# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы №277 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы №277 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 277
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92650>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14743/edition/385729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92650.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы №277 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (01.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92650

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 1-июну № 277 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 17-февралындагы № 179-V "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" токтомуна ылайык жана ички азык-түлүк базарындагы кырдаалды турукташтыруу жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Төмөнкү курамда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеши түзүлсүн: Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеши жөнүндө жободо:

5.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"5.2. Кеңештин ишин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңештин төрагасы, ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
