Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 16 июня 2014 года № 330 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнении в Закон Кыргызской Республики «О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-06-16.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 330 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 2-августу №441 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., №10, 462-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуласы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын экс-президенти үчүн укуктук, социалдык жана башка кепилдиктерди, алардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо формаларын жана ыкмаларын белгилейт жана мамлекет башчысынын ишин камсыз кылууга багытталган.".
2. 1-беренедеги ", Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили" деген сөздөр алып салынсын.
3. 3-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийгистиги Кыргыз Республикасынын Президенти колтийгис укукка ээ, буга ал кызматтан четтетилген учур кирбейт. Эч бир адам, эч кандай мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийгистигине кол салуучу чараларды көрүүгө жана аракет жасоого укуксуз. Кыргыз Республикасынын Президенти ал кызматынан четтетилген учурду эске албаганда ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийгис укугу ал ээлеген турак жайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат. Кыргыз Республикасынын Президенти ал кызматынан четтетилгенден кийин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун Кыргыз Республикасынын Президентинин аракетинде кылмыш белгилери бардыгы жөнүндө корутундусу аркылуу ырасталган кылмышты жасаган деп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган айыптоонун негизинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн.".
4. 5-беренеде:
1) 1-бөлүктүн 1-пунктунда "мыйзамдарга ылайык белгиленүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлө чөйрөсүнө жубайы жана жашы жете элек балдары кирет.".
5. 6-беренеде:
1) 3-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жайлык, транспорттук, медициналык, санаторий-курорттук жана ушул Мыйзамда каралган башка тейлөөлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы тарабынан камсыз кылынат.";
2) 4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
6. 8-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен милдеттүү камсыздандырылууга жатат.".
7. 11-берененин 1-бөлүгүндөгү "51" саны "67" саны менен алмаштырылсын.
8. 12-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын экс-президенти кол тийгистик укугуна ээ. Ал кызматтан четтетилген учурду кошпогондо Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес".
9. 13-берененин 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын экс-президентине Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууда ага көрсөтүлгөн көлөмдөгү медициналык акысыз тейленүү укугу сакталат.".
10. 17-берененин экинчи бөлүгү жана 18-берене күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорууна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Иштеп жаткан редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана алардын үйбүлө мүчөлөрү үчүн укуктук, социалдык жана башка кепилдиктерди жана алардын арнамысын жана аброюн коргоонун түрлөрү менен ыкмаларын белгилейт жана адам менен жарандын укуктары жаатындагы мамлекеттик бийликтин жана саясаттык биримдигин жана ырааттуулугун камсыз кылууга багытталган. | Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын экс-президенти үчүн укуктук, социалдык жана башка кепилдиктерди, алардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо формаларын жана шарттарын аныктайт жана мамлекет башчысынын ишин камсыз кылууга багытталган. |
| 1-статья. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин башчысы, Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамы, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигинин символу, [Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили] болуп саналат. | 1-статья. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин башчысы, Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамы, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигинин символу болуп саналат. |
| 3-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин колтийгистиги Кыргыз Республикасынын Президенти колтийгис укукка ээ. Эч бир адам, эч кандай мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин колтийгистигине колсалуучу чараларды көрүүгө жана аракет жасоого укуксуз. Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Президентинин колтийгис укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат. Ушул статьянын колдонулушу бирдей даражада анын үйбүлө мүчөлөрүнө да жайылтылат, алардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын үйбүлө жана туракжай мыйзамдарына ылайык аныкталат. | 3-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин колтийгистиги Кыргыз Республикасынын Президенти колтийгис укукка ээ. Эч бир адам, эч кандай мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин колтийгистигине колсалуучу чараларды көр жана аракет жасоого укуксуз. Кыргыз Республикасынын Президенти ал кызматынан четтетилген учурду албаганда ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Президентинин колтийгис укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат. Кыргыз Республикасынын Президенти ал кызматынан четтетилгенден кийин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Президенти Президенттин аракетинде кылмыш белгилери бардыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун корутундусу аркылуу ырасталган кылмышты жасаган деп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган айыптоонун негизинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн. |
| 5-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуунун жана тейлөөнүн түрлөрү Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуунун жана тейлөөнүн төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленет: [1) мыйзамдарга ылайык белгиленүүчү] эмгек акы; 2) кызматтык туракжай; 3) атайын максаттагы транспорт; 4) атайын кайтаруу; 5) өлкөнүн ичиндеги өкүлчүлүк максаттар үчүн чыгымдарга каражат бөлүү; 6) четмамлекеттерге барууга байланышкан чыгымдарды жабууга каражат бөлүү; 7) Президентти жана анын үйбүлөсүн атайын медициналык, санаторийлик-курорттук жана тиричилик жагынан тейлөө; 8) мамлекеттик камсыздандыруу; 9) мамлекеттик дача. Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуу, тейлөө жана кайтаруу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. [Ушул мыйзамдын максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөсүнүн чөйрөсүнө жубайы жана жашы жете элек балдары кирет.] | 5-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуунун жана тейлөөнүн түрлөрү Кыргыз Республикасынын Президенти камсыз кылуунун жана тейлөөнүн төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленет: 1) мыйзамдарга ылайык белгиленүүчү эмгек акы; 2) кызматтык туракжай; 3) атайын максаттагы транспорт; 4) атайын кайтаруу; 5) өлкөнүн ичиндеги өкүлчүлүк максаттар үчүн чыгымдарга каражат бөлүү; 6) четмамлекеттерге барууга байланышкан чыгымдарды жабууга каражат бөлүү; 7) Президентти жана анын үйбүлөсүн атайын медициналык, санаторийлик-курорттук жана тиричилик жагынан тейлөө; 8) мамлекеттик камсыздандыруу; 9) мамлекеттик дача. Кыргыз Республикасынын Президентин камсыз кылуу, тейлөө жана кайтаруу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. УШУЛ МЫЙЗАМДЫН МАКСАТЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН ЧӨЙРӨСҮНӨ ЖУБАЙЫ ЖАНА ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК БАЛДАРЫ КИРЕТ. |
| 6-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлө мүчөлөрүн камсыз кылуунун жана тейлөөнүн тартиби Бул кызматка шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматта турган мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы резиденциялар, республиканын борборундагы кызматтык квартира (турак үй), мамлекеттик дача менен камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Президенти атайын максаттагы автомобиль транспорту, атайын жабдылган самолеттор жана вертолеттор, ошондой эле атайын жабдылган дагы башка транспорт каражаттары жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлө мүчөлөрүн туракжай жана транспорттук тейлөө Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасы, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан камсыз кылынат. [Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын үйбүлө мүчөлөрүн ушул Мыйзамда каралган медициналык, санаторийлик-курорттук жана дагы башка тейлөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан камсыз кылынат.] Туракжайды, транспорт каражаттарын жана байланыш каражаттарын күтүү, пайдалануу (ижаралоо) боюнча бардык чыгымдар мамлекеттин эсебинен жабылат. | 6-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлө мүчөлөрүн камсыз кылуунун жана тейлөөнүн тартиби Бул кызматка шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматта турган мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы резиденциялар, республиканын борборундагы кызматтык квартира (турак үй), мамлекеттик дача менен камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Президенти атайын максаттагы автомобиль транспорту, атайын жабдылган самолеттор жана вертолеттор, ошондой эле атайын жабдылган дагы башка транспорт каражаттары жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлө мүчөлөрүн туракжай жана транспорттук тейлөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматы жана Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камсыз кылынат. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН ЖАНА АНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН МҮЧӨЛӨРҮН ТУРАК ЖАЙЛЫК, ТРАНСПОРТТУК, МЕДИЦИНАЛЫК, САНАТОРИЙ-КУРОРТТУК ЖАНА УШУЛ МЫЙЗАМДА КАРАЛГАН БАШКА ТЕЙЛӨӨЛӨР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ИШ БАШКАРМАЛЫГЫ ТАРАБЫНАН КАМСЫЗ КЫЛЫНАТ. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛДЫ. Туракжайды, транспорт каражаттарын жана байланыш каражаттарын күтүү, пайдалануу (ижаралоо) боюнча бардык чыгымдар мамлекеттин эсебинен жабылат. |
| 8-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын үйбүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана денсоолугун камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын үйбүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана денсоолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат.] | 8-БЕРЕНЕ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ӨМҮРҮН ЖАНА ДЕН СООЛУГУН КАМСЫЗДАНДЫРУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ӨМҮРҮ ЖАНА ДЕН СООЛУГУ МАМЛЕКЕТТИН ЭСЕБИНЕН МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРЫЛУУГА ЖАТАТ. |
| 11-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 51-статьясында белгиленген тартипте кызматынан четтетилген учурларды кошпогондо, өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болот. Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наам өмүр бою акталат. | 11-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-статьясында белгиленген тартип кызматынан четтетилген учурларды кошпогондо, өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болот. Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наам өмүр бою акталат. |
| 12-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгистиги [Кыргыз Республикасынын экс-президенти колтийгис укукка ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.] Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгис укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат. | 12-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгистиги КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТИ КОЛТИЙГИСТИК УКУГУНА ЭЭ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ АЛ КЫЗМАТЫНАН ЧЕТТЕТИЛГЕН УЧУРДУ АЛБАГАНДА ӨЗҮНҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРГАН МЕЗГИЛИНДЕ ЖАСАГАН АРАКЕТТЕРИ ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИ ҮЧҮН ЖАЗЫК ЖАНА АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛЫШЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КАРМАЛУУГА, КАМАККА АЛЫНУУГА, ТИНТҮҮГӨ, СУРАККА АЛЫНУУГА ЖЕ ЖЕКЕ ТЕКШЕРҮҮГӨ ДУУШАР КЫЛЫНЫШЫ МҮМКҮН ЭМЕС. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгис укугу ал ээлеген туракжайга жана кыз бөлмөлөргө, ал пайдалантан транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат. |
| 13-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин укуктук, социалдык жана башка кепилдиктери Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндөгү мыйзамдарда каралган чаралардын толук көлөмүндө өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. [Кыргыз Республикасынын экс-президентине жана анын жубайына, багуусундагы жашы жетпеген балдарына Кыргыз Республикасынын Президенти катары өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон күнү аларга акысыз берилген медициналык тейлөө укугу сакталып калат.] | 13-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин укуктук, социалдык жана башка кепилдиктери Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндөгү мыйзамдарда каралган чаралардын толук көлөмүндө өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРУУДА АГА КӨРСӨТҮЛГӨН КӨЛӨМДӨГҮ МЕДИЦИНАЛЫК АКЫСЫЗ ТЕЙЛЕНҮҮ УКУГУНА ЭЭ. |
| 17-статья. Кыргыз Республикасынын көзү өткөн экс-президентинин үйбүлө мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктери жана аларды материалдык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын экс-президентинин көзү өткөндөн кийин анын үйбүлө мүчөлөрүнө анын көзү өткөн күнгө белгиленген карылык боюнча пенсиянын алты эселенген эн аз өлчөмүнө барабар болгон суммада ай сайын жөлөкпул дайындалат. Көрсөтүлгөн жөлөкпулга укуктуу болгон үйбүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсү жана аны төлөө мөөнөтү багар-көрөрүнүн көзү өтүшүнө байланыштуу пенсияны дайындоо үчүн каралган тартипте пенсиялык мыйзамдарга ылайык аныкталат. [Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын экс-президенти көзү өткөн күндөн тартып өмүр бою кызматтык автотранспортту пайдалануу укугу берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-президентинин көзү өткөн күнгө чейин берилген медициналык тейлөөгө болгон укук сакталат.] | 17-статья. Кыргыз Республикасынын көзү өткөн экс-президентинин үйбүлө мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктери жана аларды материалдык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын экс-президентинин көзү өткөндөн кийин анын үйбүлө мүчөлөрүнө анын көзү өткөн күнгө белгиленген карылык боюнча пенсиянын алты эселенген эн аз өлчөмүнө барабар болгон суммада ай сайын жөлөкпул дайындалат. Көрсөтүлгөн жөлөкпулга укуктуу болгон үйбүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсү жана аны төлөө мөөнөтү багар-көрөрүнүн көзү өтүшүнө байланыштуу пенсияны дайындоо үчүн каралган тартипте пенсиялык мыйзамдарга ылайык аныкталат. Күчүн жоготту деп табылды. |
| 18-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин арнамысын жана аброюн коргоо Кыргыз Республикасынын экс-президентинин арнамысы жана аброю колтийгис жана мыйзам менен корголот. | Күчүн жоготту деп табылды. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кенилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 11.10.2013 · № 190
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 16.06.2014 · № 330 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.