттык бирдикте белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А. Атамбаев
