Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-майындагы № 245 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8,377-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын жер казынасы Кыргыз Республикасын гана менчиги болуп эсептелет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосуна алынат.".
2. 9-беренедеги "Мамлекеттин менчигиндеги" деген сөздөр алып салынсын.
3. 19-берене күчүн жоготту деп табылсын.
4. 20-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын;".
5. 27-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) жер казынасын изилдөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо;".
6. 29-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик органдар, анын ичиңде жер казынасын пайдалануучулар өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жер казыналарын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.".
7. 32-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жер казынасы жөнүндө мамлекеттик маалыматты пайдалануунун тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
8. 33-берененин 1-бөлүгүндөгү "жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 39-берененин 1-бөлүгүндөгү "мыйзамдардын, жер казынасын иликтөө жана пайдалануудагы стандарттардын (эрежелердин, нормалардын)" деген сөздөр "жер казынасын изилдөө жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 4-статья. Жер казынасына менчик укугу [Кыргыз Республикасынын жер казынасы менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка түрүндө болушу мүмкүн. Менчиктин муниципалдык, жеке жана башка түрүндө менчик ээлеринин жер участокторунун үстүнө чыккан, жалпы таралган пайдалуу кендер алынуучу майда жерлер гана болушу мүмкүн] Жер казынасынын мамлекеттик фондусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларынын алкагында пайдаланылып жаткан жана пайдаланылбаган жер казынасынын участокторун камтыйт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Мыйзамдын аткарылышын контролдойт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер казынасын пайдалануу жана коргоо боюнча отчетун үгат жана ага баа берет. | 4-статья. Жер казынасына менчик укугу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КАЗЫНАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГАНА МЕНЧИГИ БОЛУП ЭСЕПТЕЛЕТ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИН ӨЗГӨЧӨ КОРГООСУНДА ТУРАТ. Жер казынасынын мамлекеттик фондусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларынын алкагында пайдаланылып жаткан жана пайдаланылбаган жер казынасынын участокторун камтыйт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Мыйзамдын аткарылышын контролдойт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер казынасын пайдалануу жана коргоо боюнча отчетун угат жана ага баа берет. |
| 9-статья.[Мамлекеттин менчигиндеги] жер казынасын пайдалануунун укуктары жана мөөнөттөрү [Мамлекеттин менчигиндеги] жер казынасын пайдалануу укугу ушул Мыйзамдын 10-12-статьяларына ылайык берилүүчү лицензиялардын негизинде жана 19-1-статьянын негизинде берилет. [Мамлекеттин менчигиндеги] жер казынасын пайдалануу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздемелер же техникалык долбоорлор тарабынан аныкталат жана жер казынасын пайдалануу объектилерин лицензиялоодо белгиленет. | 9-статья. Жер казынасын пайдалануунун укуктары жана мөөнөттөрү Жер казынасын пайдалануу укугу ушул Мыйзамдын 10-12-статьяларына ылайык берилүүчү лицензиялардын негизинде жана 19-1-статьянын негизинде берилет. Жер казынасын пайдалануу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздемелер же техникалык долбоорлор тарабынан аныкталат жана жер казынасын пайдалануу объектилерин лицензиялоодо белгиленет. |
| [19 статья. Муниципалдык жана жеке менчиктеги жер казыналарын пайдалануу укугу] [Муниципалдык жана жеке менчиктеги жер казыналарын пайдалануу укугу жер участогунун менчик ээси тарабынан жер казынасын коргоо, айлана чөйрөнү коргоо, жумуштарды коопсуз жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоордун негизинде жана жумуштарды жер казыналарын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын каттоосу менен жүзөгө ашырылат] [Жалпы таралган пайдалуу кендердин майда кен чыккан жерлерин аныктоо, аларды пайдалануунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
