# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы №284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы №284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 284
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92657>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14750/edition/406797/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92657.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы №284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92657

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 3-июну № 284 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы «Борбордук аппарат» позициясынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

«Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:

8-пункттун үчүнчү абзацындагы «аймактык органдар жөнүндө жобо» деген сөздөр «аймактык органдар жана ведомствого караштуу уюмдардын жоболору (уставдары)» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-мартындагы № 119 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев
