Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-июнундагы № 290 «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу
1-берене. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишими ратификациялансын. 2-берене. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынан компетенттүү органдар болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы аныкталсын. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 4-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-июнундагы № 724-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин…Постановление · 23.06.2011 · № 724-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-июнундагы № 725-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин…Постановление · 23.06.2011 · № 725-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-июнундагы № 726-V "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин…Постановление · 23.06.2011 · № 726-V
Шилтеме берет (2)
- Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө Келишимин…Закон · 08.07.2011 · № 85
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон