# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14709/edition/809697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясы жөнүндө" токтому (19.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92608

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-майы № 237 Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планын бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасына реформа жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен бирдикте 2011-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А.Атамбаев
