# КР Өкмөтүнун 2011-жылдын 31-майындагы №265 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнун 2011-жылдын 31-майындагы №265 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 265
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14734/edition/522727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнун 2011-жылдын 31-майындагы №265 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (11.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92637

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 31-майы №265 Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри

А. Атамбаев
