# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 255
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92626>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14727/edition/384092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92626.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (27.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92626

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-майы № 255 Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
