# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы №280 "«Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы №280 "«Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 280
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92653>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14746/edition/1157518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92653.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы №280 "«Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «долбоору жөнүндө" токтому (01.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92653

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 1-июну № 280 «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

А. Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене. «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2008-жылдын 30-майы) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 2-берененин 3-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча» деген сөздөр алып салынсын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-берене. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