| 20-статья. Жер казынасын пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери Жер казынасын пайдалануучулар: 1) жер казынасынын аларга берилген участогуна лицензияда көрсөтүлгөн максатка ылайык ээлик кылууга же башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга; 2) чет өлкөлүк инвесторлорго капиталын репагриациялоого, ошондой эле минералдык сырьену, анын ичинде алтынды казып алуунун жана кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны, чет элдик валюта түрүндөгү пайдасын же анын бир бөлүгүн алып кетүүнү гарантиялоого; 3) жалпы таралган пайдалуу кендерди жана жер астындагы суулардан пайдаланууга тийиштүү лицензияны алуу менен лицензиялык аянттын чегинде өздөрүнүн муктаждыктары үчүн жалпы таралган пайдалуу кендерди жана жер астындагы сууларды алууну жүргүзүү; 4) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органды макулдугуна ылайык лицензиялык макулдашуунун шарттарын сактоо менен жер казынасын геологиялык жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө лицензиялар боюнча укукту башка пайдалануучуларга берүүгө укуктуу. Жер казынасын пайдалануучулар: [1) мыйзамдардын, жер казынасын пайдалануу менен байланышкан белгиленген тартипте бекитилген стандарттардын (эреже, нормалардын) талаптарынын сакталышын;] 2) убактылуу пайдаланылбаган, кошо казып алынуучу пайдалуу кендердин корлорунун абалын жана кыймылын, жоготууларын жана сапатынын төмөндөшүн, жыйналышын эсепке алууну; 3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга геологиялык изилдөөлөр, жер казынасындагы чалгындалган, алынып жаткан жана калтырылган пайдалуу кендердин корлору, алардын компоненттеринин курамында болгондор, ошондой эле жер казынасын пайдалуу кендерди казып алуу жана келерки жылдагы ишти өнүктүрүүнүн пландары менен байланышпаган максаттарда пайдалануу жөнүндө жыл сайын маалыматтарды берүүнү; 4) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүүнү; 5) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө жер казынасын коргоону жана курчап турган чөйрөнүн физикалык жана биологиялык абалына таасир тийгизүүнүн жол берилген нормаларын сактоону; 6) жер казынасын пайдаланууда бузулган жер участокторун жана башка жаратылыш объектилерин нормативдик талаптарга ылайык андан ары пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүнү; 7) пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүүдө жана башка чарбалык максаттарда пайдаланылышы мүмкүн болгон чалгындалуучу кендердин жана бургулоо көзөнөктөрүнүн сакталышын, пайдаланууга жатпаган кендерди жана бургулоо көзөнөктөрүнүн белгиленген тартипте жок кылынышын; 8) жер казынасын геологиялык иликтөө жана өнөр жайлык өздөштүрүү процессинде пайда болуучу геологиялык жана башка документтердин сакталышын; 9) жер казынасын пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн өз убагында жана туура төлөнүп турушун камсыз кылууга милдеттүү. | 20-статья. Жер казынасын пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери Жер казынасын пайдалануучулар: 1) жер казынасынын аларга берилген участогуна лицензияда көрсөтүлгөн максатка ылайык ээлик кылууга же башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга; 2) чет өлкөлүк инвесторлорго капиталын репагриациялоого, ошондой эле минералдык сырьену, анын ичинде алтынды казып алуунун жана кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны, чет элдик валюта түрүндөгү пайдасын же анын бир бөлүгүн алып кетүүнү гарантиялоого; 3) жалпы таралган пайдалуу кендерди жана жер астындагы суулардан пайдаланууга тийиштүү лицензияны алуу менен лицензиялык аянттын чегинде өздөрүнүн муктаждыктары үчүн жалпы таралган пайдалуу кендерди жана жер астындагы сууларды алууну жүргүзүү; 4) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органды макулдугуна ылайык лицензиялык макулдашуунун шарттарын сактоо менен жер казынасын геологиялык жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө лицензиялар боюнча укукту башка пайдалануучуларга берүүгө укуктуу. Жер казынасын пайдалануучулар: 1) ЖЕР КАЗЫНАСЫ ПАЙДАЛАНУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ТАЛАПТАРЫН САКТОО; 2) убактылуу пайдаланылбаган, кошо казып алынуучу пайдалуу кендердин корлорунун абалын жана кыймылын, жоготууларын жана сапатынын төмөндөшүн, жыйналышын эсепке алууну; 3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга геологиялык изилдөөлөр, жер казынасындагы чалгындалган, алынып жаткан жана калтырылган пайдалуу кендердин корлору, алардын компоненттеринин курамында болгондор, ошондой эле жер казынасын пайдалуу кендерди казып алуу жана келерки жылдагы ишти өнүктүрүүнүн пландары менен байланышпаган максаттарда пайдалануу жөнүндө жыл сайын маалыматтарды берүүнү; 4) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүүнү; 5) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө жер казынасын коргоону жана курчап турган чөйрөнүн физикалык жана биологиялык абалына таасир тийгизүүнүн жол берилген нормаларын сактоону; 6) жер казынасын пайдаланууда бузулган жер участокторун жана башка жаратылыш объектилерин нормативдик талаптарга ылайык андан ары пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүнү; 7) пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүүдө жана башка чарбалык максаттарда пайдаланылышы мүмкүн болгон чалгындалуучу кендердин жана бургулоо көзөнөктөрүнүн сакталышын, пайдаланууга жатпаган кендерди жана бургулоо көзөнөктөрүнүн белгиленген тартипте жок кылынышын; 8) жер казынасын геологиялык иликтөө жана өнөр жайлык өздөштүрүү процессинде пайда болуучу геологиялык жана башка документтердин сакталышын; 9) жер казынасын пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн өз убагында жана туура төлөнүп турушун камсыз кылууга милдеттүү. |
| 27-статья. Жер казынасын пайдаланууга талаптар Төмөнкүлөр: 1) жер казынасын пайдаланууга берүүнүн белгиленген тартибин сактоо жана жер казынасын өз бетинче пайдаланууга жол бербөө; [2) жер казынасын иликтөө, пайдалануу жана коргоо боюнча мыйзамдардын, белгиленген тартипте бекитилген стандарттардын (эрежелердин, нормалардын) талаптарын сактоо;] 3) жер казынасын геологиялык жакта алдын ала иликтөө жүргүзүү жана пайдалуу кендердин корлорунун так бааланышын, жер казынасын пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максаттар үчүн пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу; 4) пайдалуу кендердин корлорун. ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максаттарда пайдаланылуучу жер казынасынын участокторун мамлекеттик экспертизалоо жана мамлекеттик эсепке алуу; 5) жер казынасынан негизги жана алар менен бирге жайгашкан пайдалуу кендердин жана кошумча компоненттердин корлорун техникалык-экономикалык негиздөөдө же техникалык долбоордо каралган регламенттерге ылайык чыгарып алууну камсыз кылуу; 6) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө негизги жана алар менен бирге жайгашкан пайдалуу кендердин жана кошумча компоненттердин чыгарылган, кайра иштетилген жана жер казынасында калтырылган корлорун эсепке алуу; 7) пайдалуу кен чыккан жерлерди суу астында калуудан, суу каптоодон, өрттөн жана башка пайдалуу кендердин сапатын жана пайдалуу кен чыккан жерлердин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү татаалдантуучу факторлордон коргоо; 8) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө. ошондой эле мунайзат, газ же башка заттарды жана материалдарды жер астында сактоодо, зыяндуу заттарды, өндүрүш калдыктарын көмүүдө, булганыч сууларды агызууда жер казынасынын булганышына жол бербөө; 9) пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды консервациялоонун жана жоюунун белгиленген тартибин сактоо; 10) пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуштарды өзү билип курууга жол бербөө жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдалануунун белгиленген тартибин сактоо; 11) иче турган же өнөр жайлык суу менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу аянттарда жана жер астындагы суулар жаткан жерлерде өнөр жайлык жана турмуш-тиричилик калдыктарынын топтолушуна жол бербөө; 12) пайдалуу кендердин нормадан тышкары коромжулукка учурашына, тандап алып иштетүүгө жана кен чыккан жерлердин корлорун зыянга учуратууга жол бербөө жер казынасын пайдаланууга коюлуучу негизги талаптар болуп эсептелет. | 27-статья. Жер казынасын пайдаланууга талаптар Төмөнкүлөр: 1) жер казынасын пайдаланууга берүүнүн белгиленген тартибин сактоо жана жер казынасын өз бетинче пайдаланууга жол бербөө; 2) ЖЕР КАЗЫНАСЫ ҮЙРӨНҮҮ, ПАЙДАЛАНУУ ЖАНА КОРГОО ТАРМАГЫНДАГЫ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ТАЛАПТАРЫН САКТОО; 3) жер казынасын геологиялык жакта алдын ала иликтөө жүргүзүү жана пайдалуу кендердин корлорунун так бааланышын, жер казынасын пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максаттар үчүн пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу; 4) пайдалуу кендердин корлорун. ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максаттарда пайдаланылуучу жер казынасынын участокторун мамлекеттик экспертизалоо жана мамлекеттик эсепке алуу; 5) жер казынасынан негизги жана алар менен бирге жайгашкан пайдалуу кендердин жана кошумча компоненттердин корлорун техникалык-экономикалык негиздөөдө же техникалык долбоордо каралган регламенттерге ылайык чыгарып алууну камсыз кылуу; 6) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө негизги жана алар менен бирге жайгашкан пайдалуу кендердин жана кошумча компоненттердин чыгарылган, кайра иштетилген жана жер казынасында калтырылган корлорун эсепке алуу; 7) пайдалуу кен чыккан жерлерди суу астында калуудан, суу каптоодон, өрттөн жана башка пайдалуу кендердин сапатын жана пайдалуу кен чыккан жерлердин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү татаалдантуучу факторлордон коргоо; 8) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө. ошондой эле мунайзат, газ же башка заттарды жана материалдарды жер астында сактоодо, зыяндуу заттарды, өндүрүш калдыктарын көмүүдө, булганыч сууларды агызууда жер казынасынын булганышына жол бербөө; 9) пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды консервациялоонун жана жоюунун белгиленген тартибин сактоо; 10) пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуштарды өзү билип курууга жол бербөө жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдалануунун белгиленген тартибин сактоо; 11) иче турган же өнөр жайлык суу менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу аянттарда жана жер астындагы суулар жаткан жерлерде өнөр жайлык жана турмуш-тиричилик калдыктарынын топтолушуна жол бербөө; 12) пайдалуу кендердин нормадан тышкары коромжулукка учурашына, тандап алып иштетүүгө жана кен чыккан жерлердин корлорун зыянга учуратууга жол бербөө жер казынасын пайдаланууга коюлуучу негизги талаптар болуп эсептелет. |
| 29-статья. Жер казынасын пайдалануу жумуштарын коопсуз жүргүзүү Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды, жер астында ар кандай багыттагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого, жер казынасын геологиялык иликтөө жүргүзүүгө ишканалардын кызматкерлеринин жана жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштердин таасири тийүүчү зонадагы калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылганда гана жол берилет. [Тиешелүү мамлекеттик органдар, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулар өз компетенцияларынын чектеринде мыйзамдардын, жер казынасын пайдалануу менен байланышкан жумуштарды коопсуз жүргүзүү боюнча белгиленген тартипте бекитилген стандарттардын (нормалардын, эрежелердин) талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү] | 29-статья. Жер казынасын пайдалануу жумуштарын коопсуз жүргүзүү Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды, жер астында ар кандай багыттагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого, жер казынасын геологиялык иликтөө жүргүзүүгө ишканалардын кызматкерлеринин жана жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштердин таасири тийүүчү зонадагы калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылганда гана жол берилет. МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЖЕР КАЗЫНАСЫ ПАЙДАЛАНУУЧУЛАР ӨЗ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНЫН ЧЕГИНДЕ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ЖЕР АЛДЫНДАГЫ БАЙЛЫКТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ИШТЕРДИ КООПСУЗ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ТАЛАПТАРЫНЫН АТКАРЫЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУГА МИЛДЕТТҮҮ. |
| 32-статья. Жер казынасы жөнүндөгү маалыматтарды пайдалануу Мамлекеттик бюджеттен каржылоо учурунда алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет. Ишкерлер, ишканалар жана уюмдар, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишкерлер тарабынан каржылоо учурунда алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат лицензиялык макулдашууда аныкталган мезгил ичинде алардын менчиги болот, ал мезгилдин өтүшү менен жер казынасы жөнүндөгү маалымат мамлекеттин менчигине акы төлөөсүз өтөт. Каржылоо булагына карабастан алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга жер казынасы жөнүндө мамлекеттик маалымат фондусуна киргизүү үчүн өткөрүп берилет. Жер казынасын жөнүндөгү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү бар кызмат адамдары лицензиаттарды маалыматтын конфиденциалдуулугун камсыз кылууга милдеттүү. [Жер казынасы жөнүндөгү мамлекеттик маалыматты пайдалануунун тартиби жана шарттары жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, ал эми акционердик жана жеке менчик жер казынасы жөнүндөгү маалыматты пайдалануу тартиби жана шарттары бул маалыматтын ээси менен