Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 27 августа 2019 года № 429 "Об условиях оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-08-27.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №268 токтому менен бекитилген Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы №400, 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын маданият, искусство жана маалымат системасынын мекемелеринде жана уюмдарында колдонулат. Маданият жана маалымат системасындагы кызматтык маяналардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитет. Маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жумуш күнүнүн нормасынын аткарылышын эске алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү базалык маяналардын негизинде аныкталат, мында компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр эске алынат. Ушул Жободо аталган бардык төлөмдөр кызмат акыга гана белгиленген өлчөмдө эсептелет, мында (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кошумча төлөмдөрдү кошпогондо) башка жогорулатылган төлөмдөр жана төлөөлөр эсепке алынбайт. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн райондук коэффициенттердин, ошондой эле маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин ушул Жободо аталбаган башка төлөмдөрүн өлчөмдөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жана уюмдарынын жетекчилери зарыл болгон учурда эмгек акыны төлөө фондусунун чегинде кызматкерлерди жалдоонун келишимдик формасын колдонушу мүмкүн. Киностудиянын жетекчиси кызматкерлерге колдонулуучу эмгекке төлөөнүн аккорддук формасын эмгек акы фондусунун чегинде колдонушу мүмкүн. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүнүн өз убагында жана туура белгилениши үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдар боюнча - маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жетекчилерине, ал эми борбордоштурулган бухгалтерия аркылуу тейленген уюмдар боюнча - биринчи кол коюу укугу бар, кредитти башкы тескөөчүгө;
- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдар боюнча - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын райондук финансылык бөлүмдөрүнө.
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка нормативдик укуктук актыларда эмгек акыны эсептөөнүн башка тартиби аныкталган маданият, искусство жана маалымат системасындагы башка башкаруу органдарынын мамлекеттик кызматчыларына жана кызматкерлерине колдонулбайт. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы №400 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Базалык маяна - бир календардык айдын ичинде белгилүү бир татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кызматкердин эмгек акысын төлөөнүн белгиленген өлчөмү, буга компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөр кирбейт. Эмгек акы - кызматкердин квалификациясына, аткарылуучу иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы. Компенсациялык төлөмдөр - эмгек же кызмат милдеттерин аткаруу менен байланышкан кошумча чыгымдарды кызматкерге ордун толтуруп берүү боюнча төлөмдөр. Дем берүүчү төлөмдөр - эмгектин сапаттуу жана өз убагында натыйжалуу аткарылышы үчүн кызматкерге дем берүүгө багытталган төлөмдөр. Дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр иштин натыйжалуулугун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берген критерийлерди эске алуу менен кызматкерлерге белгиленет. Типтүү штаттар - мекемелердин жана уюмдардын штаттык санын тартипке келтирүүнүн чектелген нормасы.
3. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин базалык маяналарына компенсациялык төлөмдөр
Маданият, искусство жана маалымат системасында кызматкерлердин базалык маяналарына карата компенсациялык төлөмдөр айрым уюмдардын, бөлүмдөрдүн иштөө шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет. Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акылар кирет:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында иштегендиги үчүн;
- өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн;
- иш убактысынын нормалдуу узактыгынан ашык мезгилде иштегендиги (айкалыштырган же ашыкча мезгил иштегендиги) үчүн.
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштегендиги үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы N 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет. Өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы N 161 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу эмгекке акы төлөө жөнүндө" токтому менен бекитилген Өзгөчө шарттарда иштегендердин кызматтык маяналарына үстөк акылар белгилениши мүмкүн болгон иштердин типтүү тизмесине жана Өзгөчө шарттарда колдонулуучу эмгекке акы төлөөнүн тартибине ылайык төлөнөт. Иш убактысынын нормалдуу узактыгынан ашык мезгилде иштегендиги (айкалыштырган же ашыкча мезгил иштегендиги) үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык төлөнөт.
4. Маданият, искусство жана маалымат уюмдарынын кызматкерлеринин базалык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр
Маданият, искусство жана маалымат системасында эмгектин өндүрүмдүүлүгүн, кесипкөйлүк жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында кызматкерлердин базалык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр белгиленет. Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акылар кирет:
- иштеген жылдары үчүн;
- илимий даражасы үчүн;
- "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардак наамы үчүн;
- уюмдардын жана мекемелердин "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы үчүн;
- натыйжалуулукка дем берүүчү коэффициенттерди эске алуу менен эмгектин сапаттуу натыйжасы үчүн.
Илимий даражасы үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы N 492 "Илимий даражасы үчүн үстөк акы белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнөт. Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардак наамы үчүн, ошондой эле уюмдардын жана мекемелердин "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө жана тартипте ай сайын төлөнөт. Сапаттуу натыйжалар үчүн үстөк акылар эмгек акы төлөө фондусунун чегинде жана атайын каражаттардан 30 процентинен ашпаган өлчөмдө төлөнөт. Облустук телерадиоберүү уюмдарынын, облустук жана райондук гезиттердин кызматкерлерин квартал сайын акчалай сыйлоо бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде, кызматтык маянанын 75 пайызына чейинки өлчөмдө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасындагы маданият, искусство жана маалымат кызматкерлерине ишинин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн базалык маянанын 25 проценти өлчөмүндө үстөк төлөнөт. Үстөк окуу отпускасында, амбулаториялык дарылоодо, ооруканада дарыланууда жүргөн кызматкерлерге төлөнбөйт. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы №400, 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. Эмгек акыны төлөөнүн башка маселелери
Маданият, искусство жана маалымат системасынын кызматкерлерине мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан эмгек акы төлөөнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык каралат. Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк акы берүүгө же сый акы берүүгө кошумча максаттуу каражаттар же демөөрчүлүк жардамдар бөлүнгөн учурда аталган каражаттар кызматкерлердин эмгекке кошкон салымын эске алуу менен бөлүштүрүлүүгө тийиш. Маданият, искусство жана маалымат уюмдарынын, мекемелеринин жетекчилерине бул каражаттарды кызматкерлердин кесиптик союзу же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү башка органы менен макулдашуу боюнча кызматкерлерге сыйлык берүү, иштин сапаттуу болушуна дем берүү, уюмдун, мекеменин ишине кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйлоо үчүн кайра бөлүштүрүү укугу берилет. Адабий сценарийлерди, оригиналдуу музыканы жазгандыгы үчүн автордук калем акылардын, сахнада койгондугу үчүн сый акылардын өлчөмдөрү "Автордук укуктар жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук келишимдерде белгиленет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (9)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2019 · № 429
- Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 6
- Постановление Правительства КР от 25 июня 1997 года № 377 "Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской…Постановление · 25.06.1997 · № 377 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2011 · № 268 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 марта 2002 года № 161 "Об оплате труда, применяемой в особых условиях "Постановление · 25.03.2002 · № 161 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2006 · № 492 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон