# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14714/edition/541918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому (12.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92613

---

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №12 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-майы №242 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" Жарлыгына) ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын:

а) мамлекеттик агенттиктер:

-(Экинчи абзац КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография боюнча мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик;

-Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Жер казынасы жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;

б) мамлекеттик кызматтар:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат;

в) Фонддор:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;

-Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Мамлекттик мүлк фонду;

г) комиссиялар:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия.

(КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин:

а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы;

- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту;

- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча дирекция;

б) жалпыга маалымдоо каражаттары:

- "Кыргыз Туусу" басма үйү;

- "Слово Кыргызстана" басма үйү;

- "Эркин-Тоо" гезити;

- "Жеткинчек" гезити;

- "Кырчын" журналынын редакциясы;

- "Байчечекей" журналынын редакциясы;

- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
