# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 211
- Кабыл алынган күнү: 12.05.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92592>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14696/edition/415701/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92592.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы №211 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" токтому (15.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92592

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 12-майы №211 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жободо:

- 3-пункттун биринчи абзацындагы "фирмалык жана товардык белгилери," деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пункттун экинчи абзацындагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;

- 4-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"мамлекеттик тилде: "Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция"; "расмий тилде: "Государственная дирекция по восстановлению и развитию городов Ош, Джалал-Абад и пострадавших населенных пунктов Ошской и Джалал-Абадской областей";

- 8-пункттун алтынчы абзацындагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;

- 10-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик дирекцияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу, Кыргыз Республикасынын министри рангындагы башкы директор башчылык кылат";

- 12-пункттун экинчи абзацындагы "Президенти" деген сөз "Премьер-министри" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 13-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- кызматкерлердин белгиленген штаттык санынын чегинде Мамлекеттик дирекциянын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;";

- 14-пункттун биринчи абзацындагы "Президенти" деген сөз "Премьер-министри" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

А. Атамбаев
