# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-майындагы №210 "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-майындагы №210 "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92591>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14695/edition/1157492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92591.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-майындагы №210 "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92591

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-майы №210 "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А. Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., № 5, 239-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куткаруучусу". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | Кыргыз Республикасынын мыйзамынын сунуш кылынган редакциясы |
| --- | --- |
| "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2000-ж., № 5, 239-берене) 2-берене. Кыргыз Республикасынын төмөнкү ардак наамдары белгиленсин: Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу; Кыргыз Республикасынын эл акыны; Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү; Кыргыз Республикасынын эл артисти; Кыргыз Республикасынын эл мугалими; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими; Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы; Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти; Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер; Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер; Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу; Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти; Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу; Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген кызматкери; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматчысы; Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун эмгек сиңирген кызматчысы. | "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2000-ж., № 5, 239-берене) 2-берене Кыргыз Республикасынын төмөнкү ардак наамдары белгиленсин: Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу; Кыргыз Республикасынын эл акыны; Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү; Кыргыз Республикасынын эл артисти; Кыргыз Республикасынын эл мугалими; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими; Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы; Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти; Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер; Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер; Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу; Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти; Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу; Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген кызматкери; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматчысы; Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун эмгек сиңирген кызматчысы. \["Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куткаруучусу"\] |
