# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14731/edition/707758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92630.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 259 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92630

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомунун редакциясына ылайык)

2011-жылдын 27-майы № 259 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасында автомототранспорт каражаттарды тариздөө жана мамлекеттик каттоо жол-жоболорун оптималдаштыруу жана кайталоолорду болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелеринде:

- 14-пункттагы "бажы күбөлүгү" деген сөздөр "бажылык кириштөө ордери же жүктүн бажы декларациясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 67-пункттун экинчи абзацындагы "бажылык күбөлүк тиркелет" деген сөздөр "бажы документтери тиркелет" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