макулдашылган түрдө жер казынасын пайдалануу жөнүндө лицензияны ага берүүдө жана лицензиялык макулдашууда аныкталат] | 32-статья. Жер казынасы жөнүндөгү маалыматтарды пайдалануу Мамлекеттик бюджеттен каржылоо учурунда алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет. Ишкерлер, ишканалар жана уюмдар, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишкерлер тарабынан каржылоо учурунда алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат лицензиялык макулдашууда аныкталган мезгил ичинде алардын менчиги болот, ал мезгилдин өтүшү менен жер казынасы жөнүндөгү маалымат мамлекеттин менчигине акы төлөөсүз өтөт. Каржылоо булагына карабастан алынган жер казынасы жөнүндөгү маалымат жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга жер казынасы жөнүндө мамлекеттик маалымат фондусуна киргизүү үчүн өткөрүп берилет. Жер казынасын жөнүндөгү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү бар кызмат адамдары лицензиаттарды маалыматтын конфиденциалдуулугун камсыз кылууга милдеттүү. ЖЕР КАЗЫНАСЫ ЖӨНҮНДӨГҮ МАМЛЕКЕТТИК МААЛЫМАТТЫ ПАЙДАЛАНУУНУН ТАРТИБИ ЖАНА ШАРТТАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ |
| 33-статья. Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү система боюнча [жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган] тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жер казынасын геологиялык иликтөө боюнча жумуштар, пайдалуу кендерди казып алуу үчүн берилген, анын ичинде техногендик түзүлүштөр, ошондой эле казып алуу менен байланышпаган максаттарда берилген жер казынасынын участоктору мамлекеттик эсепке алынууга жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. | 33-статья. Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо Жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү система боюнча КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жер казынасын геологиялык иликтөө боюнча жумуштар, пайдалуу кендерди казып алуу үчүн берилген, анын ичинде техногендик түзүлүштөр, ошондой эле казып алуу менен байланышпаган максаттарда берилген жер казынасынын участоктору мамлекеттик эсепке алынууга жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. |
| 39-статья. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана иштерди коопсуз жүргүзүү үчүн мамлекеттик көзөмөл Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана иштерди коопсуз жүргүзүү үчүн мамлекеттик көзөмөлдүн милдети бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан [мыйзамдардын, жер казынасын иликтөө жана пайдалануудагы стандарттардын (эрежелердин, нормалардын)], пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик эсебин жүргүзүү, курчап турган чөйрөнү коргоо, тоо-кен иштерин коопсуз жүргүзүү эрежелеринин аткарылышын сактоону камсыз кылуу, алардын калкка, курчап турган чөйрөгө, имараттарга жана курулуштарга зыяндуу таасирин алдын алуу жана четтетүү болуп саналат. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана иштерди коопсуз жүргүзүү үчүн мамлекеттик көзөмөл органдарынын компетенциясы, укуктары, милдеттери жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобо тарабынан аныкталат. | 39-статья. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана иштерди коопсуз жүргүзүү үчүн мамлекеттик көзөмөл Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана иштерди коопсуз жүргүзүү үчүн мамлекеттик көзөмөлдүн милдети бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан ЖЕР КАЗЫНАСЫ ҮЙРӨНҮҮ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК ┌АКТЫЛАР, 0 пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик эсебин жүргүзүү, курчап турган чөйрөнү коргоо, тоо-кен иштерин коопсуз жүргүзүү эрежелеринин аткарылышын сактоону камсыз кылуу, алардын калкка, курчап турган чөйрөгө, имараттарга жана курулуштарга зыяндуу таасирин алдын алуу жана четтетүү болуп саналат. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын пайдалануу жана коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана иштерди коопсуз жүргүзүү үчүн мамлекеттик көзөмөл органдарынын компетенциясы, укуктары, милдеттери жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобо тарабынан аныкталат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 782-V "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 24.06.2011 · № 782-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 783-V "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 24.06.2011 · № 783-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон