# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92606>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14707/edition/381330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92606.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92606

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-майы № 235 Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүшү үчүн базалык шарттарды түзүү жана 2011-жылга коюлган милдеттерге жетүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин келечектүү багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө тиркелген маалымат көңүлгө алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган, макулдашылган бирдиктүү акча-кредиттик жана бюджеттик-салык саясатын жүргүзүшсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

А. Атамбаев
